п»ї
 Таанышуу жарыясы


  маалымат

Орусияда 400 киши
убактылуу камакта отурат
Миграция иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулованын билдиргенине караганда Орусиянын убактылуу кармап, кайра бөлүштүрүүчү жайларында 400 киши олтурат. Аларды орусиялык милиция ар кандай себептер менен кармаган. Бул багытта Орусиянын тиешелүү бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөргө ылайык Орусиянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык жарандар да Кыргызстандын түрмөлөрүнө которулууда. Рыскулова Орусияда сот жообуна тартылгандардын саны канча экендиги жана алардын канчасы которулуп келгендиги тууралуу маалымат берген жок. Белгилей кетсек, өлкөбүздө жалпысынан ишке жарамдуу 2млн. 343 миң жаран бар. Бейрасмий булактарда чет өлкөдө иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жарандардын саны бир миллиондон ашык экендиги айтылып келет.

Мотуев тил сынагынан сынган жок
Нурлан Мотуев мамлекеттик тилди билет деген чечимди кечээ президенттикке талапкер болууну каалагандарды сыноо комиссиясы чыгарды. Талапкер болуу үчүн БШКга арыз берген Мотуев башкалар сыяктуу эле тил сынагынан үч баскыч боюнча өттү.
Буга чейин комиссия үч арыз ээсин сынап, мамлекеттик тилди билет деген тыянак чыгарган. Президент болууну каалагандардын үчөө арыздарын кайтарып алышкан. Алдыда комиссия дагы президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 12 арыз ээсинин мамлекеттик тилди билер-билбесин аныкташы керек.

БЭК Жекшенкуловду
бошотууну талап кылат
Бүгүн БЭКтин мүчөлөрү Биринчи Май райондук соттун алдында Аликбек Жекшенкуловду бошотуу талабын билдирген акция өткөрөт. Бул күнү БЭКтин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловго ачылган кылмыш ишти сот карай баштайт. Жекшенкуловдун адвокаттары түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп шектелип жаткан анын тапанча Москвадагы көз карандысыз соттук-баллистикалык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышаарын, себеби Кыргызстандагы экспертизага ишенбей жатышкандыгын билдиришкен. Жекшенкуловго каршы Тышкы иштер министрлигинин имаратын ремонттоодо мамлекетке зыян келтирген жана анын сыйлыкка алган тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген кине менен эки кылмыш иши ачылган. Эми сот бул ишти бириктирип карайт.

Соттолгондордун балдарын колдойсузбу?
Ноокат окуясында соттолгондордун балдарына колдоо көрсөтүү фонду ачылды.
Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Назгүл Турдубекованын айтымында, бул демилге 1-июнь балдардын күнүнө карата ата-энеси соттолуп кеткен 97 балага материалдык колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Эске сала кетсек, орозо айт күнү Ноокатта уюштурулган баш аламандыкка байланыштуу 32 киши мамлекеттик түзүлүшкө кол салды деген айып менен соттолуп кетишкен. Алардын экөө - аял.

№31 түрмөдө ачкачылык акциясы токтоду
Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун билдиргенине караганда, кечээ эртең менен №31 түрмөдө жаза өтөп жаткан 200дөй айыпкер ачкачылык акциясын башташкан. "Буга түрмө эрежелерин одоно бузган үч айыпкерди айып камагына алуу себеп болгон. Бул окуяга байланыштуу колонияга бүгүн Юстиция министрлигинин карамагындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Муралиев баштаган топ барып, жагдайды тынчытты. Ачкачылык жарыялоо бул түрмөдө 2008-жылы да катталган. Ал эми 2005-жылы чыккан жаңжалда аталган колонияны текшерип барган Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев менен дагы эки киши өлтүрүлгөн.

Түркияда кыргызстандык үй-бүлө
автокырсыкка
кабылды
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда 22-майда Анталья-Алания автожолунда 24 жүргүнчүсү бар туристтик автобус жеңил автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсыкка кабылгандардын ичинде кыргызстандык Яковлев Вадим жубайы жана кызы Ильянора менен бар болуп чыкты. Яковлевдердин үй-бүлөсүнөн Вадим олуттуу жабыркап, Анталиядагы мамлекеттик оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Кыргызстандык үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн саламаттыгы канааттандыраарлык деп билдирди Башкы консулдук.

Аялдар уюму
алдангандарды коргоого алды
Жалал-Абад облусундагы "Лидер аялдар" бирикмесине жыл башынан бери Орусияга иштөө үчүн барып алданып келген он киши кайрылган. Жабырлангандарды сыртынан саткандар, бир жылдан ашык иштетип айлыгын бербей, акыры орус милициясына карматып салышкан. Сот чечими менен алар орус аймагынан чыгарылган. Бирикменин президенти Жанна Саралаеванын билдиргенине караганда, жабырлануучулар түрдүү жардам алышкандан кийин алдап иштеткендерди сотко берүүдөн баш тартышты. 2006-жылдан бери уюмга келген алтымыштай жабырлануучунун он үчү гана сотко арызданган. Адам аткезчилиги менен алектенди деп күнөөлөрү далилденгенден кийин 10 миңден 30 миң сомго чейин акчалай айыпка жыгылышкан. Айта кетүүчү жагдай, кыргыз мыйзамдарына ылайык адам сатты деп күнөөлөнгөн адам 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.




  ДҮЙНӨ ДүБүРТ

Хорст Келер кайрадан
Германиянын президенти
Шайлоонун биринчи айлампасында эле Келер жеңишке жетишти. Келер үчүн Атайын жыйындын 613 катышуучусу добушун берди. Германияда президенттин курамына парламент депутаттар жана коомдук ишмерлер кирген атайын жыйын шайлайт. Келерди демократтар жана алардын ынтымакташтары колдошту. 66 жаштагы Хорст Келер кесиби боюнча экономист, ал мурда Эл аралык валюта корун жетектеген.

Сычуан - туристтердин
аймагына айланат
Кытай бийлиги өткөн жылы зилзаладан талкаланган Сычуан вилайетин туристтер үчүн аймакка айландырарын билдирди. Синхуа маалымат агенттигинин кабарлашынча, туристтерге Сычуандагы толугу менен талкаланган райондорду жана аймактарды көрсөтүү пландаштырылууда. Туризмден түшкөн киреше ушул эле аймактарды калыбына келтирүүгө жумшалмакчы. 2008-жылы май айында Сычуандагы зилзаладан 87 миңге жакын адам набыт болуп, миллиондогон киши турак-жайсыз калган.

Афиныда
мусулмандар
менен полиция кагылышты
Грециянын борбору Афиныда жергиликтүү мусулмандар менен полиция ортосундагы кагылышуудан 14 адам оор жараат алып, 46 киши камакка алынды. Кабарларга караганда 75 унаа өрттөлүп, бир катар имараттар талкаланган. Жүздөгөн демонстранттар шаршембиде бир кафенин ичинде болгон окуяга нааразылыгын билдирип, парламент алдында чогулушту. Демонстранттардын ырасташынча, 20-майда мусулман мигрантка тийешелүү кафени текшерүү учурунда полициячы Куран китебин айрып салган. Полиция бул окуя тергелип жатканын билдирди. Нааразылык акциясына чыккандар полицияга таш ыргыткан, полиция болсо аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Пакистанда кол салуудан 7 адам мерт кетти
Пакистандагы Пешавар шаарында кинотеатрда жарылган бомбадан 7 адам набыт болуп, 80ге жакын киши оор жараат алды. Пешавар - аскерлер менен талиптер ортосундагы кагылышуу жүрүп жаткан Сват өрөөнүнүн жанында жайгашкан.
Улуттар Уюму Пакистандын түндүк-батышындагы согуштан качкан элге тез жардам көрсөтүү үчүн эларалык коомчулуктан 543 миллион доллар жардам сурады. Малаканд регионундагы Пакистан аскерлери менен талип согушчандарынын кагылышуулары 2 миллиондой адамды бозгун кылды.

Түштүк
Кореянын экс- президенти өз
жанын өзү
кыйдыбы?
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Но Мун Хендин жардамчысынын айтымында, Мун Хен тоодо сейилдеп жүрүп, аскадан өз боюн таштап жиберген. 62 жаштагы Но Мун Хен өз жанын өзү кыйдыбы, же кокустан аскадан тайгаланып кеттиби - муну иликтөө көрсөтөөрүн полиция билдирди. 2003-жылдан 2008-жылга чейин Түштүк Кореянын президенти болгон Мун Хен акыркы учурда коррупцияга тийешеси бар деп айыпталып жаткан.

Ооганстанда 92 тонна маңзат
жок кылынды
Ооганстанда Гилменд вилайетинде маңзаттарга каршы жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында 60 согушчан өлтүрүлдү. Кабарларга караганда, америкалык күчтөр 92 тонна маңзат сакталган базага абадан сокку урган. Белгилей кетсек, Гилмендде өндүрүлгөн апийим дүйнөлүк базардагы маңзаттардын 90 пайызын түзөрү айтылып келет.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??