п»ї
 Таанышуу жарыясы


  саресеп

Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча?
Дүйнө элдеринин ичинен кыргыз журту үйлөнүү той, бешик той, сүннөт той, там той, туулган күн, юбилей деп олтуруп тойлорго бай меймандос калк экендигибиз талашсыз. Той бул - кубанычтуу окуяга байланышкан сый майрам. Мына ошол жакшылыкты көркүнө чыгарып, элдин демин сезе билген бул албетте - тамада. Чынында тамадасыз тойду элестете албайбыз. Ушул багытта кеп кыла турган болсок "тамада" грузин тилинен алынып, бизче которгондо "эрке бала" деген түшүнүктү билдирет. Илгери той-топурларда эрке бала шайланып кызмат кылчу. Кийинчерээк алып баруучу аталса, бүгүнкү күндө "тамада" деп аталып жүрөт. Анда эмесе учурдагы айрым "тамадалардын" алып баруучулук чеберчилигине сарасеп салып көрөлү.

"Элиталык" тойлордун тамадасы
КРнын Эл артисти, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов "элиталык тойлордун тамадасы". Тактап айтканда, ал көбүнчө депутат, министр өңдүү чиновниктердин тойлорунда "эрке бала" шайланып келет. Мындай капчыгы калыңдардын жакшылыктарына жандооч болгон Дүйшөн Байдөбөтовдун "эрке балалык" эмгеги келишим баада.

Тамыр тарта билген тамада
"Кайгы муңдун рыцары" аталган Асылбек Өзүбековдун артыкчылыгы 500 киши катышкан тойдо да эркелетчүсүн эркелетип, алдаганын алдап олтуруп кечени шаңдуу өткөрүү үчүн 500 мүнөздүү Асылбек боло калып, ар бир адамдын тамырын тартууга жөндөмдүү. Аппаратуралары менен барып той ээсинен 300 доллардан 500 долларга чейин алат. Бирок, кээде "өңдү көрсө жүз тайыйт" болуп көңүлүнөн чыкканын алып же таптакыр албай койгон күндөрү деле болот.

Жасалмалуулукту жактырбаган тамада
"Тойдун башында да, той аягына чыгып адамдар кызып калганда да менин шыбыраган үнүм угулуп турса - анда мен максатыма жетем" деген ураан менен жоопкерчиликти жогору койгон бир кездеги "Сыр сандык" телеберүүсүнүн алып баруучусу Кубанычбек Эсенбаев чакырылган жерге өзүнүн командасы менен барып, эс алганга жакшы шарт түзүп берет. Каалоочуларга кыргыздын улуттук инструменттери менен жандуу ыр-күлкү тартуулайт. Жасалмалуулукту жактырбаган Кубаныч мырза чоң чиновниктердин тоюн алып баргысы келбейт экен. "Адамдын мыктысы тоюнан билинет. Адам кандай болсо, анын чөйрөсү да ошондой, анан да мен үчүн бир той экинчи тойго окшошпойт" дейт Кубаныч Эсенбаев. Ыр жандуу, тамашаны түшүнгөн адамдардын арасында болууну каалаган тамаданын кызматы 300дөн 500 долларга чейин.

Универсал
тамада
Кыргыз тили дегенде айрым "киргиздерди" алдыга салдырбаган ырчы Юрий Бобков кандай гана майрамдык кече болбосун кыргыз, орус тилдеринде кадыресе алып барып, тамадалык жөндөмүн өрчүтүп келет. Анын тамадалык кызматында көрсөтүлгөн 15 миң сомдун ичинде атайын концерттик программалар камтылган. Мында өзү менен кошо "Досум /сөн" тобунун солисттери - Жанета, Денис Бобковдор кызмат кылышат.

Колу ачык тамада
Ал эми эстрада ырчысы Байыш Момунов болсо 300 доллар берсеңиз тоюңуздун "эрке баласы" болуп берет. Өзгөчөлүгү "антракт" убагында жандуу үн менен ырдап, той аягында кеченин активдүү катышуучусуна өзүнүн ырлары жазылган дискин белекке ыйгарат. "Токочтуу бала сүйүнчөк" дегендей, артисттин белегине ээ болгондор "колу ачык бала экен" деп кудуңдай түшүшөт экен.

Куйкум сөздүү
тамада
Теректей бойго эмес, теменедей акылга ээ Кубик Калыков чакырылган жерлерге 200-300 доллар төлөсө гана барат. Анткен менен анча-мынча нерселерге күлө бербеген момун калкыбыздын көңүлүн көтөрүү үчүн "эмне, бул жерге куран окутканы келдиңерби? Шатыра-шатман, шаан-шөкөт менен терең-терең дем алып олтургула" демиш болуп, өмүрүндө ырдабаганды ырдатып, бийлетип, сүйлөтүп жиберет.

Маданияттуу
тамада
Буга чейин чоң сахнада концерттик программаларды алып барып профессионалдуулукка умтулган КРнын эмгек сиңирген артисти таланттуу актёр Турусбек Жумалиевдин тамадалык кызматы элдин санына жараша ар кандай баада болот. Турусбек мырза, салтанаттуу кечелерде назик сүйлөп, сылык мамиле жасагандыгы менен эл арасында "маданияттуу тамада" аталып келет.

Көңүлчөөк
тамада
"Шорпо ичкиле" деп Ошко чакырган көп кырдуу таланттын ээси Жаныбек Алыкулов акча үчүн адам көңүлүн артка таштабайт. Ошондуктан ал 500 долларлык кызмат өтөсө да, анча-мынча "скидка" кыла коюп, 200-300 доллар алып калган күндөрү болот. Бирок, куудулду көбүнчө "чиновниктер" чакырган үчүн той аягында кийит кийип, тойго келген "чоңдордун" кыстарган акчалары менен капчыгын кампайтып кетет.

Штраф салчу
тамада
Шариятта "Ажыга барган адам бийлеп, ырдабай оюн-зооктон алыс болуусу керек" деп айтылат. Ага карабай Майрамбек ажы көпчүлүк тойлордун көркүн ачып, көпчүлүктүн жарпын жазып келет. Анын тамадалык акысы 15 миң сом. Кантсе да дасыккан тамада эмеспи. Артисттик жөндөмдүүлүгү, шыктуулугу менен ар кандай оюн-зоокторду уюштура калып, алтургай кечигип келгендерге же болбосо тартип бузгандарга штраф сала коймой жагдайлары да бар.


Ж.КАЛДАРОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??