п»ї

  кумир менен баарлашуу

Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"
"Тамашоу" лигасынын жетекчиси, алып баруучу Эрмек Нурбаев окурмандар менен ой бөлүштү.

Мээрим
- Эрмек байке, сиз жетектеген тамашоу мага абдан жакты. Бул кимдин идеясы?
- Өзүмдүн КВНде ойногонума 6 жыл болду. Орусча тамаша программаларды көрүп эмнеге көңүл ачуучу кыргызча тамаша даярдаганга болбосун деп ойлончумун. Бүгүнкү тамашоуну 2007-жылы эле ачсакпы дегенбиз, бирок, убакыт сааты чыкпай 2008-жылы ачылды. Муну КВНдин башкы редактору Арслан Ибраимов экөөбүз биргелешип уюштурдук.
- "Тамашоуга" катышкан командаларды алдын-ала даярдыктардан өткөрөсүңөрбү?
- Албетте. Эки-үч жума мурун командаларды чогултуп, күнүнө ар бир команда менен иштешебиз. Кээ бир учурда туура эмес сөздөр айтылып калышы мүмкүн. Ошондуктан алды-ала көрүп, оңдоп -түзөп катуу даярдыктан өткөрүп анан сахнага чыгарабыз. Биринчи ноябрда ачылышы болду эле, эми 23-майда финал болот. Финалда 7 команда ат салышат.
- Ар бир команданын мыктыларын тандап, күчтүү бир команда түзөйүн деген оюңуз жокпу?
- Балким... Кыргызстандын ичинде эле жүрө бербестен коңшу өлкөлөргө да чыксак деген ойлор бар. Сиз айткандай мыктыларды тандап Алматыга жиберсек болот. Бирок, командадагы балдар бири-бирине көнүп калган. Ар кайсы командадан алып кошо турган болсок тил табышалбай калышы ыктымал.
- Сиз кандай адамсыз?
- (Күлүп) Сиз көрүп тургандай эки көзү, эки кулагы, бир башы бар адаммын да. Эгер менин жанымда бир чоң кызматкер менен карапайым адам турса бул менден жогору же менден төмөн деп айтпайм. Бирөөдөн жогору дагы, бирөөдөн төмөн дагы болгум келбейт. Баарыбыздын укугубуз бир, бирдей адамбыз.
- Жашоодогу максатыңыз эмне?
- Максатым из калтыруу. Картайганда артка кылчайып, мындан 30-40 жыл мурун баланчаны капалантып туура эмес иш жасадым эле деп бармак тиштеп өкүнбөсөм дейм. "Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" дегендей жасаган эмгегиң менен сыймыктанып карылыктын жолун басканга не жетсин.
Элиза
- КВНде жүрүп эмне таптыңыз?
- Көп нерсе таптым. Чөйрөмдү кеңейттим, ким менен кантип сүйлөшүштү үйрөндүм, эң негизгиси жан дүйнөмдүн каалоосу аткарылды. Алты жыл ичинде алты жолу финалга чыгып, 10-май күнү чемпион аталып, алтын медалга ээ болдум.
- Куттуктайбыз. Эмгегиңиздин акыбети кайтып ийгиликтер коштоп жүрсүн.
- Чоң рахмат.
- Эфир учурундагы эсте калган окуялардан айтып берсеңиз?
- Мм... Эсимде, биринчи эфир күнү студияда мен, Нурзат, Элнура үчөөбүз турабыз. Мен эки кыздын ортосундамын. Үчөөбүз тең аябай толкунданып, сүрдөп атабыз. Алдыбызда үч камера бар болчу. Алгачкы сөздү Нурзат баштамак. Камеранын артындагы экрандан өзүбүздү көргөндө эле унчукпай туруп калдык. Ошондо Нурзатты баштабайсыңбы дегенсип чыканагым менен түртүп койгонум эфирден кетип калган. Дагы бир жолу кезекти клипке берип коюп Элнура экөөбүз компьютерде смс карап олтурганбыз. Бир мезгилде Элнура "мага сонун смс" келди деп кыйкырып калды. Карасам "мен сени сүйөм" деген сөздөр менен эски аты бар бирөө жазыптыр. Анан мен айылдык бала жазган го деп Элнураны чычалатып, экөөбүз алышып тамашалашып атсак эфир башталып калып экөөбүз көрүнүп калганбыз.
- Азыр ди-джей, алып баруучулардын көпчүлүгү ырдап чыгып жатышат. Сиз да ырчы болууну каалайсызбы?
- Белгилүү үч продюсерден ырдабайсыңбы деген сунуш түшкөн. Бирок мен ага макул эмесмин. Ырдап чыгармачылыктын өтөөсүнөн чыгалбагандан кийин ортозар ырчы болгум келбейт. Башкача айтканда, менден жакшы ырчы чыкпайт.
- "Бравого" келген ырчыларга чукулап суроо бересиз. Алдын-ала суроолорду даярдап аласызбы?
- Биринчи чыгып жүргөндө бир жума мурун суроо даярдап ошол күндү күтчүбүз. Азыр конокко ким келээрин эфир күнү гана угам. Жылдыздарга тийишип, чукулап, күлдүрүп суроо берүү биздин милдет. Ырчыларды кечке эле мактай бергенде да кызыксыз болуп калат. Кээде аларды эфирге чакырганда "Эрмегиң жакшы суроо береби?" дешет экен.
Болот
- Айдар Акаевге окшоштугуңузду билесизби?
- Балким. Кээде Аскар Акаевге да окшоштурушат. Бир жолу калпак кийип алып Аскар Акаевдин образын ойногом. Негизи мен Акаевди президент катары да, адам катары да баалайм. Кумирим деп айтсам да болот. Ошол киши менен сүйлөшүү менин-кыялымдагы ойлорумдун бири.
- Сизди футболду жакшы ойнойт деп угам го...
- Колдон келишинче аракет кылып ойнойм. Көбүнчө Ильяз экөөбүз ойнойбуз. Футболдон сырткары, Омар менен бильярд ойнойм. Үч жолу ойноп, үч жолу тең утуп алдым. Негизи бильярд ойногонду жакшы деле билбейм, бирок эсептеп, геометриянын негизинде утуп алам.
- Качан жеңелүү кыласың?
- Мага азырынча жол ачыла элек. Өзүмдөн улуу байкем бар. Экинчиден үй-бүлө күтүүгө даяр эмесмин. Учурда шаарда үйүм да жок, туруктуу иштеген ишим да жок. Менимче, азыр мага эртелик кылат.
- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
- Бар. Кесиби боюнча фармацевт. Өзүмдүн эле күйөрман кызым. Ильяздын концертинде таанышып, табыштык.
- Сизди башка күйөрман кыздардан кызганбайбы? Сүйгөнүңүзгө фанаттарыңыз жөнүндө айтып бересизби?
- Кийин үйлөнгөндөн соң кызганбаса, азыр кызганбайт деле. Фанаттарым жөнүндө кеп кылбайм. Өзү деле сурабайт.
- Кимдин колун кармап, учурашкыңыз келет?
- Бала кезимден бери кумир тутуп келген Жеки Чан менен учурашкым келет.
- Рулга отурганыңызга канча болду?
- Көп деле боло элек. Сентябрда машина алгам. Ошондон бери рулдамын. Быссымылда дегенде эле оң рулдагы машинага отурдум.
- Татыктуу ырчы деп кимдерди айталасыз?
- Мыкты үнү бар деп Гүлнур Сатылганованы, Мирбекти, Омарды, Исламды, Раллияны, Оманы, Султанды айтат элем. Ильяз Абдыразаковдун үнү укмуш болбосо да таланты бар. Абдан эмгекчил, тырышчаак жигит.
- "Супер ТВ" жаңы ачылганда алып барып жүрдүңүз эле. Азыр эмне көрүнбөй калдыңыз?
- Сурануулар боюнча ачылышын алып барып бергем. Азыр убакыт жок. Менимче "Супер ТВнын" тарыхында калдым окшойт.
- Сизди тапкан ата-энеңиз жөнүндө да айтып өтсөңүз?
- Ата-энем экөө тең мугалимдер. Экөө тең 1958-жылкы болот. Атам болгону апамдан эки ай улуу. Кыргыз Улуттук Университетинин геофагын бүтүрүшкөн. Апам көп жылдар бою кыргыз тили мугалими болуп иштеген. Атам болсо райондо, гумантардык жардам жагында эмгектенди. Азыр экөө тең бош. Апам кээде базарга чыгып соода кылат. Ата-энем тамашаны түшүнө билген ачык-айрым адамдар.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??