п»ї
 Таанышуу жарыясы


 

Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Убайдулла Чымбердиевдин "Шор-Булак" аттуу ишканасына белгисиз адамдар кол салган. Чүмбөттөлгөн күрд улутундагы бейтааныш үч адам депутаттын Мирлан аттуу баласын "кыргыздар көптүңөр" деп коркутуп, бетин тилген. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Төрөкановдун билдирүүсүндө үч адамдын бирөөсү колго түшүп, кылмыш окуясы ачылды. Ал белгилегендей, кол салгандар чүмбөт кийген эмес, депутаттын баласынын бети тилинбей, анын чөнтөк телефону тартылып алынган. Окуя учурда изилденүүдө.

Тажик чек арачылары кыргыздарды кайрадан тосо башташты
Баткендин Самаркандек айылынын тургуну Анипа Талипованын билдиргенине караганда тажик чек арачылары кыргыз жарандарын Сурх айылында кайрадан тосо башташты. Анын айтымында, үч күндөн бери Кыргызстанга тиешелүү болгон КамАЗ жүк ташуучу автоунаасы 15 тонна жүгү менен "мыйзамсыз жүк" деген себеп менен Тажикстандын аймагында кармалып турат. Бул маалыматты башка тургундар да тастыкташты. Эске сала кетсек,Тажик чек арачылары 21-апрелде Исфана-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобуска ок чыгарышкан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, аталган жерге тажик чек арачылары чыкпай турган болуп макулдашылган эле. Баткен облусунун батыш тарабынын калкы облус борборуна жана Ош, Бишкек шаарларына каттоодо Тажикстандын Чорку, Сурх айылдарын аралап өтүүгө аргасыз.

Козу карындан уулангандар көбөйдү
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн дарыгерлери коомчулукту козу карындан сак болууга чакырууда. Анткени 9-майда козу карындан жасалган салат жеген үй-бүлөнүн үч мүчөсү ууланып, оор акыбалда ооруканага түштү. Ага чейин 6-майда 6 киши ууланып, анын бири-он жаштагы бала көз жумду.

Тоңдо мал кыргынга учурады
Тоңдогу суукта кырылган малдын саны 2000ге чыкты.Кырылган мал Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы төрт айыл: Мамбетов атындагы, Тоң, Төрт-Күл жана Күн-Чыгыш айылдарына таандык. 5-6-май күнү кар калың жаап, күн кескин сууктап кеткендиктен жайлоодогу кой, уй, жылкылардын көпчүлүгү суукка туруштук бере албай өлүп калган. Мындан тышкары жайлоодо калган төрт чабандын үй-бүлөсү аман калган малдары менен айылга толук көчүрүлүп келди. Райондук акимчиликтен маалымдашкандай адамдардан жабыркагандар жок.


Сузактыктар Ош-Бишкек жолун тосушат
300 кишинин колу коюлган кайрылуу КРнын мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жолдонду. Анда, эгер ЖК депутаты Руслан Шаботоев менен дагы бир депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу, ишкер Бактияр Амиржанов 1-июнга чейин табылбаса, Бишкек-Ош кан жолун бууша тургандыгы же болбосо 23-июлда боло турган президенттик шайлоого байкот жарыялаша тургандыгы айтылган. Мындай чечим Көк-Арттыктар 26-апрелде өткөргөн жыйында кабыл алынган. Кайрылууда ошондой эле ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жана УКМК жетекчиси Мурат Суталиновдун кызматтан алынуусу талап кылынган.

Суу сактагычтагы суунун абалы кандай?
"Электр станциялар" акционердик коому тараткан маалыматка караганда, азыр Токтогул суу сактагычына куюп жаткан суунун көлөмү секундасына 427 кубометрди түзүүдө. Бирок суунун көлөмү 6 миллиард 401 миллион кубметрди түзүп, былтыркыдан 172 миллиад кубметрге аздык кылып турат. Ал эми агып чыккан суунун көлөмү секундасына 246 кубметрди түзүп, былтыркыдан секундасына 4 кубметрге көптүк кылат.

Эрнест Абдыжапаров жаш режиссерлорду окутат
10-майдан тарта Бишкекте белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссёрлор үчүн чеберчилик окууларын өтүүнү баштады. Жаш кинорежиссёрлор 10 мүнөттүк кинотасма тартууга тийиш жана ал тасмалар сабакта талкууга алынат. Чеберчилик окууларын өтүүнүн башкы максаты - Кыргыз киноиндустриясын көтөрүү жана жаш адистерди өстүрүү.

И. Исаков "Жаңы Кыргызстан" партиясынан чыгарылды
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын мурдагы башкы катчысы Исмаил Исаков партиянын катарынын чыгарылды. Мындай чечим Бишкекте өткөн партиянын XI съездинде кабыл алынды. Съезддин ишине Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев катышты.Партиянын жалпы позициясы жана максаттарына көз карашы туура келбегендиктен, партиянын лидерлеринин бирин катардан чыгарууну чечишкен. Ал эми жаңы башкы катчыны дайындоо жакынкы күндөрү партиянын саясий кеңешинде каралат.Эске сала кетсек, "Жаңы Кыргызстан" партиясы 1994-жылы түзүлүп, ал алгач Агрардык партия деп аталган.




  Дүйнө дүбүртү

Барак Обама араб өлкөлөрүндө популярдуу
АКШ президенти Барак Обама өз өлкөсүнө караганда, араб дүйнөсүндө алда канча популярдуу. Бул тууралуу Ipsos агенттиги жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарынан кийин белгилүү болду. Аталган агенттик алдыңкы беш араб өлкөсүндө, анын ичинде Египет жана Сауд Аравияда сурамжылоо жүргүзүп, 7 миң кишинин пикирин сураган. Анын жыйынтыгына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 33 пайызы АКШ тууралуу оң, 43 пайызы терс пикирде болсо, 14 пайызы калыс пикирин билдирген. АКШ президенти Барак Обаманы сурамжылоого катышкандардын 48 пайызы колдоору аныкталды.

Байкалдагы кыйроо
Иркутск облусунун губернаторунун милдетинин аткаруучу Сергей Сокол Bell-427 вертолётунун Байкалда кыйрашынын кесепетинен курман болгондор жөнүндөгү такталган маалыматтарды келтирген. Соколдун айтымында, төрт адам - Иркутск облусунун губернатору Игорь Есиповский, анын орун басары Михаил Штонда, сакчы Александр Шостак жана учкуч Виктор Кунов кыйроонун курмандыктары болгон.Кыйроо болгон жерден бардык курман болгондордун сөөктөрү табылган, азырынча алардын ким экендиги тааныла элек. Куткаруучулар иликтөө-оперативдик топтун учуп келишин күтүшүүдө.

Рим Папасы Израилге келди
Бул - Рим католик чиркөөсүнүн башчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча сапарынын акыркы бөлүгү. Бенедикт XVI сапары көбүнесе Иса пайгамбардын жашоосу менен байланышы бар ыйык жайларга зыярат жасоо максатын көздөйт. Бирок ал жөөттөрдүн жана мусулмандардын ыйык жайларына да бармакчы. Папа мындан сырткары түрдүү диндер ортосундагы диалогко жана ынтымакка, жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга чакырган сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.
Ал бүгүн XVI палестиналык качкындардын Вифлеем шаарынын жанындагы лагерине да барат. Израилге чейин Иорданияда болгон учурунда Рим папасы чиркөө "саясий эмес, аймактагы тынчтык көмөк көрсөтө алуучу рухий күч" экенин белгиледи.

Чочко тумоосу чоочутуп жатат
АКШда H1N1 вирусу дагы 278 кишиде табылып, ошону менен чочконун тумоосуна 2 жарым миңден ашуун адам чалдыкканы аныкталды. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын-алуу боюнча борбордун маалыматына ылайык, чочконун тумоосу АКШнын 50 штатынын кырк төртүндө табылган. Чочконун тумоосу алгач катталган Мексикада 48 адам көз жумду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул вирус дүйнөнүн 29 өлкөсүндө катталып, ага 4 жарым миң киши чалдыкты. Кабарларга караганда, Канадада H1N1 вирусуна 286 киши кабылган.

SMSтин айынан чыккан кагылышуу
Жума күнү кечинде Бостондун метросунда кагылышкан поездердин биринин машинисти суракта кагылышуу учурунда SMS-билдирүүнү жазып жаткандыгын мойнуна алган. Массачусетс штатынын транспорт башкармасынын жетекчилигине таянуу менен CNN билдиргендей авариядан кийин ооруканага жаткырылган машинистти ооруканадан суракка алышкан.Сурак берген адамдын айтымында ал SMSке алаксып, алдыда келе жаткан поезддин аралыгын байкабай калган.
Транспорт башкармасынын жетекчилиги бул окуяга кыжырданып, коомдук транспорттун баардык түрүнүн айдоочуларына иш убагында мобилдик телефонду пайдаланууга катуу тыюу салынгандыгын баса көрсөткөн.

Ирандын президенттигине 475 адам көрсөтүлдү
Ирандын президентин шайлоого 475 адам, анын ичинде 42 аял алдын ала каттоодон өтүштү. Алардын талапкерлигин эми ислам дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана юристтерден турган Конституциянын сакчылар кеңеши карап чыкмакчы. Талапкерлердин кимиси шайлоого жибериле тургандыгы 20-21-майда белгилүү болот.Белгилей кетсек,Иранда 2005-жылы болгон президенттик шайлоодо бир миңден ашуун адам алдын-ала каттоодон өтүп, шайлоо бюллетенине жети адамдын гана ысымдары киргизилген.

Маалыматтар 24kg, "Кабар", "Азаттык" сайттарынан алынып даярдалды.

Ж.Калдарова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??