п»ї
 Таанышуу жарыясы


  кыргыз шоу дүйнөсү

7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат
Белгилүү кино режиссёр Рустам Аташов жаздын акыркы айларында "Тумар" аттуу толук метраждуу боевик кино тартуунун алдында турат. Тасманын негизги мазмуунунда ата-бабалардан калган казынанын сыры эки тумардын ичинде катылганы чагылдырылат. Ал казынанын сырын билүүгө ашыккан эки топ тумарларды талашып, байлыкка умтулушат.
Аталган боевик киного балдар үйүндө тарбияланган балдардын чоңоюп калгандагы образдарын жаратуу үчүн бири-бирине окшош адамдарга жана тасманын кээ бир эпизоддоруна катышкысы келген кино сүйүүчүлөргө кастинг жарыяланат. Кастингге кабыл алуу 24-майда Манас кино театрында 15:00-17:00 чейин болот. Мында жети жаштан жетимиш жашка чейинки жаш курактагы адамдар кабыл алынат.

Гүланда ИИМдин кызматкери болду
Ырчы айым Гүланданын үнү эми Ички Иштер Министирлигинде да жаңырат. Башкача айтканда бир нече убакыттан бери аталган министирликтин кызматкери жана солисткасы болуп иштей баштады. Жакында эң биринчи айлык маянасын алып, ИИМдин кызматкери экендигин тастыктаган документке ээ болот.

Гүлжигит бата алды
Мукамдуу ырлары менен өзгөчөлөнгөн Гүлжигит Сатыбеков май айынын башталышы менен кыргыздын көзгө басар белгилүү инсандарынан бата алды. Чыгармачылыктын көзүрлөрү аталган улуу инсандарыбыз Гүлсүн Мамашева, Улукмырза Полотов ошондой эле депутат, губернатор жана алыстан келген айыл аксакалдарынын берген батасы Гүлжигит мырзаны толкундатпай койгон жок. "Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт" дегендей Гүлжигит мырза кечеге келген кадырлуу меймандарына терең ыраазычылыгын билдирди.

жаңы Кино театр ачылды
Сүйүнчү! Кыргыз кино сүйүүчүлөрүнө чоң жаңылык десек болот. Жакында "Беш-Сары" соода борборунда баардык ыңгайлуу шарттары менен жаңы кино театр ачылды. Кино театрдын ачылыш аземи 21-майда "Эркектер" кино тасмасы менен ачылат. Мындай театрлардын ачылышы, кино режиссёрлордун ишин алга жылдырат деген ойдобуз.

Нурзат жаңы кызматтын ээси
Теле алып баруучу Нурзат Токтосунова май айынан тартып, Маданият министирлигинин концерттик ишмердүүлүк бөлүмүндө башкы маркетолог болуп иштей баштады. Ансыз да жан дүйнөсү чыгармачылыкты көксөп турган Нурзат Токтосунова эми жаңы кызматына берилүү менен иштээрин билдирди.




Жылдыздар манежде
Орто Азия боюнча эң биринчилерден болуп Кыргызстанда уюштурулуп жаткан "Жылдыздар манежде" теледолбоору улуттук биринчи канал жана кыргыз циркки тарабынан өткөрүлүп жатканы жалпыбызга маалым. Аталган теледолбоор беш айдан бери өз ишин кызуу жүргүзүп келүүдө. 16-майда цирк имаратында тогуз талапкер биринчи турда көрсөткөн жанрларын алмаштырып, ошол эле манежде экинчи турдагы жанрлары менен өздөрүн тааныштырышты.
1.Аскат Эрбаев
I турда ат үстүндө трюктарды көрсөткөн болсо, II турда абада учуп ар кандай кыймылдарды жасап бергендиги үчүн өзгөчөлөндү. Жыйынтыгында 48 упайга ээ болду.
2.Роза Азимбаева
I турда акробатика көрсөтүп берсе, II турда артка, астыга, жогоруга секирип 43 упай топтой алды.
3. Эрмек Маматов
I турда башкалардан айырмаланып оор салмактагы гиряларды тиши менен көтөрсө, II турда абада учуп 45 упай алды.
4. Жанета Бобкова
I турда аттарды бийлетсе, II турда абага көтөрүлүп, өзгөчө кыймылдарды көрсөтүп 49 упай топтоду.
5. Назира Жетигенова
I турда комузду ары-бери ыргытып ойното алса, II турда айнектин үстүнө жатып, отту тебелеп 49 упайга ээ болду.
6. Анжелика Бекболиева
I турда абада учуп манежди ачып берген болсо, II турда сегиз метрлик бийиктикте аркандын үстүнөн басып 48 упай топтоду.
7. Назик
I турда акробатика жанрында ойносо, II турда кыргыз жыттанган ыры менен абада учуп татаал кыймылдарды жасап эң жогорку 50 упайды багындыра алды.
8. Адил Кайыпов
I турда бир нече топторду ойнотуп элдин купулуна толсо, II турда клоун болуп залда олтургандарга күлкү тартуулап 44 упайга ээ болду.
9. Назгүл Насиева
I турда көз боёчулук жанры менен эл алдына чыкса, II турда ат үстүндө трюктарды жасап, кыргыздын кызыл туусун желбиретип 50 упайды топтогонго жетишти.
Мына ошентип кыргыздын белгилүү өнөрпоздору цирк манежинде болуп көрбөгөндөй оюн -зоок тартуулашты. Эми жыйынтыктоочу III турга кызуу даярдыктарды көрүү алдында турушат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??