п»ї
 Таанышуу жарыясы


  кыргыз шоу дүйнөсү

Кыргыз үнү кореяда жаңырат
КРнын Эл артисти, Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова 10-июнда Кореянын Сеул шаарында өткөрүлө турган "Дүйнөлүк музыканын чебери" аттуу фестивалга Кыргызстандын атынан катышат. Буга чейин дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыздын ырлары менен маданиятын жайылтып келген Саламат Садыкова бул жолу да кыргыз жыттанган ырлары, бийик үнү, улуттук кийими менен дүйнө элинин алдында кадырлуу конок болуп, кыргыз желегин желбиретет.

Таланттар чыккан Токтогул
"Кетмен-Төбө кең өрөөн, Бүт кыргызга тең өрөөн" дегендей, таланттар чыккан Токтогул районуна быйыл 80 жыл толуп олтурат. 23- майда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында "Токтогул районуна 80 жыл" аттуу марафон болуп өттү. Марафонго депутаттар, министирлер менен бирге Токтогулдан чыккан таланттар Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, куудул Абдылда Иманкулов, төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана башка өнөр адамдары катышып, жердештерине жардам көрсөтүштү. Ал эми Токтогул районунун 80 жылдык мааракесинин уюштуруу комитетинин төрагасы Төлөгөн Эсенкулов марафондун жүрүшүнө кыскача токтолду.
- Элдин демилгесин КРнын өкмөтү колдоп, буйрук чыгарган. Областык администрациянын буйругу менен уюштуруу тобу түзүлдү. Бүгүнкү күндө 80 жылдыкка карата 80 курулушту ишке ашырабыз деген иш чара түзүлүп, азыр ушунун үстүндө иш жүрүүдө. Ошондой эле Токтогул районуна арналган марафондун экинчисин июнь айында Токтогул шаарчасында өткөрөлү деп турабыз.

Бөбөктөргө белек
Сакадай бою сары алтын ырчы мырзабыз Замир Арыкбаев 1-июнь балдар күнүнө карата "Чоңоё бер кичинем" аттуу жаңы ыр жазып, "Нооруз" эс алуу борборунун жаратылышынан өзгөчө клип тартты. Кызы Акберметке жана кичинекей бөбөктөргө арналган чыгармасы балдар күнүнө Замир Арыкбаевден белек катары тартууланмакчы.

Фархат жаңы студиянын ээси
Эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу акыркы убактарда сахнадан анда-санда көрүнүп калганынын себеби бар экен. Мындай дегенибиз, ырчы өзүнүн репертуарын жаңылап "Туулган күн", "Той ыры" аттуу жаңы ырларды жаздырып, клип тартууну да пландап жатыптыр. "Эмгек байлык алып келет" дегендей, Фархат мырза аранжировка жаздыруучу студия ачып, чыгармачыл досторуна кызмат кыла баштады. Жакында Фархаттын жаңы эмгектерине сиздер менен бирге күбө болобуз.

"Эл агартуу майданында 50 жыл"
22-май күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү борборунун 50 жылдык мааракесине арналган "Эл агартуу майданында 50 жыл" аттуу илимий практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга алыстан чакырылган коноктор менен бирге музыка факультетин бүтүргөн опера ырчылары Кайыргүл Сартбаева, Эсен Нурмамбетова, эстрада ырчылары Айбек Карымов, Канымжан Жаманбаева, Азизалар катышып, музыкалык гүл дестелерин тартуулашты. Ошондой эле аталган факультетти "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова да бүтүргөн. 50 жылдын ичинде Кыргызстандын булуң-бурчуна билимдүү музыканттарды, өнөрпоздорду үйрөтүп чыгарган окуу жайдын көркөм маданият жана билим берүү факультетинин эмгек жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди кааламакчыбыз.

Жаңы кызмат кут болсун!
ЭлТР коомдук телеканалынын бир нече көрсөтүүлөрүнүн автору, алып баруучу Аида Арстаналиева "Маданият" бөлүмүнүн продюсери болуп дайындалды. Буга чейин теленин патриоту аталып, ишине берилүү менен ийгиликтерди жаратып келсе, эми минтип андан да жоопкерчиликтүү ишти моюнга алып, маданият бөлүмүн башкарууга бел байлады.

Бегимай Эсенгулова стилин өзгөрттү
Эстрада ырчыларынын эң кенжеси Бегимай Эсенгулова эми европалык жаңы стилде имиджин өзгөртүп ырдай баштайт. Буга чейин карлыгачтай кап-кара чачын боёбостон сактап келген болсо, эми ачык күрөң түскө боёлгон чачы жана европалык стилде тигилген өзгөчө формалары ырчыга болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнү алып келет. Ошондой эле Бегимай "Сезбедиң" деген аталыштагы жаңы ырын мына ушундай жаңы имиджде ырдап чыгат.




  Күндөлүк

Гүлнаранын эсин оодарган мас
Белгилүү адамдардын кызыктуу окуяларын датасы менен чагылдырган "Күндөлүк" рубрикасынын коногу, "Кыз-Бурак" тобунун мукам үндүү ырчысы Гүлнара Калдарова болду.
1977-жылы 10-майда Ош шаарында төрөлгөм.
Бир жашка чейин бешикке жатып, бир жарым жашымда упчуну таштагам.
Башкалардан өзгөчөлөнүп тилим "дай" деп орусча чыкканын апам айтып калат. Дүкөнгө же базарга мени көтөрүп барса, көзүмө көрүнгөн нерселердин баарын "дай, дай" десем, апамдын "жөн" деп урушканына карабай сатуучулар мага берип коюшчу экен.
Мен жети бир туугандын бешинчи кызы болом. Эркек балдардын оюнчуктары менен көп ойночумун. Анан менден кийин эркек уул төрөлгөн.
Жети жашымда Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы орто мектепке биринчи класска баргам.
7-классымда паралел класста окуган бир баладан сүйүү катын алгам. Аны да жөн бербей чогулган окуучулардын көзүнчө коридордон берген. Эл алдында бергени үчүн бир чети жиним келсе, бир чети уялгам. Көрсө ал бала коридорго атайын окуучуларды чогултуп атайын жасаган экен. Мен катты окуп бүтөрүм менен баланын алдына ыргытып, класска кирип кетип калгам.
Сегизинчи класстан кийин Оштогу Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Ал жакта окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобуна кыздарды тандап жатыптыр. Кастингге бир топ кыздар катышып, алардын арасынан досум экөөбүз өтүп кеттик.
1994-жылы "Кыз-Бурак" тобуна алындым. Менин топко киргеним классташтарым үчүн жаңылык деле болгон жок. Себеби, башынан эле классташтарыма "Кыз-Бурак" тобуна кирем деп айта берчүмүн. Алгач Гүлшайыр эжени машинасын айдап жүргөнүндө көргөм. Андан кийин кастингден өткөндө көрүп аябай сүрдөп, титирегем. Топко алып жатып "Жигитиң барбы?" деп сураган. Мен жок десем, "Бизде тартип катуу болот. Жакшы, түз жүргөн кыздарды алабыз" деп талап коюп анан алган.
Биринчи концертке даярдык жүрүп, Гүлшайыр эже баарыбызга сахнага кантип чыгуу керек экендигин үйрөтүп жаткан. Мени ары-бери бастырып, үнүн бийик чыгарып мындай кыл, тигиндей кыл деп жатты. Мени атайын кыйнап жаткандай сезилди. Көрсө, сахнага чыгуу оңой эмес экен. Мен эженин урушканына чыдабай ыйлап жибергем. Даярдык бүткөндөн кийин досума мен эртеңден баштап даярдыкка барбайм, "Кыз-Буракка" кирбейм, уруша берет экен деп ыйлагам. Эртеси досум болбой догурунуп жатып, мени кайра даярдыкка ээрчитип барган. Балким, ал досум мага жакшы сөздөрүн айтып кайра алып барбаганда, мен топко кошулбай калмакмын. Ошентип жүрүп көнүп кеттим.
Эң биринчи жолу сахнага Таня Буланованын "Ыйлаба" деген ырын ырдап чыккам. Ал ырды ырдап жатып, Гүлшайыр эженин урушкандарын эстеп ого бетер ыйлап ырдаганым эсимде. Эң алгачкы жеке ырым "Кереги жок" деген ыр болгон.
1996-жылы музыкалык окуу жайын бүтүрүп, 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшыргам.
Бир жолу Чаткалда гастролдо жүрүп кызык окуя болгон. Концерт бүткөндөн кийин гримёркада кийимдерибизди жыйнап жатсак, бир мас киши келип "Мага Гүлнара Калдарованы чакырып койгулачы, эмнеге концертке келген жок?" деп сурап калды. Концертке катышып, ырдабадыбы? Сиз байкабай калсаңыз керек? десек да болбойт. Акыры чыкса чыгып коёюнчу деп байке мен Гүлнара Калдаровамын деп жанына келсем, "Жок, сен Гүлнара эмессиң, калп айтпагыла, мага Гүлнара Калдарованын өзүн чакырып койчу чоң кыз" деп эсибизди оодарган.
Жолдошум Мырзабек менен 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө таанышкам.
2004-жылы 21-ноябрда 27 жашымда Кара-Суу районуна турмушка чыктым.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??