п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
Самаган
- Айнура эже, бүгүнкү күнүңүз кандай башталды. Маанайыңыз кандай?
- Рахмат. Маанайым эң сонун. Эртең менен эле көңүлүм ачылып, күлүп турдум. Эки жарым айдан бери автомектепте окуп жаттым эле. Бүгүн экзамен тапшырып айдоочунун күбөлүгүн алып, азыр сүйүнүп турган убагым. Анан да сиздердей болгон күйөрмандарыма жолугуу мен үчүн табылгыс бакыт.
- Буга чейин рулга олтурдуңуз беле?
- Мурда бир-эки жолу машина айдамыш болуп, жол эрежелерин билбегендиктен коркуп айдабай койгом. Кийин курбу кыздарымдын баары машина айдаганын көрүп окуюн деп чечтим. Буюрса, жай айларында темир тулпарлуу болом.
- Кандай темир жорго алайын деп жатасыз?
- Аябай деле "крутой" машина албайм. Өзүм чогулткан акчага ылайыктуусун алсам болду. Иним тандап берем деп жатат.
Нусупбек
- Айнура эже, сиз каранын сулуусусуз. Ошентсе да өзүңүзгө жакпаган жерлериңиз барбы?
- Мени кичинекейимден тартып эле кара кыз дешет. Ушинткендери мага көп жакчу эмес, чычалап ыйлай берчүмүн. Чыгармачылыкка жаңыдан келгенде Борончу байкелер менен гастролго чыгып калдым. Ошондо алар "кара кыз, кара кыз качан тойго барабыз" деп тамашалашса, таарынып жүрдүм. "Анда сени аппак кыз дейбиз" дешип, ошондон бери куудулдар мага "аппак кыз" деп кличка коюп коюшкан. Муну менен эмне айткым келет, чындыгында каралыгым, боюмдун өтө узундугу жакпайт. Өзүм жактырган жигиттер менен таанышканда эле бойлору менден кичине болуп калат. Боюмдун узундугу да көп жерде тоскоол болот. Кудай сакта, кесир сүйлөбөйүнчү. Алты саным аман, ден соолугум бекемдигине шүгүр деп жашайынчы.
- Аялзаты алтын-күмүш зергерлерине жакын болот эмеспи. Сиз бул жагына кандайсыз?
- Апам "жалтырак-жултурактарды көрсөң эле жабышып каласың" деп күлө берет. Өзүм күмүштү аябай жакшы көрөм. Айрыкча, кыргыздын колорити сакталган оюсу бар күмүш шакектер өзгөчө жагат.
- Кийинки чыккан жаш ырчылардан айырмаланып, кыргыздын улуттук кийимин кийип үч кыл комузду колуңузга кармап, кыргыздын жүзүн чагылдырган ырчы болуу колуңуздан келеби?
- Бала кезимден эле күү чертип, комузга жакын өстүм. Келечекте Самара Токтакуновадай комузчу болом деп тилек кылчумун. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырганымда ырдатып көрүшүп, ырды ансыз да үйрөнүп аласың, андан көрө дастанчы бол дешкен. Окууну бүткөндөн кийин сахнага сиз айткандай кыргыздын улуттук көйнөктөрүн кийип комуз менен ырдап чыктым. Улуу муундар жакшы кабыл алганы менен жаштардын купулуна толо алган жокмун. Айла жок жаштардын табитине жараша жол тандоого туура келди. Мен ойлойм эстрада биз үчүн убактылуу нерсе, 15-20 жылдан кийин комуз менен ырдай турган учур келет. Бүгүн болбосо да убагы келгенде кыргыздын жүзүн чагылдырган чыгармаларды аткаруудан баш тартпайм.
Айзада
- Сизди тамеки тарпайт, ичимдик ичпейт, намаз окуйт деп угам. Намазды өмүрүңүздүн аягына чейин таштабай окуйсузбу же...
- Чоң ата, чоң энелерим, курбуларымдын баары намаз окушат. Мен да 2006-жылдын 6-мартынан бери беш маал намаз окуп, мусулмандык парзымды аткарып келем. Чыгармачылыкта намаз окуганга көп тоскоолдуктар болот. Гастролдордо, тойлордо, концерттерде намазым каза болуп калат. Анан кеч болсо да үйгө барып окуйм. Негизи намазды баштагандан кийин таштабаш керек.
- Эл арасында ырчылар жөнүндө көп ушактар айтылып жүрөт. Катуу тийсе кечирип коюңуз. Бүгүнкү популярдуу ырчы кыздар "чиновниктер", "байлар" менен жүрүшүп, ушундай деңгээлге жетип жатат деген сөздөр да жок эмес. Балким, сиздин да колуңузду сураган "чиновниктер" бардыр?
- Башкалар жөнүндө эч нерсе айта албайм. Эгер менин ошондой адамым болсо машинадан машина тандап, үй алып, катар-катар клип тарттырып укмуш болбойт белем. Андай жол менен ийгиликке жетишкенден көрө карапайым адамдардын катарында жүзүм жарык жүргөнүм артык. Андайдан кудай сактасын. Калп айтканда эмне, концертимди берээрде продюсер байкелер аркылуу концертимдин чыгымын көтөрүп берем деп аттуу-баштуу бир чиновниктен сунуш түшкөн. Мен ал адамга айтчу сөзүмдү айтып ордуна койдум.
- Эмне жөнүндө көп ойлоносуз?
- Акыркы кезде үй-бүлө жөнүндө көп ойлонуп калдым. Жакшы күйөөгө тийип, көп балалуу болсом деп кыялданам.
- Молдо жигитти сүйүп калсаңыз турмушка чыгат белеңиз. Шариятка баш ийип чыгармачылык менен коштошконго даярсызбы?
- Эгер сүйүп калсам жүрөгүмдүн каалоосу аткарылыш үчүн баарына даярмын. Башка бирөөгө турмушка чыксам да, тоюмда мен тараптан эч кимге арак ичирбей ичимдиксиз той өткөргөнгө аракет кылам.
- Сүйүүңүздү билдире албай калган учуруңуз болду беле?
- Бир классташ баламды биринчи класстан 10-класска чейин ичимден бышып, тымызын сүйүп жүрүп, сезимимди билдире алган жокмун. Бир жолу ошол бала коридордо чуркап баратып, бетимден өбөм деп капысынан оозумдан өөп кеткен. Ошондо аябай башкача болуп, ага болгон сүйүүм андан бетер күчөп, ошол классташым үчүн эле мектепке барып калгам. Бирок, канчалык сүйүп, жакшы көрсөм да "сүйөм" деп айтканга оозум барган эмес. Жакында ага унаа жуучу жайдан жолугуп жүрөгүм тыз этип алды.
Шайыр
- Бир көргөн адамга ак көңүл, жумшак көрүнөсүң. Жумшактыгыңдын зыянын тарткан жоксуңбу?
- "Жыгачтын жумшагын курт жейт" дегендей ак көңүлдүүлүгүмдүн зыянын көп эле тарттым. Ага кейибейм деле. "Ар бир кылган жакшылыгым өзүм үчүн" деген ураан менен жашап келем.
- Акыр заман келатат дегенге ишенесизби?
- Жаңыдан намаз окуп жүргөн кезимде мечитке барчумун. Ошондо бизге маселе айтчу эжелер "Көз мончок, тумар деген нерселерге ишенбегиле. Алла таалага шек келтирүү чоң күнөө, мүрзөнүн жанынан өтүп баратканда эй момун мусулмандар акыр заманга аз калды деп дуба кылып өткүлө. Алар акыр заманды күтүп жатышат" дейт эле. Акыр заман келатат дегенге бир туруп ишенем, бир туруп ишенбейм. Кудайдын буйругуна жараша болот.
- Жакында эле "Обон" гезитинен сен жөнүндө жазылган түрмөдө олтурган баланын аялынын катын окудум эле. Ошол үй-бүлөлүү бала менен сүйлөшүп жүргөнүң ыраспы?
- Сүйлөшкөнүм ырас. Бирок, мен анын үй-бүлөлүү экенин билген эмесмин. Түшүнүктүү болуш үчүн муну башынан айтып берейин. Былтыр жайында Санжар Бердибековдор менен түрмөлөрдү кыдырып концерт коюп барып калдык. Биринчи киргенде темир эшиктердин шарактап ачылганынан жүрөгүм элеп-желеп болуп аябай корктум. Капкара кийинген кылмышкерлерди элестетип барсам жакшынакай эле бизге окшогон адамдар жүрөт. Кой союп, чоң дасторкон жасап сыйлашты. Беттерин карагандан коркуп, телефонумду чукулап олтурдум. Аларда кол чаап коштомой деген жок экен. Буттары менен жер тепкилеп коштоп турушту. Ырдап жатсам бир бала чөнтөк телефонуна сүрөткө, видеого тартып артымдан ээрчип жүрдү. Улам телефон номеримди сурап, сүрөткө түшөлү дей бергенинен өзүмдү андан алыстата баштадым. Анан Алина Жетигенова "менин баламдай эле балдар экен" деп ыйлап "эмнеге теңиңе албай жатасың, номериңди берип кой, балким ушул жерден сүйүүңдү табаттырсың" деди. Анда да бергим келген жок. Концерт бүткөндөн кийин тиги бала артымдан келип, жалбырактын үстүндө жүрөкчөсү бар шкатулканы белекке берип жатып: "Албетте сен мени карабайсың. Бирок, түрмөдө жалган жалаа менен олтурган бир бала сени сүйөөрүн, сен үчүн баарына даяр экенин унутпа. Муну мен чыныгы сүйүүмө берем деп өз колум менен жасагам. Сага буйруду" дегенде эмне кылаарымды билбей туруп калсам, сумкама салып койду. Номеримди Санжар байкеден алып телефон чалып жүрдү. Ишенсеңер он мүнөт сайын күнүнө 80 жолу чалат, смс жазат. Күнүнө 200дөн бирдик салат. Ал аз келгенсип "сен мени карабайсың" деп түнү менен ыйлайт. Ушундан кийин "эркектин көз жашына калба" деген апамдын сөзүн эстеп, көңүл буруп сүйлөшүп баштадым.
- Үй-бүлөсү жөнүндө сураган жок белең?
- Кантип сурабай коём. Үч карындашым бар. Ата-энем карабайт. Эч кимиси келбейт. Үйлөнө элекмин деп айткан. Качан гана "Обон" гезитине аялы смс жазганда анын үй-бүлөлүү экенин билдим. Ошондо "ажырашып кеткем, элдер 4-5-аялы болуп тийип жатпайбы, сен менин экинчи аялым болбойсуңбу?" дегенде анын кандай адам экенин билдим. Азыр андан кол үздүм. Эч кандай байланышым жок.
Жанарбек
- Ошондон кийин эркектерге болгон ишенимиңиз жоголсо керек?
- Чындыгында мен ал балага көп деле ишенген эмесмин. Бал тилге салып сүйлөп жатканы менен менде кандайдыр бир кооптонуу болуп турган. Боорукерлик кылып аны аяганым эле болбосо, эң негизгиси сүйгөн жокмун.
- Учурда жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Сүйгөн жигитим бар. Буюрса, күзүндө үйлөнөбүз деп пландап жатабыз.
- Кийинки кезде эмнегедир Шайырбек Араповдун телеберүүлөрүнөн түшпөй калдыңыз да...
- Сөзүңүздүн төркүнүнө түшүндүм. Ортоңордо сүйүү жокпу дегени турасыз го. "Жоокер жылдызы" теледолбооруна катышып жүргөндө Шайырбек менен жакшы дос болуп калганбыз. Ортобузда сыйдан башка сыр жок. Чыгармачылык адам катары бири-бирибизди колдоп турабыз.
- "Капкан шоуга" түшкөндө, көзүңүзгө көрүнгөн желмогуздан коркуп калган жоксузбу?
- Чындыгында ошондон кийин караңгыда эшикке чыккандан, үйдө жалгыз жаткандан коркуп калгам. Шарк эткен үн чыкса эле чочуп кетчүмүн. Көрсө, жүрөгүм түшүп калган экен. Кийин таенем келип жүрөгүмдү көтөргөн соң өзүмдү жакшы сезип калдым.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
АТТУУ-БАШТУУ ЧИНОВНИК АЙНУ-
РАНЫН КОЛУН СУРАДЫБЫ?

2-бет
"Кеңеш" тобу:
"Мүзүр ыр үчүн акыркы акчаны ыйлатып туруп алып кетчү"

3-бет
Кыргыз үнү кореяда жаңырат
4-бет
Врачтардын айынан азиз болгон Искендер
5-бет
маалымат
6-бет
адабият айдыңы
7-бет
Марста жашаган бала
9-бет
Аттуу-баштуу чиновник Айнуранын колун сурадыбы?
10-бет
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова:
"Жөнөкөй адам опера ырчысы боло албайт…"

11-бет
Европадагы диско-музыканын атасы Дмитрий Маликов
12-бет
Александр Емельяненко
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
Жаңы ысым
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??