адабият айдыңы

Меңдибек
Асылбеков
Жылаажын
доош жез коңгуроо
Оо акыркы коңгуроо,
Жылаажын доош, жез коңгуроо,
Түлөктөрдү чоң сапарга узатып.
Шыңгырайсың шаңдуу дагы, сырдуу да.
Ар жыл сайын муңайтып да, кубантып.

Бул өмүргө шаң түшүрүп жапжарык,
Жалындаган үмүт отун тутантып.
Турган өңдүү сенин мукам добушуң,
Турмуш көчүн муундан муунга улантып.

Гүлнур Сатылгановага
Ар бир ырың көктөн
түшкөн керемет
Күн көзүнөн чыккан нурдай кубулуп,
Асан-үсөн өңдүү турдуң тартылып.
Түркүн нуруң айлампада толукшуп,
Бүт дүйнөнү жибергендей ыр кылып.

Күн нурундай жарык берген тынымсыз,
Музаң шаңшып тарап жатат ааламга.
Ар бир ырың көктөн түшкөн керемет,
Өмүр турат эң бир кымбат адамга.

Турмуш өмүр касиетин көтөрүп,
Кудуреттүү сүйүү күчүн ырдайсың.
Күндөн чыккан гүлдүү нурга окшошуп,
Гүлнур өзүң ырдала элек сырдайсың.





Асан кызы
Нагима
КГУСТАнын студенти
Анда эмне үчүн?!
Бала бакыт, дешет чынбы? Жалган?
Балбылдап көздөрүнөн күлкү жанган.
Анда эмне үчүн,кароосуздар калаабызда,
Ата-энесиз таштандыны тинтип калган?
Бала сүйкүм, дешет чынбы? Жалган?
Ууртунан күлкү жанып, жайнап турган.
Анда эмне үчүн, базарларда тачка түртүп,
Балалыктын, ширин даамын тузга малган.
Бала таалай, дешет чынбы? Жалган?
Буркурап атыр жыты арбап алган.
Анда эмне үчүн, таштандылар арасында,
Ымыркайдын денеси катып калган.
Бала тили бал, дешет чынбы? Жалган?
Оозунан балдай ширин сөздөр тамган.
Анда эмне үчүн балапанын карай албай,
"Жетимдер үйү" көздөй түртүп салган?
Бала чырак, дешет чынбы? Жалган?
Чырайынан күлкү жайнап жылдыз жанган.
Чыркыратып жарым жолго таштап кеткен,
Боору таш, жүрөгү муз кандай адам?!





Айдай Чотуева
топтогон кеп казына
Тунукмун. Тунуктугумдан жакшылыгым да, жамандыгымды да көрүнүп турат.
Турмуш менин көз карашымды толукташы мүмкүн, бирок өзгөртө албайт.
Алик Акималиев
Аалам да, адам да, буудай даны да жети катмардан турат. "Жетинин бири кыдыр" деп бекер айтылбайт тура.
Алымбек Момбеков
х х х
Артист негизи көз каранды адам. Ал чыгармага, режиссёрго көз каранды.
Ашыр Чокубаев
х х х
Пас адамдардын шору алдаганча туздуу экенине ынанам.
х х х
…Ар бир муундун өзүнүн адабияты, акыны, ыры, поэзиясы болот.
Алым Токтомушев
х х х
Көз караштар дал келбесе да балалуу болуш үчүн баш кошкондор көп.




Касеинова
Махабат
Сүйүү күчү
Көп күнөө артылган мойнума,
Көрүнбөйт, сезилбейт жүзүмдөн.
Белендеп тозокту койгондур,
Бейиштен үмүтүм үзүлгөн.

Мейличи баарына кайылмын,
Мен үчүн сен болсоң болгону.
Оргуштайт ыр болуп төгүлүп,
Ойдогу сезимдер, ойдогу.

Сурансаң берем дейт жараткан,
Суранбайм бейишке киргиз деп.
Тоо болуп курчаган ак сүйүүм,
Тозоктун отуна күйгүзбөйт.




Жоготуу
Бөлмөлөш кыздарымдын кимиси каякка кеткени белгисиз, сабак даярдап жалгыз отурган элем. Кубанычтуу кыйкырып кирип келген курбум бөлмөдөгү тынчтыкты бузуп жиберди:
- Алишер мага сөз айтты. Баягы айтып жүргөн экономфактагы, нарындык бала. Эмнеге унчукпайсың, ичиң күйүп жатабы? - Курбумдун ушинтип тамашалаган адаты бар эле.
- Ооба, ичим күйүп жатат,-деп күлө карап, мен да тамашалап койдум. - Ийи анан. Алишер сөз айтса дароо макул боло салгандырсың?!
- Жок. Ойлоноюн дедим. Бирок ал аябай жөнөкөй бала экен. Өзү жөнүндө көп нерсе айтып берди. Алишер алтыга чыкканда апасы каза болуп калыптыр. Карындашы экөөнү атасы багып, чоңойтуптур. Атасына абдан баа бердим. - Ушинтип сүйлөгөн курбу кызым Алишер экөөнүн бүгүнкү жолугушуусун айтып бүтө албай жатты. Үндөбөй ордуман туруп калем, кагазымды алып балконго чыгып кеттим. Менин мындай абалыма курбуларым көнүп калышкан. Сыртта шатырап жамгыр төгүп жаткан экен. Жүзүмдү жамгырга тосуп отуруп курбум Айдайдын бактысына суктанып алдым. Өз ичимде аларга бакыт тилеп, экөө тууралуу ыр жазууну максат кылып койдум.
х х х
Бир бөлмөлүү квартирада жашаган төртөөбүз төрт жактын кызы болсок да негедир бөлүнүп жарынуу, таарынуу деген нерседен алыс элек. Бирибиздин оюбузду бирибиз колдоп, кеңешип, кудум бир ата, бир эненин балдарындай иш кылчубуз. Ушундай күндөрдүн биринде "Биздин дүкөндө" бир сонун жигит иштеп калыптыр деп айтып келишти. Жаныбыздагы биз дайыма соода кылчу дүкөндү "биздин дүкөн" деп атап алганбыз.
- Анда кечки тамакты мен даярдайын ээ?
- Ой сен араң эле тургансың го. Мейли багың ачылсын, ал жигитти көрсөң Айбегиңди унутасың,-деп Наргиза мени тамашалай кетти. Ал күнү кандайдыр бир шылтоолор менен Наргиза экөөбүз дүкөнгө барып келдик. Тамашалашып, бири-бирибизди жөөлөшө кирип барган экөөбүз саамга токтоло түштүк. Чын эле анча-мынча кыздарды сүрдөтө турган жигиттерден экен.
- Чоң жигит, Жыпара сени менен таанышыш үчүн эле келди. Эч нерсе деле албайт. - Оюмду Наргиза бузуп жиберди.
- Медер. - Жигит колун мага сунду. Мындай болоорун күтпөгөн жаным апкаарый түштүм.
Чын эле көптөн бери издешип жүргөн адамдардан бетер Медер экөөбүз ошол күндөн баштап жакын болуп кеттик. Сүйүнсөм сүйүнүчүмдү жүзүмдөн билип, кайгырсам кайгымды карегимден окуй ала турган жакын адамымды тапканыма өзүмдү чексиз бактылуу сезип жүрдүм. Дайыма ээрчишип жүргөн экөөбүздү көргөндөр окшош экенибизди айтып таң калышчу. "Чыныгы сүйүүнүн ээлери окшош болушат" дегендей биз сүйүүнүн ээлери болобуз деп күлүп калчубуз.
- Медерди машина уруп кетиптир , үйүндөгүлөрдүн баары кетишти, дүкөн бек,-деп келишти кыздар.
- Медерди? Кандайча?! - ачуу кыйкырып алганымды да билбей калдым. Дароо эле ооруканага жөнөй турган мени кыздар токтотуп коюшту. Ошол түн менин жашоомдогу эң узун, эң кыйын түн болду окшойт. Көзүмдү жумсам эле Медердин кыйналып жатканы элестеп, таптакыр уктай албай койдум. Анын аман калышын кудайдан тилеп жаттым. Эртеси ооруканада оор абалда экенин угуп ыйлап жибердим. Канчалык көрүүнү каалап турсам да киргизишкен жок.
Үч күндөн кийин Медерди айылга алып кетишкенин уктум. Бул мен үчүн табышмактуу суроолорду, коркунучтуу ойлорду жаратып турду. Көп убакыт Медердин дайыны билинген жок. Бир айдан кийин сабактан келе жатып "биздин дүкөндүн" ачык турганын көрүп сүйүнүп кеттим. Дүкөнгө кирээримде эшикке кадалган Медердин сүрөтү көзүмө урунду.
Көргөн көзүмө ишенбей дендароо болуп туруп калдым. Көз жашым төгүлүп кетти...
Жамгыр дагы эле жаап жатты. Биз өткөргөн сонун керемет күндөр жааган жамгырдай бирин артынан бири эсиме түшө берди. Мындан бир канча убакыт мурда мен да Айдайга окшоп "Медер мени сүйөрүн айтты, мага сүйүүсүн арнады" деп кыйкырып келген элем. Алишер менен Айдайга, деги эле бардык жаштарга меникиндей тагдырдын кайталанбашын жамгырдан суранып жаттым...





Адабиятты сүйүүчүлөр арасында "Адабият айдыңынын мыктысы" аттуу сынак жарыялаганбыз. Ак барактарга аруу тилек менен жазылган аңгеме, ырларын алып келишкен окурмандарга бүгүнкү бетти атайын арнадык.

Сүйүнчү!
"Жаңы Ала-Тоо"
жарыкка чыкты!
22-май күнү Улуттук Жазуучулар Союзунда "Жаңы Ала-Тоо" журналынын бет ачар аземи болуп өттү. Жазуучулар үйүнө ар тараптан агылып келишкен акын-жазуучулар бири-бирин жаңы журналдын чыгышы менен куттукташып, чыгармачыл адамдар кубанычтарын жашыра алышпай, толкуп турушту.
Кыргызстандын адабият айдыңында "Ала-Тоо" деген ат менен таанымал болгон журналдын нускасы учурунда 70 миңге чейин жетип, кары-жашы дебей күтүп, сүйүп окушчу эле. 90-жылдардан тартып журнал жарык көрбөй, колуна калем кармагандар эле эмес, окурмандар да көп нерседен куру жалак калгандай болуп калышкан. Эми минтип эңсеген тилектер ишке ашып, Жазуучулар союзу жана "Турар" басмаканасынын директору Тилек Мураталиевдин демилгелери менен журналдын №1- саны колубузга тийди. Редакциялык кеңеште:
Башкы редактор - Тилек Мураталиев, Омор Султанов - редакциялык кеңештин башчысы, КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, Абдуллаев Чингиз (Азербайжан), Делиөмероглу Якуп (Түркия), Орозалин Нурлан (Казакстан), Маркиш Давид (Израиль), Мехмон Бахти (Тажикстан), Ковский Вадим (Россия), Касымбеков Төлөгөн, Абылкасымова Майрамкан, Акматбекова Сагын, Даутов Кадыркул, Жакшылыков Асан, Сарманбетов Айдарбек - орун басары, Суслова Светлана. Өзүңүздөр байкагандай "Жаңы Ала-Тоо" эл аралык журнал болот. №1 - санынан Самсак Станалиев которгон Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романынан үзүндү, Мурза Гапаровдун аңгемелерин, Айдарбек Сарманбетовдун "Ой тамчыларын", Калыйча Орозбаеванын балдар адабиятына арналган чыгармасын, ж.б. окуй аласыздар.
Мурунку журналдан айырмаланып "Жаңы Ала-Тоонун" көлөмү эки жүз беттен турат. Редакция бардык авторлор менен кызматташууга даяр.