п»ї
 Таанышуу жарыясы


  адабият айдыңы

Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"
Кыргыз Эл акыны, куран менен библияга кошо дүйнөлүк адабияттын казынасын казып которгон котормочу Эрнис Турсуновдун азыркы адабият тууралуу агынан жарыла айткандарын, гезиттин мүмкүнчүлүгүнө жараша кыскартып, ортого салдык.

- Сиздин оюңуз боюнча азыркы кыргыз адабиятынын абалы кандай? Өнүктүбү, кетенчиктедиби же бир жерди таптап турабы?
- Социализм тарагандан, тактап айтканда 1991-жылдан бери карай эстептегенде 19 жылдын жүзү болуп баратат, кыргыз адабиятында жаңылык киргизген бир дагы жаңы чыгарма учурабай калды. Ал жылдар аралыгында Жазуучулар союзу да колхоз-совхоз тарагандай тарап, 4-5 ке бөлүнүп кетишти. Бөлүнгөн союзду кайра жыйнай алышпай, орто жерден жазуучу эмес кишилер да жетектеп калды. Беш бөлөк бөлүнгөн союздун биринде үч-төрттөн мүчөсү бар болсо, биринде үч жүздөн мүчөсү бар эле. Мүчөлүккө ким келсе эле ала беришкен. Социализм адабиятынын баштоочу жазуучулары - Токомбаев, Маликов, Үмөталиев, Абдукаимов, Шиваза ж.б. өз заманында туулуп, өз заманы менен кете беришти. Алар жашасын партия болобу, Ата-Мекен же Социалисттик эмгектин темасы болобу жазышып, социализмдин идеологдору болуп, бул заманды көрбөй калышты. Мына ошол себептен, алардын чыгармалары ал мезгилдин талабына жооп берет деп эсептейбиз.
1934-жылы биринчи жолу СССР Жазуучулар союзу түзүлгөн. Башында Горький турган. Мына ошол мезгилде СССРдин курамына кирген ар бир республикада Жазуучулар союзу кошо уюшулган. Ошондо Вишневский: "Орус классикасы Достоевский, Пушкин, Лермонтов, Гоголь, Толстой, Чеховдор, аягы Горькийге келип такалат. Эми биз эмнени жазышыбыз керек? Орус классикасын алар жазып кеткен болсо, биз советтик классиканы түзөбүз" деген. Жана советтик классиканы түздү. Анткени, Фадеев, Шолоховдор менен бирге совет мезгилинин классиктери деп азыркы күнгө чейин айтылат. Совет доору жашабай калганына карабастан, тарых унутпайт. Мына ошону көрүп, тарбияланып калган жазуучулардын эсебинен (албетте, ал кезде жаш болушкан) 17-18 жылдан бери адабиятта Жусуев, Эралиев, Султанов, Даникеевдердин жазганында бир нерсе бар. Ал эми адабият андан бери карай түптөлүш керек эле да. Мисалы, 90-жылдардагы жигит же кыз жыйырма жашта болсо, азыр 39 да болушу керек. Ошол калем кармаган 39 жаштагы адам сөзсүз бир жаңы, жакшы чыгарма жаратышы керек эле. Новатордук же салттуу багытта болобу, мейли поэма, мейли роман болсун жазылышы керек эле. Ошол көрүнбөйт. Китеп чыкпай жатат деген курулай эле сөз экен, китептен көп неме жок. Китеп дүкөндөрүн кыдырсаң азыр фермери да жазуучу, геолог, гидрологу да жазуучу. Жазган китептерин карасаң - санжыра, атасынын өмүр баяны, же энеси мугалим болгон, ошону жазышкан. Ал көркөм чыгармага жатпайт. Анткени, көркөм чыгарманын өзүнүн критерийи, адабияттын талабы бар. Бирок, аны калем кармагандар өздөрү түшүнүшпөйт экен.
Кыргыз аялдарынын китеби кыркынчы жылдардын аягына чейин эч чыккан эмес. Бурулча деген болгон, Шарапат деген болгон, топто ырдап койгону үчүн күйөөсү мурдун тиштеп ыргыткан. Айтып олтурса, кыргызда андай трагедиялар көп эле болгон. Согуш учурунда жоокерден селкиге, селкиден жоокерге деп кат түрүндө "З" дан "К" га деп жашыруун сүйүү лирикасын жазышкан. А бирок, китеп болуп чыккан эмес, тарых айтып турат. 1949-жылы гана элдик салттын, фольклордун негизинде "Сагынамын, сагынамын, сагынамын, Сагынган да ар бир жаштын багынан" деп башталган Нуржамал Жетикашкаеванын "Жанган жалын" поэмасы китеп болуп чыккан. Мына ошол аял акындарынын баштоочусу болуп эсептелген Жетикашкаева, Сатина Абдыкеримова, Тенти Жунушбаевалар (Адышова) кыргыз элинин өзөгүнөн чыккан, уюткусунан чыккан, кыргыздын салттуу фольклорун өнүктүргөн поэттессалар десе болот. Андан кийин Абылкасымова, Буларкиева, Момуновалар баштаган жоон топ катары менен келди. Бизде саясат болгон да, "сөзсүз үчүнчү секретарь аял болуш керек. Аларды көтөрүп, азаттыкка чыгаруу керек" деген. Сөзсүз ар бир майданда аялдын өкүлдөрү туруу керек болгон. Ошол себептүү женпедден үч менен бүткөн кыздар президиумга олтуруп, эң жакшы баа менен бүткөн мектептин деректирлерин кызматтан алып турган. Мына ушундай абал социализм учурунда бизде өкүм сүрүп келген. Эми адабиятта мен өзүм сыйлай турган Зуура Сооронбаева, Гүлсайра Момунова жана кийин өнүгүп келаткан Бактыгүл Чотурова, Бактыгүл Сейитбекова сыяктуу кыздар бар. А бирок, калем кармаган келин кыздар 19 жылдын ичинде жайнап кетти...
Бир жарым миллиард калкы бар Кытайда Конфуцийден бери карай эсептегенде, үч жүз гана жазуучу бар экен. Бизде жазуучулардын алты жүз мүчөсү бар. Азыр каерден акча берсе, ошону мактап ыр жазышат экен. Ошо менен китеби толот, анан китебимди чыгарып бергиле деп жалынып, жалбарып барышса "Китебиңди нары алып барчы, айланайын, ме акча" деп сунгандар да болуптур. Мындай көрүнүш аял акындарда, эркек акындарда да бар. Кийинки көз караш жалаң эле сыйлык алуу, наам алуу болуп калды. Эски чыгармаларын жыйнап келип, томдук кылып чыгарууга аракет кылып калышты. Аттуу-баштуу эле кишилердин ошондой нерсеге чейин барышы уят, абдан ыңгайсыз... Менин өзүмдүн көз карашымда адабият үч багытта өнүгүшү керек эле. Айрыкча поэзия. Биринчисинде, ак ыр мененби, же салттуу жол менен жазабы, новатордук ой-пикирди алып келген акындар болуу керек эле бизде. Мисал катары, Чыңгыз Айтматовдун прозадагы новатордугун айтсак болот. Ал эми поэзияда Олжас Сулейманов, Кайсын Кулуев же Гамзатов сыяктуулар бизге керек эле. Бул көрүнүш жок... Экинчиси, биздин поэзияда салттуу ырларды бөлүп кароо керек. Тыныстанов, Шиваза, Турусбеков же Осмонов сыяктуу, эч ким алардын деңгээлинен өтө жаза алган жок. Бул чоң өкүнүчтүү көрүнүш. Өтүш керек болчу. Анткени, 21-кылымга кирдик да. Кийинкилерди канаттары кыркылган жаштар деп коюшат. Өздөрүнүн канаттарын өздөрү кыркып салышкан. Анткени, башка илимге өтүп кетишти. Шопур, бизнесмен болушту. Кыскасын айтканда, "Где преобладает коммерция, там искусству делать нечего" деген Достоевскийдин сөзүндөй болуп калды.
Үчүнчүсү, уюткулуу элдин мурдагы фольклордук өзөгүнөн чыккан ырларды, салттуу традицияны улантып келаткандар. Момунова, Чотуроваларды алсак, ошол салттуу жол менен акындыкты кесип кылып алгандын өзү эле оңой эмес. Ошон үчүн алардын чыгармачылыгын адабияттын чоң талабы менен карабай, кичине жеңилирээк көз караш менен кароо керек.
Мына кийинки жаштар "Нурборбор", "Калемгер" деп уюшулуп жатышат. Уюшулуу менен эч нерсе бүтпөйт. Менин тилегим эле ушуну жаштар ойлонушса. Жана башында айтып өткөндөй сыйлык, даража үчүн жазышпаса. Бизде "Руханият", "Түгөлбай ата коому", "Бейшеналиева", "Турсунбаева", "Рыскулов" атындагы деп санай келгенде сыйлык бере турган 32 уюм бар экен. Алыкул Осмоновдой жаза албай туруп, акындын атындагы сыйлыкты алып жатышат. Ал сыйлыкты алыш үчүн жазганы менен акынга жакын барыш керек же андан ашып түшүш керек. Мындай көрүнүш адабиятта эле эмес экен. Муратбек Рыскулов аткарган ролду ойной албай, же Кыдыкеева жараткандай образды жарата албай туруп, алардын атындагы сыйлыкты алып жүрүшөт. Мындай болбойт да...
- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Ыр жазып жатасызбы?
- Өзүм Пушкиндин чыгармаларын которуп, жарыкка чыкты. "Учур", Талас театрларына классикалык адабияттан "Калигула" менен "Жаш жүрөктүн сүйүүсүн" которуп бердим. Кыргыз театрынын тарыхын сүйүп, көрүүчү, баалоочу катары эч ким жазбаптыр. Диссертация же докторлук наам алыш үчүн үстүртөн жазгандар болбосо, изилденбептир. Мен өзүм ал жерде көп жыл иштеп, билгеним үчүн жана Советбек Жумадылов, Күнболот Досумбаев, Арсен Өмүралиев, Бообек Ибраев, Искен Рыскуловдор менен жолдоштук мамиледе болгондуктан алардын арбагын сыйлап, алар жараткан образдарды талдап, кыргыз театрынын тарыхын жазып чыгардым. Абдумомунов 29 пьеса жазыптыр. Азыр кайра ойногонго бирөө да жарабайт. Анткени, ошол учурдагы утурумдук темаларды козгогон. Ал эми Кыдыкееваны Кыдыкеева кылган классика болгон. Анвар Куттубаева деген татынакай опера ырчысы болгон. Биринчилерден болуп Ленин орденин алган. Мына ушулардын баары аталган китепте бар. Ооруп, бир бутум ооруканада, бир бутум үйдө болуп жүрүп, кыйла жылдан бери ыр жазбай калыптырмын. "Күткөн кезде кел,кел!" ырымды жаздым.
- Театр тарыхында, адабиятта аты калган кайнатаңыз Касымаалы Бектенов тууралуу айта кетсеңиз?
- Менин кайнатам тунгуч профессионал режиссёрлордон болгон. Өзү Луначарский атындагы жогорку театр институтунун режиссёрдук факультетин, кайненем Урумкан Исмаилова актёрдук жагын аяктап келишкенде, 1941-жылы согуш чыгат. Согушка кеткен кайнатам бактысы бар экен жарадар болуп, аман-эсен кайтат. 1946-жылы Ысык-Көл театрына башкы режиссёр кылып жиберишет. "Эки мырзанын малайы", "Эски достор", "Сепсиз кыз" - классикалык адабияттан, ал эми кыргыз адабиятынан "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Жашыл токой" пьесаларын ал киши койгондой эч ким коё алган эмес. Анан борбордогу театрга деректир болуп чакырылган. 1958-жылы Москвада өткөн 2-декададан орден алып, анан театрды өткөрүп берип, өзү кино актёр, жазуучулук жакка ооп кеткен. Анткени, театрда режиссёр болуш өтө оор. Кыргыздарда кээ бир режиссёрлор буфеттерде же жалгыздап ичип жүрүп өтүп кетишти. Алар көп да жашашпайт. Анткени, артисттер "жеп" таштайт. "Горбатый человек" деп коюшат режиссёрлорду. Алар театрды жонуна көтөрүшөт. Ошон үчүн режиссёрлордун жумушу өтө оор. Аларды сыйлаш керек. Кайнатам эски кадр болгондуктан ичкен жок, бирок 65 жашында эле көзү өтүп кетти. Театрды өнүктүрүүдө кошкон салымы чоң болгон.
- Рахмат маегиңизге. "Адабият айдыңы" сизге ден соолук жана чыгармачылык чоң дем күч каалайт.
М.Молдобекова





элесиң эстен кетпейт
Итикулов Таалайбек Шаршенбекович 1965-жылы 20-майда Токтогул районунда төрөлгөн. 1989-жылы Скрябин атындагы айыл- чарба институтун бүтүрүп, Кетмен-Төбө совхозунда башкы зоотехник адистигине чейин көтөрүлүп иштеген. Айылдык кеңештин депутаты болгон. 2005-жылы 19-майда жол кырсыгынан кырчын өмүрү кыйылган.
Таалай!
Бүгүн 19-майда Көтөрмө айылында сенин элесиңе арналган волейбол оюнунун 4-туру болот. Бир гана арабызда сен жоксуң.
Сени ата-энең эстейт,
Сени уул - кыздарың эстейт.
Сени жарың эстейт.
Сени бир туугандарың эстейт.
Сени кайын журтуң эстейт.
Сени тага журтуң эстейт.
Сени Көтөрмөнүн эли эстейт.

Ошол күнү
Мага жакпайт, жаман көрөм ошол күн,
Эл журтуңа, эне-атаңа түшкөн болчу каран түн.
Балаң ыйлап, жарың ыйлап сыздаган,
Чымын жаның чыр… деп учкан ушул күн.

Таалай өлдү деген сөздү укканда,
Жүрөк сыздап түк басылбай ыйлаган.
Ата-энең алган жарың гана эмес,
Таалайбек деп боо түшүштү кыйла адам.

Жүрөк канап, кан басымдар чыңалып,
Ачык асман бопбоз болуп тунарып.
Көз алдымда кандай акты көз жаштар,
Көктө булут жылбай калды чубалып.
Жаштар ыйлап, Таалай аке өлбөйт деп,
Жан алгычтын көзү аны көрбөс деп.
Буту сынса айыктырып алабыз,
Агабызды кудай бизден бөлбөс деп.

Ишене албай же жаныңа бара албай,
Өлтүрбөскө же бир арга таба албай.
Чурулдашып эли-журтуң, ата-энең,
Көздөн кандуу жаштар акты дайрадай.

2008-жыл 19-май
Көтөрмө үчүн Таалай деген жаралган,
Такыр башка "Лаззат" эле адамдан.
Көтөрмөнү гүлдөтөмүн дечү элең,
Максатыңа жетпей калдың самаган.

Кырда туруп "карачы эже жерди" деп,
Өз жериңе суктанганың эсимде.
Бак тиктирем баарын оңдойм өзүм деп,
Кыялданган сөзүң калды сезимде.

Максатыңа жетсең болмок жаш боорум,
Сырдашканда ажал угуп койдубу.
Ай… түшүнбөйм, кандай болуп кеткенин,
Жол кырсыгы жанга аралжы болдубу.

Аман болсоң сирень жыттап турмаксың,
Жаш карыга текши көңүл бурмаксың.
Жаштар ээрчип ата көргөн баладай,
Элиң үчүн сонундарды кылмаксың.

Жаткан жериң жайлуу болсун жаш боорум,
Ал жакта да жүргөндүрсүң эл багып.
О дүйнөдө арбактарга жолуксаң,
Күнөөлүүлөр турган чыгар ыйбагып.

Жадаганча жашаса го тип-тирүү,
Тирүүлүктөн көрбөйт белең далайды.
Эң билимдүү элдер менен иштешип,
Өз алдыңча өзгөртмөксүң заманды.

Канчайым Сыдыкова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-май, 2009-ж.:
1-бет
ҮЧ ЖАШЫНДА ЛИМОНАД САТЫП, ОН ЖАШЫНДА САКАЛЫ ӨСКӨН АЛЬКАМИЛ
2-бет
Үчүнчү классында лимонад сатып, бешинчи классында сакалы өскөн
Алькамил

3-бет
Эрмек Нурбаев:
"Аскар Акаев менин кумирим"

4-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Мен элге кедейчиликтен сууруп чыга турган
кайырмак берем"

5-бет
маалымат
6-бет
Эл акыны Эрнис Турсунов:
"...Жаңылык киргизген жаңы чыгарма учурабай калды"

7-бет
Тиш-организмдин күзгүсү
9-бет
Сен ишенбейсиң!..
10-бет
дүйнө сыры
11-бет
"Ласковый майдын" атын чыгарган Юрий Шатунов
12-бет
спорт дүйнөсүндө эмне кеп?
13-14-бет
Обон почта
15-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

16-бет
7 жаштан 70 жашка чейинкилерге кастинг жарыяланат










??.??