п»ї

 "Обон"-почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-65-01. Жаздын жыты мага жакын дайыма, жаан менен жаш тамызам аргам канча? Жашоо жаралган экен жомок сымал, мындай кезде жомоктой болуп кетсе. Айгөлөк.

ОП-65-02. Саламатсыздарбы сүйүктүү "Обонтайымдын" жалпы жамааты? Бизге сүйүү азабы жана турмуштун ачуу таттуусун чагылдырган жараткандын сыноосу деген эки чакан аңгемебизбар эле. Ошолорду көрүп жаксачыгарып бере аласыздарбы? Айназик сулуу.

ОП-65-03. Сен кимсиң сен менин кумарымсың, сен менин мээрим тутаар булагымсың. Таалайыма болсун деп сени тумар, кудайым белек кылган тумарымсың./ Гүлгө оролуп сенин элесиң, күндө тартам азап кемесин. Күлгөнүңдө нур чачырап көзүңдөн, нурга бөлөп неге мынча эзесиң./ Күндө карап сааттын жебесин, күтө берем качан келесиң. Эх жараткан, күткөн сүйүүмдү качан бересиң? Билал козу.

ОП-65-04. Салымым Тилекке жолдонот. Тилек мен сени сүйөм. Даниелге чоң салам, ишине ийгилик. Ной-93.

ОП-65-05. Салам Атабеков М. КТРден 10-майдагы көрсөтүүдө жөнөкөйлүгүң, ырдаган ырың жакты. Сага чыныгы ак сүйүү тилейм. Талантыңа таазим этем. Мага СМС гана жазып койчу? 9555610687 Асел.

ОП-65-06. Мен өзүмдү жалгыз талга окшоштурам. Канча күн мурда сүйгөнүмдөн калыпкалгам. Жолду карайм, күтө берем көзүм талбай, ушул ырым жетсе сага ысык салам. Күтө берем карагаттай көзүм талбай, карай берем аягы жок жолдон качпай. Кайсы күнү, кайсы убакта келээр экен, издеп жүрөм сүйүктүүмдү мен таба албай. Айназик сулуу.

ОП-65-07. Урмат кандай, ден соолук, окуулар жакшыбы? Экзаменди жалаң "5"ке бүтүр. Мен сени сүйөм. 0550936746.

ОП-65-08. "Обон" аркылуу таанышкан Алтынбекке салам жолдойм. Айгүл.

ОП-65-09. Алыскы Лейлек районундагы Патхоз айылына сагынычтуу салам. Лейлектин жигиттери менен достошкум келет. 0773634018.

ОП-65-10. Жанымда сен жок кезде мен үчүн өтө жагымдуу бир нерсе бар, көзүмдү жумуп алып, сен жөнүндө ойлонуу. Сен жөнүндө ырлар жазуу, бул мен үчүн кайталангыс нерсе. Уулжан.

ОП-65-11. Ички дүйнөсү таза балдар-кыздар менен достошкум келет. 0773167397.

ОП-65-12. Ойлосом өмүр деген өтө кыска, жайчылык ойлонууга өтө уста. Аллага миң ыраазы болот элем, ар бир адам жок дегенде жүзгө чыкса. Чымкенттен Елена.

ОП-65-13. Дамира мага капа болбо, менде дайыма эле кризис болуп жатат. Качан мага Ошту көрсөтөсүң. Мунара.

ОП-65-14. Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылындагы атам Кадырдинди 16-май жана иним Талгарбекти 13-май туулган күндөрү менен куттуктайм. Бар болуңуздар, ата-апа. Астанадан Санжарбек.

ОП-65-15. Өткөргөн күндөрүбүз бейиш бак, күтчүмүн жолугушчу күндү самап. Сүйүүбүздүн убалынан коркпостон, кеттиңби сен башканын колун кармап. Кетээримде сени эч кимге кыялбадым, канаты жок кушка окшоп уча албадым. Биз өткөргөн күндөрдү унутсам да, негедир сени унута албадым. Ребека.
ОП-65-16. Ноокат районунуун Кызыл-Тейит айылынын тургундарына чоң салам. Атам Акимге, апам Алыймага жана бир туугандарыма салам. Ар дайым бар болуңуздар. Силерди жакшы көрөм. Зулкумар.

ОП-65-17. Сокулукта №3 мектептин 8-г классында окугаган Наргиза мен сени сүйөм. 0770410993.

ОП-65-18. Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназия-интернатынын таланттуу окуучуларына, директору Адылбек Макамбаевичке, музыка мугалими Эргеш Алиевге жана башка мугалимдерге чоң салам. 7-б класс мен силерди жакшы көрөм. Назбийке.

ОП-65-19. Сезимге бүлүк түшөт азап тартам, сага арнап сен жөнүндө ырлар жазам. Кирпиктер ирмелбестен түнү бою, сүйүүнүн муңдуу-муңдуу күүсүн тартам. Билал козу.

ОП-65-20. Айгерим Расул кызы сиздин сүйлөгөнүңүз жагат, бирок кийингениңиз жакпайт. Себеби кыска кийинесиз, узун эле юбка кийиңизчи? Маха.

ОП-65-21. Акпейилге, Жанусь-Розага, Ангел-Асемге чоң слам. Омарчик сен баарынан алдыдасың. Мисс Саинт Ангел.

ОП-65-22. Шумкар кандайсың, бул ыр сага арналат. Сен татпа сүйүү даамын, азгырган кызга бергин баарын. Ашык болуп көздөрүнөн жаштар аксын, бир четке сен өзүңдү алып качкын. Сени менен таанышкым келет. Ребека.

ОП-65-23. Досторум Хан-Шай, Мемо, Эля, Дина, Кербен-Куба, Батина, Нурдин байке жана башкаларга салам. Достор бар болгула, аман болгула. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Уулжан.

ОП-65-24. Кулагыма жаңырат күндө, курдаш туткан ырларың түндө. Андан башка аргам калбады, суранам унутпа мени. Амандыгың тилеп олтурам, ачуу жашка көзүм толтура. Бир болсок мейли ардагым, сүйүүм жашайт туу тутулган. Сагынамын, сагынам баарын, сени менен таанышкан маалды. Жада калса жаным сагынам, таарынышкан күндү дагы. Бакыт күнү алыста калды. Жаның.

ОП-65-25. Түшүнүксүз менин ушул мүнөзүм, канча ирет сөз бердим өзүмө-өзүм кечирбейм деп. Сенин кылган иштериңе, билбейм неге сени кечирдим. Ребека.

ОП-65-26. "Обонтай" сиздердин жалпы жамаатыңыздарга жана досум Ангел-Асем, эжем Нурзатка салам жолдойм. Бар болгула, бактылуу болгула. Зарина.

ОП-65-27. Жараткан мейли бербе байлыгыңды, көтөрөм бул жалганда жардылыкты. Суранам бир өзүңдөн, көз жумуп кеткичекти таза сакта ыйманымды. Нурмухамед.

ОП-65-28. Ассалому алекум, кандайсыңар, Аллахтын сүйүктүү пенделери. Ыймандуу 92-93-жылкы кыздар менен таанышам. 0700041488

ОП-65-29. Тук-тук, Айнура сага СМС келди. Эгер сен бул СМСти өчүрүп таштасаң анда сен мени катуу сүйөсүң. Эгер окубай эле кызыл баскычын бассаң, анда сен мени өтө сагыныпсың. Эгер унчукпай койсоң, мени өтө көргүң келип жатат. Эгер окуп жиниң келсе, анда сен менсиз жашай албайсың. Эгер СМСке жооп бербесең мен үчүн жан берүүгө да даярсың. Эгер СМСке жооп жазсаң, мени баарынан, өзүңдөн да кызганасың. Так, эми бул СМСти эмне кыласың? Элдияр.

ОП-65-30. Нарцисс мен сага такыр түшүнбөдүм. Эмнеге чалсам трубкаңды албайсың, СМС жазсам башкача мааниде түшүнүп аласың. Мен сени менен өзү жакшынакай эле дос болууну каалагам. Мен сага жакпадым окшойт же мени менен дос болууну каалабадың. Бирок ушуну билгин, менин сага болгон достук сезимим аруу, ак жана таза болчу. Мейли эми кай жерде болсоң да аман бол. Сага жамандык каалабайм, бактылуу бол, ийгилик. Унутпа мен сени баары бир досум эле деп билем. Ангел-Асем.

ОП-65-31. Ай-иий нускаңар түшүп кетти беле же окурманыңар көбөйүп кеткенби? Түштөн кийин эле "Обон" таппай калабыз. Ылайым эле окурманыңар көбөйүп таппай калалы. Кербен-Куба.

ОП-65-32. Адашып сен да келсең, мен да келем, негедир уяң тартат менин денем. Жалт карай албасам да жамалыңдан, көзүмдүн кыйыгынан карай берем. Сени ойлоп олтурганда ойдо терең, телефон жүрөк козгоп шыңгыр эткен. Атылып сен экен деп ала койсом, аттиң ай ал адашкан адам экен. Мырзаев Чынгыз ден соолуктар жакшыбы? Сагындырып кайда жүрөсүң? Жанымдын жарымы болчудай туюласың. Сендик болсом мен бактылуу адаммын. Айзада.

ОП-65-33. Салам мусулман бир туугандар, жүрөгүңүздөр ыйманга толсун. Айгерим-89.

ОП-65-34. Москвада иштеп жаткан Гүлжан абижемди май айындагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун, асманыңыз ачык болсун. Жүзүңүздөн күлкү кетпей туугандардын арасында аман болуңуз. Назарбек, Рахат.

ОП-65-35. Түн ортосу ойгоном сени ойлойм, бир сага эч бир жанды теңеп койбойм. Сагынам, куса болом ойлой берип, атыңды жүрөгүмө жазып койгом. Кербен-Куба.

ОП-65-36. Айнура эжеге. Роза гүлдү гүл десе, кызыл гүлгө окшобойт. Баардык ырчыны бир десе, бири да сизге окшобойт. Бакуля.

ОП-65-37. Ош шаарындагы У.Салиева атындагы лицейди бүткөн Отуз-Адырлык Сагынбаева Индира кабарыңды билдирчи? ОшТудагы окууларың эмне болуп жатат? Дос сени аябай сагындым. Алматыдан классташың Т..г.

ОП-65-38. Саламым Келечек айылында жашаган ата-энеме. Сиздерди жакшы көрөмүн. СМСчилер мени да кошуп алгылачы? Баарыңарды кудайым колдосун. Баян.

ОП-65-39. Мен Урматты аябай сүйөм, сен мени сүйөсүңбү? Бир кыз.

ОП-65-40. Эстесем мени карап күлгөнүң, ойлонгомун болот деп менин сүйгөнүм. Ойлогонум чекеси да болгон жок, сага деген сезимим да калган жок. Эстегим келбейт сени менен жүргөнүм, сүйүү кандай экенин аңгыча мен үйрөндүм. Сүйөм деген жалган экен сөздөрүң,таштады деп ишенбеди көздөрүм. Артымдан барат деп ьаштадың,эми сен мага жакпажың. Э.Дима.

ОП-65-41. Урматтуу Замира Молдошева, мен сизди Кыргызстандагы эң профессионалдуу адис, стилист катары сизди баалап келем. Сизден сураныч, Ошко келе турган болсоңуз биз менен байланышыңызчы? Чачыма кайчы тийгизе элекмин. Биз менен байланышсаңыз. Чоң үмүт менен Гүлжан.

ОП-65-42. Салам "Обондун" СМСчилери, мен силер менен таанышкым келип жатат. 0550606871 Назгүл.

ОП-65-43. Урматтуу Ангел-Асем, мени наам үчүн СМС жазган деп ойлосоң жаңылышасың. Нурмухамед.

ОП-65-44. Жумгалдын сулуу кызы Айнурага салам. Ыймандуу, кыргыздын сыймыктанаар кызы бол. Саячка.

ОП-65-45. Таш-Көмүр шаарындагы апам Гүлима, апчим Гүлнарага, досторум Алишер, Азамат, Самат, Ильязга жана сүйгөнүм Элвирага салам жолдойм. Мелис.

ОП-65-46. Эх чиркин балалык кез, кандай гана сонунсуң, кандай гана кереметсиң. Өмүрүңдүн эң кызыктуу, эң бактылуу мезгили балалык го? Туулган жеринде, ата-эненин койнунда, эч нерседен бейкапар ойноп жүрөсүң. Дайыма көңүлүң ачык, азыркыдай баш ооруткан сүйүү, жумуш, байлык, акча табуу деген проблемалар жок. Атаганат балалык кезим кайрылып келсе, сени сагындым алтын балалыгым. Абдаш-Али.

ОП-65-47. Сен кандай адам экениңди билбедим, жакшы болду сен кайрылган кеткенин. Ойлогомун артыман барат деп. Ойлогонуң максатыңа калат деп, такыр жакпай калдың сен мага, көргөн сайын жалдырап мага караба. Э.Дима.

ОП-65-48. "Алмаз" радиосунун шайыр ди-джейи Марат Мырзабековага зор салам, ишиңе ийгилик жана аппак кардай тунук сүйүү, менин сырдуу курбум менен кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун. Айдеми.

ОП-65-49. Жездем Нияз, эжем Жаннатка салам жолдойбуз.Сагындык. Азамат, Мадина.

ОП-65-50. Менин сүйүктүү, шайыр курбуларым Батина, Мемо, Хан-Шайга салам. Ишиңерге, окууларыңарга ийгилик, тунук сүйүү каалайм. Айдеми.

ОП-65-51. Салам урматтуу Бакайчик, кандайсыз, ал-ахыбал, маанай, жагдайларыңыз баары сонунбу? Эмне көрүнбөй кеттиңиз, бир кездерде бензин менен иштеген Бакайсоник деген телефон жасап жатам дедиңиз эле, эмне болдуңуз бүттүңүзбү? Мен да учурдан пайдаланып бензин арзанында иштетип калайын дедим эле. Ангел-Асем.

ОП-65-52. Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарчасында окуп, жашап жаткан бир тууганыбыз Нурадилге салам жолдойм. Ишенген тирегибиз, чырагыбыз сени сагындык. Ата-эненин ишеничин акта. Азамат, Мадина.

ОП-65-53. Бактыгүлкандайсың, мен сен менен жакшы дос болом деп ойлогом, күнөө менде болсо кечиресиң, эч качан туура жолуңдан адашпа. Ислан-93.

ОП-65-54. Адилетти 16-май туулган күнүң менен куттуктайбыз. Сен кудайга аманатсың досум. Бактылуу бол, ишиңе ийгилик каалайбыз. Азамат, Мадина.

ОП-65-55. Ааламда теңдеши жок ата-энем, бешенеме ар дайым аман болгула. Апа-ата бар байлыгым силерсиңер. Сагынып кызыңар Соло-Гитара.

ОП-65-56. Салам Айпери, Дилфуза окуп калсаңар +77026158797ге маяк кылгылачы.Мен Кара-Кулжадагы досуңар. Чымкенттен Нуриза.

ОП-65-57. Саламым "Аламүдүн" базарында иштеген досум Мээримге жолдонот. Дос эгер окуп калсаң+77026421648 номерине СМС жаз. Мен сенин номериңди жоготуп алдым. Астанадан Гүлнур.

ОП-65-58. Салам Айзирек, ден соолук жакшыбы? Каалайм сага узун өмүр, чексиз бакыт. Ар дайым бар бол, эч качан адашпа ыйман жолунан, жигитиң менен бактылуу бол. Ыймандуу жигитиң болсун өзүңө окшош сулуу карындаш. Ислан.

ОП-65-59. Ассалому алейкум кыргыз жаштары. Сүйүү, махабат деп какшай бериштин кереги жок.Сүйүүгө көп ишене бербегиле. Сүйүү эртең эле ыдырап кетиши мүмкүн. Сүйгөнүмө жетпедим деп, эч качан өмүрүңөргө балта чаппагыла. Махабаттан башка да сүйүүлөр бар. Мисалы Алланы сүйүү, Мекенди сүйүү дегендей. Ар дайым Алланы сүйгүлө, эки дүйнөдө бактылуу болосуңар. Чыныгы бактылуулук Алланын жолунда. Мекенди сүйгүлө,бул түбөлүктүү дегендик мына ушул сүйүүлөр туруктуу сүйүүлөр. Абдаш-Али.

ОП-65-60. Сагынамын сени ойлоп периштем, сүрөтүңдү кармап карап эзилем. Клиптеги кыздарыңды көргөндө кызганам жаным дагы бир жолу жолугалычы. Суранам сенден жаным Ильяз Абдыразаков мен сени гана сүйөм. Назгүл.

ОП-65-61. Айнура эже кандайсыз? Сизге узун өмүр, чың ден соолук, дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Дина.

ОП-65-62. Салам "Обондун" СМСчилери жазат десе эле жаза бербей, аз болсо да ойлонуп жазгылачы? Айрыкча Гуля сага көбүрөөк тиешеси бар. Патриотка.

ОП-65-63. Ош шаарындагы №38 Барпы мектебинин 1989-жылкыларына салам. Ким окуп калса да номериңерди жазгыла. +77022897065 Азамат-89.

ОП-65-64. Сырдуу кыз, эми өзүңдү Айка деп чыгардыңбы? Азамат экөөбүздү ажырата албай калдың го. Биз ошол СМС үчүн урушпайбыз. Кайра бири-бирибизди түшүнөбүз.Сага окшогон канчалар СМС жазат.Биз эч көңүлүбүзгө албайбыз. Азамат, Мадина.

ОП-65-65. Бегимай Бекбоевага салам жолдоп, чыгармачылык ийгилик каалайм. Лазат.

ОП-65-66. Салам достор, Гуля-88 сени менен таанышкым келет. 0773396435 Венера.

ОП-65-67. Алланын алдында эң кечирилгис күнөө бул ширк. Азыр айрымдар бүбү-бакшы, көзү ачыктарга ишенип, мазар булактарга сыйынып, тумар, көз мончокторго таянып калышкан. Эй адашкан пендем, Алладан коркуп, туура жолго кайтып, баары Алладан экенине бекем ишен. Бактыгүл-92.

ОП-65-68. Көөдөнүңдү көтөрүп, көңүл сурап, сураганда жылуу сөздөн СМС курап. Алыстасам жоктоорум, бир сөз айтсам коштоорум, жан шеригим бар, "Обондон" тапкан досторум ар дайым аман болгула. Канжар.

ОП-65-69. Ринат жаным, туулган күнүң куттуу болсун. Туугандарың куттуктап, үйүңшайга толсун. Туура тандап турмуш жолун, башыңа балбылдаган бакыт консун. Ар дайым ачык асман каалайм. Кумара.

ОП-65-70. Айнура ар дайым ушул сулуулугуңдан жазбай жүрө бер, сага ийгилик, тунук махабат каалайм. Күйөрманың Венера.

ОП-65-71. Жаным Канат, ишиңе ийгилик. Мен сени жакшы көрөм, уйкучум менин. Жазгүл.

ОП-65-72. "Обондун" баардык СМСчилерине салам. Бактылуу болгула, оорубагыла, жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Бирдигиңер эч качан түгөнбөсүн, сүйгөнүңөр сүйрөлүп жетсин. Билал козу.

ОП-65-73. Султан Садыралиев талантыңа таазим, сен суперсиң. Бактылуу бол, Алла Таалам элге чачканырыскыдан сага да чачсын. Алла ыраазы болсун. Россиядан Кема.

ОП-65-74. Бурул мени күттүрбөчү, жаным сагындым. Көкүрөк толо кусалык. Саша.

ОП-65-75. Алматыдагы Замир, Кыял, Муха, Замиш, Илгиз достугуңар үзүлбөсүн. Биз силерди көрүп кубанабыз, ар дайым бактылуу болгула. Силерге суктанган кыздар.

ОП-65-76. Ар ким өзүн акылдуу деп самашат. Билбегениң, билгениң да талашат. Байкап турсам барган сайын адамдар. Эмнегедир сүйлөөк болуп баратат. 0777266302.

ОП-65-77. Албетте дүйнө мүлктөн акыл ойдо, а бирок жакыр болсоң жашоо түрмө. Кызыл гүл гүлү түшсө кунары жок, гүл ачса ким суктанбайт. Кызылгүл.

ОП-65-78. Жаным, билесиңби, сени жакшы көрөөрүмдү? Сезесиңби сен деп соккон жүрөгүмдү, сезсең болду сени жакшы көрөөрүмдү. 0555610135.

ОП-65-79. Саламым Өзгөндүн Шоро-Башат айылынын тургуну акам Жалалидинди 14-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Алматыдан Улан, Гуля, Акыл.

ОП-65-80. Кыргыздын жигиттери Байгазы менен Акылга чоң салам. Алина.

ОП-65-81. Айнура эже кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы? Бул жашоодо бактылуу адамдардан болуңуз. Чыгармачылык ийгилик, ар дайым бар болуңуз, жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Кыргызстанга талантыңызды таанытып жүрө бериңиз. Назгүл.

ОП-65-82. Саламым кыргыз кыздарына. Сураныч, башка улуттарга турмушка чыкпагылачы, кыргыз жигиттери жетишпей жаткансып. Мирбек.

ОП-65-83. Москвадагы Шумкар, кандайсың? Мени эсиңден чыгардыңбы? Бишкектен Венера.

ОП-65-84. Эй момундар, мусулмандар, Аллага баш ийгилечи? Аллага тобо кылгыла, Алла мээримдүү, ырайымдуу, кечиримдүү. Алла тобо кылган адамды жакшы көрөт, кечирими кең. Убакытты өткөрбөй намаз окуйлучу, мусулмандар мен силерден суранам Алладан коркуп жашайлы.Өлүмгө даяр болбой, жашаштан корколу. Зынакорлуктан Аллахым сакта. Кабыр азабынан корколу.Алладан кечирим сурайлы. Ыйман сурайлы, неге жараткандан коркпойбуз.Айткылачы пенделер, башына иш түшкөндө окуганда, кыйналганда гана эстейбиз Алланы. Неге бүгүн эстейбиз. Баарыбыз өлөбүз, өлбөгөн пенде жок. Келгиле баарыбыз бирге ыйман сурайлы. Ислан-93.

ОП-65-85. Мен "Шилбе" эмес, "Вилби" бий тобуна салам жолдойм. Прелист.

ОП-65-86. Оштогу Аксанага салам. Окууларыңы ийгилик, жашоодо керемет күч, сүйүүдө жаңылбастык, эң бир сонун тунук махабат каалайм. 0777296954.

ОП-65-87. Классташтарым Солтоева Гүлзина, Толтоева Насиба, Атакулова Акмарал, Нурзада, Нурзия, Минура, кызыл-суулук Толгонайды издейм. Жапарова Гүлжамал, Ош.

ОП-65-88. Сен болгонсуң менин жүрөгүм, сен деп жашап жүргөнмүн. Ойлонбой менден сен кеттиң, ойлонбой көзүмө туз септиң. Такыр үмүтүмдү үзгөнмүн, башта сен деп жүргөнмүн. Өмүр кыйналганды үйрөтөт, эгер билсең бул күндөр да өтөт. Э.Дима.

ОП-65-89. Сүйүү өрт эмес, бирок күйсөң өчүрө албайсың. Оштон Мила.

ОП-65-90. Патриотка сен туура айтасың Рысбек, Баяман, Санжардай чыныгы эркектер Кыргызстанга аябай керекэле. Алардан башка канчалаган кыргыздын чыныгы эр азаматтарынын ибашын жешти. Чын эле Кыргызстан экинчи Чикагого айланат окшойт. Абдаш-Али.

ОП-65-91. Салам Дамира, мени Ошко качан чакырасың? Оштун самсысын качан жейбиз? Мунара.

ОП-65-92. Асылым, сүйгөнүм эгер сүйүүмдүн булагы болуп, жашоомдун өчпөй турган чырагы болуп, жалгыз калсам бул өмүрдө, калчы сен бир өмүрлөш жаным болуп. Жакшы көрөм. Ангел-Асем.

ОП-65-93. Саламым Алматыда иштеген досторум Бекболот, Эстебес, Эралы, Эдил, Жеки, Максат, Медер, Мусу, Шекер досторума жолдонот. Силер менттерге түшпөгүлөчү? Аллага аманат сак болгула. Алматыдан Улан.

ОП-65-94. Ангел-Асемге. Чыныгы сүйүү чанда кездешет, чыдамы таш жарган жанда кездешет. Бейкапар уктап калбайлы, досум. Ал ак көйнөк кийип таңда кездешет. Таир.

ОП-65-95. Досторум Аида, Мадина, Гүлзат, Перизат жана жүрөгүмдүн ээси болгон Акжол акеге салам жолдойм.Жараткан жакшылыгын аябасын. Айжан.
ОП-65-96. БГУда 2-курста окуган группалаштарыма чоң салам. Сессияны ийгиликтүү тапшыралы. Бөлөм Барби, Самара, Орозгүл, Жени, Наргиза силерге да ийгилик. Прелист.
ОП-65-97. Жалпы аял затына болгон каалоом тунук сүйүү, аппак маанай, ата-энесине күйүмдүү, сүйгөнүнө сүйкүмдүү жаштардан болуп жүрө бериңиздер. Ребека.
ОП-65-98. Канакей жаз балбаны керилген эр, канды го уйкуң дагы колду кер. Кыймылда, эмгектен эл үлгү алсын, эринчээк уйкучулар эстен тансын. Түрлөнүп мактангансып быды-быды, төбөңдө бозторгойлор обон салсын. Айгөлөк.
ОП-65-99. Аппак түс жарашат бул жазга деп айтсам өзүмчө жөн гана, бийкечим жоголуп бир азга, ак түстө жолукту ошол мага. Мындайын мен андан күтпөдүм, сүйүүсү ошончо чоң беле. Кызарып кетти жүздөрү, колунан кармасам жөн эле. Таир.
ОП-65-100. Манастай сүрдүү, жолборстой күчтүү, элин коргоп, душмандыкордогон эр жигиттерге салам. Аскер жаатындагы жигиттер менен таанышам. 0773799584.
ОП-65-101. Айгерим, рахмат. Сендей дос тапканыма мен да кубанычтамын. Айсулуу.
ОП-65-102. Гуля-88, таш боорлук жеңет. Анткени, боор ачыганды билбейт да. Татина.
ОП-65-103. Апам Гүлай, атам Рахман, эжем Разия, Аман байкеме, иним Бекага салам жолдойм. Жибек-93.
ОП-65-104. Ош шаарындагы №16 С.Токторов атындагы мектептин бүтүрүүчү классташтарыма чың ден соолук, узун өмүр, келечекте өз кесибиңердин ээси болушуңарды чын дилден каалайм. Ак жол силерге, бактылуу жаштардан болгула. Классташыңар Замира.
ОП-65-105. Жалгыздыкты кыйналып кечтим мен, эч эле кетпейт таштаганың эсимден. Адашып сезимиңди алдым, көрсө байкуш мен адашып калдым. Жүрөккө сагыныч салдың, сагыныч менен мени алдадың. Жүрөккө сен өч салдың, азыр такыр жакпай калдың. Э.Дима.
ОП-65-106. Москва шаарында иштеген таежем Ражапти 29-май туулган күнү менен куттуктайм. Ден соолугу чың болуп, жүзүнөн күлкү кетпесин. Күлчоро.
ОП-65-107. Тажикстандык кыргыз жигиттерге чоң салам. 0777580856 Элназар.
ОП-65-108. Алматыда "Кулагер" базарынын бут кийимдердин 2-катарындагы кампада иштеген күйөө балам Кадыр, сиңдим Анара бешик бооңор бек болсун.Уулуңар Дастандын өмүрү узун, кыргыздын чыгаан уулдарынан болсун. Үй-бүлөңөр менен бактылуу болгула. Алматыдан Асыл.
ОП-65-109. Өзгөн районунун Комсомол айылында жашаган апам Суксурбүнү май майрамдары менен куттуктайм. Апа эч качан оорубаңыз, ар дайым биздин кашыбызда аман-эсен жүрүңүз. Москвадан Күлчоро.
ОП-65-110. Чүйдөгү Прогресс айылындагы 9-класска чоң салам. Экзамениңерге ийгилик. Ика.
ОП-65-111. Айта албай сүйүүмдү кыйналамын, ал менин аяп сени сыйлаганым. Аттиң ай билсең деги сүйүүмдү, сен үчүн ичтен сызып жүргөнүмдү. Айзирек.
ОП-65-112. Жүрөктү түпсүз санаа курчап алып, жыл өтсө эңсейм сени кусаланып. Азыр да олтурамын ойго батып, бир түшкөн сүрөтүңдү колума алып. Нурмухамед.

ОП-65-113. Аллах эч нерсеге теңегис улук затыбыз. Ал баардык нерсени жаратты, ага эч бир нерсе жете албайт. Аллахка баарыбыз сыйыналычы? Аллахтын албетте биз кулубуз. Айжан.
ОП-65-114. Таң атса күнү батмай бар, күн батса таңы атмай бар. Байлыгың толуп ташса да, ай күндөн бүтүп жамалың, ааламга нуруң чачса да, азиз баш бир күнү куу болуп, жер түбүндө жатмай бар. Оомал-төкмөл бул дүйнө, келмей бар да, кетмей бар. Бир күнүнө сүйүнө , бир күнү көз жаш төкмөй бар. Шамчырак кылып үмүттү, кайратың жеңсе күйүттү, максатка адам жетмей бар. Нурмухамед.

ОП-65-115. "Обондун" жалпы жамаатына, мени ар тараптан колдогон алтын курбум Айгөлөккө салам. Хан-Шай.
ОП-65-116. Гүлгө оронгон сенин элесиң, күндө тартам күндүн жебесин. Уйкум келбей дайым кыйналам, неге мынча татаал немесиң? Мен билбепмин мунун баарысын, жүрөктөгү сезим дарысын. Карай бердим дайым алыстан, кара көзүм качан келесиң? Билал козу.
ОП-65-117. Гуля-88, таш боорлук менен боорукерлик күрөшкөндө сөзсүз адамдын эрки жеңет экен. Эгер кааласаң ташбоор, кааласаң боорукер боло аласың. Адамдын колунан баары келет эмеспи. Сак бол. Алматыдан Айка ББС.
ОП-65-118. "Алатау-2" базарында 102-бутикте иштеген Бегимайды 25-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Узун өмүр, чың ден соолук жана тилеген тилегине жетишин Жараткандан сурайбыз. Бирге иштеген досторуң.
ОП-65-119. ОП-64-40, сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу ырбатуучу жара болот. Ангел Асем, Айгөлөк, Эх Мамбо силердей достор менен таанышканыма аябай кубанычтамын. Нурмухамед.
ОП-65-120. Саламым Кербен-Куба, Канжар, Нурмухамед, Макуся, Гуля-88, Кеминдик Наргиз, Аку, Жанусь-Роза, Айдеми-Айка, Асел, Саламат, Мемо, Жибек досторума жолдонот. Жүдөтпөсүн заман ташыркаткан, жоголсун душман таш ыргыткан. Чыгаргын иштин ташын талкан, бакыт каалайм дайрадай ашып-ташкан. Бакай.

ОП-65-121. "Барыс" базарында иштеген досторум Венка, Гуля соодаңар болсун. Б..н.
ОП-65-122. Саламым Феруза, Жумагул, Бактыгүл, Гүлзарга салам. Алматыдан Бурулкан.
ОП-65-123. "Обонго" ыр менен СМС жазгандарга. Окусам жазган ырыңды талдап, мааниси сезимди барат арбап. Шурудай тизип сөз берметин, жүрө бер талбай элге ыр арнап. Бакай.
ОП-65-124. Салам Алеш, качан шаарга келесиң? Сени абдан сагындым. Бишкектен Мээрим Т.
ОП-65-125. А.Мирбек, сен КРнын сүйүү Кодексинин жүрөк статьясынын махабат бөлүмүнүн 345-пунктунун негизинде айыптуу деп табылдың. Өмүрүңдүн калган бөлүгүн менин жүрөк камерамда өткөзөсүң. Айка.
ОП-65-126. Алматынын "Барахолка" базарындагы соодагерлерге ысык салам. Динара жеңе, Элчоро жезде, Чыныбек соодаңар болсун. Алматыдан Айка ББС.
ОП-65-127. Кош-Коргон айылында жашаган атам Ибраимкулга, апам Дамирага , сиңдим Назгүлгө, жездем Виталикке, эжем Луизага салам жолдойм. Сүйгөнүм Нурсултанга ак жол. Лилия.
ОП-65-128. Саламым "Обондун" СМСчилерине жана окурмандарына. Ар дайым бар болгула. Мираида-89.
ОП-65-129. Саламым Политехтеги РО-1-07 группасына, өзгөчө саламым Мираида, Мавлюдага. Алдыдагы сессияңарды жакшы тапшырып алышыңарды каалайм. Асел-2.
ОП-65-130. Бегимай Бекбоевага салам жолдоп, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Лазат, Динара.
ОП-65-131. Саламым "Обондун" супер СМСчиси Бактыгүл-92ге жолдонот. Сага ырахмат, динге болгон көз карашың күчтүү экен. Дайыма кудуреттүү Алла-Таала жөнүндө жазасың, албетте Алла Таалам баарынан кудуреттүү жана күчтүү, барын жаратуучу. Ошондой эле баарынан мээримдүү, боорукер жана аябай каардуу. Тилекке каршы кээ бир адамдар Алла Тааладан коркпой эле күнөө иштерди жасап жатышат. Андай адамдарды Аллахым өзү кечирсин жана ыйман берсин. Ылайым сен сыяктуу ыймандуу пенделер көп болсун демекчимин. Сага ыраазымын. Абдаш-Али.
ОП-65-132. Мира анчалык эле эмне Назира Айтбековага эле тийишип жатасың. Сен өзүң Назира Айтбековадай болуп алып анан жамандасаң. Назира супер, ага эч ким жетпейт. Динара.
ОП-65-133. Санжар мен сени сүйөм. Нагима.
ОП-65-134. Булбул үндүү, ай чырайлуу, ырдаганда таш жарган мончок көз Айнура сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Аалам эли сыймыктанган кыздардан бол. Байдөөлөт.
ОП-65-135. Ай жылдар бөлүп кетти арабызды, биз эми жолугушпай калабызбы? Же тагдыр марттык кылып экөөбүзгө, жоготкон сүйүүбүздү табабызбы? Нурмухамед.
ОП-65-136. "Миң кыял" радиосунун мукам үндүү ди-джейи Акылга ишиндеги ийгиликти, эч качан эфирден жагымдуу үнүң өчпөсүн. Бактылуу бол. Дилара.
ОП-65-137. Алтын курбум Гүлшанга сагынычтуу салам жолдойм. Бакыт каалайм. Барби.
ОП-65-138. ОП-64-103, Ыйык сезим эстен кеткис, ал сүйүү бийик кол жеткис. Байланып махабатка жипсиз, аздекте ак сүйүүңдү Наргиз! Бакай.
ОП-65-139. Аравандын Эркекашка мектебинин 2007-жылы бүтүргөн классташтарыма салам жолдойм. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды жана эки дүйнө бактылуулукту каалайм. Алматыдан Д...
ОП-65-140. Салам Айтбек, мен сени сүйөм. Алматыдан Чынара.
ОП-65-141. Оштук жигиттерге супер салам. Анара.
ОП-65-142. Салам Айнура эже, сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Өнөрүңүз өркүндөй берсин. Анна.
ОП-65-143. Өзгөн районунун Каканович айылына салам. Апам Санабар, сиңдим Мээрим жана кыздарым Тахмина, Камиланы аябай сагындым. Силерди жакшы көрөм. Чымкенттен Зарина.
ОП-65-144. Жашоодо деги эмне үчүн жашайбыз? Тагдырыбыз тартуулаган азап-тозокту көрүш үчүнбү? Таалайыбыз ашып-ташып бактылуу болуш үчүнбү? Татина.
ОП-65-145. Жашоого азык болчу сөзүн күтүп, өмүргө дагы бир жыл өмүр коштум. Маанайым жазгы күндөй жаркып кетпей, мен сенсиз жалгызсырап жазды тостум. Мен сени коломтодон күтөм дайым, үмүттүн ак шооласын жагып алып, аппак сага деген аруу ойду, мойнума шуру кылып тагып алып. Ангел-89.
ОП-65-146. "Бекжан" базарында иштеген кыргыздын сулуу кыздары Айпери, Айзирек, Наргиза, Тахмина, Берметке салам жолдойм. Айке.
ОП-65-147. Лейлек районунун Ак-Терек айылынын Ак-Терек орто мектебине жана бүтүрүүчүлөр Азамат, Атай, Арап, Аваз, Жаркын, Чынгыз, Куту, Каташ ж.б. экзамендерине ийгилик. Үмүт.
ОП-65-148. Алтын досум Айсулууга салам жолдойм. Сага бакыт, сүйүү, чың ден соолук каалайм. Жүзүңдөн күлкү кетпесин. Айгерим.
ОП-65-149. "Самалдык" Мира, мени жүрөгүңүз ушунчалык чоңбу деп жазыпсың. Окуп жатканда маанисине көңүл бургансыңбы? Дароо башкача ойлопсуң. Анткени алар кыргыздын кымча бел сулуу кыздары. Мен кыргыз кыздарын сыйлайм жана урматтайм. Мен алардын баарын жактырам жана сүйөм. Бирок жүрөктөн эмес, көңүлүмдөн. Жүрөк бирди, көңүл миңди сүйөт дегенди билсең керек. Ушуларды созуп отурбай мен силерди сүйөм деп койгом. Сен көп адамды сындайт экенсиң, аның жакшы. Бирок сындап жатканда маанисине жакшылап көңүл бур. Жок эле нерсени жаза бербе. Ойноп жазсаң да, ойлоп жаз. Сага оомат тилейм. Абдаш-Али.
ОП-65-150. Саламым Алматыда "Болашак" базарында 11-катарда 217-контейнерде иштеген жеңем Гуляны 21-май туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, ишиңизге ийгилик каалайм. Үй-бүлөңүз менен бактылуу өмүр сүрүңүз. Дарыгүл.
ОП-65-151. Айнура ишиңе ийгилик каалайм. Жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Жылдыз.
ОП-65-152. Бишкекте жашап жаткан атам Мамат, апам Айнагүлгө, иним Руска, Эдике салам. Асел.
ОП-65-153. Барби, Синди, Жени, Азико, 13-май күнү сонун болду ээ. Прелист.
ОП-65-154. ОП-64-19, Мухит, эгерде келип калса ошол заман, намыс деген түшөт анда алды таман. Уятты унутушуп кары-жашы, баарысы, келгени деп билип койгун акыр заман. Нурмухамед.
ОП-65-155. Дайыма бар болуңуздар сиздер менен биз дайым биргебиз. Мындан да саныңыздар көбөйүп алга жыла бериңиздер. Биз сиздер аркылуу канчалаган жаңылыктар менен таанышабыз. Сиздерге кат жолдоп жатканымдын себеби биз үй-бүлөбүз менен "ЭлТР" телеканалынын "60 Минута" деген программасын калтырбай көрүп келебиз. Андыктан сиздерден сураныч алып баруучу Максатты "Обондун" коногу рубриканыздарга чыгарып кененирээк маалымат алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Сиздерди урматтап Алыбевдер.
ОП-65-156. Жаш жүрөк азырынча сүйүп жүрөт, жалындап жаш убакта ойноп-күлөт. Эгерде сүйгөнүнө жетпей калса, ал жүрөк алоолонуп отко күйөт. Айзирек.
ОП-65-157. Назгүл келе жаткан туулган күнүң менен. Лилия.
ОП-65-158. Ош гуманитардык педогогикалык институтунун колледжиндеги ш-12 тайпасына ысык салам. Айжамал.
ОП-65-159. Мажүрүм тал шерик кыл сырыңа, муңкайып турасың жылына. жамгырбы денеңден куюлган, же ыйлап жатасың чынында. Таир.
ОП-65-160. Атама, апама, Жылдыз эжеме, Кымбатайга, Азизге жана абзалга салам. Сиздерге ден соолук, бакыт, ийгилик каалайм.. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Жаңылай.
ОП-65-161. Билал козу маяк телефонго эле эмес, ден соолукка да зыян. Авазбек.
ОП-65-162. Кереметтүү койну кенен "Обончиктен" тапкан досторум Абда, Хан-Шай, Айдеми-Айка, Барби, Гүлшан, Гуля-88, Жанусь-Роза, Кеминдик Наргиз, Нурзат-90, Женни, акылдуу сиңдим Ангел-Асем, Айзирек, Меришка, Кейси, Эма-Гузел, Макуся, Саламат, ырчы, акын, мырзалары Бакай, Нурмухамед,Мухит, Кербен Куба, Канжар, Эх Мамбо, Эркин КБш, Айдар дагы да жаңы окурман СМСчилер баарыңарды албан-албан ийгиликтер коштоп жүрсүн. Айгөлөк.
ОП-65-163. Салам калайык, кризис кандай өтүп жатат? Атраудан Элдияр.
ОП-65-164. Базар-Коргондогу сүйүктүүм Эламан сени 20-май туулган күнүң менен куттуктайм. Зина.
ОП-65-165. Жаным Эркинбек мен сени сүйөм. Бактыгүл.
ОП-65-166. Караш Насер аялсыңбы же жигитсиңби? Билал козу.
ОП-65-167. Патриотка эң туура айтасың, мен сенин оюңа кошулам. Өздөн чыккан жат жаман деген сөз таамай айтылган да биз үчүн. Ушинтип олтурсак кантип, качан өнүгүшүбүздү билбейм. Азыр кыргызстан "Наш общий дом" эмес мурдагыдай. Ал болуп өткөн Акаевдин доорунда. Замандаштар мекенибиз үчүн күйөлүчү? Жерибизди байкасаңар Ош менен Жалал-Абаддагы өзбектер кичи Өзбекстан дешет. Баткенде тажиктер орун алып бүтүштү. Кара-Суу болсо кытай болуп кетти. Берметтей көлүбүздү казактарга тапшырып койдук. Баарын берип бүтүптүрбүз. Жакында ушинтип атышып олтурганыбызда акырын билгизбей бийликти колго алышып бейиштей куттуу жерибизден өзүбүздү да айдап чыгышы эч кеп эмес болуп калды. Кыргыз деп күйгөн чыныгы патриотка кыз Ангел-Асем.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??