п»ї

Марста жашаган бала
Жыл өтүп адамдар алдыга карай жыла баштаганынан тарта ар түрдүү жөндөмгө ээ болгон балдар да төрөлө баштады. Ушундай балдардын бири Борис Орусияда төрөлүп ага окумуштуулар тарабынан индиго деген кошумча наам берилген. Анын өзгөчөлүгү ымыркай кезден эле байкала баштаган. Борис төрөлгөнүнө он беш күн болгондо башын көтөрүүгө жараса, төрт айлыгында "апа" деген сөз менен тили чыккан. Ал эми эки жашка жеткенде адамдар менен кенен баарлашууга жана сүрөт тартууга жарап калган. Мектеп жашына келип биринчи класска барган Борис мугалиминен да көптү билип, теңтуштарын таң калтырган. Баласынын мындай жөндөмгө ээ болушуна айлана-чөйрөнү бат кабыл алуусу эмес, кандайдыр бир жогорку күчтүн салымы бар экенине ишенишкен ата-эне, Бористи окумуштууларга изилдетүүгө мажбур болгон. Үйдө да космоско байланыштуу китептерди көп окуп, бөтөн планеталыктар жөнүндөгү кинотасмаларды көп көргөн Борис, өзү да өткөн жашоосунда Марс планетасында жашаганын айтып, окумуштууларга планетадагы жашоочулар тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берген.
Илгери Марс планетасында лемурий деген уруу жашаганын, бул уруудагылар алп адамдардан болгондугун, бирок алардын курман болушуна динге болгон ишеним жок болгондугу себеп болгонун билдирген. Ошондой эле Марста азыр деле жашоо бар экендигин баса белгилеген. Булардан сырткары табышмак болуп келе жаткан Египет пирамидалары тууралуу да маек куруп, анын сырын изилдешкен окумуштууларга түйүндү Хеопс пирамидасынын түбүнөн эмес, башка пирамиданын астынан табаарын кошумчалаган. Баарынан коркунучтуусу жерде чоң кырсыктар күтүп тургандыгы жөнүндө да кеп козгогон. Мындай коркунучтардын бири ушул жылы алты материктин биринде болсо, экинчи кырсык 2013-жылга туура келип, анда жердин эки уюлу алмашаарын, адам баласынын андан ары жашап кетүүсүнө аң-сезими күчтүү адамдар керектигин, ошондуктан индиго балдар көп төрөлүп жаткандыгын айтып өткөн.




миң сырдуу аалам
Асман мейкиндигиндеги арбактар
Астрономдор атайын аппараттын жардамы менен аалам мейкиндигинде учуп жүргөн адамдар менен жаныбарлардын арбактарын байкашкан. Ошол замат Хабл телескобунун жардамы менен аларды сүрөткө түшүрүп алууга да үлгүргөн. Бул арбактардын асманда эмне кылып жүргөндүгүн изилдешкен астрономдор биринчи кезекте эле дин аалымдары менен окумуштууларга кайрылган. Сүрөттү көргөн дин өкүлдөрү менен окумуштуулар кадрдын жасалма экендигин билдирген. Алардан оңдуу жооп ала албаган астрономдор сүрөттүн жасалма эмес экендигин далилдеп, изилдөөнү андан ары уланткан. Акыры келип илимпоздордон сурашканда алар мындай деп тыянак чыгарышкан. Бул жерде өлгөн адамдар өткөн жашоосунда эмне иш кылгандыгын таразалоо менен бирге сурак берүү үчүн убакыт күтүп отургандыгын болжошкон. Бул жооп да астрономдорду канаатандырбай аягында сүрөттү жашыруун сырлар бөлүмүнө өткөрүүгө туура келген.

Табышмактуу жоголуулар
Жашообузда адамдардын жоголуп кеткен учурлары көп кездешет. Мындай жоголуунун бири 1880-жылы Американын Теннеси штатынын Галлатин шаарында болуп өткөн. Жергиликтүү фермер Девид Ленг жубайы менен тамактанып бүткөн соң сарайга карай жол баскан. Аялы болсо ойноп жүргөн балдарын чакырууга кетсе, Ленг жылкыларын карап бүтүп үйүнө карай жол тарткан. Ошол учурда Ленгдин үйүнө коноктор келип, алар менен саламдашууга бараткан фермер көздөн кайым болгон. Алгач аялы Девидди кудукка түшүп кеткен го деп чочулаганы менен ал жерде кудук жок болуп чыккан. Беш адамдын көзүнчө жок болгон Девидди издешкен үй-бүлөсү аны таппай суй жыгылган. Арадан бир нече ай өткөн соң Девиддин балдары атасы жоголгон жердеги чөптүн саргарып, ал жерге бир да курт-кумурска баспай калгандыгын байкашкан.
Мындай сыйкырдуу жоголуулардын дагы бири 1949-жылы 1-декабрда болгон. Олбаниядан Беннингтонго жол жүргөн аскер кызматкери Джеймс Тетфорддун автобуска отурганын жүргүнчүлөр баары эле байкашкан. Автобус бир саат бою тынымсыз жүрүп Беннингтонго келген соң жүргүнчүлөр Тетфордду таппай калышкан. Ал отурган орундукта бүктөлгөн гезит менен сумкадан башка эч нерсе табылган эмес. Мындай табышмактуу жоголуунун азыр да болуп жаткандыгы, катталганы менен окумуштууларга адамдар эмнеден улам жоголууда деген суроо сыр бойдон калууда.





Көз тартып, кабак, бет булчуңдары кыймылдаса
Кээде көздүн булчуңдары тартылып кыймылдайт. Кашың же көзүңдүн кыймылдоосу бат эле токтоп калса жакшы, бирок "вибрация" сыяктуу бир канча саат же сутка кыймылдай берсе, тажатып да, мындан булчуңдар чарчап, ооруй баштайт.
Көпчүлүк учурда нерв системасынын чарчоосунан жана көп ойлонуп, кыжаалат болуудан пайда болот. Көздүн айланасынын тартылуу же кыймылдоосу айрыкча чарчагандан, мисалы, компьютерде көп жана узак убакыт дем албай иштегенде, толук кандуу уктай албагандын себебинен келип чыгат. Бул тартылуу - туура иштеп, туура эс албагандын сигналы.
Мындан арылуу үчүн өз убагында эс алып, өзүңүзгө көп түйшүк артпаңыз. Нервиңизди жөн эле коротпогонго аракет кылыңыз, чатакташуудан алыс болуңуз. Көзүңүздү катуу жумуп, терең дем алып, дем чыгарыңыз. Бул ыкманы 3-5 жолу кайталаңыз. Бул көнүгүү нерв системасынын эс алуусуна жардам берет. Эгер кыймылдоо дагы деле токтобосо, врач-неврологго кайрылыңыз.


Кефир - ден соолукту чыңдайт
Кефир - диета кармоонун эң жакшы түрүнө кирет. Жаңы кефир алсыздандырып, ал эми эки-үч күн турганы - тескерисинче ден-соолукту чыңдайт. Кефирди тамак сиңирүү системасы жана ашказаны ооругандардан башкасы ичсе болот. Бирок, алар деле аз өлчөмдө ичип турганы ыңгайлуу.
Кефир сүткө караганда организмде үч эсе бат сиңет. Ал ашказан-ичегинин жакшы иштешине жардам берет. Кефирдин пайдасы анда көптөгөн микро жана макроэлементтер бар. Операция болгондорго да жакшы. Андан адам семирбейт, кайра ден соолук чың болот.


Этти эмне менен алмаштырса болот
Эт башка тамактарга салыштырмалуу көп энергия берет. Эгер сиз кандайдыр бир себептерден улам эт жебесеңиз, ордун балык менен алмаштырсаңыз болот. Балык - эттен эч айырмасы жок, бирок анда темир аз, белок, кальций, минерал жана витаминдер көп. Кээ бир балыктардын түрүндө, мисалы, сельд, скумбрия, таврид, сайд, лосось, тунец балыктары бат сиңиримдүү, пайдалуу майлары бар. Этти дагы творог, сүт, кефир, буурчак, жумуртка, жаңгак менен алмаштырса болот. Бирок, буларды көп жеш керек себеби, этке караганда энергиясы аз.
Таптакыр эттен баш тарткан да болбойт. Ал организмге, булчуңдарга керектүү табигый белок, айрыкча жүрөккө жакшы. Жумасына эки жолу эт же тоок этин жеп туруш керек. Кичинекей балдардын өсүп чоңоюшу үчүн жакшы тамактануу керек, ошондуктан этти колдонуу зарыл.




Гүлдөөчү өсүмдүктөр сүйүүнү чыңдайт
Бөлмө өсүмдүктөрүнүн адамга тийгизген таасири чоң. Үйгө, үй-бүлөдөгү ар кандай маселелерди чечүүдө да пайдасы бар. Чыгыш философиясында бөлмө өсүмдүктөрү менен адамдын жашоосу, жан дүйнөсү толугу менен байланышта болоорун айтышкан.
Үйгө бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүүдө, анын кооздук берип турганына маани бербестен, пайдасын да эске алышыбыз керек.
Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактары кооз, кээ биринин - гүлдөгөнү, ал эми кээ бири таттуу жана пайдалуу мөмө беришет. Баардык гүлдөөчү өсүмдүктөр сүйүүнү чыңдоочу жана романтикалык мамилерди пайда кылууда таасирин тийгизет.
Антуриум -
жубайлардын мамилесин жакшыртат
Антуриум - бул от гүлү деп эсептелинет. Антуриум гүлү жылуу жана жарык бөлмөдө жакшы өсөт. Бирок, түз күндүн жарыгы тийген жерге койбоо керек. +20-20 градус жылуулукта, кышында +18 градустан төмөн болбош керек. Өсүү мезгили күзүндө-жазында, көп сугарбоо керек. Эркектин күчүн калыптандыруучу жана үй-бүлөдөгү аял менен эркектин мамилесине жакшы таасирин берет.
Гипеаструм - романтикалык маанай тартуулайт
Гипеаструм - бул өсүмдүк пияз түптүү. Декабрь-февраль айларында анын эң жакшы гүлдөгөн убагы. Бул адамдын жашоосуна таң каларлык романтикалык маанай тартуулайт. Айрыкча бойдок жигиттерге мааниси зор. Гүлдөгөндөн кийин өзүнө энергия топтойт. Мына ошондуктан гүлдөгөн мезгилде уктоочу бөлмөдөн башка жайга койгон жакшы. Себеби уктап жаткан адамдын энергиясын тартып алат.
Бул гүлдү өстүрүү үчүн анын жарыкты сүйүүчү, түштүк жактагы терезелерде, +15-18 градус жылуулукта жакшы өсөөрүн билүү зарыл.
Анар- үй-бүлөлүк бакыттын символу
Анар - үй-бүлөлүк биримдикти чыңдоочу өсүмдүк катары өстүрүлөт жана дагы сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакыттын символу. Жыл сайын ачык кызыл түстө гүлдөп, өзүнүн кызыл мөмөсүн берип турган анарды үйдө өстүрүү үчүн анардын жапыз түрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү зарыл. Жарыкты сүйүүчү өсүмдүк, кышында +10 градус жылуулукта жакшы өсөт.
Орхидея - сулуулугу менен суктандырат
Орхидея - бул өтө кооз, гүл көпөлөктү элестетет. Бул сыйкырдуу гүл адамга күч-кубат берип, өзүн жакшы сезүүгө жардам берет. Орхидея - адамдын жан дүйнөсүнүн жарыктыгын, жашоосундагы жакшы ийгиликтерди, үй-бүлөлүк тынчтыкты бекемдейт.
Орхидеяны бир гана үйдө өстүрүп коюу эле эмес, анын сырларын да билүү керек. Жогорку температурада, жарыкты сүйүүчү, орточо нымдуулукту сүйгөн өсүмдүк. Бир аз жылуу суу мене сугаруу керек. Үйгө келген адамдын көңүлүн өзүнө буруп, сулуулугу менен суктандырат. Түрүнө карап, ачылган гүлдөрү көпкө, бир айга чейин гүлдөп тура берет.


Ж.ИСМАИЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??