п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Күнсүрөт

Бирөөгө зар, бирөөгө
кор дүйнө, ий...
Гезитибиздин өткөн санында "Тагдырдын жазмышына моюн сунуп, олтурам кор болсом да жашоо куруп" деген темада тилден калып кайырчыга айланган милиция Жамбыл Сариев тууралуу маалымат бергенбиз. Ошол баяндамабызда бул кишинин оор тагдыры, үй-бүлөсү, жашоо-турмушу жөнүндө кененирээк билүү менен бирге жер маселеси боюнча Байтик айыл өкмөтүнө кайрылабыз дегенбиз.
Убадабыздын өтөөсүнө чыгуу максатында каарманыбыздын жашаган жеринин так дарегин билүү үчүн кайрадан Жамбыл ага олтурган Ош базарына баш бактык. Ал биздин келээрибизди чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр. Бул учурда аны арабакеч бир боорукер адам сүйрөп жүрүптүр. Баамчыл, кыраакы киши бизди дароо таанып, чөнтөгүнөн целлофанга оролгон паспортун шашкалактап сууруп чыкты. Паспортту ачканыбызда эле анын аты-жөнү бизге туура эмес айтылганын билдик. Көрсө каарманыбыз Жамбыл Сариев эмес, Жамут Сакеев экен. 1955-жылы Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылында туулуптур. Биз ушул дарек менен үйүңүздү табабызбы дегенибизде эмнегедир баш чайкап, жанындагы нан саткан эки кызды көрсөтүп ушулар билет дегендей белги берди. Жаш кыздар күнөөсүз майыптын өтүнүчүн аткаруудан баш тартып, тескерисинче биз менен тыкчыңдап бир сөзүн орусча, бир сөзүн кыргызча сүйлөп уруша кетишти. Булардан тыянак чыкпасына көзүбүз жеткен соң кагаз бетине Байтик айыл өкмөтүндөгү айылдардын аттарын жазып өзүнө көрсөтүүгө туура келди. Чынында бул минуталарда Жамут ага менен сүйлөшө албай буйдала түштүк. Ичинен буулуккан кишинин бүгүнкү жашоосу жанына батып кеттиби айтор, арабаны сүйрөтүп алып, жогорудагы кыздардын жанына барып бакырып-бакырып алды. Бетинен заары чачыраган келечек ээлери байкуш кишинин бул абалына боор ачымак турсун болк этип да коюшкан жок. Бир мезгилде чоочугандай кыздардын бирөөсү "Кашка-Сууда жашайсыңарда, эмне, анан кайда жашамак элеңер?!." деп бир тийди да жүзүн буруп алды. Ошондо, айласыздан тобоо деп жакабызды кармадык. Туура, ал кыздар бизге айтып берүүгө милдеттүү эмес. Ошентсе да адам баласы да, соопчулук үчүн бир-эки ооз сөз айтып койсо не болмок...
Акырында күн кечтегенче айыл өкмөтүнө жетүүнүн аргасын кылып, шаштыбыз кеткенде аксакалдын айланасындагы соодагерлерден жалынып сурай баштадык. Таң калганыбыз адамдардын баары кайдыгер болуп бүтүптүр... Заман бузулду дейбиз. Жок, адамдардын пейили бузулуптур. Деги биринен оң жооп ала албадык. Айлабыз түгөнгөндө биз менен кошо чыйпылыктаган Жамут аганы жооткотуп, өзүбүз таап алабыз деп Байтик айыл өкмөтүнө жол тарттык.
Тилекке каршы, биз барган убакта жумуш убактысы бүтүп, айыл башчысы кетип калган экен. Аталган айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине жолугуп кандай максат менен барганыбызды түшүндүргөндө, Жамут Сакеевди таанырын, жашаган айылын толук айтып берди. Бирок, айыл өкмөтүнөн майыптын балдарына жер бөлүп берүү эсепчинин иши болбогондуктан бул тууралуу жооп алалбадык. Андан ары жолубузду улап, биз кеп кылган адамдын үй-бүлөсүнө кезигип, баарлаштык. Бул мезгилде үйүндө келини менен эле бир баласы бар экен. Анда сөз башынан болсун.

Уулу Жакут Сакеев, 21 жашта, үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. :
"Атамды көрүп эт жүрөгүм эзилет"
- Биз беш эркек бир тууганбыз. Үй-бүлөдө мен төртүнчүсүмүн. Албетте, ата-энемдин тагдыры бизди ойлондурбай койбойт. Мындан он жыл мурунку каргашалуу окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде. Чоң энем, ата-энем, мен, иним болуп мотоцикл менен кетип баратып машина сүзүп чоң кырсыкка кабылганбыз. Ошондо чоң энем ордунда жан берип, апамдын буту томуктан, тизеден жамбаштан сынып, атам дагы бутунан жараат алган. Башында атам басып эле жүрчү, кийин оорусу күчөп баспай калды.
- Операция жасаттыңар беле?
- Ооба. Басалбай калгандан кийин сегиз жолу операция жасатып, сегизинчисинде тилден калды. Мурдагыдан да бул күндөр бизге аябай оор болду. Кыйналдык, атамды көрүп эт жүрөгүбүз эзилди. Бутунун баспаганы аз келгенсип жандап сүйлөп калганы жаныбызды кейитти. Айла жок, баарына баш ийет экенсиң. Анан калса минтип базарда кайырчылык кылып олтурганына намыстанабыз. Алгач бир жыл базарга чыгуусуна каршы болуп үйдө кармадык. Бирок оюндагысын бербеген өжөр киши айтканынан кайткан жок. Ошонун айынан бир жума жоголуп кетип издеп таппай калганыбызда өзү келген. Мына ушундан кийин атабызга чек коё албай калдык. Болбосо эмне, бешөөбүз биригип атабызды кантип багалбай калалы. Атабыз оорукчан болуп биздин пайдубалыбызды түптөй албай калганына ызаланып, жок дегенде өз жанымды багайын деп жанагинтип күн кечирип келет.
- Күнүнө канча табат?
- 200 сомдон 400 сомго чейин. Пенсиясы 1500 сом. Андан сырткары, майрамдарда мамлекет тарабынан 2 кг кумшекер, 10 кг ун, 2 литр май берилип турат. Учурдан пайдаланып Байтик айыл өкмөтүнөн мамлекеттен үйүбүз жоктугуна байланыштуу жер бөлүп берүүнү суранабыз.

Эң улуу баласы Сакеев Нурландын келинчеги Исмаилова Миргүл:
"Бул жерде
доктурлардын
да күнөөсү бар"
- Биздин келген максатыбызды түшүндүңүз. Кайнатаңыз Жамут ага сиздер менен бирге турат экен…
- Туура, атам биздин колдо. Бул үйдө светин төлөп батирде жашайбыз. Атам кичүү кайнилеримдикине деле барып турат. Бирок, эмнегедир биздин үйгө эле кача берет. Мени өз кызындай жакшы көрөт. Мен да өз атамдай көрөм. Ак көңүл, жакшы адам. Ал эми неберелерине болгон мамилесин айтпай эле коёюн. Базардан сөзсүз таттуусун чөнтөгүнө сала келет.
- Жолдошуңуз менен баш кошконуңуздарга канча убакыт болуп калды. Канча балаңыз бар?
- Бул үй-бүлөгө бүлө болуп келгениме быйыл туура тогуз жыл болот. Бир уул, бир кызыбыз бар. Кудай буюрса, үчүнчүсүн күтүп жатабыз.
- Аман-эсен көз жарып алыңыз. Жолдошуңуз кайда иштейт?
- Курулушта иштейт. Сезон болбой атып, жумушка жакында эле чыккан болчу. Негизи атам тууралуу жолдошум так маалымат бермек. Мен толук билбейм. Убагында атам инсульт болуп ооруканага жатканда Нурлан баккан болчу. Эмне себептен сүйлөбөй калганын Нурлан жакшы билет.
- Сиз келген жылдары кырсыкка кабылды беле?
- Негизи атам авто кырсыкка эки-үч жолу кабылган экен. Чоң кырсыкка Чоң-Арыктан тоого кетип баратып чоң кайненем, апамдар болуп туш болушат. Кырсык экен, ал жерден чоң кайненем кайтыш болуп, кайнене-кайнатамдар оор жаракат алышат. Ошондон кийин кайненем экинчи, кайнатам 1-группадагы майып. Мен келген жылдары атам балдак менен басып, жакшынакай эле сүйлөп эл катарында жүрчү. Ошо биринчи операциясында бутун доктурлар туура эмес салып коюшуптур. Кийин аны түздөтөм деп операцияга бергенде инсульт болуп, наркостон ойгонгондо эле сүйлөбөй турду. Бул жерде доктурлардын да күнөөсү бар экен. Эми аны деле так айталбайм дечи. Кыскасы, атамдын маңдайына жазган тагдыры ушу тура. Убагында милиция болуп иштеп, дайыма жумуш менен алектенген кишинин мындай акыбалда калышы кыйын эле да. Кээде өзүнчө туталанып, кыйкырынып жаман болот. Биринчи сүйлөбөй калган жылдары эмне дегенин түшүнбөй кыйналчубуз. Азыр бири-бирибизди сөз менен сүйлөшүп жаткандай түшүнүшөбүз. Айла жок, баарына көнөт экенсиң.
- Базарга тилемчилик кылып кеткенине каршы болдуңар беле?
- Албетте. Ушинтип "кайыр сурап калабы" деп баарыбыз ыйлап, жаман болгонбуз. Үйгө кармасак да болбой, бизди ого бетер беймаза кылып кыйначу. Кандай сүйлөбөй оор абалда калды, ошондой Ош базарга чыгып кетти. Атам өзүнүкүн такыр бербейт. Үйгө да эч олтура албайт. Кышкысын суукта, жазгысын жаан чачында чыкпа дегенибизге карабай кетип калат.
- Базардан тапкан акчасын эмне кылат?
- Таң калганым, эптеп бир сомдон чогултуп тапкан акчасын бир туугандары сурап кетет. Айласы канча, болгонун аябастан аларга берет. Бир туугандары да түрмөгө олтуруп келген, өз ордуларын биле бербеген адамдар. Анан да атам абдан баамчыл киши. Кээде үйдө тамак-аш калбай калса, акча берип азык-түлүк алдыртат. Оромо, мантыны абдан жакшы көрөт. Эмнени кааласа ошону жасап берип, колумдан келишинче жакшылап бакканга аракет кылып турам. Атам ушунчалык таза киши. Базарга кетип жатканда, келгенде сөзсүз жуунат . Жуунмайынча тасмалдын жанына келбейт. Кийимин да бат-баттан которуп турат. Эң кичүү кайним атамды базарга алып барып, алып келет. Кээде маршруткалардын айдоочулары үйгө чейин жеткизип коюшат. Айдоочунун жеткирген акысын төлөбөй койбойт, ашыгы менен берет.
- Кайненең менен эмнеге бирге жашабайт?
- Атам инсульт болгондон кийин апам экөөнүн мамилелери такыр келишпей калган. Апам экинчи кайним менен бирге турат. Жолдошум беш эркек бир тууган. Үчөө үйлөнгөн. Экөө үйлөнө элек. Кичүү кайнимди өзүмдүн атам айдоочулук кесиптик лицейден окутуп койгон. Калгандары курулушта иштешет.
- Убагында мамлекеттик жумушта иштептир. Ага жараша өкмөт тарабынан жеңилдиктер барбы?
- Чындыгында мурда жакшы карачу. Быйыл көмүр берилет дегенинен барсак, эмнегедир беришпеди. Үйүбүз жоктугуна байланыштуу жерге 2004-жылы арыз жазганбыз. Эмдигиче бир тыянак чыкпайт. Жер алып алсак жакшы болмок. Арыздангандык деле эмес, негизи оору адамды багыш кыйын экен. Өзүбүз дагы жаңы тирилик кылып келатканга бир топ кыйынчылыкты көрүп жатабыз. Балдарыбыз жаш. Ушул маселени Байтик айыл өкмөтү бир карап койсо деп өтүнөт элем.
Албетте, бул өтүнүч боюнча аталган айыл өкмөтүнө дагы бир ирет кайрылып жооп алып беребиз.

Ж.Бороева, Р.Алымкулова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??