айлампа

Сен ишенбейсиң!..
Бул рубриканын башкы максаты белгилүүлөрдүн биз билбеген белгисиз айрым сапаттарын айкын чагылдыруу. Ойго келбеген мындай көрүнүштөрдүн чындыгы бар экенине толук ишене берсеңиз болот, ардактуу окурман. Анткени анда чыркырагын чындык бар.

Күмөндөр Абылов
Күмөндөр Абыловду "ыйлаак куудул" экенин ким билмек эле. Кызыгы, ал телевизордон индия киносун же башка деле кайгылуу тасмаларды көргөндө көзүнөн жаш токтобой ыйлап жиберет. Кээде китеп окуп жатып, андагы каармандардын тагдырына баш оту менен кирип кетип, көзүнө кандай жаш алганын билбей калат. Качан гана карекке толгон жаштан китептеги тамгалар көрүнбөй калганда эсине келет тура. Кап, ата-а мынча неге жашыксыз.

Роза Аманова
Комузун колго алып, үлпүлдөк көйнөк кийип алып эле эл алдында жүрсө, анан да коомдук ишмердин жары болсо, чындыгында бу айымды ар ким ар кандай элестетээр. Балким, колунан эч нерсе келбеген ак кол аял деп ойлоп алсаңыз, анда жаңылышасыз. Ал колунан көрүү төгүлүп сайма саят, тумак, тебетейлерди кынаптап тигип, өзүнүн ойлоп табуучулугу менен бычып, башкаларга үлгүлүү айым экенин көргөзө алат. Көрсө айым ак кол эмес эле, чебер уз турбайбы.

Тата Улан
Кыргыз шоу дүйнөсүнүн өзгөчөлүү мырзасы Тата Уландын касиеттүү калем сабы бар. Ал бир олтурганда илхому курчуп олтуруп, колундагы калеми жазганга жетише албай жатып, 30 мүнөттүн ичинди бир ырдын сөзү, обонун "мына сага" деп жазып бүтүрүп салат. Ишендиңизби?

Тынчтык
Абылкасымов
Тычтык кастюм шым кийгенди жактырбайт. Ал 2005-жылдан бери бир да жолу кастюм шым такыр кийе элек. Тынчтык ошондо "мындан кийин эч качан классикалык стилде кийинбейм" деп өзүнө-өзү сөз берген. Ал гана эмес актёр "Боз салкын" кино тасмасынын ачылыш аземине да спорттук кийими менен барган.

Айгүл Чалова
Далай жигиттердин жүрөгүнө чок салып келген Айгүл Чалованын бул айтканына, албетте эч ким ишенбейт. Айгүлдү апапак болгон мышыгы кечкисин биринчилерден болуп тосуп алып, арызданат. Аны Айгүл да дайыма жуунтуп, тамагын тандап берип абдан жакшы карайт. Кечинде мышыгы анын этегине жатып уктайт. Кээ бир учурда Айгүл биринчи бөлмөдөн чыгып кетсе, же башка жагдайлар болуп калса, сөзсүз мышыгы "Айгүл" деп коңуранып сүйлөнөт экен. Шумдугуң кур.

Кенже Дүйшеева
Кымча белдүү "Кыз-Бурактын" кыйыны Кенже Дүйшееванын чимириле бийлегенин баарыбыз жакшы билебиз. Көрсө, анын төркүнү тээ жакта жаткан турбайбы. Ал телевизордон чет жактагы жана биздин бийчилердин кыймылдарын кандай көрсө, так ошондой кылып кемчиликсиз туурай алат. Анан дагы эгерде кимдир бүрөөнү мурда бир көрүп, кийин кайрадан жолуктурса, ошондо анын кандай кийим кийип жүргөнүн бүт сүрөттөп, жада калса өң-түсүнөн бери айтып бере салат. Тообо, эске тутуусунун күчтүүлүгүн карабайсыңбы?

Айчүрөк
Иманалиева
Жанга жаккан жагымдуу үнү, жарашыктуу сахна кийимдери менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган Айчүрөк Иманалиеванын үй-бүлөсү туурасында жөнөкөй гана бир учурду айткыбыз келет. Ал 12-январ өзүнүн туулган күнүндө уулу Арленди, кызы Аэлитаны бу жарык дүйнөгө алып келген. Кызык, бекен?! Эгерде чындап алдыга максат коюп, өзүнүн туулган күнүндө төрөөнү пландаштырса да мындай учурлар болбой калышы ыктымал.

Салима Балтаева
Булбулдай үнүн созуп, кооз көйнөк кийип алып, сахнадан чайпала басса эле айыл турмушуна көнбөгөн наздуу бир бийкечти элестетесиң. Көрсө, Салима эжекебиз башкасын айтпай эле коёлу, күлүк атты шамал менен кошо жарыштыра чаап, эркектерден кем калышпай атка секирип минет. Чын, анын көлөмүнө таң калбай эле чыйрактыгына таң берсек болчудай.

СЪездбек
Искеналиев
Кыргызда "Эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген накыл кеп бар эмеспи. Мына ушул сөздүн маанисине Съездбек Искеналиев каршы турат экен. Анткени, ал башына чач өсүп чыккандан бери бир да жолу шоктук кылып, эч бир бала менен мушташып көргөн жан эмес. Буга ишене бербеген айрымдары "кантип эле ошондой болсун?" деп суроо узатышканда, кыска гана "ушинтип эле" деп жооп кайтарат.

Айнура
Салахидинова
Айнураны коңур үнүнө байланыштырып, чылым чегет деген тыянак чыгарып коюшат. Бирок, ал тамеки чекмек тургай тамеки чеккендердин жанынан эки-үч кадам нары качат. Себеби, ал чылымдын түтүнүнө какап-чакап тура албастыгын айтат. Ошондой эле ырчынын намаз окуп, кудай жолунда жүргөнүн айта кетели.

Рахбар Алымкулова





Динара Акулова турмушка чыктыбы?
Уккан кулакта жазык жок демекчи өткөн 7-май күнү кыргыз эстрадасынын ханышасы Динара Акулова турмушка чыгып, "Алтын казына" ресторанына той концертин бериптир деп, узун кулак жаныбыз уга калдык. Анын чын-төгүнүн билүү үчүн дароо Динара айымдын алысты жакын кылган телефонуна чала калып, шыбыр кептин шыбышын биле салдык. Анда сөздү ырчынын өзүнө берсек: "Чын, мени турмушка чыгарып жиберишиптир. Мындай сөздөрдү угуп алып кадимкидей "шок" болуп калдым. Мурда дагы Кытайга бир айга гастролго кетсем күйөөгө тийгизип жиберишкен. Эми азыр дагы ушундай болуп жатат. Кызыгы, азыркы күйөөм ким экенин өзүм дагы билбейм. Чындыгында мен күйөөгө тийбей эле, кубанычымды тең бөлүшкөн күйөрмандарым менен "Алтын казынадан" жакындан жолгушайын деп концерт бергеним, ырас. Себеби күйөрмандарымды сагынганымды жашыра албайм. Албетте, концертим мен ойлогондой жогорку деңгээлде өттү. Мени сыйлап чыгармачылыгымды баалап келген күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем".

Кытай баштыгына Ильяз Абдыразаковду неге катышты?
"Арманым" деп сыздап ырдап чыккандан бери Ильяздын күйөрмандары канчалык деңгээлде көбөйгөнү баарыбызга белгилүү. Анын себеби ырчыны биринчиден жылдыздуу жүзү, тамшандырган таланты, оор басырыктуу мүнөзү алдыга жетелегендир. Ал шоу-бизнестен орун алып, чыгармачылык жолдун кемесинде калкып сүзүп жүргөн кезинде алыскы Россиянын Самара шаарына концерт берип, барып калат. Концерт бүткөн соң Ильязды топтошкон кыздар концерт уюштурган жайдын оозун тосуп алышып, эч чыгарбай коюшуптур. Чыгып аларга жолугуп кол тамга берейин десе кыздардын көптүгүнөн баш айланат. Акыры айлалары кеткенде аргасыздан аны, жанындагылары кытайдын чаар-ала баштыгына салып, билгизбей көтөрүп алып чыгып кетишиптир. Бул маалыматыбыз да кур болуп калбаш үчүн Ильязга кайрылдык. "Аны дагы угуп алдыңыздарбы? Мындай учурлар көп кездешет. Болгон эмес деп да танып кете албайм. Ошондой десем мактангансып калат экенмин. Сиз айткан учурга туш болгонум, чын. Бирок, мындай эле жазып коюңузчу" деп кескин жооп кайтарды.