п»ї

спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
Сегиз бурчтуктун мушкерлеринин оюнчуктары чыгарылды
Round 5 компаниясы тарабынан UFCтин оор салмактагы мурдагы чемпиондору Андрей Арловскийдин, Антонио Родриго Ногейранын, Френк Мирдин жана сегиз бурчтуктун калысы Джон Маккартинин оюнчуктары чыгарылды. Инструкторлор тарабынан чыгарылган оюнчуктар мушкерлердин күйөрмандарына сатылмакчы. Ошондой эле компания жылдын аягына чейин Федор Емельяненконун оюнчугун чыгарууга камынууда.

Тищенко үчүнчү олимпиадалык оюндарга даярданууда
Бокс сүйүүчүлөр ортосунда олимпиадалык оюндардын эки жолку чемпиону, Орусия курама командасынын мүчөсү Алексей Тищенко (Афина 2004 жана Пекин 2008) профессионалдык бокска өтпөшүн кабарлады. Анын мындай чечимге келгендигинин бирден бир себеби олимпиадалык оюндардын үчүнчү медалына даярдана баштаганы болууда. Бул мезгилге чейин Алексей 57 жана 60кг салмак ченинин олимпиада жеңүүчүсү болгон. Азыр мушкер 64кг салмак категориясында күч сынашууга даярданып жаткан кези. Ошондой эле Алексей дүйнөлүк чемпионатка катышпасын, жолду жаш боксчуларга бошотуп бергенин, дүйнө биринчилигинде Лондон олимпиадасына катыша турган атаандаштарынын даярдыктарын байкаарын кошумчалап өттү.

Менни Пакьяо саясатчы болобу?
Филиппиндик Мэнни Пакьяо британиялык Рикки Хаттондун үстүнөн жеңишке жетип, карьерасындагы чоң бийиктикти багынтты. Анын спорттук карьерасындагы акыркы атаандашы Флойд Мейвезер кенжеси менен Хуань Мануель Маркестин беттешиндеги жеңүүчү болоорун билдирди. Ошондой эле анын атаандаштарынын катарында Мигель Анхель Котто менен Эдвин Валеро да болууда. "Пакмен" акыркы таймашын ушул жылдын күз айларында өткөрөөрүн, андан соң бокстук карьерасын аяктаарын билдирип, андан аркы жашоосун саясат менен байланыштыраарын белгиледи.


Франсуа
Бота жеңишке жетти
Германиянын Магдебуре шаарында супер оор салмактагы боксчулар Франсуа Бота менен Тим Хорффман күч сынашты. Эки мушкер WBF версиясы үчүн тирешип Бота өзүнүн чеберчилигин көрсөттү. Кыркка барып калса да ал күчтөн тайбаган Франсуа Бота, Хоффманды эки ирет нокдаунга түшүрүп, калыстардын чечими менен 117-110 жана эки ирет 114-113 эсептери менен жеңишке жетти.

"Манчестер Юнайтед" чемпион
Англия премьер лигасынын алкагындагы чемпионаттын финалдык оюнуна "Манчестер Юнайтед" клубу менен "Арсенал" командалары катышышты. Оюндун жүрүшүндө "Арсеналдын" футболчулары жандуу чабуул жасаганы менен оюн эсеби 0:0 менен аяктап, көп упай топтоого жетишкен "Манчестер Юнайтед" Англия кубогунун жеңүүчүсү болуп табылды.

Хави Наварро карьерасын жыйынтыктайт
"Севильи" клубунун отуз беш жаштагы коргоочусу Хави Наварро тизеден алган жараатынан улам оюн талаасына чыкпай калганына бир жарым жылдын жүзү болгон. Бир жарым жылдан бери оюнга чыкпаган Наварро мындан ары да ойной албастыгын билдирип, спорттук карьерасын жыйынтыктаарын айтты.

Руслан Лондон олимпиа-дасына жолдомо алды
Ок атуу боюнча эл аралык спорттун чебери, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов Кыргызстандан биринчи болуп Лондон олимпиадасына катышууга жолдомо алды. Мекенибиздин намысын коргоп жүргөн мергенчиибиз Кытайда өткөн ок атуу мелдешинде, Лондон олимпиада оюндарына тиешелүү болгон талапты аткарып 592 упай топтогон. Топтогон упайы Русланга олимпиада оюндарына катышууга мүмкүндүк берди. Бирок, алган жолдомосун коргоо иретинде Руслан Исмаилов дагы бир нече мелдештерди жеңип сындан өтүүсү зарыл. Эмнеси болсо да олимпиада оюндарына катыша турган спортчубузга албан ийгиликтерди каалайбыз.

Mutua Madrileсa Madrid Open турнири жыйынтыкталды
Теннис боюнча Мадридде өткөн Mutua Madrileсa Madrid Open турниринин түгөйлүк оюндарында Даниель Нестор Ненад Зимонжич менен биргеликте Хуань Мартин Дель Потро жана анын түгөйү Марди Фишке каршы чыгып оюн Нестор менен Зимонжижтин пайдасына 6:4, 6:3 эсептери менен чечилип, акчалай сыйлыктын ээси болуп калышты.

Кимдин ким экенин аныктоо мезгили жетти
Бокс күйөрмандарын эки жылдан бери күттүрүп келе жаткан Валуев менен Чагаевдин беттеши 30-май күнү Хельсинкиде өтө тургандыгы дайын болду. Мында Николай Валуев WBA наамын өзбөкстандык боксчудан коргомокчу. Эскерте кетчү нерсе Руслан Чагаев бул мезгилге чейин Валуев менен боло турган реванштан машыгуу учурунда алган жараатына байланыштуу баш тартып, чемпиондук курун тапшырууга аргасыз болгон. Бош калган наамды Валуев август айында жеңип алган болчу. Жыйынтыгында орусиялык боксчу чемпион болуп аны коргоо иретинде Чагаевти таймашка чакырып, кимдин ким экенин аныктоо мезгили жеткендигин билдирген. Ошондой эле бул мелдешке супер оор салмактын экс чемпиону, легендарлуу Майк Тайсон кадырлуу конок катары катышып кетээри маалым болду.

Допинг саткан Давид Даан
Бодибилдинг боюнча дүйнөнүн 2003-жылкы чемпиону франциялык Давид Даан тартип сакчылар тарабынан денени, булчуңду өстүрүүчү дарыларды мыйзамсыз түрдө алып бара жаткан жеринен кармалды. Жыйырма сегиз жаштагы экс чемпион өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте допинг кошулган дарыларды жасап, культуристтерге кымбат баада сатып келген. Анын мындай кылык-жоруктарын байкап келген күч органдары, спортчуларды кармоого элүү кызматкер тартылганын кабарлады. Эске сала кетсек, Давид Даан профессионалдар ортосунда "Ааламдын мистери" конкурсун үч жыл катары менен жеңип келген.

Фелпс жеңилүүгө дуушар болду
Сууда сүзүү боюнча Кытайда өткөн олимпиада оюндарынын бир нече жолку жеңүүчүсү, америка курама командасынын мүчөсү Майкл Фелпс бир жылдан бери, биринчи жолу жеңилүүгө дуушар болду. UltraSwim мелдешинде Фелпс желке менен сүзүүдөгү 100 метрликте, атаандашы Аарон Пирсолго жеңилип, экинчи болуп келди. Аарон Пирсол 53,79 секундда келсе, Майкл атаандашынан бир секунд артта калган. Фелпс бул тууралуу мындай деп маалымдама берди:
- "Мен жеңилгенди жаман көрөм. Аарондун желке менен сүзүүдө бир топ өзгөчөлүгү бар, ошондон улам жеңилүүгө дуушар болдум. Бирок баары алдыда. Аарон менен дагы да болсо кездешээрбиз, андыктан желке менен сүзүүнү үйрөнүүгө көбүрөөк басым жасаймын"- деп билдирди спортчу жигит өз маегинде.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??