п»ї

Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"
"Эне бактысы балада" деп бекер айтылбаган тура. Эненин бу жарык дүйнөгө наристени алып келиши чындыгында кандай бакыт! Бирок, кээ бир учурда ал бакытка жетпей, эненин ичинен түйүлдүк өспөй калып, аргасыз ымыркайды алдырууга туура келет. Мына ушундай бир эмес, эки адамдын өмүр келечеги менен алпурушкан №3-гинекологиялык оорукананын акушер-гинеколог врачы Шамшыбекова Жылдыз Сабырбековнаны кепке тарттык.


- Акыркы мезгилдерде эненин ичинен баланын өспөй калуу коркунучу көп кездешип жатыптыр. Негизги себеби эмнеде?
- Баланын ден-соолугу таза болуш үчүн биринчиден ата-энесинин дени сак болуш керек. Эгерде ата-энеси ичимдик ичсе, тамеки тартса, уулуу химикаттарды өндүрүүчү ( мисалы сыр-лак, тамеки чыгаруучу) өндүрүштөрдө иштесе, балага терс таасир берет. Ошондуктан ар бир ата-энелерге өтүнүп айткым келет: баланын өмүрү төрөлгөндө эмес, бойго бүткөн күндөн башталат. Башында айтып кеткен зыяндуу таасирлер өсүп келаткан балага терс таасирин тийгизсе, анда ал бала өмүр бою оорукчан болуп калышы ыктымал. Акыркы жылдары биздин коомдун социалдык, экономикалык өзгөрүшү, калктын ден-соолугунун начарлашы, айрыкча жаштардын моралдык абалы, аларды сексуалдык боштондукка алып келип жатат. Бизди көптөн-көп ойлондурган маселе, жаштардын ичимдик, тамеки, банги заттарды колдонушу, жыныстык ооруларды жуктуруп алуулары жүрөктү оорутат. Бул көрүнүш жалпы кыргыз эли үчүн актуалдуу маселе экенин айтып кетким келет.
- Мындан башка дагы кандай себептери бар?
- Өзгөчө жыныстык, инфекциялык дарттар, нервдик стресстер, эненин өтө жаш (18 жашка чейин ) же улгайганы (35 жаштан жогору) тез-тез бойго бүтүшү, эненин учурунда дарыланбаган, мисалы кант диабети, жүрөк кан тамыр, бөйрөк, кургак учук жана башка тукум кууган оорулары ичтеги баласына таасирин тийгизет.
- Алдын алып сактап калса болобу?
- Болот. Ал үчүн эне өз ден-соолугун биринчи орунда караш керек. Туура тамактанып, өз убактысы менен эс алып, ошондой эле эмгектенүү керек. Оор жумуш кылып же тамеки, алкоголдук ичимдиктерди аз көлөмдө ичсе да, энесине таасир бербегени менен өсүп келе жаткан балага өтө зыяндуу. Боюнда бар кезде спирт ичимдиктерин ичкен аялдардын 34 пайызы маалына жетпей төрөшөт. 19 пайызынын балдары оорукчан төрөлсө, үч пайызынан тубаса кем акыл балдар төрөлөт. Ал эми тамеки тарткан же башкалар тамеки тартып олтурган жайларда көп убакытта болгон айымдарда 3 эсе көбүрөөк боюнан түшүп же ичинен бала өспөй калат. Ошондой эле эне жана мен айтып кеткен кант диабети, кургак учук оорулары менен жабыркап жүргөн болсо, анда ал алдын ала дарыланышы керек. Эң негизгиси кош бойлуу айым туура тамактануусу зарыл.
- Мисалы?
- Колдон келсе организмге оңой синген витаминдүү тамак-аштар менен азыктангандары пайдалуу. Негизи тамакты абдан аз же өтө көп, тоё тамактануу ден соолукка зыяндуу. Анын үстүнө кийинки учурларда жергебиздеги азык-түлүктөр санитардык талаптарга жооп бербейт. Көбүнчө тамак-аштар кир шарттарда сапатсыз жасалып, туура эмес сакталган учурлар көп кездешип келет. Өзүңөр билгендей акыркы мезгилдерде массалык уулануулар көбөйдү. Бузулган тамак-аштарда уулуу заттардан сырткары бактериялар да болушу ыктымал. Анан алар эне аркылуу балага өтүшү мүмкүн.
- Кош бойлуу учурунда кандай жумуштарда иштөөлөрү зарыл?
- Негизинен боюнда бар аялдар көп кыймылда болуулары шарт. Ошон үчүн туура эмгектенгенди билүүлөрү зарыл. Ден соолукка зыян алып келбеген шарттары бар жумуштар менен алектенишсе. Өтө оор жумуш дагы кош бойлууларга туура келе бербейт. Бул жерден айтып кетчү нерсе - кыймыл дененин баардык системаларын жөнгө салып турат. Ошондуктан айымдар жалкоолукту артка таштап, иш менен алаксып, кыймылдап жүрүшсө дээр элем. Ал эми көп кыймылдабаган аялдардын салмагы көбөйүп, ар кандай татаалданууларды алып келет. Ошого ылайык учурда кош бойлуулар үчүн атайын гигиеналык гимнастика иштелип чыккан. Андыктан буга дагы кайдыгер мамиле жасабай, колдон келсе убакыт таап барып койгондору өздөрү үчүн пайдалуу.
- Учурда жаш кыздардын көпчүлүгү боюнан алдырып салып жатышат. Кийин анын кесепетинен азыр биз кеп кылып жаткан дартка кезигишпейби?
- Туура. Чындыгында акыркы мезгилдерде жаш өспүрүмдөр арасында жыныстык ооруларды жугузуп алуу, бойдон алдыруу маселелери күн санап көбөйүүдө. Өзгөчө жаштардын өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап, мындай көрүнүштөргө баргандары көңүлдү оорутат. Биздин келечек ээлеринин бул абалдары кимди гана ойлондурбасын. Аборттон кийин экинчи бала күтүүгө мезгил келип жеткенде, сөзсүз дарыгерге кайрылуулары керек. Себеби, аборттон кийин жакшылап дарыланбай калса, ичтен баласы өспөй калышы мүмкүн. Эми бул дарттын башында айтып кеткендей себептери көп болгондуктан, аны изилдеп табыш көп убакытты талап кылат. Кээ бир аялдар бир-эки жолу дарыгерге баргандан кийин эле өздөрүн таштап, дарыланбай коюшат. Ошон үчүн сабырдуулук, кылдаттык менен текшерилип дарыланышса баланы сактап да, балалуу да болушат.





  Өзүңдү өзүң дарыла

Лимондун дарычылыгы
Лимондун касиетинин бири-адам баласын жашартууга, ооруну айыктырууга алдын-алууга жардам берет.
Күн нуру адам баласына кандай пайдалуу болсо, күн нуруна бай лимон (күн нуруна окшош эмеспи) да ошончо пайдасы бар мөмө-жемиш болуп саналат.
Лимондун таттуусу аз кандуу адамдарга пайдалуу.
Абдан кычкыл лимон беттеги сепкилди кетиргенге жардам берет.
Лимондун согу ашказандын иштешине, тамактын сиңишине таасирин тийгизет. Ал эми ашказандын кычкылы жогору болсо, лимондун согун байкап ичкени оң. Ошондой эле гастрит менен ооругандар лимонду тамактан кийин чайга кошуп ичкени туура. Эскерте кетчү жагдай: бир-эки кесинди гана пайдаланыш керек.
Лимондун согун
кантип кайнатат?
Лимондун согун ар ким өзү кайнатып алганы жакшы. Ал үчүн лимонду чоң идишке салып, үстүнө кайнак суу куюп, 1-2 мүнөт сууда кармап туруу керек. Андан кийин лимонду экиге бөлүп согун алат. Ысыган лимондон сок жакшы чыгат. Сок мээни иштеткенге жардам берсе, тиштин түптөрүнөн чыккан канды токтотууга, парадантозго, бактерияларды өлтүрүүгө пайдалуу.
Лимонду тандаганды
билесизби?
Эгер лимон өзүнүн көлөмүнөн оорураак сезилип турса анын согу көп болуп, данеги аз болот. Негизи жумшак болуш керек. Соктуу болуп сакталыш үчүн лимонду сууга салып койгон оң.
Эгерде анын сырткы түзүлүшү жылма эмес, калың болсо алардын даамы ачуу болуп калат.
Лимонду майда туурап, эки стакан кайнак суу кошуп, 20 мүнөттөн кийин бир сааттын ичинде ичүү зарыл. Ошондой эле үч стакан кайнак сууга эки лимондун согун, жүз грамм балды кошуп аралаштырып, муну суунун ордуна ичсе болот. Булардын пайдасы суук тийгенден сактайт.

Чиркей сизди
жүдөтсө…
Биринчиден чиркей түтүндөн качаары белгилүү. Демек, талаага чыгып калсаңыз же үйдүн эшигинин алдына же отурган жердин алдына арчаны түтөтүп койсо болот.
Албетте,үйдүн же турак жайдын ачылып туруучу терезесине жука, тор кездеме же марли тагып туруп ДЭТА, диметелл, индалон, реппелин-альфа деген дарыларды сээп койсо, чиркейлер жолобойт. Бул дарылардын касиети 7-10 күнгө чейин сакталат.
Андан сырткары үйдөгү чиркейден арылуу үчүн "аэрозол" баллонунда чыгарылуучу дихлофосту чачуу керек (чачаар алдында тамак-ашты, гүлдөрдү жаап, же чыгарып коюш керек).
"Реппелект" деген суюктукту алып, эшиктин алдын сүртүп, тазалап турган пайдалуу.
Чиркейге каршы кийимдер бар экени да белгилүү. Ошондой эле ар кандай суюктуктарды, вазелинди эритип ага кавтолли, одеколондон кошуп аралаштырып, дененин ачык жерлерине сүртүп, андан соң күн караманын майы менен (акталбаган) майлап койсо чиркей келбейт.
Чиркей чыккан жер кычышып, ачышса каллендуланын жаңы маңызы, же дарыканада сатыла турган эритмеси менен сыйпаса айыгууга жардамын берет.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??