п»ї
 Таанышуу жарыясы


  сырмаек

Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"
Кыргыз сахнасында тамашалуу ырлары жаңырып, айрыкча "Беш бармак" ыры менен эл оозуна алынып, жүзү таанылган Жеңишбек Айтиев ат арытып Ош жергесинен келип, "Обондун" окурмандары, өзүнүн күйөрмандары үчүн атайын сыр маек куруп берди.


- Жеңишбек, Бишкекке куш келиптирсиң. Бизге кандай жаңылык менен келдиң?
- Учурда чыгармачыл адамдардын катарында алар сыяктуу эле чыгармачылык менен иштеп жатам. Мурда мен тамашалуу ырларды алып келсем, бу жолу жаштарга сабак катары ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле жакшы болсун деген тилек менен "Балам, балалуу болгондо билээрсиң" деген жаңы ырымды клиби менен алып келдим. Негизи мен Ошто турам. Бирок борбордогу концерттерге, тойлорго бат-баттан келип турам.
- Сени эл "Биринчи колум бармагым" деген саптар коштолгон тамашалуу ырың менен тааныды десем болот. Куудул болсоң, эми ырдап да жүрөсүң. Сени кандай багытка бөлүп карасак болот?
- Мен чыгармачылык дүйнөгө эң биринчи куудулдук өнөр аркылуу келгем. Алгач Кабыл Бөрүбаевдин "Апенди" тобунан баштагам. Андан кийин Рахман Разыковдун "Бешилик" тобуна кошулдум. Кийин "Бешиликтин" балдары тараганда мен дагы өзүнчө "Эрке бала" деген топ ачып кеттим. Сиздин сурооңузга жооп берсем, "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей буга чейин куудул болуп, тамашалуу ырларды ырдап келсем, эми салмактуу ырларга көңүл буруп жатам. Эми экөөнүн кайсынысы биринчи кетсе, жакшы болсо ошол жагына оойм деген оюм бар.
- Тамашалуу ыр демекчи, жогоруда айтылган "Беш бармак" деген ыр карапайым калкка жакканы менен музыка дүйнөсүндөгү айрым адамдар катуу сынга алып, ар түрдүү сөздөр айтылды эле. Ал сындарды кандай кабыл алып, кандай көз карашта болдуң?
- Ачыгын айтсам ал сындарды туура кабыл алдым. Эгерде ошол ага-эжелер мени сындабаса мен өспөшүм мүмкүн. Алар мени жакшы болсун деп кемчилигимди айтып жаткандыр. Бирок ал ыр менин оюмдан чыгарган өзүмдүн ырым эмес. Ал эски, элдик ыр. Муну мен көп жерлерде айтып жүрөм. Бул ырды тээ илгери эле той-тамашаларда кыргыздар ырдап жүрүшчү экен. Акыркы учурларда теледен деле, гезиттерден деле эки адамдын башы бириксе эле ушул ырды кеп кылышат. Алардын мындан башка деле кыла турган иштери бар да. Ошолорго көңүл бурушса. Бир чети мени сөз кылгандарына сүйүнөм. Бирок которулган толтура ырлар чыгып атат, ошолорду карашсын, талдашсын. А бул "Беш бармак" деген ыр ошол которулган ырларга караганда миң эсе жогору турат. Казак туугандар бул ырды которуп ырдап жүрүшпөйбү. Бизде сынчылар көп, иштегендер аз.
- "Эрке бала" деген тобуң тууралуу маалымат бере кетсең?
- Бул топ төрт адамдан турат. Гүлбарчын Эргешова деген солисткам бар. Жакында эле Кошмира деген кызды алдык. Өсөр Эшматов деген бала, администратор Данияр Нарматов бар. Анан алып баруучу, куудул жигит Жаркын Абдуллаев.
- Топту кандай максат менен түздүң? Себеби мунун да түйшүгү, жоопкерчилиги, анан да топтогу ар бир адамдын кыял-жоругу болот эмеспи…
- Туура айтасыз. "Эл эмгегин жер жебейт" дейт элибизде. Ааламдан инсан өтүп кетсе эл анын эмгегинен улам эстейт. Мен өзүм жалгыз чыгармачылыгымды өстүрүп кете берсем болот. Биок ата-бабабыздан калган устат-шакирт өстүрүп, алар да муундан-муунга калтырып келген. Биз дагы ата-бабабыздан калган салтты улап колдон келишинче шакирттерди өстүрсөк, алар дагы бирөөнө шакирт кылып өстүрсө, деги эле кыргызда ушундай адам болгон экен дегендей артыбызга тарых кылып кете тургандай бир элге пайдалуу иш жасасак деген тилек.
- Азыркы мезгилде ачыгын айтканда ырчылар абдан көбөйдү. Арасында чыныгы таланттар , таланты жоктор дагы бар. Азыр акчаң болсо баары болот дегендей, акчанын арты менен атактуу болуп аткандар да жок эмес. Негизи эле талант менен чыкса болобу же акча мененби?
- Өтө жакшы суроо бердиңиз. Илгертен келе жаткан "Нан болсо ыр болот" деген жакшы сөз бар. Азыр болсо демөөрчү болсо ыр болот. Акча менен чыкса болобу же талант менен чыкса болобу дедиңиз, 99% мээнет, 1% талант. Сиздин айтканыңыз туура, азыр көпчүлүгү акчанын арты менен чыгып жатышат. Биздин заман жетишип, азыр бардык нерсени компьютер менен иштеп калбадыкпы. Ырдаганды билгени деле билбегени деле чыгып атышат. Маданият министри Султан Раев агай айтмакчы баары жандуу үнгө өтүп калышы мүмкүн. Эгерде жандуу үнгө өтүп калса ошондо ырлар иргелет. Эгерде мен ошондо ырдай албасам анда куудулдук өнөрүмдү алып кетем. Мен аккордеон менен ырдайм. Быйыл буюрса Ошто боло турган концертиме аккордеон менен ырдай турган төрт ыр даярдап жатам. Мен көбүнчө концерттерде музыкасыз, жандуу ырдайм. Негизи эле кыргыздар илгери тоо-таштын арасында музыкасыз эле жандуу үн менен, үч кылдан обон чыгарып ырдап келишкен да. Ошондуктан чет өлкөлүктөр үч эле кылдан обон чыгарышат деп таң калып жатышпайбы. Эми айтаарым жандуу үн менен ырдоо мыйзамын кабыл алынса ырчылар иргелет. Бирок азыр сиз айтмакчы акчасы барлар, телевидениеде тайкеси, эжеси же байкеси иштегендер чыгып жатышат. Анан жөндөн жөн эле компьютерде олтуруп алып эле өздөрү "Жылдын мыкты ыры" деп берип жатышат. Аны текшерген адам жок. Спорт ордосуна же стадионго музыкасыз жандуу үн менен ырдай турган конкурс кылышсын, карапайым эл өзү бааласын. "Калк айтса калп айтпайт" дегендей калктын көзү көр эмес. "Эки көз көр болсо көр болсун, калк көзү көр болбосун" деген сөз бар. Ошондо гана калк чыныгы таланттуу ырчыны өзү баалап алаар.
- Сенин чыгарачылыгыңа кеткен каражатты кайдан аласың, кантип табасың? Же сенин да демөөрчүң барбы?
- Жогоруда айтпадымбы 99% мээнет, 1% талант деп. Менин жеке бизнесим бир мейманкана ачкам. Бирок ал азыр убактылуу жабылып калган. Мен тойлорго чыгып тамадалык кылам. Бир жумада үч-төрт жолу тойлорго барып, жарымын үй-бүлөмө, жарымын чыгармачылыкка жумшайм.
- Кесибиң ким?
- Кесибим муздаткыч оңдогуч. Бирок окууну бүткөндөн кийин үйдүн кенже баласы болгонума байланыштуу бул жерде калып иштегенге мүмкүнчүлүк болбой айылга кете бергем.
- Дагы кандай өнөрүң бар?
Күлүп:-Көп өнөрлөрүм бар эле, бирок таштап койгом.
- Ошол көптөн бир өнөрүңдү эстесең?
- Шок өнөрүм бар болчу. Шоктонуп… кыздарга тийишип… Мени эрке бала деп коюшчу, эркелеп тийишчү элем… Андан сырткары футбол, чоң теннис ойной турган өнөрүм бар. -күлүп:- Балдарымды жакшы көргөн өнөрүм бар.
- Канча балаң бар?
- Кудайга шүгүр, бир уул, бир кызым бар. Уулум Туратбек, кызым Арина. Жакшы адамдар менен отурсаң жакшы ниет болот да, азыр эже сиз экөөбүз сүйлөшүп отурган маалда аялым төрөп калышы да мүмкүн. Ай-күн жетип, бүгүн-эртең, азыр мына деп жаткан кез. Азыр мен ар бир мүнөт сайын келинчегиме чалып кабар алып атам. Кудайым буюрса перзентимди аман-эсен жарык дүйнөгө алып келсе мусулманча эски аттардан коём деп ниет кылгам.
- Куттуктайбыз, келинчегиң аман-эсен көз жарып алсын. Уул күтүп атасыңбы же кызбы?
- Илгери ата-бабаларыбыз кыз же уул экенин төрөлгөндө эле билишкен да. Келинчегим УЗИге түшөм деди эле түшпөй эле кой дегем. Алла таалам уулун берсе деле, кызын берсе деле акыл-эси менен, он эки мүчөсү менен, өмүрү, ата-энеси, эли-журту менен берсин деген ниет кылып жатабыз.
- Келинчегиңдин кесиби эмне?
- Келинчегим Айжамалдын кесиби өзүмө окшош эле карапайым тигүүчү. "Тең теңи менен, тезек кабы менен" дегендей.
- Ырчы, акын, деги эле чыгармачылык менен алектенген эркектердин көпчүлүгү ак кол болушат эмеспи. Үйдөн келинчегиңе жардам бересиңби? Маселен кир жууса суу ташып берип…
- Беш кол барабар эмес, аялына жардам берген эркектер деле бар. Эми аялына жардам бербесе деле өзү кызыгып, үй-бүлөсүнө өз колу менен бир ширин тамак кылып берейин деп тамак кылгандар бар. Андай учурлар деле болот. А бирок аялымдын ишине көп эле кийлигишпейм. Анткени "Эркек жолго чыкканда жолу ачылат. Аял үйдө отурганда бактысы ачылат" деген сөз бар.
- Ал эми эркек кыла турган үй-оокаттарга кандайсың?
- Мен үй оокатка жокмун. Бузулса деле карабайм, инимди чакырам. Аялым деле токтон коркпойт, өзү эле оңдоп алат. Аялым үй оокаттардын баарына тиешелүү өз ишин өзү кылат. Мен болсо тамак-аш таап, алып келип берем.
- Балдарыңдын келечегине кандай кам көрүп жатасың?
- Пенденин айтканы болбойт, улуу Алла тааланын айтканы болот. Бирок пенде дагы Алладан болот деп жөн отурбай аракет кылыш керек. Балдарымдын келечекте элге кызмат кыла турган жакшы кесиптин ээси болушса, беш убак намазын үзбөй окушса, өтүп кеткен чоң аталарыбызга, чоң-чоң инсандарга куран окуп турушса деген тилегим бар. Ата-энеси бизди сыйлап, биздин сөздөн чыкпай, келечекте турмуштан өз ордун тапса биз сүйүнөбүз да.
- Азыр балдарга ата болуп, токтолуп калган кезиң. Ошентсе да боз улан бойдок кезиңе бир аз кайрылсак. Кыздар менен көп сүйлөшчү белең?
- Эми бойдок кезде ар кандай болот экен. Үйлөнөм, турмуш куруп кете алам деген кыздар болбосо дагы өзүмдүн шоктугума байланыштуу көп кыздар менен сүйлөштүм, арасында дос кыздар да бар эле.
- Ошол кезде өзгөчө бир сүйүүгө жолуктуң беле?
- Ал кезде эми… эки күн көрбөй калып сагынсаң эле ошону сүйүү келди деп эсептечүбүз да. Көрсө ал кезде мага сүйүү деле келбептир. Сүйүү деген мага балалуу болгондо келди.
- Жеңишбек, бир нерсеге катуу ичиң ачышып, же кейип, кандайдыр бир себептер менен катуу ыйлаган учуруң болду беле?
- Ар бир эле адам ыйлайт да. "Эркек киши ичине салат, аял киши сыртына чыгарат" деген сөз бар эмеспи. Ичте калат, а бирок сыртка чыккан көз жаш көп эле болгон. Ата-энем көз жумганда күйүттөн ыйлагам. Анан былтыр күздө өзүмдүн жеке концертимде досторум машина белек кылышканда сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем.
- Эртеден бери сүйлөгөн сөздөрүңдөн улам байкадым. Намаз окуйсуңбу?
- Ар жума сайын намазга барам, үзбөшкө аракет кылам.
- Ичкиликке кандайсың?
- Азыр анда-санда достор менен отурганда, майрамдарда бир аз ичип коём.
- Аябай мас болгон учуруң болду беле?
-Студент кезде мас болгом.
- Мас болгондо кандай болуп каласың?
- Каткырып күлүп: -Мас болгондо кандай болуп калаарымды билбейм да… Басып жүрө берем.
- Жеңишбек, максаттарың, келечекке болгон көз карашың жакшы экен. Сага чыгармачылык ийгилик, узун өмүр каалайбыз. Маегиңе рахмат.
- Сиздерге да рахмат. Ишиңиздерде ийгилик болсун.

Бул макала гезитке басууга даярданып жаткан кезде Жеңишбектен сүйүнчү кабар уктук. Тактап айтканда Жеңишбектин келинчеги Айжамал 9-май күнү кечки саат 18.45 те 3кг 700гр салмактагы балканактай уул төрөдү. Кубанычы койнуна батпаган Жеңишбек куран китептен алып уулунун атын Билал деп койду. Билал деген араптарда азанчы болгон экен.
Жеңишбек, Айжамал жеңиш күнүндө жарык дүйнөгө келген уулуңардын боосу бек болуп, кыргыз элинин керегине жараган, жеңиш алып келген эр-азамат болуп аман-эсен чоңойсун!

Даркүл Кемелова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??