п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  талант сыры

Сынактан сындалган таланттар
Сынактын жүрүшү, катышуучулардын таланты, деги эле "Талант сыры"-2009 сынагы тууралуу калыстар тобунун оюн ортого салдык.

Продюсер Кайрат Даркан уулунун "Талант сыры"-2009 долбоорунун негизинде үч айдан бери "Обон" гезити аркылуу эл арасындагы ыр, бийге шыктуу, таланттуу өнөр адамдарына сынак жарыяланып келген. Өлкөбүздүн булуң-бурчунан бул сынакка катышып, өзүнүн талантын эл алдында сыноону туура көргөн таланттар катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Конкурстун шарты боюнча сынактын катышуучуларынын жаш өзгөчөлүгү чектелген эмес. Жакында эле 7-8-май күндөрү борборубуздагы "Азия Ордо" ресторанында сынак башталып, баш-аягы элүүгө жакын катышуучунун таланттары калыстар тобунун сынына коюлду. Калыстар тобунда "Кыргызстан патриоттору" партиясынын төрагасы Орозбаков Алмаз, Маданият кызматкери Кокумов Казыбек, композитор Сталбек Бактыгулов, обончу жана аткаруучу Жамил Карабалаев, актёр Таалай Мамытов, "ЭлТР" телеканалынын маданият бөлүмүнүн продюсери Айбек Асанбек уулу жана "Обон" гезитинин жооптуу редактору Даркүл Кемеловалар болушту.
Катышуучулардын таланттарын көрүп, сындап, талдаш үчүн беш-алты саат убакыт талап кылынды. Эки күн бою таланттардын арасынан чыныгы таланттууларды тандоого аракет кылышкан калыстар тобу акыры аларды элдин көз карашын, эске алып жыйынтык чыгарышты. Сынакка катышкандардын эң улуусу кырктын кырында болсо, эң жашы төрт жашта болду.
Продюсер Кайрат Даркан уулу бул сынактын баш байгесине автоунаа, экинчи орунга телевизор, үчүнчү орунга DVD жана дипломдорду койгон. 1-турдан өтүп 2-турга катышууга мүмкүндүк алганы менен 3-турга өтпөй калган катышуучуларга дипломдор ыйгарылды.
1-орундун, баш байге FORD-SIERA үлгүсүндөгү автоунааны эң көп упай менен, таланты менен утуп алган - Арзыбек Деркенбаев.

2-орундун ээси сынактын эң кичине катышуучусу төрт жаштагы Ыскалиева Аделя -түстүү телевизордун ээси болду.


3-орундун ээси Орозалиев Сүймөнкул-DVD ге ээ болду.


Сынакка бий боюнча катышып, эң көп упай топтогон 5 жаштагы ЭРкинбек кызы Нураидага DVD ыйгарылды.


Сталбек Бактыгулов:
"Өнөр
дүйнөсүндөгү коррупцияга каршы биринчи кадам"
- Бул конкурстун аты айтып тургандай, талант деген адамга тиешелүү бир өнөр, дарамет. Конкурстун мага жаккан жери, башка конкурстардан айырмачылыгы, эл менен бирге, эл алдында болуп жаткандыгы. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир саясатка аралашып жатабыз. Мен композитор болгонум менен саясатка көз карашым түз эле. Азыр коррупцияга каршы күрөшүү деп жатышпайбы. Мына, коррупцияга каршы күрөшүү чыгармачыл, өнөр дүйнөсүндөгү биринчи кадам. Муну белгилей кетишим керек. Себеби, бул конкурс эл-журт алдында эч кандай коррупцияга жол берилбей өттү. Мага калыстар тобунун тандалма комиссиясы жакты. Бири-бирибизди сырттан гана билет экенбиз, жакын мамилебиз жок экен. Албетте бул-конкурстун керектүү деңгээлде, чындык менен өтүшүнө чоң өбөлгө болду. Кыргыз болуп төрөлгөндөн кийин кыргызчылыктан кол үзө албайт элек. Бирок бири-бирибизди чыгармачылык жактан гана тааныганыбыз үчүн эч кандай өз ара сүйлөшүү, талашып-тартышуу деген болгон жок. Бири-бирибизге сый мамиле кылып, сынактын ар бир катышуучусуна өзүнүн талантына, дараметине жараша калыс баа берип, калыстык кылып, баары туура чечилди деп ойлойм. Демек, сынактан уткандар ыраазы болот болуш керек. Ал эми утулгандарга чоң сабак болду деп ойлойм.


Баш байгенин ээси Деркенбаев Арзыбек:
"Калыстар калыстык кылышты"
- Бул сынакка көп таланттуулар катышышты. Арасында таланты бары дагы, жогу дагы, жаш-карысы да болду десем болот. Калыстар тобу таланты жокторун 1-турда эле кетиришкен. Калыстар тобу туура калыстык кылышты деп ойлойм. Алар таланттуулардын талантын баалап, жакшы эле көтөрмөлөштү. Дегеним, комуз чертип, аккордеон черткендерге жакшы баа берип жатышты. Бул аспаптарды дагы ойногон адамдар ойнойт да. 1-орунду алганга мен абдан кубанычтамын. Өзүм дагы толкунданып, жетине албай турам.
- Кайсы жерден болосуң?
- Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынан болом. Төрт жашымдан баштап аккордеон ойноп, комуз чертчүмүн.
- Сынакта Бек Борбиевдин ырларын ырдап жаттың. Башка катышуучулар автордук ырларды аткарып жатышты...
- Бек Борбиев менин кумирим. Бала кезимден эле Бектин ырларын жактырып, анын ырларындай ыр жазгым келчү. Өзүм чыгарган он чакты ырым бар.
- Үй-бүлөлүүсүңбү?
- Ооба, бир кызым бар.
- Сынакка катышаарда 1-орунду алам, ийгиликке жетем деп ойлодуң беле?
- Орун алам деп ойлогон эмесмин, диплом алам дегем. Аз да болсо эл алдында ырдап, талантымды тартуулап, телевидениеге тартылып, элге таанылып көрөйүн деген оюм бар болчу. Кудай буюрса, оюма жеттим. Бул дагы буйрук экен, кудайдын берген таланты экен.

Орозбаков Алмаз:
"Конкурс
калыс өттү"
- Бул конкурс жогорку деңгээлде болбосо дагы аябай калыс өттү десем болот. Элдер дагы калыс өттү деп айтып жатышат. Биз дагы болушунча калыс кылганга аракет кылдык. Эми анча-мынча майда-барат кемчиликтери болбосо, өтүшү жакшы өттү. Негизи конкурс чынчыл, ачык өткөн конкурстардын бири болду. Себеби, көпчүлүк учурда мындай конкурсту уюштурган уюштуруучу же продюсер өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кишилерин коюп коюшат эмеспи. А бул жерде баары ачык-айкын болду. Башында жеңил болуп аткан, аягында жетөө калганда кыйын болуп калды. Бир карасаң баары эле 1-орунга татыктуудай көрүнөт. Анан алардын арасынан эң мыктысын, эң татыктуусун тандаганга туура келди. Биз дагы алардын таланттарын баалап, туура баа бергенге аракет кылып аттык. Конкурс жөнүндө айтсам, ушундай ачык-айкын конкурстар өтсө элдер дагы ишене баштайт. Мындай конкурс элге керек деп ойлойм. Себеби, эл ичиндеги табылбай, чыкпай жаткан алтындарды таап алышыбыз мүмкүн. Кыргызда талантту адамдар көп. Ким билет, башка өлкөдө биздеги таланттардай таланттуулары барбы, жокпу.

Кокумов Алмаз:
"Бул конкурс
бизге абдан керек"
- "Талант сыры" деген сынактын жобосун Кайрат Даркан уулу жазып келген экен. Биз биргелешип бул долбоорду оңдоп чыктык. Ошонун негизинде кароо-сынак өттү. Менин оюмча реалдуу эле чечилди деп ойлойм. Биздин элде таланттуулар көп экен. Аларга эл алдына чыгууга, талантын сыноого ушундай мүмкүнчүлүк, шарт түзүлгөнүнө мен дагы сүйүнүп атам. Бул сынакта ар ким таланты менен өзүнүн ордун, байгелерин туура эле алды деп ойлойм. Сынакта калыстар тобу да жакшы тандалган экен. Туура эсептеп, туура чечилди десем болот. Бул конкурс бизге абдан керек. Себеби, таланттын баары элдин ичинде. Аны чыгарыш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кайраттын бул сынакты алып чыкканы мага жакты. Эми мындан ары дагы уланта берсе, барган сайын бийик деңгээлге чыгат. Кайраттын бул сынакты ар бир региондорго барып өткөрүп келсем деген ою бар экен. Бул дагы жакшы жышаан деп ойлойм.

Кайрат Даркан уулу:
"Талант сыры-2"
сынагына сынак
жарыялайм
- "Талант сыры" долбоору былтыр дагы өткөн. Быйылкысына болсо өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Баш байгеге коюлган автоунааны, белектерди өзүм койдум. Менин негизги максатым - эл ичиндеги, көмүскөдө жүргөн таланттарды алып чыгуу, талантын өстүрүүгө шарт түзүп берүү, моралдык жактан болсо да дем-күч берүү. Мен бул жерде өзүмдүн кызыкчылыгымды ойлогон жокмун. Өзүм кыргыздын патриот уулу болгондуктан колумдан келишинче элиме жардамым, пайдам тийсин деген максат менен бул долбоорду алып чыктым. Эми бул сынак жөнүндө айта турган болсом, калыстар тобу, ошол жерде отурган элдин көз карашы, сыноосу, тандоосу менен таланты барлар тандалды. Бул жерде баары элдин көз алдында так, калыс чечилди десем болот. Ал эми конкурстун деңгээли укмуш деп айтуудан алысмын. Себеби, майда барат кемчиликтер кетип жатты. Аны мойнума алам. Анткени, бул долбоор азыр буту жаңы баскан жаш баладай эле да. Кудай буюрса, бул сынакты дагы улантып, жакында "Талант -сыры-2" сынагына сынак жарыялайм.

Сынак деген сынак, бирөө жеңсе, бирөө жеңилет. А бирок "жеңиш эмес эңиш" дегендей, жеңилген адам жеңилдим деп капаланбай, кайраттанып, талантын чыгаруу үчүн дагы да чымырканып, аракеттенүүсү зарыл. Талант деле таптабаса талаада калчу нерсе. Андыктан жеңүүчү мойнуна артылган чоң жоопкерчиликти сезип, талыкпай эмгек кылса, изденсе келечек багытын табаарына шек жок.

Д.АБАСКАНОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??