п»ї

  күлкү ден соолуктун мүлкү

Урматтуу окурман! Кыргызга аттын кашкасындай таанымал куудул, сатирик Рахман Разыковдун кыргыз сатирасына кошкон салымы абдан чоң. Куудулдун эл турмушунан, жашоодогу ар түрдүү көрүнүштөрдөн алып жазган сатираларында чындыктын чыркыраган жүзүн күлкү аркылуу элге жеткирүүнү көздөгөнү билинип турат. Рахман Разыковдун жараткан сатиралары көп жылдан бери кыргыз сахнасында өзү, белгилүү, жаш куудулдардын аткаруусунда элге тартууланып келүүдө. Куудулдун жакында эле жарык көргөн "Чоң куудулдун чөнтөк китеби" аттуу күлкү жыйнагын сиздер менен бирге барактайлы.

Тамашалуу ыр

Эгер сен Жамбул
Эгер сен-Жамбул кит болсоң,
Делфиндер сага дос болмок.
Жериңди сыйлап жар коргон,
"Жамбули-делфин" деп коймок.

Эгер сен-Жамбул уй болсоң,
Торпогуң сенин жок болмок.
Секирсе мендей бир бука,
Сен үчүн байкуш соттолмок.

Эгер сен-Жамбул ит болсоң,
Кандек ит болуп үрмөксүң.
Мага окшош кыргыз итине,
Жардамчы болуп жүрмөксүң.


Па-па-пародия!
Алдаба
(Бек Борбиевдин ырына)
Аялы:
Үч күн үйгө келбедиң неге,
Келемин деп кетпедиң беле.
Балдарың ачка олтурат,
Издетип жүрөсүң неге.

Күйөөсү:
Мен үйгө шашып келатсам,
Досторум калды жолугуп.
Запойдо үч күн жүрүпмүн,
Калыпмын бүгүн соолугуп.

Аялы:
Балдарың издеп ыйлады,
Нан жейм деп мени кыйнады.
Ажырашып сенден кетүүгө,
Мен сенден көзүм кыйбады.

Күйөөсү:
Жашыңды аарчы ыйлаба,
Жүрөгүм ооруйт кыйнаба.
Кечирчи эми алдабайм,
Сүйгөнүм сенсиң бир гана.

Оо уйлар
"О кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан атачу болгула".

Оо, уйлар, эт болуш ордуна,
Семирбей өлө арык болгула.
Капыстан базарга алып барса,
Басалбай жөткүрүп койгула.

Оо, уйлар, саман жеш ордуна,
Бедеден кепшечү болгула.
Алыстан кароолчу көрүнсө,
Калп эле сайгактап койгула.

Оо, уйлар, бука деш ордуна,
Жөн эле Борка деп койгула.
Байкабай баратса башкага,
Куйрукту бир булгап койгула.

Бизнесмен короз
Короодо койкоюп жүргөн короз,
Балпайган тоокторун чанып.
Өзүнүн бизнесин ачты,
Борборубуз Бишкекке барып.

Короз анан,
Ортого кадыр салып,
Бийликтегилер менен таанышты.
Биргелешип эл байлыгын,
Менчиктештирип да алышты.

Кошоматка кой сойгон,
Короздун тааныштары көбөйдү.
Күндө конок чакырышып,
Сый-урматка бөлөндү.
Жолдон таап алгансып,
Акчаны аябай чачты.
Арак-виного суудай чөмүлүп,
Арам жашоонун,
Жыргалына батты.
Кошоматчылар
"Короз" деп айтпай,
Корозбек Корозович, -деп жатты.

Эрте туруп элди ойготкон короз,
Эми минтип,
Эч кимдин сөзүн укпайт.
"Туруңуз" деп үргөн,
Жансакчы дөбөткө,
Түкүрүп да койбой,
Түшкө чейин уктайт.

Ошентип жүрүп бир күнү,
Жаштыгы эске түштүбү.
Жаңы эле бүткөн мектепти,
Жактырып калды түлкүнү.
Чакыртып алыс-жакынды,
Чабармандарды чаптырды.
Жуучу коюп сагызганды,
Түлкүгө үйлөнөөрүн айттырды.

Жаш болсо да түлкү,
Короздун бай экенин билди.
"Макулмун" дегенсип корозго,
Кылыктана көзүн сүздү.
Ресторандардын биринде,
Үйлөнүү тоюн берди.
Абтарыйкатына жараша,
Аябай чакырып элди.
Кайненеси баш болуп,
Куда жактан,
Эки жүздөй түлкү келди.
Кайненени билбеген короз,
Калыңды аябай төктү.
Түрүп жеңди,
Баарына шуба кийгизип,
Кудалардан аябады сый-урматты.
Жап-жаңы "Джипти" мингизип,
Кайын-журтун узатты.

Кыстаган турмуш,
Жеңет экен ойлогон ойду.
Кысталактыкы, аз өтпөй эле,
Корозбек Корозовичибиз,
Бизнестен банкрот болду.
Жаш аялы көргүлүктү көргөзүп,
Калган мүлктү бүт сатты.
Тооктордон көрбөгөн кордукту,
Короз кайненесинен тапты.
Баягы бөпөлөгөн достор,
Корозду көрсө көрмөксөн болот.
Кээ бири жолукса колун бербей,
Алыстан гана,
Араңдан зорго баш ийкеп коёт.
Аялдан жок, достон жок,
Жалгыздыктан тажап бүттү.
Аракка берилген короз,
Акыры барып түрмөгө түштү.

Бошонуп чыгып абактан,
Тултуйтуп кызыл бетти.
Турмуштан жаңылдым,-деп,
Туулган айылына кетти.
Короого кирип келгенде,
Тооктор да кабыл алышпады.
Коңшулары
Өрдөк-каздардан уялдыбы,
Мурдагыдай чуркап барышпады.
Жөжөлөрү корозду тааныбай,
Турушат таңыркап карап.
"Атаңар болом" деп айталбай,
Короздун сай-сөөгү сыздап барат.

Корозду көрүп эзилип турду,
Тоок болсо да эненин жүрөгү.
Он жыл бекер күтпөптүр,
Киргизип албай өрдөктү,
Же дагы бирөөнү.

Баягы сыланган короз жок,
Жүдөгөн, таажылары түшкөн.
Ичип жүрүп кебетеси кетип,
Кыскасы түгөнүп бүткөн.
Эне тоок корозду кечирип,
Өзүн
Курманжан даткага салыштырды.
Жөжөлөрүн чогултуп,
Бул силердин атаңар,-деп
тааныштырды.
Ат айланып казыгын таап,
Ошентип,
Короз короосуна барган экен.
Тоокто сүйүү болбойт деген сөз,
Туугандар,
Менимче жалган экен.

Энелерди эч ким кордобосун,
Ата деп ыйлап балдар боздобосун.
Сойкуну көрүп акылынан адашып,
Акча тапкандар,
Биздин корозго окшобосун.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??