улуу күн унутулбайт

Өлкө башчысынын жарлыгы
Президент К.Бакиев 27-апрель 2009-жылы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана согуш ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын мекемелеринде иштегендерге, фашисттердин концлагерлеринде жана башка жайларда мажбурланып кармалган туткундарга 3000 сом өлчөмүндөгү кошумча акча бөлүнөт. Ал эми Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө; согуш жылдарында тылда эмгектенип, СССРдин орден, медалдары менен сыйлангандарга; эмгек армиясында мыйзамсыз зомбулукка дуушар болуп, кийин акталгандарга 1000 сом өлчөмүндө кошумча акча бөлүнөт.
Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо иш-чараларын уюштуруу иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

9-май - сиз үчүн кандай майрам?
9-май - Ата Мекендик согуштун жеңишин майрамдоочу, эли-жеринин эркиндиги үчүн күрөшүп кайткан ардагер аталарыбызды куттуктап, согуш майданында курман болуп, кайтпай калган эр азаматтарыбызды эскерүүчү улуу күн. Жыл өткөн сайын арабыздан карт тарыхтын барактарында калган ал күндөрдү өз баштарынан өткөрүп, өрт кечип келген ардагерлерибиздин саны азайып келатканы көңүл өйүп, зээниңди кейитпей койбойт. КРнын Согуш, Эмгек, Куралдуу күчтөр жана Укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунан алган маалымат боюнча учурда өлкөбүздө 4500 согуш ардагерлери жашап келет.
Мына ушул улуу жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоонун алдында "9-май - сиз үчүн кандай майрам?" деген суроонун тегерегинде шаар тургундарына кайрылдык. Бизди өзгөчө келечек муундарыбыздын улуу күн тууралуу кандай кабардар экендиги, ой-пикирлери кызыктырды.
Атабекова Гүлсара:
- Мен өзүм Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылынан болом. Бул суроо менен кайрылганыңызга аябай кубанып турам. Анткени, 9-май - биздин үй-бүлө үчүн чоң майрам. Атабыз Атабеков Анарбай 1940-жылы армиянын катарына 17 жашында чакырылып, 1945-жылга чейин кызмат өтөп келген. Германияга чейин барып келгенин билебиз. Согуштан келгенден кийин 55 жыл мугалимдик кесипти аркалап, айылдын ардактуу аксакалы катары таанымал адам эле. Сегиз жыл мурун атабыздын көзү өтүп кеткен. Аты айылдын көчөсүнө берилген. Бүгүн 4-май туулган күнү эле. Уул-келини, кыз-күйөө, неберелери ар дайым 9-майды атабыздын күнү деп эскерип турабыз. Азыр Кыргызстанда жашап жатышкан баардык ардагерлерди майрамы менен куттуктайм!
Абазбеков Адилет:
- 9-май- биздин жерди басып кирген немецтик баскынчылардан Ата Мекенибизди коргоо үчүн согушка барышкан жана жеңишке жетишкен күн деп билем. Менин өзүмдүн чоң атам Исакул ал согушка катышып, кайтпай калган экен. Кыргызстанда тынчтык болушун каалайм. А бирок, кокустук болуп кетсе эли-жерим үчүн кызмат кылууга ар дайым даярмын.
Осмоналиев Элдияр:
- 9-май 1941-жылдан 1945-жылга чейин созулган согуштун жеңиш күнү. Биздин үй-бүлөдө ким согушка катышкан - катышпаганы жөнүндө маалыматым жок. Таятам согуш жылдары төрөлгөнүн билем. Эл катары биз да бул күндү майрамдайбыз.
Рахманов Бекбоосун, №11- мектептин 8-классынын окуучуcу:
- Китептен окуп, угуп, ал күн жеңиш күнү экенин билебиз, майрамдайбыз. Согуш беш жыл болуп, биздикилер жеңиш менен кайтышкан да. Апамдын айтуусу боюнча биздин үйдөн ал согушка катышкан чоң аталарыбыз болгон эмес экен.


Панфиловчулар жолугушту
4-май күнү КРнын коргоо министрлигинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери - Панфиловчуларды жеңиштин 64 жылдыгы менен куттукташып, майрамдык кече уюштурулду. Аталган министрлик менен байланышып төмөндөгүдөй маалымат алдык: "Азыркы күндө республика боюнча 14 Панфиловчу ардагерлерибиз бар экен. Ата Мекенибизди коргоодо кан - жанын аябай катышып, жеңиш менен жерибизге кайтып келген ардагерлерибизге майрамдык маанай тартуулап, сөздөрүн угуп, чай үстүндө ак баталарын алалы деген ак тилек менен бул күн атайын белгиленген. Сегиз ардагер катышмакчы. Өлкөбүздөгү калган баардык согуштун ардагерлерин 9-май күнү куттуктайбыз".
Чакырылган сегиз Панфиловчу ардагерлерибиздин бири, КРнын Баатыры, Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди майрамы менен куттуктап, телефон аркылуу байланыштык:
- 9-май жеңиш күнүнө карата коргоо министрлигине чакырылып, бардык. Майрамдык чай уюштурушуптур. Баарлашып, маектешип, министрдин орун басары менен олтурдук. Көптү көргөнү сүйлөгөнүнөн билинген, абдан түшүнүктүү жигит экен. Бул күн - дүйнөнүн тарыхында калган унутулгус күн. Канчалаган адамдар катышып кан төккөн ал согушта кыйынчылыктар менен жеңишке жетишкенибизди белгилешип, көп жакшы сөздөр айтылды. Кааларым: эли-жерибизде тынчтык болсун. Баардыгын майрамы менен куттуктайм!

"Эрте келген турналарга" 30 жыл
Улуу Ата Мекендик согуш темасына көптөгөн жазуучуларыбыз кайрылышкан. Согуш убагындагы карапайым кыргыз элинин турмушун кеңири чагылдырып, эң мыкты сүрөттөгөн чыгармалардын бири - Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" повести болуп саналат. Аталган повесттин негизинде Эл артисти, режиссёр Болот Шамшиев көркөм фильм жараткан. Дүйшөмбү шаарында өткөн Бүткүл Союздук 13-кинофестивалда бул киного башкы байге ыйгарылган. "Эрте келген турналар" экрандаштырылганына быйыл туура отуз жыл толот. Ал эми режиссёр Болот Шамшиевдин атасы, акын Төлөн Шамшиев да убагында Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эли-жери үчүн эрдик менен кызмат өтөп келгенин айта кетпесек болбос.

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында
Кыргызстандын өкмөтү согуштун биринчи күнүнөн эле калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941-жылы 22-июнундагы Указына ылайык, өлкөдө аскерге милдеттүүлөрдү жалпы мобилизациялоо иши башталган. Бул иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40- жана 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган.
Булардын ичинен согушка биринчи болуп курамын Кыргызстан жана Казакстан республикаларынын калкынан түзүлгөн Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кирген. Москваны коргоо үчүн 1941-жылы ноябрда болгон согушта бул дивизиянын бөлүктөрү душмандын 2-танкалык, 29-мотордоштурулган, 11- жана 110-жөө аскерлер дивизиясын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы ж.б. куралдарды жок кылышкандыгы үчүн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наам алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Волоколамск районундагы, Гуськово деген кыштактын жанында 1941-жылы 18-ноябрда И.В.Панфилов курман болгон. Өлгөндөн кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, ысымы өзүнүн дивизиясына ыйгарылган. Мындан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине ыйгарылган, алардын ичинде Кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петронко, Иван Добробабин болгон.
Сталинграддын алдындагы, Түндүк Кавказдагы жана Курскинин алдындагы салгылаштарда кыргызстандык жоокерлер да эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, көбү Ата-Мекен үчүн курман болушкан. Воронеждин түштүк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-жылы 6-августта Чолпонбай Түлөбердиев душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс - өчпөс эрдик көрсөткөн. Ага 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Сталинград үчүн согушта артиллерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов эрдик менен салгылашкан. 1943-жылы 26-октябрда ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.
Закавказье фронтунда ротанын саясий жетекчиси Кубат Жуматаев эрдик көрсөткөн. Ал өлгөндөн кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
1942-жылы декабрда Кавказ үчүн болгон кармаштардын биринде бөлүктүн командири Акун Садырбаев душмандын ага кезеги менен ыргытылган он алты гранатасын тосуп алып, кайра душманга ыргытууга жетишкен. Он жетинчи граната анын колунда жарылып, курман болгон. Бул эрдиги үчүн ал Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кавказды коргоодо ротанын саясий жетекчиси Сулайман Жүндүбаев, ага лейтанант Темиркул Үмөталиев, артиллеристтер Керим Кырбакбаев, Тыныбай Бейшенбаев жана Абдыкалык Жумакеев эрдиктерди көрсөтүшкөн.
1942-43-жылдагы салгылаштарда 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Андагы жоокерлердин 18,5% ын кыргыздар түзгөн.
Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер да Ата-Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 150 миң кыргызстандык жоокер орден, медалдар менен сыйланышып, алардын ичинен жетимиш алтысы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. Жыйырма тогуз жоокер Даңк орденинин үч баскычын тең алышкан. Ал эми жалпысынан алганда СССРдин Улуу Ата Мекендик согуштагы демографиялык жоготуулары 26,6 млн адамды түзөт.

Маалымат кыргыз тарыхы энциклопедиялык китебинен алынды.

М.МОЛДОБЕКОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!