п»ї
 Таанышуу жарыясы


  атактуулар ааламы

Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
Россиянын эмгек сиңирген артисти, Россиялык жана Эл аралык фестивалдардын лауреаты, композитор, ырчы Маликов Дмитрий Юрьевич - Россиянын шоу-бизнесинде интеллигенттүү, романтик аткаруучу. Анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин уккулуктуулугу жана популярдуулугу менен айырмаланат. Аны менен бирге Дмитрий Маликов видеоклиптерди тартып, обон жаратып, өзүнүн профессионал командасын түзүп продюсердик борборун да ачкан.
Үй-бүлөсү тууралуу чакан маалымат
1970-жылы 29-январда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы Маликов Юрий Федорович Россиянын эмгек сиңирген артисти. ВИА "Самоцветы" группасынын жетекчиси. Апасы Вьюнова Людмила Михайловна балет-солисткасы, азыркы учурда Дмитрий Маликов түзгөн жамааттын концерттик директору болуп эмгектенет. Эжеси - Маликова Инна актриса. Жубайы Елена экөөнүн ортосунда Стефания аттуу кызы бар.
Музыканттын үйүнөн чыккан музыкант
Дмитрийдин ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан анын балалык чагы жалаң музыканын коштоосунда өткөн. Алардын үйүнө дайыма белгилүү музыканттар, ырчылар келип турган. Дмитрий музыканттар чогулган бөлмөдө жаңы ырлардын талкууланышына бир нече ирээт катышкан. Чоң энеси "Самоцветы" группасынын ырларын коюп берип, ырга кызыктырган. Дима бир жарым жашында эле наушникти өзү тагынып алып, чет өлкөдөн алып келген "The beatles" группасынын ырларын уккан. Бирок, келечекте хоккейчи болууну каалаган. Беш жашынан баштап музыкалык мектептин фортопиано бөлүмүнө барат. Ата-энеси аны дайыма гастролдорго ээрчитип алчу. Диманын эң биринчи тушоосу мектептеги өткөн концертте кесилип, фортопианодо ойногон.
Он төрт жашында "Темир жан" аттуу эң биринчи ырын чыгарган. Ушундан баштап спортсмен болом деген балалык кыялдарынан биротоло баш тарткан.
Ырчынын хит ырлары жана популярдуулугу
1985-жылы 8-классты бүтүргөндөн кийин Москвалык консерваторияга тапшырат. Бир эле убакта өзүн эстрада жанрында да сынап, ВИА "Самоцветы" группасындагы аспаптык топко кошулуп, клавищада ойной баштайт. Ул учурда болочоктогу композитордун ырлары, топтун репетуарын толуктап калган. Ал эми 1986-жылы биринчи жолу "Кенен айлана" көрсөтүүсүнө "Я пишу картину" аттуу ыры менен чыкса, чоң сахнада "Лунный сон" аттуу ырын ырдап чыккан. Аталган ыры "Эвуковая дорожка" хит парадында бир жыл бою хит болгон. Ошондой эле "До завтра" ыры чыгармачылыгында "визитка карточкасы" болуп, жагымдуу обону, уккулуктуу аранжировкасы жана жеңил, маанилүү тексти менен өзгөчөлөнгөн. Бүткүл союздук теле экранга чыккандан кийин Дмитрий Маликовдун чыгармачылыгында болуп көрбөгөндөй ийгиликтер байкалган. Анын "Студент", "Спой мне", "Золотые косы", "Бедное сердце", "Сторона родная" ж.б. ырлары өлкөнүн хит-парадынан түшкөн эмес. Дима кайсы жерлерге концерт койбосун концерттик залдарга, стадиондорго анын күйөрмандары батпай турчу. Анын аты баардык шаарларга жайылып, укмуштуудай күйөрман топтой алган.
Ар тараптуу
талант ээси
Музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин фортопиано боюнча билимин жогорулатуу үчүн 1989-жылы П.И.Чайков атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына тапшырат. Аны менен бирге эстраданы улап гастролдорго чыгып турган. Ошол эле жылы Дмитрийди "Сопот" эл аралык популярдуу музыка фестивалына кадырлуу конок катары чакырышкан. "Sopot News" газетасы Диманын атактуулугун жана чыгармачылыгы тууралуу кенен маалымат алып, "Дмитрий Маликов - Европадагы дискотекаларда канаттануу менен уккан ырлардын атасы" деп жазып чыгышкан. Анын эң биринчи тушоо кесүү концерти 1990-жылы Москванын "Олимпийский" стадионунда өтүп, 18 миң көрүүчү келген. Концертинен кийин өзүн актёрлук жактан сынап "Увидеть Париж и умереть" аттуу көркөм фильмде аткаруучу пианистин ролун ойногон. 1994-жылы консерваторияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Диманы ар тараптуу талантын байкаган режиссёрлордон киного тартылуу сунуштар түшкөн. Бала кезинен бери чыгармачылыктын жан дүйнөсүнө арбалып көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Көптөн бери кыялданып жүргөн аспаптык музыкада жазылган "Страх полета" аттуу альбомун чыгарганга жетишкен. Анын алдыга койгон максаттары аспаптык музыканын үстүндө иштеп, театрга жана тасмалардын саундтректерине музыка жазуу менен уланган.
Атактуулук багындырган наамдар
Карьерасында жаңы өзгөрүүлөр, ийгиликтер белгилүү продюсерлер, массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен коштолгон. Бир топ клиптерди клипмейкерлердин кеңеши менен тартып, алардын ичинен "Выпью до дна" жана "Звезда мая далекая" аттуу ырларынын клиптери "Поколение" видеоклиптер фестивалынын лауреаты болгон. 1999-жылдын 22-ноябрында РФ Прездентинин указы менен Россиянын Эмгек сиңирген артисти наамы берилген. Дмитрий жаш болсо да бир нече сыйлыктардын, наамдардын ээси болууга жетишкен. "Овоция" улуттук премиясынын лауреаты (2000-ж), "Эң мыкты ырчы" (2008), "Песня года" телефестивалынын лауреаты, 1995-жылы VII Эл аралык "The wold music Awards" фестивалында Монте-Карло, "World best - selling recording - artist of the year" наамы менен сыйланган. Ошондой эле "Русское радио", "Хит fm" радиостанциялары уюштурган "Золотой граммофон", "Стопудовый хит" аттуу телесынактардын премиясынын ээси.
Фрунзенин
фонтанына жуунуп...
- Мектепте окуп жүргөндө жалаң бешке окуган "отличник" болом деп максат койсом дагы, андай боло албадым. Үчүнчү классымда жагымсыз бир окуяга туш болгом. Жакшы көргөн классташ кызымдын атын партанын бетине кайчы менен кырып жазып койгом. Анан чоң уруш башталды. Ата-энемди мектепке чакыртып, мени катуу тилдешти. Мен эс учумду жоготуп жерге жыгылдым. Ошол учурда колумду катуу кесип алып, кан көп кетип бир топко чейин токтобой койгон. Негизи менин биринчи мектебимде өзгөчө окуялар көп болгон. Тогуз жашка чыкканда Володия Пресняков экөөбүз кичинекей ансамбль түзүп алганбыз. Мен фортопианодо, ал барабанда ойноп, жайкысын "Самоцветы" группасы менен гастролдорго чыгып кетчүбүз. Бир жолу Фрунзе (Азыркы Бишкек) шаарына ансамбль менен гастролдоп барып калдык. Володия экөөбүз борбордо жайгашкан фонтанга түшүп чабак уруп, кеч киргенче жуунганыбыз эсимде. Бала кезде мындай көрүнүштөр боло берет эмеспи.
Издешпей табышкан бактылуу жубайлар
Жубайы Еленаны досторунун альбомундагы сүрөттөн көрүп жактырып калган. Кийин жакындан таанышып, жылдыздары келишип баш кошушкан. Елена менен эң биринчи жолугушуусунда ага жакшы комплименттерди айтпастан дароо эле, "Машинаңыз ушунчалык сулуу экен" деп машинасына кызыкканын жашырбайт. Бир топ жылга чейин граждандык никеде жашашып, качан кызы Стефания төрөлгөндө гана күйөөсү, аялы болууну чечишкен. "Жубайы Еленанын көзүн карап жакшы сыйлаарын ар убак билдиргиси келет. Төрөттөн кийин жубайынын ичи чыгып кеткендиктен фигурасынын өзгөрүшүнө кам көрүп, спорт менен машыгуусун суранган. Көптөгөн эмгекти, аракетти талап кылгандан кийин Еленанын фигурасы калыбына келген. Табиятынан жубайынын табити абдан жакшы экенин баалайт. Дайыма клипке тартылууда, чоң көрсөтүүлөргө бараарда костюмдарын аялынын кеңеши менен алат. Жубайы үйдүн проектисин да мыкты тандаган. Алардын үйүнө келген ар бир конок Еленадан кеңеш сурайт. Дмитрий үй-бүлөсүн бардыгынан жогору коёт. Анын сайтына тез-тезден акча сураган күйөрмандарынын катына аялы менен кеңешип жардам берет. Себеби, операцияга деп жардам сурагандарга камкордук көрсөтүп келет. "Тең бөлгөндү теңирим сүйөт" деген ураан менен жашайт. Анткени, акчасын жакындары менен тең бөлүшүүдөн кайра тартпайт. Популярдуу ырчынын ашыкча күйөрмандары бар экени шексиз. Бирок, Елена жолдошуна ишенип, экөөнүн ортосундагы сүйүүнү сакташ үчүн кызганычтан алыс болууга аракет жасайт. "Мен гастролго кеткенде жубайымды жана кызымды сагынып, бат келгенге ашыгам. Биздин гастролдон кийинки жолугушуубуз - үй-бүлөлүк кичинекей майрам" дейт Дмитрий Маликов.




ШОУ-БИЗНЕС
ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Лариса Долина күйөөсү менен
ажырашат
Россиянын ырчысы, актриса Лариса Долина он бир жылдан бери бирге жашаган кырк жаштагы музыкант, продюсер күйөөсү Илья Спицын менен ажырашуу алдында турат. Анын себептери кызганычтан улам келип чыккан. Ырчы мурда иштеп кеткен бас-гитарада ойногон музыкант баласы менен ар кайсы квартираларда жолугушууну сунуштап жүргөн. Көп өтпөй Лариса Евровидениедеги "Евроүйдө" эски досу Сашанын кучагында да болгонун көрүшкөн. Мындай көрүнүштөр тез-тезден кайталангандыктан ажырашууну чечкен. Журналисттердин берген суроосуна акысыз эч нерсе айтпастыгын билдирип, миллион доллар бергенден кийин толук айтып берээрин жашырган эмес.

Сергей Мазаев
үчүнчү аялынан
балалуу болду
"Моральный кодекс" группасынын лидери Сергей Мазаев үч баланын атасы болду. Биринчи аялынан бир баласы, экинчи аялынан Аня аттуу кызы бар болсо, эми 18 жаштагы Галина аттуу эң жаш аялынан уулду болду. Артында мурас болчу жаңы төрөлгөн уулунун бою 50 см, салмагы 3кг, 200гр болгон. Учурда кубанычы коюнга батпай сүйүнгөн ата "Жигули" ресторанына чакан той өткөрүүнү пландап жатат.

Колу күйгөн
ырчы айым
Эстрада ырчысы Ирина Аллегрова Воронеждеги жеке концертинде, кокус жерден колун катуу күйгүзүп алган. Сахнага ырдап чыккан маалда күйүгүн жашырыш үчүн колуна кара кол кап кийип чыккан. Бирок, ырчынын күйгөн колу тууралуу күйөрмандары кабардар болушкан. Ырчы өзүн начар сезсе да концертин токтоткон эмес.

Макс Фадеев
врач болот
Продюсер Максим Фадеев эми врач болууну чечти. Мындай идеанын пайда болушу анын оорусуна байланыштуу болгон. Немец клиникасында дарыланып жатканда микроинфаркка учурап, оор абалда калган. Өзүнүн ден соолугун чыңдап алгандан кийин жай айы менен медициналык окуу жайга тапшыраарын билдирди. Бирок, кайсы факультетти тандап алганы азырынча сыр бойдон турсун.

Акыл Карачач





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??