п»ї

  улуулар унутулбайт

Алай канышасы - Курманжан датка
Улуттук сомубузда сүрөттөрү чагылдырылып, кыргыз элинин тарыхында из калтырган инсандардын ким экендиги, баскан жолу, эмгектери тууралуу келечек муундарыбыз үчүн жазып келебиз. Бул жолу 50 сомдук банкнотко элеси түшүрүлүп, "Алай канышасы" деген ат менен таанылып, XIX кылымдагы дүйнөлүк улуу аялдардын тизмесине кирген Курманжан датка жөнүндө сөз болмокчу. Кылымдар алмашса да улам кийинки урпактары унуттурбай, бир топ алгылыктуу жакшы иштер жасалып келет. Тарыхый инсанды изилдеп, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков "Кел-кел" романында кеңири сүрөттөп берген. Алай канышасынын аты республика аймагындагы мектеп, музей, көчөлөргө берилип, Курманжан датка атындагы кайрымдуулук фонду түзүлгөн. Аталган фонддун төрайымы - Жылдыз Жолдошева. Жаш драматург Кайрат Иманалиев "Курманжан датка" тарыхый психологиялык драмасын жазып, алгач спектакль Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында коюлган. Башкы ролдо белгилүү актриса Тамара Жумакеева ойногон. 2001-жылы Курманжан датканын сүрөтү түшүрүлгөн почта маркалары чыгарылган. 2002-жылы фонд тарабынан "Горная царица Курманжан и ее время" деген китеп орус жана англис тилдеринде басылып чыккан. Курманжан датканын доорунда кыргыз элинин маданияты, үрп-адаты, каада-салты кеңири чагылдырылып берилген ал китептин үстүндө КРУИАнын академиктери Аскар Какеев, Владимир Плоских ж.б. иштешкен. Китеп 1000 нускада 2004-жылы кытай тилине да которулуп жарык көргөн. Казылып бүтпөс казынадай болгон Курманжан датка тууралуу тарыхчы, адабиятчы, окумуштуу, жазуучуларыбыз тарабынан көптөгөн ой-толгоолор, илимий изилдөөлөр, китептер жарык көрүп келет. 2004-жылдын 30-августунда Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелиги орнотулуп, ачылыш аземи болуп өткөн.
Өкмөт тарабынан Ысык-Көлдөгү Чоң Сары Ой айылында тарыхый мемориалдык комплексин куруу үчүн атайын жер бөлүнүп, 10 млн сом өлчөмүндө акча каралган. Мемориалдык комплекстин макетинин ачылыш күнү - 29-апрель 2009-жылы фонддун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын билдирүүсү боюнча, ал жерде кыргыз элинин үч доорун камтыган тарыхый музей курулмакчы. Бул иш - чара КРнын өкмөтүнүн 10-март 2009-жылдагы Курманжан датканын 200 жылдыгын улуттук деңгээлде майрамдоо жөнүндө 109 -буйругунун негизинде - 2011-жылы бүткөрүлөөрү каралууда. Ошондой эле мемориалдык комплексинде 11 тарыхый инсандардын эстеликтери тургузулат. Окумуштуу, жазуучулар тарабынан ал эстеликтер: Барсбек, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка, Шабдан баатыр, Байтик баатыр, Атаке баатыр, Калыгул олуя, Боромбай бийдики болсун деген сунуштар киргизилүүдө. Курманжан датканын наамындагы тарыхый мемориалдык комплексинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу гезитибиздин кийинки сандарынан толук маалымат берүүгө аракет кылабыз.

Курманжан датка - (1811-1907) Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош вилайетинин акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан "датка" аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. 19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну датка-айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоңалайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага "Алай канышасы" деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон. 1876-жылы күзүндө Кабулдан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичиалайды, Ноокатты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай канышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңымаргалаң (Скобелев) шаарларына келип, сүйлөшүп турган. Согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылы 1-декабрда император Николай II асыл таштуу шакекти Курманжан даткага белек катары берип жибергендигин маалымдайт. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган. 1895-жылы уулу Камчыбек даргага асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган.

Кыргыз тарыхы энциклопедиялык китебинен алынды.

М.МОЛДОБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??