п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  адабият айдыңы

Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?
- Өткөн жылы 70ке чыгып, "Туулган үйдүн жарыгы" деген китебим чыкпады беле. Адам рухий жарыкты туулган үйүнөн алат, тарбияланат, адамдын адам катары калыптануусу туулган үйүнөн башталат эмеспи. Ата-бабабыздан бери жандан жанга, кандан канга агып келген рухий жарыгыбызды өчүрбөй, адамдардын жүрөгүнө түнөтүшүбүз керек. Бул менин акындык милдетим. Ошондуктан ал китепти бийик өркүндөтүп, "Ата-Журттун жарыгы" деген жаңы китебимди басмага даярдап койдум. Каражат жагы чечилип калса эле буюрса жарык көрүп калаар. Биздин ким экенибизди, кыргыздын ким экенин айтууга, ачууга аракеттенип жазып жатам.
- Кыргызстан менен Казакстан: түбөлүк достук адабий конкурсунда байгелүү орунду албадыңызбы. Кайсыл ырыңыз менен катыштыңыз эле?
- Өмүр бою казак эли бизге жакын эл да. Ал жакка көп барып, казак эли жөнүндө жазып жүрүп, арнаган ырларым да өзүнчө бир китеп болуп калыптыр.
Чындыгында бизге караганда казак эли алдыга чыгып, шаарлары өсүп, элинин турмушу да абдан жакшы. Жакырчылык жокко эсе. Акын-жазуучуларынын китептери совет учурунан да артыкча чыгып жатат. Нурсултан Назарбаев ар бир акын-жазуучуга 1000 доллардан айлык берип жатат. Элин жакшы багып, кудайдан да "элиме бере көр" деп тиленген президентин ырга салып "Нурсултан" деген поэма жазгам. "Бийликтин таянычы адилеттик" деген тема койгом. Бул ырым бир четинен аларды мактоо болсо, бир чети биздин чоңдорго үлгү болсо экен деп жазгам. Ал ырымды казак тилине оодартышып, "Эгемен Казакстан" гезитине басылып чыккан. Назарбаевдин берип жиберген алкыш каттарын алгам элчиликтен. "Кандай жардам керек экен?" деп сураткан экен, "Эч кандай муктаждыгым жок, жашоом жакшынакай" дедим. Эмне, калемимди сатмак белем?! Ырымды сатмак белем?! Максатым эле, досторубуз окуп кубанышса дедим. Адамды кубантуу кандай бакыт! Мына ошол ырымды конкурска бергем.
Эл болгондон кийин өнөрдүн чырагы өчпөйт экен го. Жаштарыбыз дүркүрөп өсүп келатат, керек болсо бизден да озуп жазып жатышат. Калеми курч, көркөм, табылгалуу кылып жазып жатышкандарын окуп кубанып турам.

Мариям Буларкиева
70 жашта
Май майрамдарына удаа Мариям Буларкиева өзүнүн 70, чыгармачылыгынын 50 жылдык торколуу тоюн өткөрдү. Адабият айдыңындагы акын-жазуучулардын башын бириктирген ал мааракеде акын эжебизге арноо ырлары окулуп, алтындай сөздөр сүйлөнүп, жер-жерлерден келишкен ага-тууган, жоро-жолдоштор чыгармачыл адамдардын кечеси кандай жогорку деңгээлде өтөрүнө күбө болуп кайтышты. Мариям Буларкиевага бекем ден-соолук, чыгармачылык чоң дем-күч каалайбыз!

ОМОР СУЛТАНОВ
БАКУГА барат
Үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү Азербейжанда Махмуд Кашгари атындагы Эл аралык фонд "Махмуд Кашгари жана түрк ислам маданияты" деген симпозиум өткөрүүнү белгилешип, ага Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов чакырылды. Эл акынына түрк тилдүү элдердин ортосундагы карым-катышты жакшыртууда кошкон чоң салымы үчүн берилүүчү Махмуд Кашгари эл аралык сыйлыгы тапшырылат. "Адабият айдыңы" Омор Султановго ак жол каалайт. Кененирээк маалыматты буюрса гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.

"Архатты" англис
тилинде да окушат
Казат Акматовдун "Архат" романы англис тилинде басылып чыгып, Түркия университети тарабынан түрк жана Иран элчилигинде фарсы тилдеринде которулууда. "Архат" ар кайсы тилде жарык көрүп, дүйнө жүзүндөгү окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан романдардан боло берсин.

Бактыгүл
Сейитбекованын жаңы китеби чыкты
Москва шаарында Кыргыз элчилигинин имаратында Бактыгүл Сейитбекованын "Любовь Манаса" аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Аземди Кыргыз Республикасынын Россия федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аттокуров Раимкул Арзыматович ачып берип, акынга каалоо-тилек билдирди. Китептин бет ачар аземине Москва Эл аралык жазуучулар союзунан алтай элинин эл жазуучусу Бедюров Бронтой Энгович, кабардин-болкар жазуучусу Абдуллах Бегиев, азаттыктын кабарчысы Муса Мураталиевдер акындын китеби жөнүндө жылуу пикирлерин билдиришти. Аземде акын Б.Сейитбекованын сөзүнө жазылган "Эне тилеги" аттуу ырды Дамира Ниязбекова аткарып берсе, "Туулган жерди сагынуу" деген ырын кечеге катышкан кыргызстандык жердештери ырчы Ниязбековага кошулуп хор ырдап беришти.




Айдай Чотуевадан кеп казына
Адам кечиримдүү болбосо жамандык улана берет.
Роза Айтматова.
х х х
Бийлик сени кызматыңдан кетирсе да колуңдан калемиңди тартып албайт.
Акбар Рыскулов.
х х х
Поэзия- деген дарт менен ооруп жүрөм. Бирок ал оорудан түбөлүк айыккым келбейт.
х х х
Рамистин, Омордун, Амандын, Жолондун, Турардын чыгармалары менен азыктандым. Бирок, аларды ээрчип кетпей өзүмдү таптым.
Алик Акималиев.
х х х
Ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан ашкан бакыт жок.
Чыңгыз Айтматов.
х х х
Бала дүйнө - баёо, таза, кирсиз, керемет. Бала дүйнө баарыбызда болсо, бар дүйнө таза болмок.
х х х
Бала бизчилеп сыртынан бүтүм чыгарбайт. Бала дүйнөнүн ар бир ачылышын кол менен кармап, даамын татып көргүсү келет.
х х х
Байлыгы, бийлиги бар адам кыйын эмес, байлыкты да, бийликти да, башка салган мүшкүлдү да бирдей көтөргөн адам кыйын дешет.
х х х
Тырмактай таштын да тарыхы бар.
х х х
Шилтенген кадам, ирмелген көз, зымыраган машина, дыбыраган жамгыр, шаркыраган суу, аркыраган шамал - жашоо жаңырыгы.
х х х
Тирүүлүктө бири-бирибизден жакшы сөздү да аянабыз. Адамдын көзү өткөн соң гана арман кыла артка кылчаябыз.
х х х
Ичи тар, көралбас, карөзгөй адамдар бар үчүн жашоо арымынын суусу киргилденгенсийт.
х х х
Түнөргөн түндүн артында күлгөн күн, кайгынын артында кубаныч барын унутпа.
х х х
Тазалыкты суудан жана наристенин көзүнөн изде.
х х х
Жүрөгүмө баш ийбей акылыма баш ийдим. Жүрөк алдап коюшу мүмкүн, акылым алдабасына ишенем.
х х х
Жаңылган адам жаман эмес, андан жакшы жыйынтык чыгарбаган жаман.
х х х
Жамандан да жакшы сапаттарды ачууга болот.
х х х
Төө минген да, жөө жүргөн да тууганың. Тууганды тандай албайсың.
х х х
Караңгылыктан да караңгы адамдардан корком.





Поэзия бурчу
"Адабият
айдыңынын мыктысы"
сынагына
Карагулова Айзада Сатыбековна - Ысык-Ата районунда төрөлүп, өскөн. Учурда Бишкек шаарында
жашайт.
Ашык сезим
Ичимден эзилип негедир сени жактырам,
Ийилип аны айткандан сага айбыгам.
Ичиме толгон сезимди ырга айлантып,
Иштерман адам өңдөнүп жазып отурам.

Окусаң деле түшүнбөс чыгар жүрөгүң,
Ортоктош болуп оюмду неге бөлбөйсүң?
Ойлорум сага сүттөн ак таза ишенсең,
От жалын болуп ашыгып турам чырагым.

Тажатсам керек ыр менен сени жагалдап,
Ташыркап калбай жүрөмүн сени акмалап.
Тагдырым мага жазбаптыр бакыт куштарын,
Тутанат дале сен деген жүрөк учкуну.

Күнөөкөр болдум өзүңдү сүйүп калганга,
Күндөрүм далай айланган ысык жаштарга.
Кусалык басып, жүрөктү эзип сагыныч,
Күтүүдө жүрөм болбосо экен айрылыш.
Кусалык
Чайналды жүрөк, кыйналдым далай турмушта,
Чагылган түштү ортодо сезим чок болуп.
Кантейин эми пендебиз башка арга жок,
Кейиген менен келбейт го артка кайрылып.

Чайыттай тийген бир кезде шоола жок болуп,
Чырактай сынып, неге бир мынча мокодум.
Чекеге жазган тагдырым ушул турбайбы,
Чыркырап бир күн ажалга моюн сунармын.

"Адабият айдыңы" поэзия, проза, публицистика жана сын багытындагы чыгармаларга "Адабият айдыңынын мыктысы" аттуу сынак жарыялайт. Чыгармаларыңыздарды редакцияга жөнөтсөңүздөр же алып келсеңиздер болот. Ар айдын аягында адабият чөйрөсүндөгү аттуу-баштуу акын-жазуучулардын чечими менен жеңүүчү жана чыгарма аныкталып гезит бетине жарыяланып турат, авторлорго байгелер ыйгарылат. Кол жазма 3-4 беттен ашпоого жана автордун сүрөтү, дареги сөзсүз болууга тийиш. Кол жазмалар кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Бардык каалоочулар катыша алышат.




Ойлонбой тапсаң - олжого тунасың
"Адабият айдыңы" рубрикасы сиздин билимиңизди текшерип, ойлонтуп, мээңиздин бырышын көбөйтөлү деген ойдо сынак жарыялап келет. Он дегиче туура жообун таба калып, шаршемби күнү саат 10-00 дөн 10-30 га чейин телефон чалган алгачкы үч окурманга "Обондун" атайын белектери бар. Байланыш телефону: 44-98-21.


1. "Курманбек" драмасы - Касымалы Баялиновдукубу же Касымалы Бектеновдукубу?
2. "Кыйын кезең" повестинин автору согуштан кайтпай калган кайсы жазуучу?
3. Ай, ушу сен,
кейий берген
Энемсиң,
Бекер ойлоп,
бекер кайгы жегенсиң.
Мен кетээрде,
беттен өөп
Кучактап:
"Кагылайын,
кайраттуу жүр",-дегенсиң.
1943-жылы Калининград фронтунда курман болгон кайсы акындын калемине таандык саптар, кайсы поэмасынан?
4. Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган "Майдан" романынын автору, "Кош жылдыз" орденинин ээси ким эле?
5. "Саякатчы бала", "Үчүнчү шар" аттуу кыргыз адабиятындагы биринчи фантастикалуу аңгемелеринин автору, балдар адабиятынын негиздөөчүлөрүнөн болгон кайсы жазуучу согуштан кайткан эмес?
6. Кыргыз Улуттук Драма театрынын түптөлүш жолунда сахнада алгачкы комедиялардан болуп коюлган "Жапалак Жатпасов" пьесасынын автору ким деген көп кырдуу талант эле?
7. Согуштун ардагери, Эл жазуучусу Жунай Мавляновдун кандай романдарын билесиз?

М.Молдобекова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??