сырмаек

Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил
Убакыт өткөн сайын улуу муундун ордун кичүү муун басып, өмүр көчү улана берет тура. Кыргыз сахнасы жаз мезгилинде жайнаган жоогазындар менен кызгалдактарга бөлөнүп, эстрада жанрында жаңы күч, жаңы дем менен келген бир топ жаш ырчылардын агымы пайда болду. Мына ошол жоон топтун арасынан өзүнүн өзгөчө стили жана да чыгыш бийлерин жеткиликтүү аткаргандыгы менен башка ырчылардан айырмаланган кыргыздын Дима Биланы бар. Башкача айтканда, биз сөз кылчу Алькамил Эрматовду көпчүлүк күйөрмандар орус ырчысы Дима Биланга окшоштуруп келишет. "Жаңы ысымдар" теледолбоорунун 2007-жылкы жеңүүчүсү, 2008-жылдын мыкты стилдеги ырчысы Алькамилдин балалык чагы, окуучулук кези, чыгармачылыгы, сүйүүсү жана жеке жашоосу тууралуу билгиңиз келсе төмөндөгү материалга көз жүгүртүңүз.

Өмүрдүн башаты же катылган бинт менен тумар
- Мен ата-энемдин туң уулумун. Биринчи төрөтү болгондуктан апам абдан кыйналып бир жума толгоо тартып төрөптүр. Атымды Алькамил деп атам койгон. "Алькамил Эрматов саат 16-30 да төрөлдү" деген жазуусу бар бинт менен кожа материал, кичинекей кезимдеги кийимдерим, бутумдагы тумар бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Ошол буюмдарды көргөн сайын менде башкача сезимдер пайда болот.

Жолдон табылган 40 сом
- Музыкага болгон шыгым бала чагымдан эле ойгонду. Үч-төрт жашымда музыка коюп берсе 3-4 саат болсо да кыймылдабай олтура берчү экенмин. Муну байкаган ата-энем мени М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайына беришти. Алгач 8-кичи райондо жашап, ошол жерден каттап окучумун. Кызыгы, дайыма троллейбуста уктап калып адашып кетет элем. 2-классымда уктап калып Дордойго өтүп кетип жолго акчам калбай ыйлап баратып 40 сом таап алгам. Ошол 40 сомду короткум келип атса да апамды сүйүндүрөйүн деп эч нерсе албай 1 сомду троллейбуска берип, 39 сомун үйгө алып барганым эсимде.

Президенттин колун кармап...
- Скрипка, фортопиано боюнча уюштурулган кароо-сынактардан такыр калчу эмесмин. Кан басымым көтөрүлүп, ооруп жатсам да эч кимге баш ийбей басып кетчүмүн. Кароо-сынактарга катышып дайыма 2-орунду алат элем. 3-класста окуп жүргөндө Опера-балет театрында өткөрүлүп жаткан жаңы-жылдык президенттик балатыга барып калдык. Бир убакта Аскар Акаев мага белегин сунуп колумдан жетелеп, ёлканы айландык. Ошондогу кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Аскар Акаев менен Майрам Акаева менин колумдан кармады деп ошол күнү уктабай койгом. Бул нерсе мага чоң стимул болду.

Эмгек эрезеге жеткирет
- Көпчүлүгү шаардык балдар иштебейт, кара жумушка жок, жалкоо болот дей беришет. Мен ага кошулбайм. Менин досторумдун баары кичинекей кезинен эле эмгектенип, жумушка бышкан балдар. Мен дагы 3-классымда Дордой базарында лимонад сатып, күнүнө 60-70 сомго иштечүмүн. Ошону менен эле катар телепузиктин куклаларын кийип Ала-Тоо аянтында элдер менен сүрөткө түшүп, жөнөкөй күндөрү 40-50 сом, жаңы жылда 700 сомго чейин табат элем. 7-классымда тигүүчү цехте эмгектенип жумасына эң аз дегенде 1000 сом тапчумун. Андан сырткары, мектепте бүткөнчө унаа жуугуч жайда, кафеде официант болуп иштедим.

Таеженин кеңеши
- Он төрт жаш опурталдуу курак эмеспи. Ошол кезде таежем менен жашачумун. Үйгө келбей сабак окубай, оюнга тойбой жүргөн учурда таежем "минтип жүрө берсең адам болбойсуң. Тамеки тартсаң тартып ичимдик ичсең иче бер, мен эч нерсе дебейм. Эртең өзүң эле өкүнүп, кыйналасың. Тагдырыңды талкалап албайын десең эртерээк ойлон" -деди. Эжекемдин бул сөзүнөн аябай таасирлендим. Ошол күндөн тартып үйдөн чыкпай сабак окуп, өзүмдү туура жолго үндөдүм. Азыр таежеме ыраазы болом.

Эрте өскөн сакал-мурут же Алькамилдин стили
- Эмнегедир мага сакал-мурут эрте өстү. Классташтарым "сенин сакалың бар, бизден улуусуң" дешип староста шайлап коюшчу. Бат-баттан кырына берсем өсүп кетпесин деп кез-кезде гана алчумун. Ошондуктан 5-класстан баштап ушундай стил менен жүрүп көнүп калдым. Эми сакалымды өстүргөнгө дагы, алганга да болбойт.

Чыгармачылык кадамдар
- Чоң сахнага Алексей Филатовдун жардамы менен 17 жашымда келдим. Алгач "Жаңы ысымдар" долбоорунун концертинде "Жамгыр" деген ырым менен эл алдына чыктым. Анда мен ойлогондой толкунданып сүрдөгөн жокмун. Тескерисинче, дагы бир ыр ырдасам экен деп калгам. Бирок, студияга барганда микрофондон толкундандымбы айтор, тердеп-тепшип, үнүм бүтүп кыйналгам. Андан бери эки жарым жыл өттү. Буюрса, ушул жылы жеке концертимди берейин деп даярданып жатам. Жакында "Бишкек" деген ырыма клип тарттырам. Бул өзгөчө клип болот десем жаңылышпайм. Бишкек шаары кандайча түзүлүп, кантип өнүккөн, кайсы жылы кандай имарат курулган, шаарды кимдер башкарган, кыскасы, Бишкектин тарыхы чагылдырылган клип тартууну көздөп жатабыз.

Он беш баланын толпасында калып...
- Мектепте эки жаш улуу бала бизге салык салчу. Бир күнү он беш баланы ээрчитип келиптир. Классташтарымды коргоп, өзүм сөз менен түшүндүрөм деген ойдо чыктым. Мен а дегиче эле кирпич менен чаап жерге жаткырып алып токмоктоп киришти. Курткамды башыма кие салып өзүмдү калкалаганга аракет кылдым. Аягында он беш баланын ур-токмогунан мурдум сынып, тишим чыгып кеткен.

Сүйүүнүн күчү же алаканга сайылган темене
- Жатаканада жашап жүргөн учурда (3-классымда) бир кызды сүйүп калгам. Экөөбүздүн бөлмөлөрүбүз кошуна турат эле. Ошол кыз менен сүйлөшүш үчүн күнүгө мен дежурный болюнчу деп тарбиячымдан суранчумун. Бир жолу сезимимдеги сулуу кыз менен сүйлөшүп жатканыма сүйүнгөнүмдөн тряпка менен паласты сүртүп атып колума темене кирип кеткенин да байкабаптырмын. Качан гана кан куюлганда билдим. Колумдун алдынан кирген темене артынан чыгайын деп калыптыр. Ошентип жүрүп да сезимимди ачык билдире алган жокмун. Ал кызга жыл сайын сүйүү күнүндө ондой открыткага ар кандай сөздөрдү жазып берчүмүн.

Бир көрүп биротоло сүйдүм
- Мурда бир көрүп сүйүп калдым десе ишенчү эмесмин. Бир ай мурун интернет клубка кирейин деп эле эшикти ачсам бир кыз олтуруптур. Кандай көрдүм ошондой сүйүп калдым. Сүйүүнүн сүрдүүлүгүн карабайсызбы. Жанына барып атын сурагандан тартындым. Анан көз алдымда калган жылдыздуу келбетин элестетип таанышуу сайтында үч саат олтуруп 20 млн. адамдын ичинен сүрөтү аркылуу таап алдым. Аты Асел экен. Азыр сүйлөшүп жатам. Жоготуп албайын деп сүйүүмдү билдире элекмин. Чымырканып эле смс аркылуу билдирейин дейм, бирок корком. Ал кыздын сүйгөн жигити бар-жогун да билбейм. Сураганга жүрөк чыдабайт.

Тагдырдын татаалдыгы...
- Тагдыр экен, ата-энем мындан 6-7 жыл мурун ажырашып кетип, иним экөөбүз апамдын колунда чоңойдук. Атам менен көп деле катышпайбыз. Апам болсо Москвада иштейт. Азыр иним экөөбүз турабыз. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам сабакты көп калтырып, окубай койдум. Канчалаган концерт, гастролдордон калдым. Ошол кездеги мени менен чогуу чоңойгон мен курдуу балдар азыр Швецияда, Лондондо жүрүшөт. Өкүнгөнүм, ошондо баарына көз жумуп болгон дитимди окууга бөлсөм болмок экен.

Телефондогу сегиз сааттык сүйлөшүү
- Алексей Филатов уюштурган "жылдызга чал" деген долбоордун негизинде 0874 кыска номерине чалышып бизден кеңеш алышат. Бул долбоор ачылгандан баштап 40 миңдей адам байланышты. Жакында эле Токмоктук бир кыз менен кечки саат 10-00 дөн эртең мененки алтыга чейин сүйлөшүптүрмүн. Сегиз саат сүйлөшүп, ушул убакыттын кантип өткөнүн билбей калдым. Бул менин буга чейинки өмүрүмдөгү телефондогу эң узак сүйлөшүүм болду.

Блиц-анкета
Аты-жөнү - Эрматов Алькамиль Гаипалиевич.
Туулган жылы - 1990-жыл 7-март
Гороскопто - Балык
Ишенгени - күйөрмандары
Сыймыктанганы - көз карандысыз Алькамил болгону
Урааны - Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
Эңсеп жеген тамагы - алтын козу карын
Сүйгөн баалуу ташы - кара бриллиант.
Жакшы көргөн мезгили - жаз
Баалаган саясатчысы - В.Путин.