күнсүрөт

Тагдырдын жазмышына моюн сунуп,
Олтурам кор болсом да жашоо куруп...
Жарыктык... Жашоо... өмүр...
Бул үч сөздүн мааниси, тереңи кайда? Адам баласы ыңаалап бул дүйнөгө көз ачып келгенде жараткан ага тагдырын байлап берет тура. Көңүл бошоп, денени майда калтырак басты. Көрсө, тирүүлүктө алты саның аман, курсагың ток, кийимиң бүтүн болсо жашоонун кадырын сезе билбейт экенсиң. Качан гана жарым жан, бирөөгө муктаж, жашоого кайдыгерлик кылбай үмүттүү көздөрү менен ой-максаттары бар адамдарды көргөндө сестенип, Аллага тобоо кыласың. Бүгүн биз борборубуздун Ош базарында тилемчилик менен күн көрүп келген кудайдын момундарынын тагдырын угуп, журналисттик иликтөө жүргүздүк. Сиз да, биз да бул адамдарга кайдыгер мамиле жасап, алдындагы баштыкка бир-эки сом сунганыбыз менен ал адамдын ким экенин билбейбиз. Боор ачыганыбыз менен бир тилемчи олтурат деп гана түшүнөбүз... Кыштын ызгаарына, жайдын аптабына чыдап, кара курсактын айынан көрүнгөндүн көзүн карап, татаал тагдырына баш ийип, өлбөстүн күнүн көрүп келаткан боорлорубузга эмне айтып, кандай жардам көрсөтө алабыз?..
Кел окурман, мындай замандаштарыбызды көз жаздымда калтырбай, ар кимибиз колубуздан келген жардамыбызды берсек ашыкча болбостур.


"Он бир жолу
операция болдум"
- Аты-жөнүм Эргеш Жарматов. Өзүм Ноокат районунун Кулатов айылынан болом. Жашым 59да. 33 жашымда карасан оорусуна чалдыгып, ушул тагдырга туш болдум. Кан тамырым ичкерип кетип, кан жакшы жүрбөй, биротоло токтоп калганда бир бутумду кесишти. 17 жыл бир бут менен жүрдүм. Алышкан оору алмайынча койбойт экен. Он бир жолу операция болуп акыры эки буттан ажырап арабага отуруп калдым. 22-апрелде 6 жыл болду. Мындай абалда калышымды сезгем, түшүмдөн да аян берген. Ошол үчүн кейип, ыйлап-сыктаган жокмун. Ырас, тагдыр мага ушундай жазмышты бердиби моюн сунуш керек. Мени менен тең буту кесилгендер өздөрүн өздөрү муунтуп өлүп алышты.
- Тагдырыңызга таарынбайсызбы?
- Ажатканага барганда, техникага түшкөндө гана майыптыгым билинбесе, эл-журтум кайрымдуулук кылып турганда тагдырыма таарынбайм. Тескерисинче, жарык дүйнөнү көрүп жашап жатканыма, эл менен жүргөнүмө шүгүр кылам.
- Кесибиңиз ким эле?
- Көп жыл айдоочулук менен тиричилик кылдым. Ээ балам, убагында волейбол, баскетбол, футбол боюнча мыкты спортсмен болчумун. Сыягы, жаштык кезимди текке кетирбепмин.
- Балдарыңыз барбы?
- Үч кыз, эки уулум бар. Бир кызым Москвада, бирөөсү турмушка чыгып кеткен. Дагы бир кызым капысынан эле ооруп, бутунан майып болуп калып үч баласы менен менин колумда. Бир уулум да Россияда. Башкалардын балдары ата-энесине акча жиберсе, менин балам орус аял алып, бала жиберди. Байбичем эки жаштагы неберем менен үйдө.
- Балдарыңыз сиздин бул жерге чыгышыңызга каршы болгон жокпу?
- Каршы чыкты, чыкпай коймок беле. Бирок, атанын балдарынын алдында үч милдети бар. Төрөлгөндө ат коюу, кесип үйрөтүү, эркек болсо үйлөнтүп, кызды турмушка берүү. Ошол милдетти аткарайын деп келип олтурам. Балдардын көзүн караганда эмне, азыр ар ким өз арабасын тарткан заман да. Жарым жан болсом да жеген нанымды табайын деп олтурам.
- Колуңуздун манжалары дагы ушул оорудан кесилдиби?
- Ооба. Бул буттан колго, колдон бутка өткөн ушундай жаман дарт экен.
- Дос, жакындарыңыздын той-топурларына барып турасызбы?
- Кантип барбайын. Былтыр досторум менен Көлгө эс алганы барып ооруп калып келе бергем. Ошондо арманым ичиме батпай, көз жашым агып ыр да жараткам.
Мен келдим элүүнүн сегизине,
Жүрө албадым досторум, аяштарым силер менен.
Карч уруп кара жанды келе жатам,
Жаратканым буюрса экен бейишинен.
Бул аксакалдын тамырын тартып, тагдырын уккандан кийин анын жанынан орун алган 33 жаштагы Тариэл Бектуровго кайрылдык. Ал оюн ачык айтып бералбаса дагы, берген суроолорубузга аракет кылып жооп берип жатты. Аны менен толук сүйлөшө албаганыбызды баамдаган соң, кыскача гана маектешүүгө туура келди.


"Ата болгум келет"
- Тариэл, арабада канчадан бери олтурасыз?
- Мен ушундай тубаса төрөлгөм. Бирок, балдак менен баса алам. Ата-энем, сегиз бир тууганым бар. Орусча, кыргызча таза сүйлөйм. Өзүм Токмокто турам. Бул жерге келгениме бир жума болду. Жок, кечээ эле келгем. Бир туугандарым каралашпайт. Эми ушул жерден акча жыйнап, Токмоктогу көп кабаттуу үйлөрдөн үй алып, үйлөнөйүн деп жатам.
- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
- Ооба бар. Мен аны сүйөм. Иий, соткам болсо аны менен бат-баттан сүйлөшпөйт белем. Ошого да акча чогултуп жатам. Мени кыздардын баары сүйөт. Бирок сага эч ким тийбейт деп каткырып күлүшөт. Антсе деле бир орус кыз артымдан чуркап, мени ал деп жүрбөйбү.
- Ал кыздын аты ким?
Кабагын чытып, капа болуп көпкө ойлоно түштү.
- Ммм... Азыр... азыр айтам... ким эле... Аа таптым, Наташа. Ал Токмокто жашайт.
- Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
- Бала кезимде аскердик учкуч болгум келчү. Бирок, ал тилегиме жеткен жокмун. Эми үйлөнүп кичинекей балага ата болгум келет.
- Күнүнө канча акча табасыз?
- Мечитке барганда 1500 сом таап (куржунун көрсөтүп) бул жак толуп калат. А бул жактан болсо 200-300 сомго чейин табам. Ош базардын бир жери жаман экен. Мен Токмоктон 500 сомго жаңы эле сатып алган көз айнегимди уурдатып жибердим. Ошон үчүн акчамды да жашырып олтурам. Дагы бир нерсе айтайынбы, мен Токмоктун крим авторитетимин. Баары менден коркушат.
Мына ушундай тагдырдын татаал жолунда жашоо менен күрөшүп келген бул мусулмандар чынында жардамга муктаж экенин тана албайбыз. Ошону менен катар дени-карды соо, колунан баардык иш келе турган, акыл -эси жайында болгон айрым адамдар жогорудагы маектештерибиздин катарына кошулуп, кайырчылыкты кесип кылып алгандай. Жалкоолор үчүн бул да болсо акча табуунун бир жолудур. Сөзүбүз куру болбос үчүн эки жаштагы баласы менен кайыр сурап олтурган Назира Кушчубаеваны сөзгө тарттык.


"Жолдошум арактын айынан каза болду"
- Сиздин бул жерде олтуруп калганыңыздын кандай себеби бар?
- Кызым эки айлык боюмда бар кезимде жолдошум арактын айынан каза болуп калган. Айла жок, кызымды караганга адам таппай бул жерге келүүгө мажбур болдум.
- Туугандарыңыз, каралашаар эч кимиңиз жокпу?
- Петровкада карыган апам бар. Жети бир тууганмын. Азыр Арча-Бешикте сиңдимдин үйүндө жашайм. Бир туугандарым өз алдынча үй-бүлө күтүп кетишкен. Алардын деле мага жардамдары тийбейт.
- Башка жумуш издеп көргөн жоксузбу?
- Башка жумуш карагыдай менде шарт жок да. Кызым кичинекей болсо. Буюрса, кызым чоңойсо талаага чыгып иштесемби дейм. Мен деле бул жерге жыргаганымдан кайыр сураган жокмун. Кээ күндөрү милициялар келип кубалашат. Айрымдары көз кыйыгын салып шылдыңдап өтүшөт.
- Сизди бага ала турган адам болсо турмуш куруу оюңузда барбы?
- Ооба. Базарда каробка ташып иштеген бирөө менен таанышканыма үч күн болду. Ал мени "Сага үйлөнөм, үйдө олтурасың, өзүм багам" деп жатат. Ошого тием го, билбейм эми...
Тунжурап, ойго батып жол уладык. Туура, бул айым чын эле ушундай күн көрүүгө мажбур болгондур. Бирок, колундагы кичинекей кызынын ден соолугуна бул жердин терс таасири тийип жатканын билди бекен?.. Бир чети баласын айрым таш боор энелер сыяктуу талаага таштабай багып олтурганы жүрөк жылытат. Экинчи жагы мындай жол менен алмончоктой кызын курал катары колдонуп, оңой оокатка көнүп алгандай сезим калтырат.
(Уландысы 15-бетте)










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!