п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-66-01. "Обонду" бийик тутуп, сыйлап окуп, СМС жазып жүргөн ар бир күйөрманга саламымды учурам. Замандаштар "Обондон" жакшы гезит тапсаңар мага кайрылгыла, бирок аракет кылбай эле койгула, баары бир таппайсыңар. Анткени "Обон" эң биринчи, эң кызыктуу, эң сонун, эң кооз гезит. Жака-Жазгүл.

ОП-66-02. Кош-Коргондун бүтүрүүчүлөрүнө салам. Силерге ийгилик, бар болгула. Силер суперсиңер. Классташыңар Айнура, Мадина.

ОП-66-03. Нарын шаарынын "Төш-Булак" аймагында жашаган сүйүктүү апам Замира Камбарованы 31-май туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Апа ар дайым маанайыңыз жарык, асманыңыз ачык болуп, ден-соолугуңуз бекем болсун. Кыздарыңыздын сый-урматына арзып, неберелериңиздин жытын искеген бактылуу таене аталып, төрүбүздө аман болуңуз. Атам Султан Касымов менен бактылуу көз ирмемдерди өткөрүңүз. Сизди жакшы көрүп, ишиңизге ийгилик каалап Бишкектен кызыңыз Айнура Султанова.

ОП-66-04. Бишкектин "Калыс-Ордо" конушунда жашап жаткан эжем Самарага, жездем Расулга, жээндерим Самира, Бекага салам жолдойм. Саламат-93.

ОП-66-05. Урматтуу Ж.Назаралиев, сиз жалгыз эмессиз. Биз ар дайым таза инсан, кыргызга чын дили менен күйгөн адамды - сизди колдойбуз. Сизге ак жол, ийгилик. Тараздан Айсулуу.

ОП-66-06. Үч-Теректеги М.Нуразиев мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик, ак жол. 9-в классынан.

ОП-66-07. Биз жолуктук алгачкы ирет көктөмдө, капкара көзүң мөлтүлдөйт карап өткөндө. Колуңдан кармап тартылып сага турганмын, магдырап кеткем, кучактап сени өпкөндө. Жаным, сенин мени арбап алган аккуу сымал келбетиң, капкара чачың, карагаттай көздөрүң, жылдыздуу жүзүң, оймок ооз, керме кашың, кымча белиң, коңгуроо сымал күлкүң, акактай тишиң, кырдач мурдуң, биринчи ирет көргөндө көзүмө чалдыккан 90х60х90 фигураң аябай жагат. Бирге өткөргөн айлуу түндөрдү, кол кармашып жүргөн күндөрдү аябай сагындым. Чымкенттен Абдаш-Али.

ОП-66-08. Саламым Ош шаарында жашап жаткан Нурайга жолдонот. Бактылуу бол, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, көп балалуу болгула. Эгер окуп калсаң мени кечир, тагдыр экен. Бишкектен Улан.

ОП-66-09. Адилет, Ырыскелди жакшы дос болгула. Айдар, Айнуш бактылуу болгула. Эжеңер Гүлнур.

ОП-66-10. Өзгөн районундагы Курманжан датка мектебинин 9-б классына салам жолдойм. Экзамениңерди ийгиликтүү тапшыргыла. Ошондой эле 8-а класста окуган Айзирек ушунуңдан жазба. Замана.

ОП-66-11. Саламым Кара-Суу районунун Садырбай айылында жашаган ата-энеме, сиңдилериме, 1989-жылкы классташтарыма сагынычтуу салам. Минура-89.

ОП-66-12. А-уу, амансыңарбы супер СМСчилер? Ушул билдирүүм менен супер СМСчинин ар биринин жүрөгүн кытыгылап өткүм келет. Алтындарым, эстесеңер, бирге жүрүп эмне гана кылбадык, кандай ойлор гана мээге келбеди. Ошол убактарда бирге жүргөндө биз кандай бактылуу элек. Ал эми азырчы, кыштын суугунда чачырап кетип, жаздын келишинде дагы деле чогула албай, соолуп калган гүл сыяктанабыз. Ошол кубанычтуу күндөрдү силердин жардамыңар менен кайталанткым келет. Кошулгула. Жака-Жазгүл.

ОП-66-13. Ноокат районуна караштуу Жаңы-Базар айылынын Ломоносов орто мектебинин 10-б классында окуган алтындай болгон классташтарыма ысык салам. Айжамал.

ОП-66-14. Кыргыз элим байыртадан жашап келген, тарыхы бар, салты бар сактап келген. Өркүндөй бер өсө бер Кыргызстаным, Ала-Тоолуу жериң бар кудай берген. Эх кыргыз жери кандай гана коозсуң? Көк тиреген ак мөңгүлүү тоолоруңа тартылам. Мелтиреген Ысык-Көлүңө суктанам жана сыймыктанам. Мени кыргыз кылып жараткан Аллахыма миң мертебе ыраазымын. Абдаш-Али.

ОП-66-15. Саламым Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын тургуну атам Маматрасулду 19-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Ар дайым апам экөөңөр балдарыңыздардын маңдайында бар болгула. Алматыдан Улан, Гуля, Акыл.

ОП-66-16. Саламатсыңбы Тараздагы Айрус? Салам жолдогон экенсиң рахмат, бирок биз сени тааныбай жатабыз. Э.Дима, Сыргак, Талант.

ОП-66-17. Бегимай Эсенгулова, сизден сураныч 0773191862ге чыгып коюңузчу? Айгерим.

ОП-66-18. Пайгамбар намаз тууралуу буларды айткан: Кимде-ким намазды ар дайым окуса ал үчүн кыямат күнү нур болот деген. Ан-Алия.

ОП-66-19. Үмүтай мен сени бир өмүргө дос кылам. Досуң Айгерим.

ОП-66-20. Папандагы жээним Роза бактылуу бол. Кара-Сөгөткө турмушка чыгыпсың, айтып койбойт белең? Бишкектен таякең Кыялбек.

ОП-66-21. Кабагым эч ачылбай кыйналамын, эстейм апа мен сени сагынамын. Келбейсиң канча ирет сагынсам да, жүзүңдү элестетип кыйналамын. Мен жетим, туугандан жок, ападан жок, атакем арак ичет же айлам жок. Оо кудай эмне мынча ташбоор жансың, ыйлаймын, күнү-түнү сыгыламын, атакем ичпесинчи суранамын. Билал Козу.

ОП-66-22. Айткылачы дүйнөдө күлүп жашаш керекпи же ыйлап жашаш керекпи? Ушул суроо менин көптөн бери тынчымды алып келет. Кимдин кандай ою бар? Жооп күтөм достор. Замана.

ОП-66-23. Салам Кыргызстан "Дордойдо" соода кылган Гүлзинага салам. Москвадан Урмат.

ОП-66-24. Сүйүктүү курбу кыздарым Айка, Гүлжан, Ася, Эляга чоң салам. Экзамениңерди жакшы бергиле, бар болгула, аман болгула. Гуля.

ОП-66-25. Прогресс орто мектебинин 9-классына супер салам. Экзамениңерге ийгилик. Наргиза-93.

ОП-66-26. Алматыда иштеген бөлөм Алмаз борбордон алган үйүң куттуу болсун. Замир.

ОП-66-27. Саламым Үч-Теректеги ата-энеме, бир туугандарыма жолдонот. Ар дайым бар болуңуздар жана эч качан оорубаңыздар. Сиздер бар, мен бул дүйнөдө бактылуумун. Эрке кызыңыз Арзуу.

ОП-66-28. Саламым Кыргызстанга, ата-энеме, досторума жана ыймандуу кыз-жигиттерге жолдонот. Анара, Элизка, Гүлшан, Абда, Барчынайга сагынычтуу салам. Гүланда.

ОП-66-29. Ассалому алейкум "Обондун" окурмандары? Биз өз максаттарыбызды унутпайлы. Аллах сиздер менен бизди өзүнө кулчулук кылуу үчүн жараткан. Жаратылыш менен жаныбарларды адам балдарына кызмат үчүн жараткан. Андыктан баарыбыз Аллага жүз буралычы? Баарыбызга толук ыйман каалайм. Азиз.

ОП-66-30. Таш-Арыктык Улан мен сени сүйөм. Мага кайрылып келчи? Сени күтөм. Классташың Э...

ОП-66-31. Саламым кыргыз элиме, Мавлюда, Асел, Нурзат, Гуля, Роза, Илгиз, Куба, Мирбек, Нурикке жолдонот. Мираида-89.

ОП-66-32. Ат-Башы районунун Мамбеталиев орто мектебинде 9-классты бүтүрүп жаткан сиңдилерим Нурайым менен Гүлайымга жана 4-классты бүтүрүп жаткан иним Адилетке салам жолдойм. Алардын окууларына ийгилик. Экзамендерин "5" ке тапшырышына тилектешмин. Москвадан Бегимай.

ОП-66-33. ОП-64-144 Алматыдагы Алайлык Тоту эже кандайсыз? Мени менен кабарлашып коюңузчу? Рахат эжемден номеримди алыңыз. Айпери.

ОП-66-34. Саламым Өзгөн районунда жашаган жаным акам Азимге жолдонот. Ден- соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм. Сизди терең урматтап Айжамал.

ОП-66-35. Саламым Өзгөн районунун Шагым айылындагы 11-класстын кыздарына салам. Айжаркын мага капа болбодуңбу? +77026245616га СМС жаз. Мени тааныгандарга салам айт. Элдияр.

ОП-66-36. Ак калпакты башына кийип, атка минип, көк бөрү ойноп, тоонун таза абасын жутуп, мөлтүр таза булагынан ичип, кара жумушка бышкан, чымыр денелүү, жайлоого чыгып, бал кымыздан татып, нукура кыргыз тилинде сүйлөп бирге өскөн баардык тоолук досторума ысык салам. Силер чыныгы кыргыз жигиттерисиңер. Шаарга келгенден кийин эч качан туулган жерди унутпагыла. Анткени ал жакта алтындай балалыгыбыздын издери калды. Тез-тез барып туралы. Алга менин таза кандуу тоолук досторум. Абдаш-Али.

ОП-66-37. Нурмухамед намаз окуйсуңбу? Окусаң Алла ыраазы болсун тахсыр. Ислан.

ОП-66-38. Бакай сиз менен таанышкым келет. Жооп жазыңыз, мүмкүн болсо номер жазып бериңизчи. Алматыдан Арзуу.

ОП-66-39. Соода жоктон кан басымын өлчөткөндөргө салам. Сабыр кылгыла. Мелис.

ОП-66-40. Ангел-Асем туура, акыркы мезгилде башка улуттагылар көөп кетти. Жерибизди, кенибизди саттык. Эми элибизди сатып алсак анан бийликтегилер тоёттур.Суу, электр энергия, тилибизди мурда эле сатып койгондойбуз. Жаның кашаят да. Кербен Куба.

ОП-66-41. Кыргыз деп күйгөн чыныгы патриотка кыз Ангел-Асем бирдигиң эч качан түгөнбөсүн. Сени менен таанышып достошсом дейм. Алматинка.

ОП-66-42. Ыйлаба чындап сүйсөң мени, унутпай жашай берем мен да сени. Бактылуу болушуңду каалап коюп, кетейин жолтоо болбой сенден эми. Күндөрүм токтобостон өтө берет, жаштыгым кол булгалап кала берет. А бирок жүрөктү өйүгөн бир дарт бар,суудагы кара таштай кала берет. Алматыдан Бакыт.

ОП-66-43. Салам алматылыктар, менттерге түшпөй эле жүрөсүңөрбү? Айтор бар болгула, иштейбиз деп таза ден- соолугуңарды жеп албагыла. Рита-89.

ОП-66-44. Мукам үнү, жагымдуу күлкүсү, жагымдуу үнү, жылдыздуу, сүйкүмдүү, көздөрү менен көптөгөн кыздардын сүйдүргөн Канат Кадыржанга салам. Ишиңе ийгилик, бакыт, өмүр, байлык каалайм. Ар дайым шайыр мүнөзүңдөн жазба. Айдеми.

ОП-66-45. Политехте окуган Асел мага чалып койчу? Совет.

ОП-66-46. Жаным Мики, сенсиз жашай албайм. Өзүң билесиң, менден алыстаба. Айдана-Анту.

ОП-66-47. Бекчоро, чыгармачылыгыңа чоң ийгилик. Сенин ырларың жагат, ар дайым угам. Билал козу.

ОП-66-48. Эх дүнүйө, бири балага, экинчиси энеге зар дүйнө. Эмнеге? Ойлонуп, оюма жете албай кыйналам. Колумдан келсе жетим балдарга жардам берип,башынан сыласам. Бирок азыр секелек кызмын да, аттиң. Кел замандаш келечекке ойлонуп кадам таштайлы. Бактыгүл-92.

ОП-66-49. Марлен ишиңе ийгилик, сен суперсиң. Айка.

ОП-66-50. Мирбек Иманбеков талантыңа таазим, бар бол. Замана.

ОП-66-51. Сүйүү кээде кубанычыңды арттырат, сүйүү кээде чексиз азап тарттырат. Сүйүп бирге боло албаса эки жаш, кантип анан бирин-бири жактырат. Алматыдан Айка ББС, Кумар.

ОП-66-52. "Обондун" мыкты СМСчиси Нурмухамедге салам. Саламат-93.

ОП-66-53. "Обондун" экс-супер СМСчилери, жоюлуп кеткен "Керемет жашоо" командасынын ар бир мүчөсү жолугалы. СМС жазгыла 0777351338 Айдана-Анту.

ОП-66-54. Сүйүктүүбүз, акылдуубуз, сырдашыбыз, эң мыктыбыз "Обон" гезити аркылуу мага салам жолдогон мыкты СМСчилерге чоң салам жолдойм. Жүрөгүңүздөрдөн ыйман нуру жарык чачып, адал жашоодо бактылуу, узун өмүр сүрүңүздөр. Гүлшан.

ОП-66-55. Сени сүйүп жүрөгүмдү кыйнадым, сени эстеп ич-ичимден ыйладым. Сүйдүм сени айта албадым өзүңө, көргүм келет карай албайм көзүңө. Сүйдүм бирок сүйгөнүмдү сезбедиң, эске түшөт бирге жүргөн кездерим. Ойлойм сени унутпайм бир мүнөт да, элестелет карагаттай көздөрүң. Дарексиз болуп кеттиң ошол бойдон, эч ким жок сен жөнүндө айтып берер. Ал менин сагынычыма зар эмес деп, өзүмдү алаксытам, балким келээр. Билсең болду сени гана сүйөрүмдү, сени деп көп ооруттум жүрөгүмдү. Сезсең болду ичтен сыздап күйөрүмдү. Өмүр бою сени эстеп жүрөрүмдү. Алматыдан Айка ББС.

ОП-66-56. "Миң кыялдын" ди-джейи Канат Кадыржанга салам. Жагымдуу үнүң, сүйкүмдүү жүзүң менен өзүңө багындырдың. Айнуру.

ОП-66-57. Гүлжигит Сатыбековго чоң салам. Чыгармачылыгыңызга ийгилик. Кербен-Куба.

ОП-66-58. Ар бир адам сүйөт экен, сүйүү отуна күйөт экен. Сүйүп жүрүп сүйгөнүмдөн айрылдым, жүрөгүмдү жараладың ардагым. Алматыдан Бакыт.

ОП-66-59. "Алмаз" радиосунун булбул үндүү, шайыр, ак көңүл ди-джейи Розага салам. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө бер. Кербен-Куба.

ОП-66-60. Султан сени сагынып,жүрөгүм сен деп ыйлайт.Менин жүрөгүм тандаган инсан сенсиң, бирок сенин жүрөгүң тандаган инсан мен эмес. Москвадан күйөрманың.

ОП-66-61. Салам Даниел, качан Ошко келесиз? Сиз менен жолугушкум келет. 0553942322ге чалып коюңузчу? Айпери.

ОП-66-62. Кызым Асылканды туулган күнү менен куттуктайм. Ден -соолук, бактылуу балалык каалайм. Апаң Анара.

ОП-66-63. Кыргызстанда жана Казакстанда жашап, "Обонду" окуган ар бир ырчы, саясатчы, дыйкан, чабан, мугалим, догдур, окуучу, студент, адвокат, акын, программист, дипломат ж.б салам жолдойм. Бир келген өмүрдө бактылуу болуңуздар туугандар. Жака-Жазгүл.

ОП-66-64. Салам Азамати, Мадина? Айка менен өз ара согушуңарды "Обон почтанын" аянтынан алып чыгып кеткилечи? Тынч жашайлы. Согушуңарды башка жактан улантсаңар боло берет. Болгону "Обон почтадан" эмес. Кербен-Куба.

ОП-66-65. Нарын шаарындагы мектеп-лицей интернатын 2004-жылы бүтүргөн баардык бүтүрүүчүлөрдү жана 11 "В"классын бүтүргөн классташтарымды мектепти аяктаганыбызга беш жыл толгону менен куттуктайм. Балалыктын балдай таттуу көз ирмемдерин көз алдыга элестеткен окуучулук күндөр кандай гана сонун. Баардык классташтарыма бекем ден-соолук, бактылуу жашоо жана келечекте эң мыкты адис болушуңарга тилектешмин. Мен силерди жакшы көрөм деп Бишкектен классташыңар Айнура Касымова.

ОП-66-66. Асылым Бунет, сизди жанымдан да артык көрөм. Шакарыңыз Принцесса Нури.

ОП-66-67. Кызыл-Сарай айылынын тургуну Абдиев Акыл мен сени сүйөм. Алина.

ОП-66-68. Күндө сагынам, дагы сени сагындым. Асылым жооп берип коюу азаппы? Билем, не кылсаң да, тагдырыңда не деген сулуу, теңдешсиз жарыңдын кучагында гүлдөй эркелесең да. Билем, баары бир жалгызсың... Жүрөгүм муң, көңүлүм бош. Дилиң болсо сүйүүгө зар какшап күйүүдө. А бирок мен кыялыңда гана жашаймын. Жанымды сага бергенге даярмын деп түтөгөн сайын күчөгөн принс Мухит.

ОП-66-69. Нурдөөлөт байке, сиз менен да жолугаар күн келди. Сизди чыдамсыздык менен күтүп жүргөм. Менин СМСиме жооп жазыңыз. Ошондо чыныгы кыргыздын мырзасы болосуз. Мыскал.

ОП-66-70. Ат-Башы районунун тургуну атам Эргазыга, апам Жылдызга, сиңдилерим Нурайым, Гүлайым, иним Адилет жана байкем Талгатка ысык салам. Силерди аябай сагындым. Кыргызстанга барчу убактым аз калды. Убакыт өтпөй жатат. Москвадан Бегимай.

ОП-66-71. Кыргызстандыктар мен силерди сүйөм. Сүйкүмдүү да, адеми сиңдим Динара Алматыга качан келесиң? Алматыдан Чынара.

ОП-66-72. ОП-65-02. Ал махабат ыйык тутаар тумарың, бир жолукса магдырап мас болооруң. Күндө карап саат жебесин, күлгүн жашты өткөрбөй, чыгынып сен өз сүйүүңдү издегин. Канжар.

ОП-66-73. Капарбек атындагы №12 мектебинин 10-в классына салам. Гүлбарчын.

ОП-66-74. Казакстанда, Россияда иштеген кыргыз досторго салам. Бар болгула. Жеңил барып, оор кайтып келгиле. Ден -соолугуңар чың болсун. Алла Таала силерди колдоп, Кыргызстанга аман-эсен кайтып келгиле. Жумагул.

ОП-66-75. ОП-65-22.Билбейм кандай алып качсам өзүмдү, белгисиз багыттарга көздөсөмбү? Башты ийип ак сүйүүгө моюн сунуп, же өзүмдү курман кылып койсомбу? Шумкар.

ОП-66-76. Сиңдим Азизаны 11-а классты бүтүрүү кечеси менен куттуктайм. Ак жол. 0770571591.

ОП-66-77. Саламатсызбы Нурдөөлөт байке. "Обон" гезитине келгениңиз биз үчүн чоң кубаныч. Сиз менен жолугушчу күн бар экенине эми чындап ишендим.

ОП-66-78. Акыл токтот ар дайым адеп сакта, ачууң менен бирөөгө жаман айтпа. Кыйнагыча башканы өзүң кыйнал, жашайм десең бейкапар бу жарыкта. 0777266302.

ОП-66-79. ОП-65-112. Сыздабагын сарсанаага багынып, өткөндүр башыңдан баё сезим курчалып. Алсызданба ойго батып ташыркап, бир күн келет чын махабат, бир өзүңдү кучактап. Канжар.

ОП-66-80. Кербен-Куба эмне мынча ойлуусуз? Сизди сагындым. Эрке карындашыңыз Аяна.

ОП-66-01. Табияттын зор күчүнө багынып, жаз жадырайт жыпар гүлүн тагынып. Жаздын өзү жашоодогу керемет, жердин өзүн бүт адамзат эне дейт. Саламат-93.

ОП-66-81. Алтын апабыз Ирисмаматова Кундузду 27-майда 47 жашка толушу менен куттуктайбыз. Биздин бактыбызга бар болуңуз. Кыздарыңыз Айсулуу, Эсфира.

ОП-66-82. Айланып кетейин адамдар, каякка баратабыз? Соткамды уурдатып жибердим. СМСчилер силер менен жакындан дос болоюн дедим эле. Эми эмне кылаарымды билбей олтурам. Жаңы телефон алганда сөзсүз "Обон" гезити аркылуу билдирем. Аман болгула. Татина.

ОП-66-83. ОП-65-63 абоненти. Сен кайсыл класстан бүтүргөнсүң? 0773077319га СМС жаз. Алтынай.

ОП-66-84. Кыргызстандагы куда-кудачалар кандайсыңар? Сарсен.

ОП-66-85. Өзгөндүн Красный-Маяк айылынын 82-жылкы 10 жылдык жолугушуучуларга салам. Баардыгыңарга ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Алматыдан Гүлгаакы.

ОП-66-86. "Бекжан" базарында иштеген сулуу кыздарга супер салам. Сыймык.

ОП-66-87. Ата-апа силерди сагындым. Алматыдан Мадина.

ОП-66-88. Менин сүйүктүү кумирим Нурдөөлөт байке. Мен сиздин ар бир ойногон ролдоруңузду калтырбай көрөм. Бүгүн мен чындап бактылуумун. Анткени "Обон" гезити аркылуу сиз менен жолугушканы турам. Жазира. 0700 ..4119

ОП-66-89. Туура айтасың Абдаш-Али, балалыкты кимдер гана сагынбайт. Аттиң ай, кайрылып келсе кана? Аруу, таза, бактылуу балалыгым. Гули.

ОП-66-90. Арман, бул дүйнө жалган. Эстесем өзүңдү сагынам. Кайрадан жолукчу өзүмө, кулак салчы айтылбай калган сөзүмө. Папалак.

ОП-66-91. Саламым Мамажан айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө. Ар дайым бар болгула. Чымкенттеги досуңарды унутпагыла. Барбаганым үчүн кечиргиле, бирок жакын арада барып калам. Болот.

ОП-66-92. Ыймандуу, түшүнүктүү балдар-кыздар менен достошкум келет. 77026702288. Аида.

ОП-66-93. Нурик байке сиз чыныгы кыргыздын жүзүсүз. Сизге чыгармачылык ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайм. Урматым менен күйөрманыңыз Маку.

ОП-66-94. Нурила биринчиден салам. Мен иттик кылбайын десем да ушундай болуп калды. Жүрөгүмө буйрук бере албадым. Сени эмес Элвираны жүрөгүмдөн сүйдүм, жашоомду арнадым. Бирок ал менин күнөөм эмес. Баарын өзүң түшүнсөң болот. Бактылуу бол. Сени да түшүнгөн балага жолук. Оштон Талгат.

ОП-66-95. "Болашак" базарында 12-катарда 142-контейнерде иштеген Жаңыл эжеме салам жолдойм. Дайыма ден соолукта болуңуз. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Мадина.

ОП-66-96. Алматыда иштеп жаткан досум Мусулманкулду 24-май туулган күнү менен куттуктайм. Сага чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Ар дайым биздин арабызда күлүп-жайнап жүрө бер. Алматыдан Уланбек.

ОП-66-97. Сен мени уурдап кетчи айлуу түндө, жолуңа шоола болуп чачылайын. Апакеңдин сандыгына катып жүргөн, ак жоолугун үлпүлдөтүп салынайын. Алтыша-Нази.

ОП-66-98. Бир өзүңдү ак карга айландырып, жүргүм келет эл-журтту таң калтырып. Мен жермин, а сен карсың ак алтындай, эрийсиң жер жүрөгүн кубандырып. Сени көргөн кезимде билинбестен берилдим, көчөт сымал көңүлгө өзүң гана эгилдиң. Кичинекей көрүнбөс бүчүр байлап, тамырлап, акырындап, акыл уурдап жетилгенсип сезилдиң. Айка ББС.

ОП-66-99. Булут болсом жылып учуп барар элем, Бурулум мен өзүңдү табат элем. Сагынычтан толуп турган кусалыкты, жамгыр болуп себелеп айтаар элем. Шамал болсом желпип учуп бараар элем, саамайыңдан баштагыдай сылаар элем. Ары учуп, бери учуп эркелеп, эч болбосо жүзүңдөн өөп кайтаар элем. Шумкар.

ОП-66-100. Сүйүктүү ырчым И.Абдыразаковго салам. Ишине ийгилик. Гузя.

ОП-66-101. Саламым "Болашак" базарында 8-катарда иштеген досум Клара сени жакшы көрөм. Элвира.

ОП-66-102. Саламым учурда Бишкекте жашап жаткан сүйүктүү досум Мираидага жолдонот. Кымбатым сени абдан сагындым, батыраак кайтып келчи? Бактыгүл-92.

ОП-66-103. Сүйүү сөзү менен таш жүрөктү эриткен, сөз берметин шуру кылып терилткен. Барктуу болгун Нурмухамед, сыймыгы болгун кыргыз элдин. Канжар.

ОП-66-103. Жолдун жээгин тазалагандарга машина менен суу чачып берсеңер боло, чаңытпай. Айрыкча Асанбай тарапты. Билал козу.

ОП-66-104. Сүйөм деп канча жалындым, жалынсам да таштадың. Сүйүүмдү сага арнадым, баары бир сактай албадың. Эми сага кайрылбайм, мени сүй деп жалынбайм. Эстебеймин, сагынбайм, нары барчы жалынбай. Э.Дима.

ОП-66-105. Классташым Айжамал Алайдын Асабияхун айылын сагындың бекен сен? Жаш кезде Жошолуда бирге жүргөн, ойногон күндөр, түндөр. Сен эми турмуш жолдо бактылуу бол. Сени сүйгөн элем жаш кезде. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-66-106. Кыргыздын спортсмен балдары менен достошом. 0777578804 Жылдыз.

ОП-66-107. Жаз айы - бөбөк, жай айы - жаштык, күз - улгаю, кыш - өлүм. Кар - ааламдын аппак чачы, мөмө - мээрим, шамал - муң. Нурмухамед.

ОП-66-108. "Кыз-Бурак" тобунун солисти жана эрке кызы Сайкал Садыбакасованы сүйөм. Кани.

ОП-66-109. Кызыл-Суунун "Эркинтоо" мектебин 2007-жылы бүтүрүп кеткен 90-жылкы классташтарыма салам жолдойм. Окуп калсаңар +77025485336га байланышкыла. Чымкенттен Абдаш-Али.

ОП-66-110. Бишкек шаарында окуп жаткан классташым Ажыбекова Лунарага чоң салам. Айпери.

ОП-66-111. Талгатик күчүгүм, жанымдын жарымы, жашоомдун кызыгы, жүрөгүмдүн дарысы, таарынчаак жаным сени сагындым. Сени түбөлүк сүйөм. Сенден башка эч кимдин кереги жок. Элвира.

ОП-66-112. Кыргыздын кымча белдүү кыздары чалгыла. 0551041488, 0700041488.

ОП-66-113. Кыргыздын ыймандуу балдары менен таанышам. 0777577923 Нурзат.

ОП-66-114. Жүрөгү таза, ыймандуу кыздар менен таанышам. 0773068554 Нази.

ОП-66-115. Кандайсың Нурмухамед, мен Ошко келдим, сенин телефонуңа чалсам өчүк болуп жатат. Мага кабарлаш. Аймира.

ОП-66-116. Нурдөөлөт байке сиз эң мыкты актёрсуз. Сиздин ролдоруңуз баардык элдин жүрөгүнөн орун алган. Өзгөчө "Апамдын махабатындагы" Кадыр агайдын ролу. Сизге ийгиликтерди каалайм.

ОП-66-117. Арабаев университетинин колледжинде окуп жаткан курбум Лунарага салам жолдойм. Окууларыңа ийгилик, алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшыр. Айпери.

ОП-66-118. Алматыда иштеп жаткан досубуз Бекболотту 29-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Сага узун өмүр, кажыбас кайрат, арчадай жаштыкты каалайбыз. Ата-энеңдин бактына ар дайым бар болгун. Кара мына бүгүн толуптурсуң жыйырмага, мындай жаштын сүргүн дагы көбүн. Бул күн болсун бир гана сенин күнүң. Алматыдан Уланбек жана Эли.

ОП-66-119. Сулуу кыздар менен таанышам. 0773854217.

ОП-66-120. Балдар менен көңүл ачуу иретинде таанышам. 0777136067

ОП-66-121. Жалал-Абаддык кыздар менен таанышам. 0772725359.

ОП-66-122. Алматыдагы "Барахолка" базарында иштеген эжем Гүлмирага, жеңелерим Динара, Жылдыз, Чолпонго жалындуу ысык салам. Ар дайым соодаңар болсун. Абдулла.

ОП-66-123. №174 маршруткадан таанышкан Гүлбарчын, татынакай кыз экенсиң, эми качан жолугабыз? Билал козу.

ОП-66-124. Алматыда "Глорияда" иштеген Чыныбек сага ден-соолук, узун өмүр, бакыт каалайм. Бултушкаң.

ОП-66-125. Атам Карабаев Курманбайга, апам Карабаева Пазилетке, бир туугандарыма, жеңелериме, жезделериме салам жолдойм. Кай жерде болбосун силер менен сыймыктанам. Ынтымагыбыз ыдырабасын. Алматыдан Айнагүл.

ОП-66-126. Түн ичинде көз жаштарым тып-тып агат, сенин мага кара мөлтүр көзүң жагат. Эзилет го эзилет менин жүрөгүм. Сени эстесем көз жаш менен сагынычтан жүрөктө кан агат. Гуля-88.

ОП-66-127. "Обонтай" ар дайым бизге кубаныч тартуулаганыңарга рахмат. М.Атабеков сенде адамдагы бийик сапат, жөнөкөйлүк, чексиз талант бар. Дайым бизди чыгармачылыгың менен кубант. Кудайым сени колдосун. Ысык-Көлдөн Асел.

ОП-66-128. Салам СМСчи достор, амансыңарбы? Кербен-Куба, Абда, Гүланда, Нурзат жок болуп кеттиңер го? Жанусь-Роза сени менен таанышканыма кубанычтамын. Достор бирдигиңер түгөнбөсүн, бар болгула. Барчынай.

ОП-66-129. Таланттуу ырчы Жанышев Омар Шейшенбековичке: Бирөө жүрөт жаш жүрөктү эзгилеп, а мен жүрөм өзүмдү-өзүм жемелеп. Бир өзүңө сүйүүм турат күч алып, жүрөгүмдөн орун алчу сен белең. Омар талантың ташкындай берсин. Жанусь-Роза.

ОП-66-130. Динара мен Назира Айтбековадай болгум келбейт. Кантип жазам ал менин өзүмдүн ишим. "Самалдан" Мира.

ОП-66-131. Салам Абдаш-Али, бир сөздүн маани-маңызы болот аны жакшы эле түшүнөм. Мен азилге салып жазгам. Балдар кыздардын баарын эле сүйө берсе, жүрөк деген кайда калат? Сенин жүрөгүңдүн периси ким экенин жакшы билем го? Рахмат, сага да оомат тилейм. Мира.

ОП-66-132. Салам достор, мен өткөн санда жалпыңарга суроо узаттым эле, туура жоопту Алматыдан Айка ББС тапты. Таш боорлук менен боорукерлик күрөшкөндө албетте адамдын эрки жеңет. Сен да эрки күчтүү кыргызымдын кыздарынан бол. Гуля-88.

ОП-66-133. "Обондон" тапкан досторума сагынычтуу саламымды жөнөтөм. Силер менен таанышып, дос болуп байланышып турганыма бактылуумун жана кубанычтамын. Ар дайым эле жүзүңөрдөн жылмаюу кетпей ха-ханы тээп жүрө бергиле. Жанусь-Роза.

ОП-66-134. Астанадан жалпы кыргыз атынан Өкмөткө кат жазганбыз., дайыны жок. Эртең менен эрте барып ордубузду ачабыз, патент менен жол киреге бир аз акча табабыз. Милиция келген кезде үйдү көздөй качабыз. Биз жөнүндө ойлойбу деп өкмөттөн үмүт кылып атабыз. Астанадагы кыргыздар.

ОП-66-135. Ильязым менин кымбатым. Жаным мен сени гана сүйөм. Назгүл.

ОП-66-136. Кудайбердиев Чыңгыз, "Айрылган сенден мен беле" деген ырың жакты. Өзгөчө обону жакты. Ушундай ырларың дагы көбөйө берсин, биз сени колдойбуз. Адашпасам Бакыт Беделовдор менен окудуң беле? Жообун кийинки сандан күтөм. Эгер оордук келбесе жооп жаз. Мариям-90.

ОП-66-137. Саламым Кара-Кулжанын Калматай айылында жашаган ата-энеме жана бир туугандарыма жолдонот. Силерди сагындым. Камбаралиева Кенжегүл Матазимовна.

ОП-66-138. Ата-энем асылым, бактым, таалайым. Бүт өмүрүм мен силерге арнаймын. Мен ыраазымын ак сүтүңө энекем. Узун өмүр, чың ден соолук каалаймын. !Самалдан" Мира.

ОП-66-139. Бактымды сенден таппадым, сүйүүнүн балын татпадым. Жүрөктүн сырын ачпадык, мүрөктүн көлүн кечпедик. Бири-бирибизге жетпедик, жанаша бирге баспадык. Жашоонун тузун татпадык, жаз менен келген сүйүүнү, жаралатып таштадык. Кол кармашып баспадык, жүрөктүн отун жакпадык. Жүз көрүшүп келгенде, жек көрүшүп касташтык. Бакыт гүлүн тербедим, сүйгөнүм сага жетпедим. Айзирек.

ОП-66-140. Салам Ангел-Асем, жүрөсүңбү аман-эсен. "Бакайсоник" телефонун тартуу кылам алам десең. Бакай.

ОП-66-141. Аллах Таала мындай деп айткан: Кимде-ким "Лаа илааха иллалоху Мухаммаду расулулох" деген келмени айтып өлсө, ошол пенде түздөн-түз бейишке чыгат деген. Ошон үчүн бул келмени жүрөктөн чыгарбай айтып жүрөлү. Аллах эң бир улук зат. Айжамал.

ОП-66-142. Ассалому алейкум ва рахматуллоху ва баракату "Обондун" жалпы жамааты жана СМСчилер, баардык мусулман элим. Аллах баарыңыздарга ыраазы болсун. Баян.

ОП-66-143. Саламым баардык СМСчилерге, айрыкча Абдаш-Алиге. Жакшы ойлоруңуз үчүн Аллах сизге ыраазы болсун. Бул жалган дүйнөдө жакшылыктан баш тартпай, кайрымдуулук, сооп иштерге көп басым жасап, акыретте алкыш-мактоого татып, түбөлүк бейиште бир бололу. Иншаллах. Бактыгүл-92.

ОП-66-144. Ыймандуу оштук балдар менен таанышам. 0777771285 Гүлү.

ОП-66-145. Салам Гуля-88, Бактыгүл-92, Амина (Гүланда). Кудай силерге ыраазы болсун. Салман.

ОП-66-146. Салам жолдойм Ала-Тоолуу айылыма, туулуп өскөн Ата-Журтум Алайдын Жошолусуна. Тунук суусу шар агат, айланасын арча-кайың курчаган жерим элим кымбат мага баарынан, суусун ичип ата-бабам жашаган. Чымкенттен Жусупбек.

ОП-66-147. Алай районунун Ак-Босого айылынын тургундарына, атам Жусайга, апам Салимага жана бир туугандарыма чоң салам. Ар дайым бар болуңуздар, силерди жакшы көрөм. Гүлиза.

ОП-66-148. Адамдар асмандан түшпөй эле, сүйүшүп, көкөлөп калышкан турбайбы? Баары өтөт да калат, унутулат жашоо болсо улана берет. Алия.

ОП-66-149. Саламым Орозгүл эжеме, Асылкан карындашыма жолдонот. Анара апама дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм деп Артур Гогин.

ОП-66-150. Укмуш кылдым арабаны, кыдырдым бүт европаны, касиеттүү, кереметтүү саякаттайм Кыргызстанды. Жади.

ОП-66-151. Чыгышын чыктым бийике, барышын бардым жериме. Түшалбай жаным кыйналды, тобо кыл мендей бирөөгө.

ОП-66-152. Баканя дос болууну каалайт. Жашы 16да. Бою-160. 60кг салмакта. Окуучу. 0555707572

ОП-66-153. Биринчи саламым Обондун жалпы жааматына! Экинчи саламым Обондун жалпы окурмандарына! Үчүнчү саламым Обонду окубай артта жүргөн адамдарга! Анан акыркы өзгөчө саламым, Максат Довранов деген алып баруучу жигитке. Максат биз сенин ар бир эфиринди калтырбай көрөбүз десем болот! Баса "Обон" гезити Максат туралуу аз да болсо жазып койбойсуздарбы ээ! Ал ЭлТРдин 60 Мүнөт деген программасын алып барат!

ОП-66-154. Салам "ОБОН" гезити! Урматтуу Обончулар, ар бир саныныздардан Максат Довранов туралуу жазышыныздарды күтөбүз. Эмнеге жазбай жатасыздар? Мен ойлочумун Обон гезити чыныгы элдик гезит деп. Дагы да болсо мындан аркы саныныздардан ЭлТРдин алыпбаруучусу Максат Довранов туралуу кененирээк маалымат беришииздерди күтүп-күтүп калабыз. Сиздерди урматтап Гулкан!

ОП-66-155. Талант сахнага кайрылып келсин. 0772440532

ОП-66-156. Нурдөөлөт Копоев Сиздин чыгармачылыгыңызды үй-бүлөөңүз менен баалайбыз. Сиз менен жолуккум келет.

ОП-66-157. Талант сахнага кайрылып келсин. 0543895650.

ОП-66-158. Биринчиден "ОБОН"дун жааматына Ысык-Көлдөн чоон салам. Мындан ары да ишиңиздерди ийгиликтер коштой берсин. Биз сиздерди колдойбуз жана калтырбай окуйбуз! Май майрамыныздар менен. Урматтуу Обондун журналистери ЭлТР дин "60 мүнөт " программасынын алып баруучусу МАКСАТ жөнүндө бизге маалымат жазыныздарчы. Канчанчы жылкы, кайсыл жерден болот? Ал жөнүндө бизге аябай кызыктуу болуп жатат. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Кийинки сандарыныздардан албетте жазасыздар деп үмүт кылабыз. Көлдүк окурманыңыздар Айгерим

ОП-66-159. Саламатсыздарбы ардактуу "ОБОН" гезитинин жалпы жааматы. Ар бир чыгарылышыныздарды күтүп окуйбуз. Сиздерге кат жолдоп жатканыбыздын себеби ЭлТР телеканалынын "60 мүнөт" программасынын алып баруучусу Максат Довранов туралуу маалымат берүүңүздөрдү суранабыз. Сиздерге ийгилик жана алдын ала рахмат. Айжамал.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??