п»ї

  спорт

Александр Емельяненко
Алгачкы кадам
Эрежесиз мушташтын жаңыдан жанып келе жаткан жылдызы Александр Емельяненко 1981-жылы 2-август күнү Эски Оскол шаарында жарык дүйнөгө келген. Александр үй-бүлөсүндө үчүнчү бала, андан улуу эжеси Марина жана агасы Федор аттуу бир туугандары бар. Александрдын спорт чөйрөсүнө аралашуусуна агасы Федор себеп болгон. Үй-бүлөдө Федор улуу болгондуктан инисине көзөмөлдүк кылып, аны кароо милдетин моюнга алат. Дзюдо менен алектенип жүргөн Федор машыгууну үзгүсү келбей инисин өзү менен кошо спорт залга ээрчитип барат. Башында Александр агасынын машыкканын көрүп гана жүрсө, бара-бара аны менен биргеликте дзюдонун түрдүү ыкмаларын үйрөнө баштайт. Башталгыч класска барган Александр Владимир Воронов деген машыктыруучунун колунда дзюдо жана самбо боюнча сабак алып, спорт чөйрөсүнө аралашып калган. Жашынан эле өзү курдаш балдардан айырмаланган мушкер он алты жашында дзюдо боюнча спорт чебери даражасына татыктуу болсо, арадан эки жыл өткөн соң мушташ самбосу боюнча Европа биринчилигин багындырып алган. Агасы менен машыгып жүргөн Саша спорттук карьера жасоого кадам таштайт.
"Өлүм
демонунун"
таймаштары
Александр эрежесиз мушташтагы карьерасын "Russian Top Team" командасынын курамында Рингс уюмунун алгачкы мушкерлери Волк Хан жана Андрей Копыловтор менен чогуу баштайт. Кийинчерээк Рингс уюмунун өкүлдөрү менен түзгөн келишимди бузуп, Прайд багыты менен келишим түзөт. Дал ушул Прайдда өзүнө тиешелүү болгон "Өлүм демону" деген экинчи ысымдуу болот. Мындай атка ээ болгон Александр бул багыттагы биринчи беттешин бразилиялык Ассеурио Сильва менен өткөрөт. Мушташтын жүрүшүндө активдүү чабуул жасаган Александр калыстар тобунун чечими менен жеңиштүү болот. Ортодон бир аз убакыт өтпөй эле Александрга экинчи таймашты өткөрүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Бул таймашта да дагы бир бразилиялык Энджело Арауджо менен тирешет. Арауджо бул учурга үч беттештин жеңүүчүсү болгон. Мушташ башталып анын экинчи бөлүгүндө Александр оң тараптан таамай сокку узатып, таймашты партерге өткөргөн Емельяненко атаадашынын үстүнөн мөндүрдөй соккуларды жаадырат. Арауджонун абалын көргөн дарыгерлер беттешти токтотуп Александр дагы бир ирет ишенимдүү жеңишке ээ болот. Бирок, бул жеңишке ээ болгону менен аны алдыда отуз бештен ашуун жеңиши бар, тажрыйбалуу мушкер Мирко Филипович "Крокоп" күтүп турган болот. Күткөн күн келип таймаш да башталат. Мелдештин башкы мүнөтүнөн эле катуу чабуулга өткөн Александрдын аракетинен натыйжа чыкпай, жыйынтыгында Мирко өзүнүн белгилүү хай-кик(бут менен башка тебүү) соккусу менен атаандашын нокаутка жиберген. Жеңилүү ызасын башынан өткөрсө да тайманбаган Александр бир айдан соң рингге кайтып келет. Бул ирет оомат Саша тарапта болуп Карлос Баретто аттуу мушкерди жеңип алат. Катарынан жеңиштерге жеткен Александрды алдыда дагы бир чоң сыноо күтүп, бул жолу ал америкалык Джош Барнет менен күч сынашууга чыгат. Прайддын Гран-присинин экинчи раундунда Барнет кайруу ыкмасы менен Александрды жеңип алган.
Эң көп татуировкалуу мушкер
Александр дүйнөдөгү эң көп татуировкасы бар спортчулардын бири. Анын денесиндеги сүрөттөр түрмөдө отурган абройлуу кылмышкерлерге таандык болгондуктан көпчүлүк авторитеттер аны мыйзамдагы ууру катары кабыл алышат. Татуировка кылмышкерлер дүйнөсүндө адамдын баскан өмүрүн чагылдырып берген документ болгондуктан, Александрды да түрмөнүн тузун таткан адамдардын арасына кошушат. Анын денесиндеги сүрөттөрдү изилдешкен күйөрмандары желке тарабындагы жылдызчаларды жана желени байкашкан. Ошондой эле анын татуировкаларынын арасында өспүрүмдөр абагында отуруп чыккан кылмышкерге таандык сүрөт да бар. Сүрөттөр тууралуу Александрдан сураганда бул анын хоббиси экендигин, мындай сүрөттөрдү тату салондордон тарттыраарын алардын эмнени түшүндүрөөрүн билбестигин белгилеген. Бирок, бул жооп анын күйөрмандарын канаатандырбай, татуировка боюнча тажрыйбалуу тергөөчүнү чакырып андагы чегилген сүрөттөрдү чечмелеген. Жыйынтыгында денесиндеги сүрөттөр балачагында эки жолу темир тордо отуруп чыккан кылмышкерге тиешелүү болуп табылган. А Александр болсо бул сүрөттөрдү атаандаштарына сүр көрсөтүү максатта тарттыраарын кошумчалаган.
Жарашыктуу
жаш үй-бүлө
Александр спортко эле эмес жеке жашоосуна да көп көңүл бөлөт. Ал жубайы Оля менен кезектеги мушташка даярданып жүргөн маалында таанышкан. Фитнес клубка машыгууга келген Александр клубда инструктор болуп иштеген кызга көзү түшүп, ошол замат аны менен таанышкан. Бир нече ай кыз-жигит болуп жүргөн соң эки жаш үйлөнүп, турмуш босогосун бирге аттаган. Учурда Ксения жана Полина аттуу кыздары бар.




  спортто эмне кеп?

Мейвезер бокска кайтып келди
Өткөн жылы бокс менен кош айтышкан экс-чемпион Флойд Мейвезер кенжеси жеңил салмактын WBA жана WBO титулдарынын учурдагы чемпиону, мексикалык Хуан Мануель Маркес менен беттешээри дайын болду. Таймаш 18-июль күнү Лас-Вегас шаарында өтөт. Эгер Мейвезер бул тиреште Маркестин үстүнөн жеңишке жетишсе, учурдун мыкты боксчусу Менни Пакьяо менен күч сынашаары маалымдалды.

Күйөрмандарынын добушуна ээ болгон Лемпард
Англиялык "Челси" футболдук клубунун күйөрмандары 2008-09-жылдын мыкты футболчусун тандап алышты. Алардын добуш берүүсү менен "Челси" клубунун жарым коргоочусу Френк Лемпард үчүнчү ирет бул наамды жеңип алды. Мындай наамга ээ болгон футболчу "Челси" клубунун машыктыруучусу Гус Хиддинк тарабынан атайын белек менен сыйланды.

Роберт Мюллер көз жумду
Хоккей боюнча Германия курама командасынын жыйырма тогуз жаштагы дарбазачысы Роберт Мюллер көз жумду. Аны өлүмгө алып келген дарт мээ шишиги болду. Спорттук карьерасында белгилүү дарбазачы Германиянын курамында 127 оюн өткөрүп, планетанын биринчилигинде сегиз ирет ийгиликтүү ойногон, андан сырткары "Кельн Шаркс" хоккейдик командасында да дарбазачылык милдетти аткарган. Мюллер эң акыркы оюнун "Дүйнө чемпионаты 2008"де өткөрүп андан соң тыныгууга чыгып ден-соолугунун камын көрүп келген.

Мирко UFCке катышат
Эрежесиз мушташтын Прайд багытындагы экс чемпиону Мирко Кро Коп Филипович UFCке кайтып келди. Мирко буга чейин Прайдда мушташып келсе, мындан ары сегиз бурчтукта токмоктошууга макулдугун берип, келишимге кол койду. Бул мезгилге чейин да үч ирет UFCтин мушташтарына катышып анын бирин жеңип, эки ирет жеңилүүгө дуушар болгон спортчу, тизеден алган жараатынан улам таймаштарды токтотууга мажбур болгон. Алган жараатынан толугу менен айыгып чыккан Мирко, учурда боло турган биринчи таймашын британиялык Мустафа Аль Турк менен өткөрүүгө кызуу даярданып жаткан кези. Хорватиялык мушкердин Мустафа менен боло турган тиреши 13-июнь күнү UFC 99 шоусунда өтөт.

Темирбек МАТАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??