саламат плюс

Баш оорунун
эң коркунучтуусу -
шишик
"Ден соолук кадырын ооруган жан билет" дегендей, оорукананын босогосун аттаганда жашоо үчүн күрөшкөн адамдарды көрүп Кудайдан эч нерсе бербесе да ден соолук берсе экен деп тилейсиң. Мындайда өмүр менен өлүмдүн ортосундагы оорулуулардын дартына даба таап, жашоосуна өбөлгө түзгөн ак халатчандардын эмгеги айтып бүткүс. Бүгүн биз жыйырма тогуз жылдан бери ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, ары татаал кесипти аркалап келаткан №1 Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору Дүйшеев Буранбек Жамгырчиевич менен маектешип, баш оорулары жөнүндө кенен маалымат алдык.

Баш оорунун түрлөрү
Бүгүнкү күндө баш оорунун түрлөрү абдан көп. Маселен: баш моюн астеохандроздон, травмадан кийин, давление төмөн болгондо, грипптен ооруйт. Баш оорунун эң коркунучтуусу шишик (опухоль). Учурда дүйнө боюнча мээнин шишиги эбегейсиз көбөйдү. Өнүккөн мамлекеттерде ар бир жылда 100 миң кишинин 20-25инде шишик пайда болот. Бизде болсо жылына 5-6 кишиден табылат. Муну менен Кыргызстанда аз деп айтыш кыйын. Анткени, чет өлкөлөрдө эпидемиялык ички изилдөөлөр масштабдуу жүргүзүлөт. Экинчиден диагностикалык комплексти баардык жеринен табууга болот. А биздин өлкөдө болсо мындай комплекс эки гана жерде - Бишкекте, Ошто бар. Ошондуктан бизде шишиктер өтүшүп кеч болуп кеткенде табылат. Биздин жарандар ооруну өнүккөн өлкөлөрдөй болуп алдын алышпайт. Шишик качан гана мээнин өзүндөгү борборлорду кысып, колу-буту иштебей, көзү көрбөй калганда кайрылышат. Аны операция кылып алыш да өтө оор болот.


Жети жолу операция кылынган шишик
Мүмкүн болушунча шишикти бир жолу операция кылып, андан кийин айыгып кетсе жакшы болмок. Тилекке каршы, шишикти түп тамыры менен алып салыш оор. Мээнин ичинде өскөн шишиктерди беш же жети жолу операция кылууга туура келет. Орто эсеп менен бир шишикте 100 миллиард клетка бар. Анын 99 пайызын алып койгондо 1 пайызы калат. Бир пайызда 100 млн клетка болот. Эми ошол 100 млн клетка күнүгө, ар бир мүнөт сайын өсө берет. Шишиктин баарын алып таштайын десең мээде кан тамырлар, борборлор болот. Эгер шишик ошол жерде жайгашкан болсо оорулуу операциядан кийин колу-буту иштебей же көзү көрбөй, тилден калышы мүмкүн. Ошондуктан муну өтө абайлоо зарыл.

Шишиктин пайда болушу
Шишиктин эмне себептен пайда болоору бүгүнкү күнгө чейин изилдене элек. Так бир себебин айтуу кыйын. Бирок, уулуу заттар чыккан жерлерде жашагандарда, химикаттар менен иштегендерде шишик көбүрөөк кездешет. Мисалы, Чернобылда балдардын шишиги эки жарым, үч эсеге көбөйдү. Анан да шишиктин пайда болушуна аллергия көп таасирин тийгизет. Аллергияга каршы ичкен дарылар иммунитетти төмөндөтүп, ошондон улам ар кандай шишиктер пайда болот. Дагы бир жалпы себеби башка органдарда пайда болгон шишиктерди алгандан кийин, бир жыл, бир жарым жылдан соң ошол шишиктердин калдыктары мээден өсө баштайт. Кээде бизге мээсинин алты-жети жеринде шишик пайда болгондор кайрылат. Мындай учурда биз оорулууга операция да жасай албайбыз. Ошондуктан шишик жайылып кетпеш үчүн жыл сайын көрүнүп, врачтын көзөмөлүндө болуш керек. Айрыкча кырк менен алтымыш жаштын ортосунда. Анткени, ошол куракта шишик пайда болушу мүмкүн.

Мээни алмаштыра албайбыз
Адамдын органдарынын эң назиги, сезимтал жери - мээ. Жүрөктүн согушу да мээге байланыштуу. Эгер мээге төрт мүнөт кан жетпей калса мээ өлөт. Мындай учурда жүрөк, өпкө иштей бериши мүмкүн, бирок адам эсине келбейт. Баардык органдарды алмаштырганда да мээни алмаштыра албайбыз.

Сотрясение - жеңил дарт эмес
Сотрясение деген бул - травма. Бул дартты жеңил деп түшүнүшөт. Давлениеге, шишикке караганда албетте, жеңилирээк. Бирок, организмге зыяны абдан чоң. Сотрясение алган адамдардын 50% дайыма невропотологдо дарыланышат. Баштагы жараат мезгил-мезгили менен козголуп, ооруйт. Бийик жерден кулап кеткенде, авто кырсыкка кабылганда, катуу мушташканда сотрясение пайда болот. Эгер бала кичинекей кезинде бешиктен кулап кетсе же чуркап баратып жыгылып кеткен учурларда, же колдон түшүп кетсе сөзсүз дарыгерге кайрылыш керек. Анткени, учурунда билинбегени менен 15-20 жылдан кийин бала кезде алган жаракаты өнөкөт баш ооруну алып келет.

Кан тамыр - жашоонун негизги жолу
Эгер шишик мээнин өзүндө, ортосунда, ашказанында турса ал татаал операцияга кирет. Андан сырткары көрүүчү нерв деген бар. Анын алдында пайда болгон шишиктерге жетип, алып чыгуу абдан оор. Кээде шишик кан тамырды каптап калып, кан тамыр шишиктин ичинде өскөн болот. Андай учурда ар бир кан тамырды тарак менен тарагандай карап чыгабыз. Себеби, бир кан тамырга эле доо кете турган болсо адам бир органынан ажырап калышы мүмкүн. Ошондуктан кан тамыр - жашоонун негизги жолу болуп эсептелет.

Врачтын уруксаатысыз дары ичүүгө болбойт
Азыр жарнаманын заманы. Гезит-телевидениялардан жарнамаланып жаткан дарыларды көрүп баш ооруну дары менен эле басып коём деп кенебей жүрө беришип, оорусун өрчүтүп алышат. Дары - оорунун бир симптомун алып койгону менен толук айыктыра албайт. Өнүккөн мамлекеттерде дарылардын 80% рецепт менен врачтын жолдомосусуз берилбейт. А биздеги аптека, фарм компанияларга оорунун себебин билүүнүн кереги жок. Алар үчүн эң негизгиси дарысы сатылып пайда түшсө болду. Врачтын уруксаатысыз ичкен дарылар кийин ооруга жардам бералбай калат. Экинчи жагы аллергиялык реакция болушу мүмкүн. Маселен, аналгин башты убактылуу айыктырганы менен башка органдарга зыянын тийгизет. Ошондуктан биринчи кезекте невропотологго, окулистке көрүнүп, оорунун себебин таап, ошого жараша дарылануу абзел.

Бир суткага созулган операциялар
Жыйырма тогуз жылдык тажрыйбамда эң узакка созулган операцияны 14 саатта жасадым. Андан да узак суткага созулган операциялар бар. Эмнеге узак? Анткени, микроскоп менен иштейбиз. Шишикти алганда кан тамырларга, мээнин кабыгына доо кетпеш үчүн ар бир миллиметрди өлчөп чыгабыз. Мээнин өзүнөн чыккан көзгө, мурунга, тилге, кулакка, кыскасы баардык органдарга барчу 12 жуп нерв бар. Ошол нервдерди сакташ үчүн операция өтө кылдаттык менен жасалуусу зарыл.

Депрессия - XXI кылымдын оорусу
Учурда депрессияны "XXI кылымдын оорусу" деп айтабыз. Себеби, бүгүнкү элдин жашоо-турмушу, туура эмес тамактануусу, түн менен күндү алмаштырып туура эмес уктоо, жетишпестик, ар кандай уруш-талаштардын баары депрессияга алып келүүдө. Андыктан бир жылда жок дегенде бир жолу жалпы текшерүүдөн өтүп, ар бир адам өзү үчүн ойлонуусу шарт. Түн уйкуну режимге салып, туура эс алганды пайдалана билсе.

Кыргызстан инсульт боюнча биринчи орунда
Бүгүнкү күндө кыргыз эли инсульт боюнча биринчи орунда турабыз. Эл дарыланбай жашоо-шарттын айынан ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап калды. Мурда биз инсульт боюнча бир жылда 3-4 операция жасасак, ушул убакта ар бир жумада экиден - үчтөн операция жасап жатабыз. Мунун бирден бир себеби оорулуулар убагында дарыланбайт. Көбүнчөсү молдого, көзү ачыкка барган оңоюраак деп ошол жакка кайрылышат. Менин оюмча алар психологиялык жактан көмөк көрсөтүп, адамды ишендирип, анча-мынча ооруга жардам бергени менен көп оорулууларга туура эмес диагноз коюшуп, оору өрчүп кетип жатат.

Ж.КАЛДАРОВА










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!