п»ї
 Таанышуу жарыясы


  шоу дүйнө

Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...
Чындыгында жылдыздардын жеке жашоосунан тартып, кийген кийими алтургай кыймыл-аракетине чейин кызыккандар көп. Ырчыларды күйөрмандары, жөнөкөй элдер такыр башкача ойлоп алышат. Канткен күндө да элге төбөсү көрүнгөн жылдыздарыбыз жөнөкөй гана сиз сыяктуу катардагы бир пенде. Аны ким тана алат? Ырчылар сахнада элден канчалык бийик турса анын адамдык абийири, баскан турганы жана башка сапаттары да ошончолук бийик деп аныктама бере албайбыз. Анткени, алар деле жөнөкөй өнөрлүү адамдардан. Биз бүгүн көрүнүктүү, белдүү айрым инсандардын күнүмдүк турмушка эң керек болгон капчыгындагы акчасын бирден санатып көрдүк.


Абдылда
Иманкулов:
- Кечээ жакында эле тойго барып капчыгымды кампайтып көңүлүм ток жүргөм. Бүгүн аялым келип "тойго барам" деп чөнтөгүмдү бүт шыпырып кетти. Ишенсеңиз азыр бир тыйыным жок олтурам. Кыйын болсоңор таап алгылачы? Акча чөнтөккө түштү эле жоголот да. Күнүнө канча кеткенин деле билбейм.

Рысбек Жабиров:
- Эртең менен эрте биринчи эле машинама 20 литр бензин куйдум. Түштө 230 сомго тамактандым. Телефонума эки жүз бирдик салдым. Суусаганымдан шоро ичтим. Анан тамеки алып чектим. Мына ошолордон артканы 2400 сом калыптыр. Эми бул акча деле өз ордун бат эле табат да. Акча суу деген чын. Күнүнө билинбей эле 1000сомго жакын кетип алат.

Рысбек
Жантөрөев:
- Эртең менен мончого түшкөн элем. Ошондон артканы болгону 66 сом калыптыр. Баса, түштө тамак ичкем, телефонума бирдик салгам. Бир күндө кээде 100сом коротсом, кээде 10 000сом керектейм. Эми мунун баары шартка жараша боло берет. Кыскасы, кийимиң бүтүн, курсагың ток болсо болду да.


Азиза:
- З55 сом калыптыр. Буга чейин адаттагыдай машинама май куйдум, акчаны "ап" этип бат-баттан жутуп алган телефонума бирдик салдым. Чынын айтсам канчалык тоюп турсам да, арты-артынан тамак жей берген адатым бар. Көзүмө көрүнгөнүн жей берем. Ошентип атып канча кеткенин деле билбей калам. Капчыгыма кандай акча түшсө ошондой жок болот. Күнүнө жок эле дегенде 1000сомдун тегерегинде кетирем.

Асел
Турдалиева:
- Менде 780 сом, 1 доллар бар экен. Эртең менен вареник, пельмен алгам. Түштө тамактангам. Азыр мына ошолордон ашканын санап олтурам. Кээ күндөрү бир тыйын да коротпойм. Ал эми кээде үч миңден он миңге чейин ар нерсеге сарптайм. Негизинен алган буюмуңа жараша болот да. Күнүмдүк машинанын майы, телефонго бирдик, тамак-ашка кеткенде орто эсеп менен күнүнө 600-700 сомдой керектейм.


Борончу
Кудайбергенов:
- Аз эле акчам бар да. Мына 1606 сом болду. Адеп шаарга жумуш бүтүргөнү чыкканымда машинама май куйдум. Телефонума бирдик салдым. Кафеге кирип тамактандым. Машина коюучу жайларга акысын берип жаттым. Суусап кеткенде суусундук ичтим. Алардан калганын мына сизге санап берип жатам. Күнүнө кеминде 1000 сомдон кем эмес керектейм.

Рахбар АЛЫМКУЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??