п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жаңы ысым

Обондуу ырлар менен ооруган ыр ышкыбоздорунун кыбанычына дагы бир жаңы ырчы пайда болду. Биз сөз кылчу жаш талант Кыргызстанда биринчи жолу рокопопс стили менен чыгып "Жаңы ысымдар-2008" долбоорунун жеңүүчүсү аталды. "Белгилүүлүктү жакын арада жеңип, шоу-бизнестен татыктуу ордумду табам" деген Дархан бүгүн бизде мейманда.


Дархан:
"Өзүңдү эмес чөнтөгүңдү сүйгөн кыздар көбөйдү"
- Дархан ырдаганыңа көп болдубу?
- Негизи эс тарткандан бери эле ырдачумун. Мурда бул жөн гана көрүнүш болсо, азыр ырга болгон кызыгуум күндөн-күнгө артып, музыка менен жашам калдым.
- "Баардык жерде менин стилим өзгөчө" деп айтасың. Ошол өзгөчө стилиң жөнүндө кеп кылсаң?
- Бул рокопопс деген Европадан келген стиль. Россияда, Казакстанда болгону менен биздин өлкөдө буга чейин мындай стилде ырдаган ырчы болгон эмес. Алгачкылардан болуп мен колго алып жатам. Буюрса, баары ийгиликтүү болот деген ойдомун.
- "Жаңы ысымдар" долбооруна кантип катышып калдың?
- А.Филатов ушундай конкурстарды уюштуруп келгенин көптөн бери угуп жүргөм. Анан өзү менен байланышып, жолукканымда анын "тайманбастык менен өзгөчөлөнө алсаң ошондо жеңишке жетишесиң" деген сөзү мага чоң таасир берип, ыйык сахнага жетеледи. Ошондон тартып аталган долбоордун төрт этабына катышып, жеңишке ээ болдум. Эми болсо бир гана алга деген ураан менен талпынып жатам.
- "Жаңы ысымдар" долбооруна катышкандардан Алексей акча алат дешет. Ушул чынбы?
- Жок. "Бар болсо көрө албайт, жок болсо бере албайт" дегендей бул колунан келбеген адамдардын чыгарган ушагы. Мен бирөөдөн бир тыйын алганын көргөн да, уккан да жокмун. Тескерисинче, карапайым калк ичинен чыккан таланттарга көмөк көрсөтүп жатат.
- Учурда чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
- Жакында эле "Күтөмүн сени" деген ырыма Айпери Кубик кызынын катышуусунда клип тарттырдым. Андан сырткары, кызыктуу бир топ рокопопс чыгармаларын жазып жатам. Гитара, фортопиано, саксафон коштогон ырларыма жакында күбө боло аласыздар.
- Эми темабызды башка нукка бурсак. Сага кандай кыздар жагат?
- Мен адамдарды айылдык, шаардык, өйдө-төмөн деп экиге бөлгүм келбейт. Мага тартиптүү, сылык, адамгерчиликтүү, ийкемдүү, жүрөгүндө ыйманы бар кыздар жагат. Кийген кийими, боёнгону, сулуулугу мени кызыктырбайт. Эң негизгиси абийирин сактап, туура сүйлөп, туура жүрсө болду. Мен үчүн айымдардын ички дүйнөсү биринчи орунда турат.
- Илгери ата-бабаларыбыз кыздарды тебетей менен уруп,эгер жыгылбаса жакшы жар болот деп алган экен. Азыркы кыздарды кантип сынаса болот?
- Мм... азыркы кыздардыбы... Үйүм, машинам, акчам да жок. Эгер экөөбүз үйлөнсөк баарын нөлдөн баштап, турмуштун пайдубалын бирге түптөйбүз десең эле билинет. Менимче мындай шартка кыздарды көндүрүш кыйын го. Анткени учурда өзүңдү эмес чөнтөгүңдү сүйгөн кыздар көбөйбөдүбү.
- Сени эмне иренжитет?
- Мени жасалмалуулук,кошоматчылык иренжитет.Чынын айтканда,мындай көрүнүш чыгармачылыкта көбүүрөөк кездешет.Ушундай адамдардан коркуш керек. Анткени мындай пенделер бирөөгө жагыш үчүн сени сатып коюшу мүмкүн.
- Мындай жагдайга көп кабылгансың го дейм?
- Жок, андай кур дооматтан кудай сактасын.Жеке өзүмдүн башымдан өтпөсө да чөйрөмдөгүлөрдөн көрүп жүрөм.
- Адам тагдыры бешенеденби?
- Кыргызда бешенеге жазылганын көрөбүз деп коюшат. Бирок, мен буга көп деле кошула бербейм. Кээде өз тагдырыбызга өзүбүз күнөөлүү болуп калабыз. Ошондуктан "алма быш оозума түш" деп олтура бербей кең-келечек, тагдырыбыз үчүн өзүбүз күрөшүшүбүз керек деп ойлойм.
Ж.МАМАТБАЕВА




Сыймык
Бейшекеев
Сулууга
Сөзү Бактыгүл
Чотурованыкы
Обону Сыймык
Бейшекеевдики
Булактай көздөрүң башкача экен,
Бул кечте сага эч ким жакпаса экен.
Мен сага сүйөм деп айткычакты,
Ким бирөө оозунуп айтпаса экен.

Кайырма:
Ботодой көздөрүң балбыл жанат,
Канбаймын карегиң талбай карап.
Мага эми эч качан тынчтык бербес,
Махабат жүрөккө салган жара.

Мага сен сурандың кириңиз деп,
Махабат ыр ырдап бериңиз деп.
Ырымды баштадым сүйүнүчтөн,
Өзүм да жүргөнсүп сени издеп.

Ирмелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.

Буралып ийилет кымча белиң,
Кыналып күйүгөт мынча демиң.
Ырымдын аягын бүтүрбөстөн,
Жаныма узакка турса дедим.

Тартуулап көңүлүң таттуу кумар,
Койкоёт моюнуң ак куу сымал.
Татына көркүңө көз тийбеске,
Тагылсам дедим мен сага тумар.

Назира
Токонова
Жанымдын жарымы
Сөзү Махабат
Молдалиеваныкы,
Обону Назира
Токонованыкы.
Кагылайын караныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө.

Жазгы жел уйпаласа чачтарыңдан,
Ал сени эркелеткен демим менин.
Сыдырым күз аптабы сылап өтсө,
Эрдиңе эңилгени эриндерим.

Капилет нөшөрлөгөн жамгыр төксө,
Ал менин сагынычым сени эңсеген.
Ал түндө айдын нуру шоола төксө,
Ал менин кыялдарым себелеген.

Кайырма:
Кагылайын караныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө.

Мертинип тагдырымдан адашсам да,
Мен сени бербейм жаным башка жанга.
Бактымды сыйдыра албайм сендик болгон,
Миң ирээт таазим кылып жаратканга.

Күмүштөй күлкү тагып көңүлүңө,
Чек коюп сүйүүлөрдүн төгүнүнө.
Армандуу жан эсебин азайтамын,
Ашыктык дартын сүйкөп өмүрүнө.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??