п»ї
 Таанышуу жарыясы


  күнсүрөт

Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
"Тирүүлүктүн өзү бакыт" деп жүрөгүбүздө өксүк жашап турса да, аны тынчтандырыштын амалын издеп, айрым учурларда өзүбүздү аргасыз жайгарып келебиз. Бирок, бир келген бу өмүрдө Жараткан ар бир пендени телегейи тегиз, алты саны аман кылып жаратса, мына ушул жашоонун бакыты болмок го дейм. Дегеним, жарыктын шооласын көрбөй, турмуш тиричиликтин кыймылын сезбей, бешенесине бүткөн тагдырына моюн сунуп жашап келген маанайы жарык, кен көкүрөк каарманымды сөзгө тарттым.
"Феномен" мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун негиздөөчүсү Искендер Султаналиев 1979-жылы 7-февралда Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Чүй мамлекеттик университетинин юридикалык факултетин, Улуттук университеттин юридиканынмагистратурасын аяктаган. Атасы Султаналиев Муслим кесиби адвокат. АпасыТелегей Исакова кесиби бухгалтер.


Доктурлардын кесепетинен мен сыяктуу көзү көрбөй калгандар бар
Кичинемде абдан тентек бир орунда жөн тура албаган шок жигит элем. 10 жашымда атамдар Бишкектин тегерегинде жайгашкан "Лихёчева" атындагы пионер лагерине 24 күнгө эс алууга жиберишти. Ал жактан да тентектигим кармап, Данияр деген бала экөөбүз биздин аймактан сырткары ойноп кетип калып, пионер жетекчибизге билинип калдык. Ал күнөөбүз үчүн биз 200 жолу олтуруп турганга, чоң корпустун айланасын жыйнап, шыпырганга жаза алдык. Айла жок, баарын аткарганга туура келди. Мына ошол күндүн эртеси эле көздөрүм кычышып, тынымсыз жаш куюлуп калды. Пионер жетекчибиз дароо мед пунктка алып барды. Доктур көзүм аллергия болгонун айтып, тиешелүү дарыларды жазып берди. Бирок, ал дарылардан оорум толук айыгып кетпеди. Эгерде убагы менен көзүмө дары тамчылатпай калсам, жаныма бир чака пиязды аарчып койгондой, жанымды жеп бир укмуштай кычышат. Эми аны ооруну башынан өткөргөн адам гана түшүнбөсө... Көздүн азабын жакшы эле тарттым. Кандай гана кыйынчылыктарга туш болдум. Ошондуктан, бул ооруну эч бир жанга, жада калса душманыма да каалабас элем. Айбан да болсо оорубаса дейм.
- Лагерге барганга чейин көзүңүз ооручу эмес беле?
- Жок. Меники жанагы короону шыпырган чаңдан, жашыл чөптөрдөн аллергия бериптир. Лагерден үйгө келгенден кийин апам экөөбүздүн барбаган көз доктурларыбыз калган жок. Ар кимден ар кандай кеңештерди алып, убагы менен дарыланып жүрдүм. Доктурлар аллергияны толук айыктыра алышпагандарын айтышты. Бирок, мени ушундай деңгээлге жеткирген Арлова деген доктур болду деп так айта алам. Апам аны күчтүү, абдан тажрыйбалуу балдардын көз доктуру деп, жакшы үмүт менен алып барган. Бирөөлөрдөн дайынын уккан экен. Анда мен 12 жашта болчумун. Арлова менин жараатым аллергия экенин айтып, "дексаметазон" деген атайын тамчылатма суюк дарыны жазып берди. Көрсө, ал гормоналдык дары экен. Негизи аны көп колдонгонго болбойт тура. Мен кичинекей бала болсом же апам доктур болбосо билбейт да. Бирок, ал доктур мага: "Искендер, дарыны 18 жашка толгончо тамыза бер. Азыр каның жаш, кийин каныңдын составы чоң кишиникине алмашканда, бул оорудан толук айыгып кетесиң. 18ге толгондон кийин дарыны пайдаланбай деле койсоң болот. Ага чейин убагы менен колдоно бер" деген. Дексаметазонго чейин башка дарыларды колдонуп келгенимде 100 пайыз көрчүмүн. Бул дарыны тамызып баштагандан тартып, чындыгында көзүмдүн кызылы кетип, кычышканы басылып жакшы жыйынтыгын берди. Бирок, дарыны 2-3 ай гана колдонуш керек экен да. А мен төрт жылдай жаз, жай айларында дайыма пайдалангам. Анан ал мага тескери таасирин тийгизип, анын кесепетинен көз көрүүм начарлай баштаптыр. Мектепти бүткөнчө даана көрчүмүн. 1-курстун ноябрь айынан тартып, алыстагы кишини тааный албай, машинанын номерлерин көрбөй калдым. Ошондо Анара аттуу доктурга кайрылганымда, ал жакындан көрсөткөн көз айнек жазып берип тим болгон. Канчалаган ак халатчандарга барбадым. Чындыгында баардык эле доктурлар күчтүү, тажрыйбалуу боло бербейт. Кесибине татыктуу жооп бере албаган, эптеп доктур деген атка ээ болгондор бар. Мен аны коркпой эле айтып берем. Себеби, менин башымдан өттү. Доктурлардын туура эмес дарылаганынан мен сыяктуу көзү көрбөй калгандар, ал эмес тиги дүйнөгө кетип калгандар бар. Келечекте кудай буюрса, күчтүү бир фирма ачсам деген тилектемин. Мыкты юристердин башын кошуп, мына ушундай туура эмес дарылаган доктурлар менен күрөшкөнгө кам көргүм келет. Менин айтаарым: "Эң негизгиси доктурлар кийген халатыңарды сыйлагыла? Адам өмүрү менен алпурушуп келатсаңар, кылдаттык менен иш алып баргыла. Адамды оюнчук ойлобогула" дээр элем. Муну айтканымдын бирден бир себеби, кээ бир жоопкерчиликсиз доктурлардын адам өмүрүнө коркунуч алып келгенин айтып жатам. Кээде алардын кыжырына ушинтип тийип коём. Же болбосо, кылдаттык менен иштешсин да.
Ата-энемди аяп
окуумду улантып жүрө бердим
- Доктурларга көбүрөөк токтолгонуңузга караганда алардын кесепетинен көрбөй калдым дейсизби?
- Албетте, 100 пайызга күнөөлөй албайм. Биринчи себеби, өйдөдө айтып кеткен Арлованын туура эмес берген багыты болду. Ошонун айынан көз көрүүм начарлап олтуруп, глоукома деген ооруга тушукпадымбы. Мен шыкаалап барбаган көз доктурлар калган жок го. Бирок, ооруп турсам да университеттеги окуум "контракт" бөлүмүндө болгондуктан ата-энемди аяп окуп жүрө бердим. Өзүм дагы эптеп билим алып калайын деген ойдо жүрдүм. Менин бир кемчилигим окуу деп жүрүп, ден соолугума карабаганым болду. Анын үстүнө дайыма доктурлардын көзөмөлүндө жүрүп, "оорудум" деген сөздү айткым келбей калган.
Качан гана көз көрүүм 70 пайызын жоготкондо Республикалык оорукананын көз доктуру Мазаева Наталия Робертовнага кайрылдык. Ал дексаметазонду төрт жыл колдонгонумду, анан да кеч келгениме ушунчалык кейиди. Ата-энемди аябай урушту. Апам ыйласа жанына тура албайсың. Ал: "Мен эми Искендердин көрүүсүн кайрадан артка кайтарып бере албайм. Эртең тезинен операция жасайм, мындан да начарлап кетпеш үчүн. Абдан кеч кайрылдыңар. Баары Кудайдын буйругунан" деди. Ошону менен 1997-жылдын март айында эки көзүмө тең операция жасалды. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун көтөрөм, болгону көзүм көрүп кетсе экен деп, акыркы үмүтүм менен операция жасаттым. Көзүмдүн агына, карасына чейин ийне сайдырып, баарына чыдадым. Тилекке каршы, көз көрүүм ордуна келбеди. Он күн ооруканада жаткан соң үйгө чыгып келе бердим. Он күн мен үчүн бир жылдай болуп кетти. Жалаң кемпир-чалдардын арасында жап-жаш мен жүрөм ар кимге жетелетип. Бул мен үчүн оор сокку болду. Ансайын "Көзүм көрбөй калса кантип жашайм? Менин эми кимге керегим бар? Кантип юрист болуп иштейм? Кантип жанымды багам?" деп ар түрдүү ойлорду ойлоп, өзүмчө түйшөлө бердим. Ошентсе да акыры мен аларды жеңдим. Бүгүнкү күндөгү баштаган иштеримдин алдыга жылып келатканына ичим жылып, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү.
Асынып өлөм деп бир ажалдан калгам
- Канча жашыңызда таптакыр көрбөй калдыңыз?
- Он сегиз жашымда жанымдагы адамдарды байкабай калгам. Оң көзүмдүн көрүүсү аябай начарлап кеткен. Кыскасы, сол көзүмдүн жардамы менен университетти бүтүрдүм. Көпчүлүгү Алмаз деген группалаш баламдын ийинине колумду коюп алып басчумун. Ал эми окуу жагынан эч кимден жардам сурабастан жакшы окудум. Мугалимдериме да "көзүм ооруйт" деп жүк арткым келчү эмес. Өз арабамды кылдыратып сүйрөп алып жүрө берчүмүн. Мени кейитип, ыңгайсыз абалга туш кылган учурлар көпчүлүктүн арасында басуу болчу. Кай бирлери: "Бул, эмне наша чегип алганбы? Көзү мынча неге кызыл? Деги соо неме эмес. Ичкич окшойт" деп менден оолактап качышып, мени башкача ойлошчу. Ансайын менин көңүлүм кирдеп, чындыгында жашагым келбей кетчү. 2000-жылы мурдагыдан да начарлап олтуруп, биринчи топтогу майып болдум. Бул учурда мени үйдөгүлөр жетелеп калышкан. 2002-жылы таптакыр көрбөй калдым. Азыр экинчи топтогу майыпмын. Мына ушундай акыбалда калганымды билген бир досум мен үчүн күйүп аябай ыйлаган. Учурда досторум менен мурда кандай катташсам, азыр деле ошондой катыштамын. Баары менин көңүлүмдү карап турушат.
- Көпчүлүктөн ар кандай пикирлерди угуп капаланчумун деп атпайсызбы. Ошол учурларда ызаланып, өзүңүзгө кол салган учуруңуз болду беле?
- Болгон. Бир жолу сүйлөшкөн кызым менен урушуп кетип, ушунчалык капаланып келаткам. Анан алдымда өтүп бараткан итти көрбөй тепсеп кеттим. Ал мезгилде бүдөмүк көрчүмүн. Бир убакта иттин кожоюну "Көзүң жокпу, эмне?! Байкабайсыңбы?!" деп жараатымды тырмап жиберди. Ансыз да араң келаткан жаным ошол учурда баарына тоюп кеттим. Үйгө кирип, кир жайыла турган жипти чечип алып, апамдарга көргөзбөй көйнөгүмө катып, туалетке кирип кеттим. Бутумду туалетке коюп, моюнума жипти салып, шыпкага асынганы калганымда апам каалганы такылдатып калды. Ачпай койсом апам каалганы күч менен койгулап, кыйкырып ыйлап жибергенде өзүмдөн да апамды аяп кеттим. Эне жүрөгүнүн сезгичтиги ушунчалык күчтүү экен. Байкатпай кирсем да, апамдын сезип калганына таң бердим. Ошондо бир ажалдан калгам.
Денисак, көзү
көргөн кызга
үйлөнгүм келет
- Сүйгөн кызыңыз туурасында айтып калдыңыз токтоло кетпейсизби?
- Дени сак адамдар бул жашоодо эч капаланбастан жашаса. Себеби, колу буту бар, кулагы уккан, көзү көргөн адамдар чексиз бактылуу адамдар. Эртең менен көңүлү чөгүп турса да, ар бир мүнөттө сүйүнүп турушса дээр элем. Мисалы, биз дүйнө жүзүн көрө албайбыз. Аба-ырайы жаанбы, ачыкпы биз аны билбейбиз. Бак-дарак кандай бүрдөп жатат ... Иши кылып күн өтө берет. Ошентсе да, чөгүп кетпестен өзүбүздүн көңүлүбүздү көтөрүп жашап келебиз. Сөзүмдү башка нукка буруп кеттим окшойт. Туура, мурда сулуу, ийкемдүү кыздар менен дос болгом. Тилекке каршы, мен ооругандан тартып, мени сүйүп жүргөн кыздар негедир менден алыстап кетишти. Өзүм жактырган кыздарды айтпай эле коёюн. Албетте, алар "көзү көрбөсө кантип багат" дешти да. Аны ар бир адам ойлой турган маселе эмеспи. Мага Айнура деген сүйлөшкөн кызым аябай жаккан. Бирок, ал кыз ден-соолугу чың адамга турмушка чыгышы керек болчу. Кудай буюрса, турмуш куруп кетти.
- Эми качан өзүңүз турмуш жолуна аттансам деп турасыз. Байкашымча, каражат жагынан жетиштүү эле экенсиз?
- Албетте, болочоктогу жубайымды багып кетүүгө мүмкүнчүлүгүм жетет. Ата-энем менден жардамдарын аяшпайт. Иним бизнесмен. Кудайга шүгүр, үй-бүлөм жакшы турат. Бирок, мага акчанын көзүн караган келинчек эмес, мени туура түшүнүп жетелей турган, көзү көргөн, дени сак кызга үйлөнгүм келет. Себеби, менден ден-соолугу чың, жакшынакай тукум калса дейм.
- Кандай түштөрдү көрөсүз?
- Кээде түшүмдө кадимкидей көзүм көрүп кыздар менен жүргөнүмдү, досторум менен машинага түшкөнүмдү так өзүндөй көрөм. Тимеле телевизор көрүп жаткандай сезилет. Анан турсам эле баягы абалымда экенимди билем.
- "Феномен" коомдук бирикмесин кандайча түзүп калдыңыз эле?
- Окуу жайды аяктаган соң, бир жыл чоң тамдын дубалын тиктеп олтуруп калгам. Абдан зериктим, өзүмдү бул жашоодон ашыкча сезип калгам. Кайсы жумушка барбайын азиз деп алышпайт. Ойлонуп көрсөм мамлекеттик эмес уюмдар көп экенин байкадым. Анан "Эмне үчүн мен мындай уюм ача албайм. Биринчиден өзүмдү иш менен алаксытсам, анан азиздерге жардам берсем" деген ойлор келди. Акыры "Феномен" коомдук бирикмени түзүп, азиздерди компьютерден акысыз окутуп баштадым. Бул жерден "windowsту" , интернетти толук үйрөтөбүз. Таптакыр азиз адамдар окуганга мүмкүнчүлүктөр бар. Атайын сүйлөй турган программалардын негизинде окушат. Буга чейин 46 кишини окутуп чыгардык.
- Компьютерди өзүңүз кантип өздөштүрдүңүз?
- Болгон мүмкүнчүлүгүмдү коюп жүрүп үйрөндүм. Магистратурада окуп жүргөн кезимде иним менен карындашым китептеримди окуп берип, компьютерде олтурганымда чогу олтуруп жардамдарын аяшкан жок. Иним чет өлкөгө, карындашым турмушка чыгып кеткенде алардын зарын тарттым. Ошол учурда компьютерде окуп бере турган программа бар экенин угуп, аны менен иш алып бара баштадым. Жаныма дайыма көзү көргөн бирөөнү олтургузуп алып, андан сурай берчүмүн. Ошентип жүрүп бат эле өздөштүрүп кеттим. Атайын мугалимден билим алган жокмун. Андыктан бул жерде окуп жаткандар сүйүнүш керек, анткени үйрөтө турган мен бармын.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??