саякат

Мырзалардан алган мыкты белектер
Биз буга чейин бир топ ырчылардын архивине саякат жасап, алардын күйөрмандары берген белектери менен тааныштырып келгенбиз. Бул жолку саякатыбыз патриот ырчы Кубаныч Сатаевдин архивинде уланып, ырчынын эң кымбат жана жакшы көргөн белектерине күбө болдук.
Башка ырчы мырзалардан айырмаланып, Кубаныч Сатаевдин белектеринин көбүн жигиттер тартуулашканын билдик.

Кыргыз жыттанган кызыл желек
Токтогулдун Кара-Көл шаарчасында гастролдоп жүргөндө атасы Чубак Сатаевдин күйөрманы, замандашы Абдылдабек Дүйшөбаев мырза атайын концертке келип кыргыздын байрагын тапшырган. Өзгөчө атасынын ырларын созолонто ырдап жатканын көргөн ал бир топко толкунданып, Чубакты көргөндөй эле болгон. Ак ниети менен тапшырган кыргыздын желеги Кубанычтын кыргыз жыттанган ыйык белеги экен.

Бир тууган
боз үйлөр
Кубанычтын ырларынан улам күйөрмандары патриот ырчыга кыргыздын улуттук буюмдарын берели дешкенби, чоң кичине бир тууган боз үйдү Нарындын Жумгал районунан Ишен мырза белек кылган. Өз колу менен атайын Кубанычка арнап жасаганын билдирип, ырчынын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалаган. Ансыз да Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, ыр үрөөнүн сээп жүргөн ырчыбыз боз үйдү алып жатып кыргыздардын көчүп конуп жүргөн жашоо-турмушун өзүнүн гастролдоп жүргөнүнө салыштырган.

Ырымдап ыроолонгон дельфин
Ал эми бул дельфин жумшак оюнчугун жакын досу Кубан аттуу мырза чыгармачылык кечесинде ырымдап ыроологон экен. "Дельфиндей сулуу, жылдыздуу, эркиндикти каалаган сахна жылдызы бол" деген каалоо тилеги жазылган открыткасы менен кошо алган.

Периштелер
Ошондой эле "сактансаң сактайм", дегендей, чыгармачыл дүйнөнүн ак көз, кара көздөрүнөн сактап жүрсүн деп мындай периштелерди элестеткен кооз сувенирди таластык күйөрманы эстеликке берген. Түз жүргөн адамдын периштеси көп болот эмеспи. Мындай белектерди тартуулаган күйөрмандардын өздөрүн периште десек жарашат. Анткени, ырчынын өнөрүн, талантын сыйлап, белек ыйгаруунун өзү чоң эмгек.

Кубаныч Сатаев:
- Көбүнчө мага атамдын жашына барып калган улуу муундар батасын берип, ырларымды жакшы көрүшөөрүн айтышат. Бул да болсо атамдын талантына баа бергендик деп билем. Албетте, күйөрмандардын сыйына татып белектерге ээ болуп жаткандан кийин сөзсүз алар үчүн жаңы чыгармаларды тартуулоого аракет кыласың. Мени сыйлап, ырларымды сүйүп уккан баардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Мен үчүн жүрөктөн чыккан жылуу сөз дагы чоң белек болуп эсептелет.

Кубанычтын архивин аңтарып жатып ар кандай көлөмдөгү, оор салмактагы кооз буюмдарды көрдүк. Баардык белектерине бирден аныктама бере албасак да ырчыны сыйлап, жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүнө кошуп тартууланган ар бир күйөрмандардын белеги Кубаныч Сатаевдин чоң сандыгында сакталган. Сандыкка көз салып жатып батыштан ыроолонгон компакт дисктер, жумшак оюнчуктар, китептер, улуттук буюмдар, майда барат сувенирлер, ошондой эле сахнага кийилчү формаларды жана аккардеонду күйөрмандар тарабынан алганына өзүбүз күбө болдук.

А.Султанова





"ЭЛТР" теле каналынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Маданият бөлүмүндөгү сиздер күнүгө экрандан көрүп жүргөн "Кутман таң" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Кымбат Тиленбаева жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, бул макалага көз жүгүртүңүз.

Кымбат Тиленбаева:
"Уйкуну абдан жакшы көрчүмүн"

1987-жылы 17-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Карагус айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында туулган. Үйдө алты бир туугандын эң кенжеси. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин 4-курсунун студенти.


- Кымбат, "ЭЛТРге" сен дагы капысынан келбесең керек?
- Университеттен 2-курсту аяктап калганда практикага басма сөзгө баргыла деп калды. Бирок мен телевидениеге баргым келди. Мен деканга кайра-кайра кирип, телевидениеге барам десем, биринчи басма сөзгө барышың керек деп болбойт. Акыры суранып атып уруксаат алдым. Бул жерге келип жаңылыктар түрмөгүндө иштедим. Негизи мага чейин он сегиз практикант келген экен. Алар бул жердегилерди аябай тажатышкан экен. Мен келгенден кийин алардын көбү кетип аз эле практиканттар калды. Алардын арасынан практика бүткөндөн кийин мен эле иштеп калдым. Ошол учурда менин иштеп кетишиме туура багыт берген Болотбек Таабалдиевге ыраазычылык билдирем. Жаңылыктарда 2008-жылдын аягына чейин иштедим. Жаңы жылдан кийин маданият бөлүмүнө келип биринчи жолу маданий жаңылыктарды алып бардым. Андан кийин Аида Арстаналиева өзүнүн көптөгөн долбоорлорунун ичинен мага "Эркин тема" деген долбоорун сунуштады. Өзү дагы көп жардам берди. Учурдан пайдаланып эжеге чоң ыраазычылык билдирем. Азыр "Кутман таңды" алып барып жатам.
- Эртең менен эрте тургандан эрикпейсиңби?
- Эртең менен беште турам. Негизи мен уйкуну абдан жакшы көрчүмүн. Түштөн кийин окугандыктан саат тогуздарда турчумун. Азыр кээде жумуштан кечки саат онго чейин калып калган учурлар болот. Андай учурда үйдөгүлөр эмнеге кеч келдиң деп калышат. Бирок үйдөгүлөр менин ишимди туура түшүнүп, дайыма колдоп турушат. Баса, сын жагынан дагы алдыда турушат. Баарыбыздын тирегибиз болгон алтындай апам менин бир дагы эфиримди калтырбай көрүп келе жатат. Үйгө барганда анан сындар башталат. Алардын сындарын туура кабыл алып, эфир учурунда аларды кайталабаганга аракет кылам.
- Түз эфирдеги эң алгачкы коногуң ким болду эле?
- Эң биринчи түз эфирим ушул жылдын 31-мартында болду. Коногум Үмүт Тилегенова болчу. Түз эфирге даярдыктар жүрүп жатканда "Эже, көп сүйлөйсүзбү же кыска элеби?" десем "как то как" деп койду. Түз эфир бүткөндөн кийин жакшы пикирлер айтылды. Негизи бул "Кутман таң" көрсөтүүсү теле көпүрө болгондуктан өтө кылдаттык менен мамиле кылабыз.
- Жамаатта Тынар экөөңөр эң кенже, эрке кыздар экенсиңер. Сени эмне деп эркелетишет?
- Ооба, бирок чеги менен эркелейбиз. Аябай катуу эркелегидей үй эмес, жумуш да. Ал эми мени үйдө апам "Кымыбек, айгымы" дейт, атам дагы ар кандай аттарды айтып эркелетет. Агаларым "Кымы" дешсе, жумушта көпчүлүгү "Кыма" дешет. Оператор балдар арзан, кризис, банкрот деп тамашалашат. Негизи мен тамашаны туура кабыл алгандыктан чычалабайм, кайра өздөрүнө ат коём.
- Бул жерде иштегениңе бир жылдай убакыт болуп калыптыр. Ушул убакыт ичинде жетекчилик тараптан сынга алынып, тил уккан учуруң болдубу?
- Эми ар бир эле адамда кемчилик болот да. Бат сүйлөйсүң деген сөздөр айтылып жатат. Сүйлөө речимде бир аз кемчилик болбосо , аябай деле көзгө урунгудай катачылыктарды кетирбейм. Себеби, түз эфир болгондуктан экран алдында мени элдер көрүп жатканын эске алам. Журналистика тармагында такшалган адистерден кеп-кеңештерден сырткары сындарды уга элекмин.
Биздин бөлүмдүн продюсери Айбек Асанбек уулу баарыбыздын ийгилигибизге кубанып, кандай жагдай болсо да колдоп турат.

Даркүл КЕМЕЛОВА