п»ї

  айлампа

Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"
- Опера ырчысы болуу барыбыздын колубуздан келе бербейт эмеспи. Ал багытта иштөө үчүн атайын үн керекпи?
- Опера жаатында эмгектенип келе жатканыма он жылдын жүзү болду. Туура айтасыз, опера ырчысы болуу өтө кыйын. Ар бирибиздин колубуздан келе бербейт. Буга атайын табияттан берилген үн керек. Андан кийин күжүрмөн эмгек, талыкпаган аракеттин аркасында изденүүнүн болуусу кажет. Башкача айтканда жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт, милдеттүү түрдө билим алуусу зарыл.
- Эстрада менен операнын өзгөчөлүгү эмнеде. Эмне себептен суроо-талап көбүнчө эстрадага басымдалат?
- Эстраданы элибиз бат кабыл алып жаткандыгынын себеби, анын жеңил жанр экендигинде болуп саналат. Ал эми операны кабыл алыш үчүн адамдын жан дүйнөсүндө музыканы түшүнүү сезимдери бийик болуш керек. Классикалык опера 16-кылымда өнүгүп, ошондон бери анын эң мыктылары иргелип келе жатат. Классиканы кыргыз тилине которсок "үлгүлүү" дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан аты айтып тургандай операны түшүнүүгө адамдын ички туюмунда күчтүү дарамет сакталыш керек.
- Үнүңүздү бир калыпта кантип сактайсыз?
- Биз ырчылар спортсмендер сыяктуу күн сайын машыгып турбасак, үнүбүздүн калыптанганын бузуп алабыз. Иш күнүбүз Опера жана балет театрында эртең мененки 20 мүнөттүк машыгуудан, бир жарым сааттык машыгууга чейин жүрүп, андан соң концертмейстер менен иштеп, спектаклдерге даярдык көрүү менен уланат. Ар бир күнү үндү багуу керек. Мисалы: усталар стөл жасап ага кам көрбөсө деле көпкө чейин бир калыпта тура берет. Ал эми биздин үндү калыпка салгандан кийин да көңүл бөлүп турбасак ал артка кетип, өз деңгээлин жоготуп алат.
Кам көрүү боюнча айтсам, иш учурунда балмуздак, газдалган сууларды жана өтө ысык тамактарды ичпейм.. Негизгиси, тамакты жылуу кармап, өтө аяр мамиле жасайм.
- Маанилүү ыр гана жүрөктөн оорун алаарына шек жок. Ырларга болгон табитиңиз кандай?
- Менин ырга болгон табитим абдан күчтүү. Жан дүйнөмө жаккан ырларды гана аткара алам. Консерваторияда окуп жүргөн маалда эжекелерим мага атайын ырларды издеп таап келишчү, эгерде мага ырлар жакпаса алардын көңүлүнө карабай эле ырдабай койчумун. Ошол сапатым азыр деле бар. Качан гана көңүлүмө ыр жакканда ырдап чыгам. Анткени ыр тандоодо өтө этият болгум келет.
- Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз. Үй иштерин кандай аткарасыз?
- Мен ойлойм ар бир аялзат өз кесиби менен үй-бүлөсүн да жогорку деңгээлде бирге алып кетиш керек. "Эне үйдүн куту" дегендей, аялзаттын эң биринчи бактысы эне болуу. Мен өзүмдү дагы ошол бактылуу энелердин катарына кошо алам. Жети жаштагы Мырзабек аттуу уулум бар. Ал эми үй оокатына, ашканага өтө жакынмын. Өзүм каалаган тамактардын баарын колдон келишинче жасай алам. Кандай иштен бошосом, дароо үйгө шашам. Бош убактымда үйдө болуп, кийизден буюм жасоо- бул менин хоббим. Үйүмдү ушунчалык жакшы көрөм.
- Бир кезде чыккан "Нукура кыргыз" теле долбооруна катышып эмнелерди ала алдыңыз?
- Мен өзүм орус мектепти бүтүргөм. Бул теледолбоорго катышуу менен өзүмө көп сабак ала алдым. Айтсам буга чейин угуп келген кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндарын ошондой эле, макал-лакаптардын терең маанисин түшүнүп, кыргыз болуп төрөлүп калганыма сыймыктандым. Мындай долбоорлор ишке ашып турса өзгөчө жаштарга чоң сабак болоорун билдим.

Айнура Султанова.




Тирүүнүн өлүгүнө айландым...
Урматтуу окурман, эгер жүрөгүңүздө тынчтык бербеген жашыруун сырыңыз катылып, түркүн ойдун кучагында байланып, турмуштун өйдө-ылдыйында чайналып жүрсөңүз биз менен сыр бөлүшүңүз. Балким, аруу махабатыңыз жөнүндө да айтаар чыгаарсыз... Деги койчу баардык ичиңизде бук болгон арманыңызды же кучагыңызга батпаган кубанычыңызды кат аркылуу биз менен тең бүлүшөөрсүз. Анда сиздер менен сырдашканга "Жүрөк сыры" рубрикасы ачылды. Байланыш телефондору: 44-98-21






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??