п»ї

  билгениң оң

Фаршталган
Картошка
Керектелүүчү азыктар:
1 кг картошка (орточо)
300 гр фарш
3 баш сарымсак
1 сабиз (орточо)
1 чай кашык томат
1 бульон
Укроп, петрушка.
200 гр өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:
Картошканын ортосун оюп алыңыз.
Фаршка туз, мурч кошуп, пиязды, картошкадан оюлуп алынган бөлүктөрүн майда туурап, баарын аралаштырабыз. Андан кийин картошканы казанга тизип, көмгөндөй кылып кайнак, (жылуу) суу куясыз. 20-30 мүнөттө бышат.
Өзүнчө идишке пияз, сабизди майда туурап томат, туз кошуп кууруп аласыз.
Анан аны казандагы бышып аткан картошканын суусу кайнаганда үстүнө куюп жибересиз.
Сарымсак, укроп, петрушканы майда туурап, үстүнө салып, 10 мүнөт демдеп коёсуз.
Тамагыңыз таттуу болсун!





Адептүүлүк
Дасторконго 13 киши отурса -жагымсыз окуя болот.
Сынык идишти үйдө сактаба - үй-бүлөдө тегиз бакыт болбойт.
Нанга бычак сайып койбо - берекең кетет.
Үйгө келген конок чечилип сүйлөп берсин десең - анын алдындагы кашыкты көмкөрөсүнөн коюп кой.
Үйгө келген коноктордун саны так болсо кошумча кылып дагы бир идишти коюу керек. Жамандык менен жакшылыкты тең салмактайсың.
Идиш-аякты теппе - дөөлөтүң качат.





Адам болуунун жолу

Адам -
Ачууну токтоолук менен жеңет,
Жамандыкты жакшылык менен жеңет.
Битирдикти - марттык менен жеңет.
Жалганды чындык менен жеңет.
Адамдын бактысы...
Алган жары татыктуу.
Балдары кайрымдуу.
Дос, теңтуштары жакшы.
Ата-журтуна кошкон салымы болсо.
Адамдын адам экени...
Чоочун адамдар менен ырайымдуу сүйлөшүп, таанышса.
Башка адамга тилегени жакшылык болуп, жамандык ойлобосо.
Колу март болуп, ажаат ачып турса.
Тууган, душман деп экиге бөлбөсө.
Урушса да ырайымга келип турса.
Оозунан жаман сөз чыкпай, сөзү таттуу болуп, сый, кадыр билсе.
Адамдын акмактыгынын
үч далили:
Биринчиси - текеберчилик, бийлигине чиренгендик.
Экинчиси - көйрөңдүк, байлыгына чиренгендик.
Үчүнчүсү - маңыроолук, өзүнөн башканы адам катары ойлобогондук.
Адамда төрт түрдүү мүнөз бар
Өжөрдүк - уятка
Жеңилдик - өкүнүчкө
Заар тил - өчөштүккө
Жалкоолук - басырынууга алып келет.
Адамды эмне бузат?
Көсөмдү - битирдик.
Аялды - абийирсиздик.
Элди - калп бузат.
Адамды үч нерсе кейитет
Айыкпаган кесел.
Жаман уул.
Жаман сөз.
Адамдагы үч кордук:
Орто жашка барганда - багы качса
Орто жолго барганда - жөө калса
Карыганда кемпири өлсө -чоң кордук.




Элдик медици-надан
Өпкөгө суук тийгенде ысык кумга шейшеп оронуп алып, күнүнө 20 мүнөттөн 5-10 маал жатуу керек.

1 стакан сууга 300 гр бал жана майда тууралган алоэнин бир жалбырагын салып, эки саат жай кайнатуу керек. Муздагандан кийин аралаштырып, салкын, муздак жерге сактайт. Күнүнө үч маал, 1 аш кашыктан ичүү пайдалуу.

Туздун дарылык касиети
Тамак ооруганда, өпкө, бронха инфекция болгондо туздун эритмесин марлиге сиңдирип алып моюнга, аркага тартса жакшы жардам берет.

Баш ооруганда же (давление) кан басымы көтөрүлгөндө 8-10% тузду (1 стакан суу, 2 чай кашык туз) ысытат да, марлиге сиңирип алып башка таңып коюңуз.




Таман үчүн жашылчадан жасалган компресс
Жайында биз көп учурда ачык бут кийим киебиз. Мындай учурда таманыңызга жашылчадан компресс жасап кам көрсөңүз болот. Мындай мамиле териңиздин жагымсыз абадан болгон бузулушун калыбына келтирет, тазалайт. Компрессти сөзсүз түрдө таза териге коюшуңуз керек.
50-100 мл жашылча же жер-жемиш ширесин (малина, кулпунай, шабдаалы) алыңыз. Ага эки тамчы өсүмдүк майын жана бир чай кашык ромашканын кайнатмасын кошуңуз. Баардыгын аралаштырып, бир мүнөт анча күчтүү эмес өткө коёсуз. Даярдаган аралашманы жылуу бойдон 20 мүнөт таманга сыйпап коюу жакшы жыйынтыгын берет.




Акыл тамчылары
Боюнда бар аялдын оюндагысын аткар.
х х х
Аял ичке дубал, эркек тышка дубал.
х х х
Эрлүү аялга жолборс да тийбейт.
х х х
Ак сарайды тилегиче, ак сүйүүнү бекемде.
х х х
Жакшы көргөн жарыңдын ата-энесинин үйүнө таазим эт.
Корей
Аялыңды сыйла, бирок тизгинди колдон чыгарба.
Курд
Эки уйлуунун үйү-айран,
Эки аялдуунун үйү- ойрон.
х х х
Кыз берген кыр ашат.
Кара калпак
Жакшы эркек аялды урбайт,
Жакшы ит тоокко үрбөйт.
Кытай
Жамандын жары болгуча,
Жакшынын жесири бол.
Өзбек
Тилин тыйып жүргөн аял,
Баардык аялдан мыкты аял.
Лужица
Аялыңдын көзү өткөндө гана төшөгүңдү алмаштыр.
Чечен
Үйлөнгөн өсөт, үйлөнбөгөн өчөт.
Татар
Бийликти сүйгөн аял күйөөсүнө эр болот.
Парсы
Атасынын акчасына үйлөнгөн, аялынын кадырын билбейт.
х х х
Эрте жолго чыккан жана эрте үйлөнгөн өкүнбөйт.
Биринчи көзгө, анан жүрөккө жагыш керек.
Армян
Кызганчаактык жана элдешпестик түгөйлөрдүн түйүнүн үзөт.
х х х
Аял ойлогон иш эркек аркылуу ишке ашырылат.
Амхар
Экинчи күйөөдөн бактылуу болуш анча эмес.
Адыгей
Турмушка чыкканга даярданган кызды токтоткондон көрө жаанды токтотуу жеңил.
Абхаз





Пайдалуу кеңештер
Балыктын жаңы экенин билиш үчүн аны суу толтурулган идишке салыңыз. Эгер балык жаңы болсо сууга чөгүп кетет.
?????
Кошунаңыздан казан сурап алсаңыз, колдонуп бүткөндөн кийин түбүндөгү көөнү кырып, тазалап бериңиз. Антпесе, сиздин казан түбүндө калган ырыскыңыз кошо кетет деп коёт.
?????
Эгерде этти жакшы, жумшак болуп бышсын десеңиз, аны сүткө салып бир нече саат коюп коюңуз.
?????
Ак кийимдердин өңү өчүп кетпеш үчүн аны жуурдан мурун лимондун бир нече бөлүктөрү салынган сууга бир сыйра чайкап алып, андан соң адаттагыдай жууй берсеңиз болот.
???
Сизге белекке келген гүл көпкө чейин сакталып, соолубай турсун десеңиз, вазага сууну куйгандан кийин бир аш кашык кумшекер же аспирин таблеткасын салып, эритип коюңуз.
?????
Гүл сатып алып жатканда анын жалбырактары түз жана катуу экенине көңүл буруңуз. Ылдый карап турган жалбырактар гүлдүн жаңы эмес экенин билдирет.
?????
Гүлдөргө күн нурунун түздөн-түз тийип турушу туура эмес. Гүлдөр салкын жерде туруш керек.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-май, 2009-ж.:
1-бет
АЯЛЫНА ЧӨНТӨГҮН ШЫПЫРТКАН АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ
2-бет
Жеңишбек Айтиев:
"Бизде сынчылар көп, иштегендер аз"

3-бет
Депутаттын баласына зомбулук кылгандар ким?
4-бет
Күнсүрөт
5-бет
Эл акыны Гүлсайра
Момуновада эмне жаңылык?

6-бет
Алай канышасы - Курманжан датка
7-бет
Той башкарган "эрке бала"
же тамаданын тамагы канча

8-бет
Жылдыз Шамшыбекова:
"Баланын өмүрү бойго бүткөн күндөн башталат"

9-бет
Фаршталган
10-бет
Сынактан сындалган таланттар
11-бет
Макс Бегалиевдин никесиз төрөлгөн баласы барбы?..
12-бет
Чөнтөгүңдү карачы,
сөлкөбайың саначы...

13-бет
Мырзалардан алган мыкты белектер
14-бет
быш... быш... паровоз
15-бет
Мухаммед пайгамбар деген ким?
16-бет
күлкү ден соолуктун мүлкү
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??