п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
Мээрим
- Саламатсызбы Максат байке, биринчиден сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Сизге суроом: көчөдө болобу, сахнада болобу дайыма мойнуңуздан шарф түшпөйт. Себеби эмнеде?
- Рахмат. Муну өзүмдүн стилим деп айтсам болот. Анан да модага кызыгып, моданын артынан калбайм. Ачыгын айтканда биздин ырчылар бири-бирине окшош. Ырларынын ыргагынан тартып кийимдерине чейин. Мен башкалардан айырмаланып турайын деп ушул стилди тандап алдым.
- Кийимге болгон табитиңиз кандай? Дегеле кийимдерди кайдан сатып аласыз?
- Кийимдин арзан, кымбатына карабайм. Эң негизгиси жарашыктуу болсо болду. Базардан деле, магазиндерден деле ала берем. Бир гана адатым бир кийимди бир эки жолу кийгенден кийин кийгим келбей калат. Ошондой кийилбеген кийимдеримдин баарын жакын санаалаштарыма, ырчыларга берип койгом.
- Мисалы кайсы ырчыларга?
- Күмүш өңдөгү оймосу бар костюмумду Султанга берсем, Султан эки-үч жолу кийип чоң экен деп Акбарга берип коюптур. Азыр Акбар кийип жүрөт. Андан сырткары Бекчоро, дагы башка ырчыларга бергем. Баарын санаштын кереги жок го дейм.
- УТРКнын "Тусовка kg" берүүсүнүн сынагына чыкпадыңыз беле. Ошондо "никесиз төрөлгөн балаң барбы?" деген суроого "жок" десеңиз калп болуп чыкпадыбы. Чын эле жалган айттыңыз беле?
- Мен ал жактын "секретин" ачпай эле коёюн. Ал жерде чын-жалган дегенди алмаштырып алып чындыктын ордуна жалган болуп чыгып калган. Ошондуктан бул нерсени техникалык ката деп түшүнүңүздөр. Менин никесиз төрөлгөн балам жок деп ишенимдүү айта алам.
Махабат
- Актан Исабаевдин бөлөсү, Муратбек Бегалиевдин иниси, Токтайым Үмөталиеванын күйөө баласы болот экенсиз. "Макс Бегалиев белгилүү туугандарынын арты менен чыкты"- дегенге кандай карайсыз?
- Кайненем менен бөлөм өз жолунда. Муратбек Бегалиев болсо атамдын бир тууган иниси. Мага ушул кезге чейин бир ыр жазып берип көз салган жок. Эмнеге? Анткени, мен жаңыдан ыр дүйнөсүнө келгенимде "Качан гана өзүңдүн күчүң менен, талантың менен элдин адамы боло алганыңда сенин деңгээлиңе жараша жакшы ыр жазып берем"-деп айткан.
- Азыр ошондой деңгээлге жеттиңизби?
- Жок. Агамдын купулуна толуш үчүн дагы аракет кылып, көп эмгек жасашым керек.
- Учурда кайсы жерде иштейсиз?
- Өзүм БГУнун муниципалдык, мамлекеттик башкаруу факультетин бүтүргөм. Кесибим боюнча туризм министрлигинде эмгектендим. Акыркы эки айдан бери "Газпромдо" иштеп жатам.
- Канча инструментте ойной аласыз?
- Комуз чертем. Пианинодо, аккордеондо, баянда ойной алам. Жалгыз гана гитараны үйрөнө албай койдум.
- Жүрөгүңүздү бүдөмүк кылып, жан дүйнөңүздү кыйнаган өкүнүчүңүз барбы?
- Жакшы суроо болду. Ушул суроону биринчилерден болуп сиз берип жатасыз. Буга чейин бир да журналисттен уккан эмесмин. Биринчи өкүнүчүм эмне үчүн чыгармачылыкты эрте баштап, музыкалык окуу жайына тапшырбадым. Экинчиси, эмнеге биринчи концертимди бергенден кийин башкаларга окшоп эл кыдырбай токтоп калдым. Ошондо кол куушуруп отурбай гастролго чыксам болмок экен. Негизи Бишкекте кийинки жаштардын арасынан эң биринчи мен концерт бергем.
- Өкүл атаңыз Айдар Акаев менен катташып турасызбы? Айдар кандайча өкүл ата коюлуп калган?
- Кыз жактан анан күйөө жактан өкүл ата, өкүл эне коюлат турбайбы. Айдар Акаев келинчегим Назгүл тараптан коюлган. Алар менен телефондон сүйлөшүп, Москвага барганда жолугуп турабыз.
Элмира
- Уулуңуздун атын Айтоо деп ким койгон?
- Бир тууган агамдын баласынын аты Элтоо. Элтоонун иниси Айтоо болсун, айдай, тоодой бийик болсун деген аруу ниет менен ата-энелерибиз Айтоо деп ысым ыйгарышкан. Жакында жазылган "Балама" деген ырымда да айдай, тоодой бийик бол деген саптарды коштум.
- Алыс жакта жүргөнүңүздө эң биринчи ким эсиңизге түшөт? Ата-энеңизби, балаңызбы же аялыңызбы?
- Эмнегедир адегенде баламды сагынам. Кылыктары, кыймылдары көз алдыма келе берет.
- Келинчегиңизди, балаңызды кантип эркелетесиз?
- Баламды Тошка, Тошкин дейм. Келинчегимди болсо Назгүл деп айта албайм, ал мени Максат же Макс деп айта албайт. Башында "жан, жанка" деп эркелетишип жүрүп, ошого көнүп калыптырбыз. Бир жолу досторума тааныштырайын деп атын таппай күлкү болгом. Атыбызды качан гана жинибиз келгенде айтабыз.
Бактыбек
- Кимден кеңеш сурап, ким менен сырдашасың?
- Келинчегим менен кеңешем, бирок сырымды айта бербейм. Көп нерсени ичиме катып досума гана ачылам. Кыскасы досумдан, келинчегимден кеңеш сурап, өзүм чечим чыгарам.
- Эмгегиң бааланбай калган учур болду беле?
- Көп эле болот. Канча жакшылык жасасам да жообун ала албайм. Сөзүм куру болбос үчүн бир мисал келтирейин. Азыркы белгилүү эле бир ырчынын продюсери ошол ырчы жаңы чыгып жүргөн кезде гастролго барып келели дегенинен баардык жумушумду жыйыштырып, көңүлүнөн өтө албай баргам. Кийин ал популярдуу болуп кеткен кезде концертиме чакырсам күнүн айта электе "биз бош эмеспиз" деди. Ошондо аябай көңүлүм калып, нааразы болуп кеткем. Азыр эми ар бир кылган жакшылыгым өзүм үчүн деген гана ураан менен жашачу болдум.
- Кыргыздын кайсы ырым-жырымын калтырбай жасайсың?
- Көбүнчө арча менен үйдү аластайм. Анан да күнүгө эртең менен куран окуп бата кылабыз. Бир жаш төрт айлык балам да даярданып, күтүп туруп бата кылганга үйрөндү.
Алтынай
- Эркектер оңой менен ыйлабайт дешет. Жамандыктан кудай сактасын.. Жөн гана бук болуп көз жашыңыз аккан учур болгонбу?
- Өмүрүмдө эки жолу ыйладым. Биринчи концертимди берээрде ачка-ток калып, жалгыз өзүм эч нерсеге жетишпей кыйналып кеткенимде эми ушул концертти өткөрө албай уят болбосом экен деп намысыма чыдай албай ыйлагам. Андан соң концерт бүткөндөн кийин залдын башына олтуруп алып сүйүнгөнүмдөн толкунданып ыйлагам.
- Сизди көчөдөн жолуктуруп ырдап бер деп сурангандар болобу?
- МАИ кызматкерлери тосуп алып "Сен ырчысың да ырдап койбойсуңбу" деп кекетишет. Көчөдө көрүнгөн ырда десе эле ырдап бергидей биз кимбиз. Андан көрө эрежени бузган болсом мыйзам чегинде жооп бергеним оң да.
- Сизди көралбаган, ичи тар күйөрмандарыңыздын бар экенин байкайсызбы?
- Жакында эле атам, иним үчөөбүз көчөдө басып баратканбыз. Иним биздиy алдыбызда болчу. Бир мезгилде эле иним бизди көздөй келаткан үч баланы жакалап калды. Көрсө, алар мени көрсөтүп "ушуну беттен ары бир урса" дегенин иним угуп калыптыр. Көрдүңүзбү, мен ал бейтааныш балдарга эмне жамандык кылдым. Беш кол тең эмес да. Арабызда ар кандай адамдар бар.
- Жан дүйнөңүз кайсы темадагы ырларга көбүрөөк ыктайт?
- Биринчи альбомумда аябай кайгылуу, муңдуу ырларды ырдаптырмын. Эмнегедир ушундай ырларга жакынмын. Эми экинчи альбомумду жалаң шайдоот, шаңдуу ырлар менен толуктайын деп жатам.
- Репертуарыңызда канча ыр бар?
- Дуэттерди кошпогондо жыйырмага жакын ырларым бар.

Ж.КАЛДАРОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??