п»ї

  сырмаек

"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"
"Нике кайып", "Карагат" деген ырлары менен эл оозуна алынган "Кеңеш" тобунун кош жылдыздары алты-жети жылдан бери чыгармачылыктын дангыр жолунда түйшүк тартып келишүүдө. Албете, "Аракет кылсаң берекет" дегендей жубайлардын талбаган эмгегинин аркасында, бүгүнкү күндө атаандаштык күч алып турган кезде, топтон суурулуп чыкканы кубантаарлык көрүнүш. Мүзүр менен Гүлмира тамашалуу ырлары менен гана күйөрмандарынын эт жүрөгүн эзип, күлкүгө куштар кылып келбестен биздин бүгүнкү маегибизде да шатыра-шатман ой бөлүшүп олтурушту...


- Мүзүр, "Кеңеш" тобу кандайча түзүлгөн? Топтун аты кимдин атынан коюлган?
- Топтун атын 1998-жылы ыраматылык атам Кеңешбек кайтыш болгондон кийин атамдын атынан койгом. Чоң апам атамды совет мезгили курулуп жаткан мезгилде төрөгөндүктөн ырымдап Кеңешбек деп койгон экен. Чоң апам атамдын көзү өтүп кеткенден кийин ар бир сөзүндө "Кеңешим" деп кайра-кайра айтып, абдан ызага батып жүрдү. Бул менин жүрөгүмдү оорутту. Чындыгында жакын адамыңды жоготуп алыш кандай кыйын. Ошон үчүн атам жанымда жүрбөсө дагы аты мени жандап, тирүүсүндөй болуп жүрсүн деп, өзүмдүн чечимим менен "Кеңеш" тобу түзүлгөн.
- Ошол жылдан бери ырдап келатасыңбы?
- Жок, ортодо тыныгуу болду. Бирок, бул жакка келип толук кандуу чыгармачылыкка аралашканга чейин топтогу эки бала менен Талас өрөөнүн аралап концерт берип, тойлорго барып ырдап жүрдүк. Кийин гана балдар менен шартка байланыштуу иштеше албай калып, топ чыкпай калган. 2003-жылы "Кеңеш" тобу кайрадан түзүлүп, эл алдына чыга баштадык.
Гүлмира:
- 2002-жылы КТРге ырчы болууну каалаганымды билдирүү максатында, эч кимди тааныбасам да барып калдым. Ырдаганга кызыкканымды айтып биринчи эле Алим Токторовго кайрылдым. Ал мени "Аламедин" базарында "Чыңгыз" деген кафе бар, ал жакта музыкант балдар сени ырдатып көрүшөт. Биринчи кафелерден ырдап көнүшүң керек" деп кеп-кеңешин берип, ал жакка жиберди. Мен дароо "Чыңгыз" кафесине келдим. Келгенимде Мүзүр бар экен. Ал мени ырдатып көрүп "ырдай албайт экенсиң, капа болбо. Үнүң да жок экен" деп жактырбагансып койду. Кызыктай абалда калдым. Бирок, баары бир көңүлүм калбастан "Чыңгыз" кафесине күн сайын "балким ырдап калаармын" деген үмүт менен келе берчүмүн. Анан да Мүзүр мени бир гана ырдаткан боюнча такыр ырдатпады. Ошентсе да мен Мүзүрдүн музыкада ойногонун жактырып калдым. Күн сайын кафеге келип аны карап олтура берүүдөн эч тажачу эмесмин. Ошентип жүрүп бири-бирибизди жактырышып калдык. Башында Мүзүргө жакындаган деле эмесмин. Анан кандайча мамилебиз ынак болуп кетти, билбейм.
- Мүзүр, болочоктогу жубайыңдын алгач ырдаганын эмнеге жактырган эмес элең? А азыр кандайча ырдатып калдың?
- Чындыгында, мурда көп көңүл бура бербептирмин. Ойлоп көрсөм Гүлмиранын ырдаганына ошол кезде кызыкпаган экенмин. Бирок, Алим Токторов: "Жакшылап кунт коюп олтуруп ырдатып көрсөң, балким ырдай алат. Негизи ырдай албаган адам жок" деди. Көрсө, туура Гүлмирада талант бар экен. Ошону менен Чубак Сатаевдин алгач "Эне тил" деген ырын ырдап чыктык.
Гүлмира:
- Ал ырды экөөбүз баш кошкондон кийин ырдап чыкпадыкпы? Мен турмушка чыкканга чейин ырдаган жокмун да.
- Экөөңдүн чыгармачылыктан тил табыша албай коюп, бирге түтүн булатып калганыңар кызык экен...
Гүлмира:
- Албетте, бул баарына кызык. Эмне болуп бири-бирибизди жактырышып, сүйүшүп кеттик мен деле түшүнбөй калдым. Негизи эки адамдын ортосунда сүйүү бар болсо, кандай гана кырдаалдар болбосун аны акыры жеңип кетет экен. Мүзүр экөөбүз 2002-жылы май айында баш коштук. 2003-жылы ал "Кеңеш" тобун кайрадан түзө баштады.
- Анан сен топко дароо эле солистка болуп кирдиңби?
- Кайдан. Мүзүрдүн тобунда бир бала бар болчу. Экөө топко солистка издештирип башташты. Күндө ар кайсы кыздарды үйгө алып келип алып озондотуп ырдатышат. Анан менде кызгануу пайда болду. Бул да мени алардын көзүнчө "Гүлмира, сен тиги үйгө кире турчу, буларды мен ырдатып көрүп алайын" дейт. Ансайын менин жиним келет. Акырында "өзүм эле ырдайм" деп чыр чыгара баштадым. Акыры бул да тажадыбы, айтор, макул болуп тобуна солистка кылып алды. (күлүп) Мурда аябай кызганчаак болчумун. Азыр ал адатым калып калды окшойт. Кыскасы, баарын бирдей түшүнүүгө аракет жасап калдым.
- Эмне үчүн биринчи эле Гүлмираны солистка кылып албадың, же экөөбүз тең бирдей ырдап чыксак кандай болот деп кооптондуңбу?
Мүзүр:
- Кооптонгонум жок. Тескерисинче терең ойлонуп көрсөм, үй-бүлөлүк топ болгондо анын өмүрү узак болоорун түшүндүм. Анткени, башка канчалаган топтор бат эле чачырап кетип, пикир келишпестиктен таранчыдай тарап кетип жатышат. Мен ошол нерсеге каршы туруп, келинчегимди ырдатууну туура көрдүм.
- Чыгармачылык жолуңарда көп эле тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болбой койбосо керек. Дегеним, бул чөйрөгө акырындык менен келдиңер окшойт. Себеби, дароо көтөрүлүп кете алган жоксуңар?
Мүзүр:
- Искусство тармагында атаандашуу биринчиликти бербейт экен. Башка өлкөлөрдө деле мындай маселе бар дечи. Бирок, Кыргызстанда өзгөчө күч алган экен. Мисалы, ырчылар арасында бирөөнүн бир эле ыры хитке айланып, эл ичинде ырдалып калса жанындагы досторун унутуп койгондор бар. Мен буга чейин чыгармачылыктын ысык-суугун көрүп келгем. Менде "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторовдун аз да болсо эмгеги, таалим-тарбиясы бар. Ал ырчы элдер билгендей "воздушный"жана эң жөнөкөй ырчы. Ошондуктан мен дагы Бактияр байкедей болгум келет. Ырчылар арасындабы, карапайым калк ичиндеби жөп-жөнөкөй жүргөндү жактырам. Мен башка ырчылардай болуп "Ош", "Аламедин" базарына барбайм. Көчөгө чыкпайм. Бир гана машинанын ичинде жүрөм" деп айталбайм. Эгер жумушум болсо каалаган жагыма барып, ишимди бүткөрүп жүрө берем.
Гүлмира:
- Чындыгында ырдап чыкканга чейин кыйынчылыктар абдан көп болду. Ыр деп жүрүп ачка калган күндөрүбүз болду. Бир ырдын аранжировкасын жасатыш үчүн Мүзүр үйдө акыркы акча турса да, мени ыйлатып туруп алып кетип калчу. "Көрөсүң го, ушул ырым жакшы чыгат" деп мени жооткотуп коёр эле. "Нике кайып" деген ырыбызды үйдөн жазып жатканда "Бул эмне деген ыр болот. Мен бул жеринде сүйлөсөм, сен "Арнадым" деп бул жеринде кыйкырасың, ушул болмок беле! Бул ырыбыз эч кандай хит болбойт!" деп Мүзүрдү шылдыңдап күлө берчүмүн. Кийин эле ырды чөнтөк телефондордон уга баштадык. Жакын тааныштардан: "Нике кайып" деген ырыңар жакшы кабыл алынды" деген ойлорун айтып калышты. Кандай болуп эл ичине тарап кетти, түшүнбөй да калдык. Бир жолу Оштон такси менен келатсам айдоочу "Нике кайыпты" угуп келатат. Ага "ушул ырды мен ырдайм" деп айта алган жокмун. Боёнбой, өзүмдү дагы каранбай жүргөм. Мен айтканда деле, ал ишенмек эмес. Кыскасы, бул ыр дагы бизге нике кайып болду десем жаңылышпасмын.
- Өзүңдүн мурда чакан бизнесиң бар эле. Аны менен дале алектенип жүрөсүңбү?
Гүлмира:
- Ооба. Алматыга жума сайын барып-келип турам. Ал жакта дүкөн иштетем.
- Чыгармачылыгыңарды ошондон түшкөн каражат менен каржылайсыңарбы?
- Аял киши тапкан акчанын негедир жугуму жок болот экен. Майда-барат менен эле кайда кеткенин билбей калам. Негизи Мүзүрдүн чыгармачылыгы менен тапкан акча бизди каржылайт.
Мүзүр:
- Былтыртан бери "Нике кайып" деген ырым жаралып элге жеткен соң, гастролдорго чыгып, тойлорго барып тамада болуп, өзүбүзгө кененирээк жеткидей акча таба баштадым. Кудайга шүгүр, концертибизге эл келип жакшы жыйынтыгын берип жатат. Кыскасы, экөөбүз бирдей эмгектенип иш алып баруудабыз. Гүлмира Казакстанга кеткенде мен үйдө ыр жазуу менен алек болуп жатам. Себеби, мага 32 жашка толгонума чейин келбеген илхомдор азыр көбүрүп-жабырып келүүдө. Учурда элге жете элек даяр турган он ырым бар. Буюрса, онуна тең болбосо дагы бешөөнө клип тарттырсак деп турабыз.
- Чыгармачылык сапарыңарда жетишкен жана жетишпей калганыңар эмне болду?
Гүлмира:
- Алты жыл ичинде чыгармачылык чөйрөдөн жакшы тааныш досторду таптык. Ак-караны ажыратып билдик. Анан экинчи жагы Мүзүрдүн жаштыгын жоготтук. 26 жашынан бери ырдап келатып, 32ге кандай толгонун билбей калыппыз. Убакыт учкан куш деген чын экен.
Мүзүр:
- Кичинемден тартып чыгармачылыкка абдан жакын өстүм. Бул чөйрөнүн кайсы гана тарабы болбосун шыгым менен кете берээр элем. Ырдап, тамадалык кылып, "ямаха" чертип бул жактан тузун татып алган соң эч бир жакка кете албадым. Эми колдон келишинче эл адамы болгондон кийин кыргыз элимдин купулуна толгудай ырчы болсом деген илгери үмүт менен жүрөм.
- Эми сөзүбүздү экөөңдүн кулк-мүнөзүңөргө бурбайлыбы?
Гүлмира:
- Мүзүр эч качан өзүнүкүн бербейт. Бул көп учурда өзүнүн техно стилине ылайыктап эле ыр жаза берет. Анан мен: "Өзүң үчүн эле ыр жаза бербей, мага да ылайыктап жазып берсең боло! Мен сенден жашмын го!"-деп тамашалап калам.
- Сенден канча жаш улуу?
- Жети жаш. Ошон үчүн мен дискотекалык ыр ырдаганды жактырам. Бирок, баары бир Мүзүр өзүнүкүн бербей эле техно стилде гана ыр жазып келатат.
Мүзүр:
- Гүлмирага ыйлактап баштаганынан эки ырды жазып бүтүрдүм. Эми өз алдынча ырдап чыгууга даярдык көрүүдө. Чындыгында, мурда жалаң гана дуэт ырларды ырдачу элек. Мындан ары күйөрмандарыбыз Гүлмиранын да жалгыз ырдаганына күбө боло алышат.
- Үй-бүлө болгон соң казан-аяк кагышпай койбосо керек?
- Мүзүр:
- Мурда Гүлмира мени урушуп-урушуп алып, бат эле жазылып кетчү. Ошол учурда эмнегедир тез элдешчүбүз. Азыр болсо күн өткөн сайын мен бат жазылчу болдум.
Гүлмира:
- Ал мезгилде бул кафелерге көп барып, пиво ичип жыргап жүрчү да. Азыр намаз окуп, моюнуна "Аллах" деген жазуусу бар чынжырча тагынгандан бери мага кыйкырбай калды. Мен болгон жинимди чыгарып урушсам деле унчукпай олтуруп кутулуп кетет. "Менин тилим узунбу?" деп сурасам "Билбейсиңби, узун" дейт.
- Өзүңдүн оюн боюнча узунбу?
- Мүзүрдүн айтканына караганда тилим узун эле окшойт.
- Уулуңар канчада?
- Жакында үч жашка толот. Күтүп жүрүп көргөн балабыз. Үйлөнгөнүбүзгө төрт жыл дегенде Медер аттуу уулду болдук. Медердин тили бир жаш үч айында таенеси көп баккандыктан "таене"деп тили чыкты. Азыр бул жакка келатсак Мүзүр кепкасын машинанын арт жагына ыргытып койсо "Мама карачы, папам, папамдын кепкасын ыргытып жиберди" деп атпайбы. Өнөрү чыгып, азыр баарыбызды көңүлүбүздү буруп жаткан убагы.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??