күлкү ден соолуктун мүлкү

Бузук радио
Силерге баяндап бермекчи болгон бул окуялар өткөн кылымдын жетимишинчи жана сексенинчи жылдары жүз берген. Ал кезде Коммунисттик партия СССР деген эбегейсиз зор өлкөнү былк эттирбей бийлеп турган мезгил болучу.
... Акын, журналист, комузчу, аткаруучу жана обончу Анаш аке Сооронбаев Жаңы-Жол (азыркы Аксы) райондук "Жаңы турмуш" гезитинде иштеп жүргөн. Ыраматылык Анаш аке табиятынан тамашакөй, шайыр, ак көңүл, бирөөгө эч жамандыгы жок адам эле.
Коммунист катары ошол кездеги тартип боюнча райондун чарбаларына өкүл болуп көп барчу. Тоют даярдоо, кой төлдөтүү, мал саноо, кыштатуу сыяктуу өнөктүктөрдөн четте калчу эмес.
Бир күнү Анаш аке Ленин атындагы колхоздун малчыларын текшерүү үчүн жөнөп калат. Комиссиянын составында райондун бир топ аттуу-баштуу жетекчи, кызматкерлери бар экен. Кечке кыштоодон кыштоо кыдырышып, бир тынышпайт. Аябай чарчашат.
Кечинде комиссия мүчөлөрүн колхоз активдери бир үйдө конок кылышат. Кой союлуп, эт тартылып, арак дегениң суудай эле аккандай болот. Бирөөнүн көңүлүн аста калтырбаган ак көңүл Анаш аке да көпчүлүктүн шыкактоосу менен арактан кылт эттирбейби.
Түндүн бир оокумуна барып кезек жат-жатка жетет. Баарына катарынан жай салып беришет. "Кырк жылкынын касиети го, бир топко чейин өзү да уктабай, элге да тынчтык бербейт. Бирде өткөн-кеткенди сүйлөсө, бирде созолонтуп ырдап жиберет. Бирок, соо кездегидей кайдан болсун?! Үнүнүн каргылданып, кыйылдап чыкканынын айтасыңбы, обонунун ыргагы бузулуп, жагымсыздыгын айтасыңбы.
Жашы улуу эмеспи, жолдошторунун эч кимиси дагы "кой"-деп катуу айталбайт. Баары аябай чарчашкан эмеспи. Анан өзү деле түшүнөөр дешип "уктайлы, чарчадык, түн бир оокум болуп калды" -дешип күбүр-шыбыр болушат. Алагүү Анаш аке ал сөздөрдү кулак сыртынан кетирип, маани деле бербейт. Мурдагыдай эле күпүлдөгөнүн койбойт имиш.
Ошондо комиссиянын жетекчиси Самидин аке үнүн көтөрө мындай дебеспи:
- Ай, жолдоштор, бирөө-жарымың соопчулук үчүн тиги бузук радионун кулагын бурап, токтотуп койгулачы!
Бул какшык сөз дал бутага тийген белем, Анаш акенин үнү кан буугандай эле тып басылып калган экен.




Абада асылган кол
Ысак аке Жумабеков көп жылдар бою Жаңы-Жол райондук "Жаңы турмуш" гезитинде редактор болуп иштеди. Коммунисттик партияны терең сыйлап, анын тартибин бекем кармай турган. "Иш десе ичип жаткан ашын таштай чуркап, жоопкерчиликти сезе билчү. Күнү-түнү дебей күжүлдөп иштей берер эле.
- Ысак аке, өзүңүз катышып келген семинар жөнүндө кыскача маалымат жаза койбойсузбу. Биринчи бетке орун алып койгон элем,-дейт гезиттин жооптуу секретары Жаналы Нурманбетов.
- Макул. Сен күтө тур, мен бир заматта жаза салайын,-деп Ысак аке олтура калып шыпылдап жазып кирет.
Мезгил түшкө таяп калган. Түштөн кийин газета басыла баштамак. Бир оокумда кабинетке Ысак акенин айылдык агасы кирип келет. Адегенде ал Жаналы менен кол алыша учурашып анан Ысак акенин столуна чукулдайт. Кырааты менен салам айтып, кош колун сунат:
- Ассалому алейкум, иним!
Бүткүл ой-дити шашылыш жазып жаткан алдындагы макалага бурулуп калганбы, Ысак аке агасынын саламын алик албайт. Баш көтөрүп да койсо эмне. Шыпылдап эле жаза берет. Агасы бир топко чейин кош колун сунган боюнча туруп калат. Анан Жаналынын алдында шагы сына түшкөнүн байкатпай, жууп-чайып сөз жалгаптыр.
- Бул кишинин жумушу абдан эле шашылыш окшойт. Саламды алик алганга да убактысы жоктой. Кийин эле келейинчи,-деп сыртка чыга жөнөйт. Арадан он мүнөттөй убакыт өтөт. Ысак аке макаласын жазып бүтөт. Ошол замат ордунан шарт тура калып колун сунат:
- Алейки салам, аке!-дейт. Караса агасынын карааны жок. Жаналы бырс күлө:
- Агаңдын чыгып кеткенине он беш мүнөттөй болду, -дейт.
- Мага таарынбады бекен?-деп Ысак аке башын кашылап туруп калыптыр.




А н е к д о т т о р
Эркекбай Эркекбайдан сурайт:
- Газетадан кайсы макаланы кыркып алдың?
- Бир эркек аялын сотко бериптир, "менин катынгүлүм чөнтөктөрүмдү оодара берет" деп.
- Эми сен бул макаланы эмне кыласың?
- Чөнтөгүмө салып коём.

- Түндө үйүмө келсем, аялым бир орус киши менен жатыптыр.
- Сен ага эмне дедиң?
- Эч нерсе дегеним жок. Себеби, мен орусча билбейм да...
Биздин шаарда укмуштай ресторан бар экен. Бекер тамак, бекер арак. Арактан кийин бий. Бийден кийин таң аткыча """жыргайсың". Эртең менен үйүңө жеткирип, чөнтөгүңө 100 сом салып коёт экен.
- Сен ал ресторанга кирдиңби?
- Жок, аялым кириптир...

Чукча жатаарда аялына:
- Табуретканын үстүнө эки стакан коюп койчу. Бирөөндө суу болсун. Экинчисине эч нерсе куйбай эле кой. Түн жарымында суусасам суусу бар стаканды алып бересиң. Суусабасам беркинисин...


Казыбек уулу Орозбек
Күмүш тою болуп жаткан күйөөсү аялына собол салат:
- Турмушта нелер гана болбойт. Ачыгын айтчы жаным, баш кошконубуздан бери менин көзүмө канча жолу чөп салдың?
- Үч.
- Биринчиси качан болду эле?
- Он жыл илгери сен ссуда алалбай иттей кыйналбадың беле? Анан мен банктын директору менен... Эгер антпегенимде таптакыр ссудасыз калмакпыз.
- Туура кылыпсың. Башың иштейт сенин. Ал эми экинчи жолу көзүмө качан чөп салдың эле?
- "Сокур ичеги дартына чалдыкканың эсиңдеби? Сага операцияны ийгиликтүү жасатыш үчүн башкы врач менен "ошондой """ишке" барып койгом.
- Рахмат! Менин өмүрүмдү сен сактап калган турбайсыңбы. Эми ала жипти үчүнчү мертебе эмне себептен аттагыныңды айтып берчи?
- Баягы жылы сен депутаттыкка кандидатураңды койбодуң беле?
- Ооба ошенткем. И, дальше?
- Шайлоо жүрүп жатканда сага 49 добуш жетпей турган. Анан мен сага 49 добуш алып бериш үчүн 49 эркек менен...











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!