п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  керемет дүйнө

Мухаммед пайгамбар деген ким?
Күткөн жок элем
570-жылы эки улуу держава Византия менен Персия согушуп, бири-биринин көп эл жайгашкан, кендерге бай жерлерин көбүрөөк басып алууга, византиялык ыйык күнгө чокунушкан перстерди өздөрүнүн динине тартууга аракеттенишкен. Алар да колго түшкөндөрдү өз диндерине тартуу үчүн аракеттенишкен.
Дүйнөлүк башкаруучулукка болгон күрөш көпкө созулат. Ошол 570-жылдын Раби-уаль-Аввал жаз айынын 12-де Византиянын императору, Персиянын падышасы катуу эскертүү алышат.
Аравий аралындагы Византиянын жоокерлери ошол аймактагы эң ири шаар-Меккеге чабуул коюуга даярдык көрүп жатышты. Кокусунан эле императордун жоокерлеринин арасында өлөт оорусу башталып, бир нече сааттын ичинде дүйнөдөгү эң күчтүү армия өзүнүн жоокердик жөндөмдүүлүктөрүнөн ажырап, ыдырап кача баштайт.
Ошол эле түнү белгисиз бир күч перстерге да сокку урат. Алардын ыйык храмындагы идиштер талкаланып, ал жердеги ыйык оту өчүп калат. Бу кереметти чыгыштын башчылары эч түшүнүшпөйт. Меккедеги өтө жакыр үй-бүлөдө Мухаммед ибн Абдулла аттуу уул төрөлгөндүгү жөнүндө эч маалыматтары да болбойт.
Дүйнөдөгү үч диндин бирин негиздөөчү Пайгамбар Мухаммед (Мухаммед, Магомет - басым ар дайым ысымдын акыркы тамгасына жасалат) акыркы 14 кылымдан бери дүйнөдөгү улуу адам деп эсептелинет. Анын айтуусу боюнча бир кездеги майда уруулар - Араб халифатына биригишип бирдиктүү улуу державага айланышат. Кандайдыр бир 100 жылдын тегерегинде кечээки жапайы эл урпактарына медицина, математика, астрономия жана анатомия жөнүндөгү маалыматты калтырган маданияттуу улуу улутка айланат.
Эмчектеш уул
Көптөгөн улуу инсандардай Пайгамбар да жетим өсөт. Ал төрөлгөнгө чейин атасы, арадан алты жыл өткөндөн кийин энеси кайтыш болот. Бирок уулун бага албаган эне көзү тирүү кезинде эле уулун көчмөн-бедуиндердин үй-бүлөсүнө берет. Баланы Халима аттуу бедуин эмизип чоңойтот. Уулун жакшылап тоюндура албаган байкуш эне колуна Мухаммедди алаары менен көкүрөгүнө сүт толуп, эмчектеш уулуна да кенен жетет. Пайгамбар бир аз чоңойгон кезде бүткүл уруунун жүрөгүн түшүргөн керемет болот. Уулун эмизип отурган эне - кичинекей Мухаммеддин көкүрөгү экиге бөлүнгөнүн өз көзү менен көрүп, эси оойт.
Ошол күнү ал теңтуштары менен ойноп жаткан. Бир маалда ага жараткан менен Пайгамбардын башкы ортомчусу канаты бар периште Жебирэил келет. Ал колунда кармаган баланы жерге жыгып, бир уруп көкүрөгүн экиге бөлөт. Ошол учурда ал жерде турган балдар үйлөрүнө дыр коюшуп:
- Мухаммедди өлтүрдү!-деп кыйкырышат.
Ошол маалда периште баланын көкүрөгүнөн жүрөгүн сууруп чыгып мындай дейт:
- Бул сендеги шайтандын энчиси!
Уюган кичинекей кызыл тоголок канды Жебирэил ыйык Самсам суусу менен жууп, аны кайра ордуна салып коёт. Келген улуу адамдар көкүрөгүндө тигиштин орду калган Пайгамбарды көрүшөт. Дарамети жок, өңү купкуу Мухаммед аларга күлүмсүрөөгө аракеттенет.
Мындан аркы Мухаммеддин чоңоюшу анын таякеси Абу Талибдин көз алдында болот. 12 жашка чыкканга чейин ал өзүн баккан таякесинин коюн кайтарат, кийинчерээк анын майда соода иштерине, ошол кездеги араб урууларынын өз ара пикир келишпестиктеринен чыккан кагылышууларга катышат. Мындай тарбия анын өз алдынчалыгынын калыптанышына көмөкчү болот.
24кө чыкканча ал таякелеринин төөлөрүн өтө жоопкерчилик менен кайтарат. Ал кезде төөлөрдүн баркы өтө жогору эле. Себеби, алар жүк ташуучу бирден-бир транспорт болгон. Ишине өтө жоопкерчилик менен мамиле жасаган Мухаммеддин ысмы алыска тарайт. Аны тез-тез ишке чакырышат. Бир жолу Хадиджа деген бай жесир аял аны тандайт. Ал анын көп баалуу жүктөр жүктөлгөн төөлөрүн Сирияга аман алып барып келет. Кезектеги тапшырманы аткарган кызматкерине 40 жаштагы жесир Хадиджа жүрөгүн сунуш кылат. Ал эч ойлонбой макул болот. Жесир өтө акылдуу, өңдүү-түстүү, бай жана татыктуу аял эле.
Жашоо эми
гана башталды
Эми төө кайтаруучунун бардык жөнөкөй адамдар каалагандай: сүйүктүү жубайы, балдары, байлыгы бар. Бирок аны бир күч асманга тартып турду. Эл барбаган Хира тоосуна барып, жашоонун сыры жөнүндө ой жүгүртүп, куран окуп көпчүлүк бош убактысын өткөрөт. Ошентип жүрүп ал 40ка чыгат. Ушул жашка чыкканда анын жашоосун, дүйнөгө болгон көз карашын өзгөрткөн окуяларды башынан кечирет.
Бир жолу ойго чөмүлүп отурганда көзү илинип, түшүндө периште ага от жазууну окугун дейт. Ал окугандан баш тартат. Периште анын жанын чыгарчудай катуу кысып, өзүнүн буйругун кайталайт. Ал кайрадан окугандан баш тартат. Ал үчүнчү жолу гана анын талабына "макул" дегенде ойгонуп кетет. Өтө корккон Пайгамбар үйүнө келип мындай дейт: "Хадиджа менин үстүмө бир нерсе жаап койчу". Корккону бир аз тарагандан кийин ал болгон окуяны аялына айтып, "мен өзүмдөн коркуп турам",-деп кошумчалайт.
Бул окуядан кийин Мухаммед бир нече күн периште өзүнөн эмнелерди күттү деп бушайман болот. Бир топко чейин тоодо жүрүп, өзүндөгү санаадан кантип арылаарын билбей, көңүлү чөгүп турганда ага кандайдыр бир удургуган оюн тынчыткан жагдай пайда болуп, Мухаммед үйүнө барып тынч жатып калат. Ошол маалда ага бир катуу чыккан үн, Жараткан жөнүндө элге тараткын, эч нерседен коркпогун дейт.
Ошондон кийин Пайгамбар өзүнүн аткара турган ишинен күмөн санабай калат. Бул жөнүндө ал үй-бүлөсүнө да айтат. Жубайы, кызы жана баккан уулдары анын айткандарынын эч калетсиз экендигин айтышат. Бирок таякеси Абу Лахаб анын айткандарын шылдыңдап четке кагат. Абу Талиб деген дагы бир таякеси өтө ишенбесе да өзүнүн акыркы жашоосуна чейин аны душмандарынан коргойт.
Исламдын маңызы
Ошол кезде арабдар бирдиктүү бир кудайды бутпарастарды (язычники) гана эсепке алышкан. Бирок алар христиан жана иудей кудайларына ишенишкен. Аны алар Аллах деп аташкан, бирок ал жалгыз эмес деп эсептешкен. Алардын пикири боюнча Аллахтан башка да бир топ өзүнө баш ийүүнү талап кылышкан кудайлар бар болгон. Арам иштерге да анча маани беришкен эмес. Арабдар өч алып, адамды курмандыкка чалып келишкен. Кыз төрөлсө үй-бүлөнүн кадыры кетет дешип, көпчүлүк учурда наристени тирүүлөй көмүшкөн, кээде молчулуктун кудайы Рудеге, тагдыр кудайы Манатка деп курмандыкка чалышкан.
Жүз жыл мурда пайда болгон Библияда да арамдыкка, калп айтпоого, балдарды курмандыкка чалууга тыюу салынган. Бирок мындай тыюу салуулар арабдарда эч кабыл алынган эмес. Дал ушундай учурда Мухаммед өзүнүн акылман кеңеши менен элге чыгат. Ал Моисей, Иисус аркылуу элге жеткендерди улантууну бутпарастарды Кудайга кулак төшөөгө мажбурлоону чечет. "Ислам" сөзмө сөз которгондо "баш ийүү" дегенди түшүндүрөт. Тилекке каршы анын айткандарын укпай, моюн толгогондор да чыгат.
Меккеден Мединага
Алгач Мухамеддин окуулары ийгиликтерге жетишпейт. Пайгамбардын айткандарын шылдыңдап кабыл алышат. Бирок убакыт өткөн сайын анын жактоочулары көбөйө баштайт. Алар өздөрүнө тескери көз караштагы Меккени таштап, өздөрүн колдошкон коңшу шаарларга, мамлекеттерге кете башташат. Мындай жагдай Меккедегилерди тынчсыздандырат.
Мекке сооданын гана эмес, анын тегерегинде жашашкан уруулардын, диний иштердин да борбору болгон. Жыл сайын бул жерге көптөгөн жасалма кудайларга сыйынууга келишкен. Келгендер ошол "ыйыктарды" сактагандарга акча беришкен. Мухаммеддин айткандары алардын бизнесине кедергисин тийгизген. Ушундан улам алар Пайгамбарды кысымга алышкан. Мухаммедге тиешелүү Курейшит уруусу андан жергиликтүү кудайларды таануусун талап кылышкан. Айласыздан Мухаммед өскөн шаарын таштайт, анын үстүнө аны дайым колдоп келишкен жубайы Хадиджа, таякеси Абу Талиб да кайтыш болушкан эле.
622-жылы өзүнүн пикирдештерин чогултуп алардын жасалма кудайларга сыйынбоо, үй-бүлөлүк шартты бузбоо, өз балдарын өлтүрбөө, ушак айтпоо жана таратпоо, жаратканга ар тараптан баш ийүү үчүн ант алат. Ушундан кийин бардыгы жаңы динге жылуу мамиле жасашып кошуна Мединага жөнөшөт. Ушул учурдан тартып дүйнөдөгү бардык мусулмандар өздөрүнүн жыл санагын жүргүзүп келишет.
Ошол кезде Мединада иудейлер менен бутпарастар жашашкан. Шаар башчысы катары Мухаммед өзүнүн биринчи буйругун чыгарат. Бул буйруктун негизги өзөгүн ар улуттун ынтымагы түзөт. Иудейлер мусулмандар менен бир коомду түзүшөт. Эгерде кокусунан бирөөлөр кол салса бири-бирибизге көмөктөшүшүбүз керек, кетирген күнөөлөрүбүздү унутуп, мыкты кошуналык мамилелерде болушубуз керек. Башка ойдогуларга алардын күнөөлөрү үчүн дооматтарды койбошубуз керек. Эгерде иудейлер менен бутпарастардын ортосунда келишпөөчүлүк чыкса Кудайга гана кайрылышыбыз керек дешет. Медина соода иштери боюнча эбактан бери эле Меккенин атаандашы эле. Мухаммед ал жерге отурукташкандан кийин араздашууга себеп табылат. Курайшиттер мединалык соода жолдорун тосушуп, алардын каравандарына кол салышат. Бир жылдан кийин бул чыр согушка айланып, бутпарастар жеңилишет.
Ушундан кийин алардын Мединаны багынтуу боюнча аракеттери ишке ашпайт. Ошол кезде Мухаммеддин жактоочулары кошуна шаарларда, көчмөн урууларда катуу үгүт иштерин жүргүзүшкөндүктөн Меккедеги бир топ бутпарастар акырындап мусулмандардын чөйрөсүнө кабылышат. Айласы түгөнгөн атаандаш шаарлардын ортосунда жарашуу келишими түзүлүп, Пайгамбардын жактоочулары Меккеге тоскоолдуксуз келип-кетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Өздөрүнүн идеясын үгүттөөгө жакшы шарттар түзүлүп, бир аз убакыт өткөн соң Мухаммеддин өз шаарында исламдын желеги желбирейт. Меккеге кайтуу Пайгамбардын кайтыш болгонуна чейин болот. Ал бошотуучу катары келет.
"Сиздер эч кандай дооматтарды укпайсыздар,- дейт мурдагы душмандарына. -Сиздер бардыгыңыздар эркинсиңер!"
Муну уккан эл жалпы исламды кабыл ала башташат. 630-жылы бүткүл Аравия мусулманга айланат.
Жеңилдиги жок
эреже болбойт
Пайгамбардын каршылаштары Хадиджа кайтыш болгондон кийин 12 ирет үйлөндү деп айтканды жакшы көрүшөт. А курандын бир сүрөөсүндө Мухаммед мусулмандар 4 гана аял алууга укуктуу деп тыюу салганы бар. Бирок бул жерде бардыгы эле биз ойлогондой жөнөкөй эмес. Чыгыш дүйнөсү аялзатына өтө эле жагымдуу мамиледе болушкан. Библейлердин падышасы Давиддин 100, анын уулу Саломондун 700 аялы болгон. Бул экөө тең мусулмандар гана эмес, башка диндегилер үчүн да абройлуулардан болушкан. Өзүнүн төрт курбу жөнүндөгү буйругунун бузулушу жөнүндө болсо, ал буйрукту Пайгамбар өзү ойлоп тапкан эмес, аны жараткандан белек катары алган. Анын үстүнө ал бул белгини 30-жолу үйлөнгөндөн кийин гана алат. Кудайдан корккон Мухаммед да аялдарынан ажырашуудан башка эч аргасы калбайт. Канткенде аларды кар кылбагандай акыйкат чечим чыгаруу керек? Кош айтышкан 8 аялына, калтырган 4 аялынын артыкчылыгы эмнеде экендигин кантип түшүндүрүү керек? Анын үстүнө жараткандын мээрими менен Пайгамбардын аялдары башка, жөнөкөй аялдардан жогору, алар ишенгендер энеси, ошондуктан бардык мусулмандын аларга үйлөнүүгө акысы жок. Куранда мындай деп айтылат: "Аллахтын өкүлүнөн кийин анын аялдарына силердин үйлөнүүгө укугуңар жок". Кыскасы, ден соолуктары мыкты, күч-кубаттуу, жаш аялдар калган өмүрүн үй-бүлөсүз, жакырчылыкта өткөрүшөт. А чындыгында Пайгамбардын көптөгөн аялдарга үйлөнүүсү анын аялдарга карата өтө жакындыгынан эмес. Ошол кезде ал өтө күчтүү душмандарынан коргонуу үчүн уюм түзүшү керек эле. Ал үчүн ишенимдүү адамдар керек болгон. Ушул себептен ал өзүнүн пикирлештеринин кыздарына үйлөнгөн. Арабдарда туугандык байланыш өтө олуттуу орунду ээлеген. Ошондуктан Мухаммеддин үйлөнүүсү өзүнө ишенбегендер менен ыйык согушуусуна оң таасирин тийгизген.
Акыркы Пайгамбар
632-жылы Мухаммед кайтыш болот. Элдин айтымында ал өлгөн душманынын кызынын ууланган жебесинен кайтыш болгон. Бирок ажал анын ишинин ийгилигине эч кедергисин тийгизе албайт.
Тетирисинче, кийинки жылдары Пайгамбардын окуулары катуу таратылып, коё берген жебедей Аравиянын жарым аралынан сырткары жакка чыгып, ошол кездеги эң күчтүү мамлекеттерге жетет. Персия тез эле кулайт. Ал эми Византия болсо жаш араб империясына өзүнүн көп аймагын бошотот.
Бүгүнкү күндө исламды жер шарынын төрттөн бири ыйык тутат.
Кайтыш болордо Пайгамбар бар мүлкүн кембагалдарга таратат. Улуу инсандын болгону жети гана динары бар экен. Жалгыз алачыгы да күрөөгө коюлуптур, чырагынын майы бүтүп, Пайгамбардын жесирлери айласыздан бай аялдардан карыз сурашкан. Хадиджа өлгөндөн кийин Пайгамбардын дагы 12 аялы болгон. Тилекке каршы алардын биринен да бала калган эмес.
...Мусулмандар аны адамдардын эң мыктысы деп эсептешип, анын ысмына ар дайым "Ага тынчтык берсин" деп кошумчалашат. Алар Мухаммедге жүгүнүшпөйт. Алар бир гана Жалгыз жана Кубаттуу Жаратканга жүгүнүшүп, таазим кылышат. Ал Мухаммеддин окуусундагы эң зарыл, керектүү маселелерден. "Алладан башка Кудай жок"-бул дүйнөдөгү бардык мусулмандар үчүн эң ыйык кеп. Себеби ар бир мусулмандын жүрөк түпкүрүндө, акыл-сезиминде бир гана Алла бекем орун алган.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??