"БАЛАКАСОС"

Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
Чыңгыз
Чоң аракет, талбаган эмгек, зор кызыгуу - жемиштүү ийгиликтин ачкычы эмеспи. Мына ушундай чыдамкайлыгынын, тырышчаактыгынын арты менен эки тизгин бир чылбырды колго алып көптөгөн ийгиликтерди багындырган ырчы,ди-джей Чыңгыз Мырзаевдин балалык баё сезимдери жөнүндө билүү үчүн "Балакасос" рубрикасынан орун бердик.


Мектеп босогосу
- Чыңгыз окуучулук күндөрүңдү эстегенде көз алдыңа эмнелер тартылат?
- Өмүрүңдөгү эң бактылуу көз ирмемдер окуучулук күндөр менен коштолот экен. Адегенде эле алгачкы жолу мектеп босогосун аттаган күнүм эсиме келет. Өзүмдөн чоң сумканы желкеме артынып, калпак кийип атамды жетелеп 1-класска барганмын. Ошондо линейкада бир мугалим "баш кийимди алып туруш керек" дегенинен калпагымды чечип, чачы жок жылаң баш турганмын.Алгач, Кадамжай районунун Орозбеков айылынын "Учкун" мектебинде 20 күн окуп, андан соң Чаткалдагы "Чакмак -Суу", "Каныш-Кыя"орто мектептеринде окудум. Кыскасы 9-классты бүткөнчө төрт мектептен билим алдым. Эсимде, 1-классымда доскада жазылган үй тапшырмасын жазбай коюп, үйгө барып мага доскадагы жазууну жазып бересиңер деп ызы-чуу салганмын. Анан апам айласы кеткенде эжейдин үйүнө ээрчитип барып жазып келгенбиз.
- Сабактарды кандай окучу элең?
- Албетте, шаар менен айылдын деңгээлин салыштырууга болбойт. Ошентсе да, өзүбүздүн чөйрөдө жаман окугандардын катарына кирчү эмесмин. Мектепти бүткөнчө класском, тазалык, маданий сектор болуп жүрдүм. Мектепке барганга чейин эле 36 тамганы жаттап баргам. Башкалар эми тамга үйрөнүп жатканда мен тамгаларды кошуп окуйт элем. Чаткалда окуп жүргөндө Улук деген классташым экөөбүз атаандашып сабак даярдайт элек. 2-класcтын 2-чейрегинде ошол класстын математикасын эсептеп бүтүп, Улук экөөбүз 3-чейректен тартып 3-класстын математикасын чыгарып баштаганбыз.
Стимул
берген шоколад
- Кыргыз класста окуп, кыргыз чөйрөдө жүрүп, орус класска барганда абдан кыйналгам. Ш менен И тамгасынын айырмасын билчү эмесмин. Эсимде, ошол учурларда эки жолу эки алып үйдөгүлөргө күндөлүгүмдү көрсөтпөй аябай уялгам. Ошондон кийин атам мага стимул болсун дедиби айтор, ар беш алган сайын 15 рубль берчү болду. Сурабаганына койбой мугалимдин артынан кууп жүрүп күнүгө төрт беш сабактан "5" алып келип, 85 рублдык "Манас" деген шоколад алып жейт элем.
- Баарыбызга белгилүү болгондой алдыңкы окуучулар тартиптүү, рамканын ичинен чыкпаган сылык келишет. Мектепте шок белең же...
- Башында кол көтөрүштү билчү эмесмин. Эки күндүн биринде эле таяк жеп келсем атам арданды окшойт, бир күнү "Тийишпейби тийишпе, урабы ур" деп айтты. Ошондон кийин өнөрүм чыгып, кыз-бала дебей уруп койчу болдум. "Каныш-Кыял" мектебинде окуп жүргөндө балдар менен мушташам деп мектептин эшигин сындырып, аны атам келип оңдогон. Күндө сабактан чыккандан кийин Токо деген классташым экөөбүз мушташат элек. Самат менен Улук карап турчу. Кудайдын кутту күнү мушташабыз, же бирибиз жеңип, бирибиз жеңилип койбойбуз. Курсак ачып кеткенде жаныбыздагы нан заводго барып кекс жеп курсакты кампайтып алып дагы мушташабыз. Анан бир күнү ошол жерде жашаган бир эже кыйкырып чый-пыйыбызды чыгарып кубалап үйүбүзгө киргизе койду. Ошондон кийин таймашканыбызды токтоттук.
Китепканадагы
уурулук
- Окусам да окубасам да китеп топтогонду жакшы көрөт элем. Бир жолу айылдын клубунан мектепке китеп ташып жатып, төрт китеп уурдап алып, таап алдым деп үйгө алып барып катып койгом. Кандай китеп экени эсимде жок, бирок бүгүнкү күнгө чейин ошол уурдалган китептерим сакталып турат.
Сакталган сары топ
- Бала кезде чоң көк баштыгыма чүкө, томпой топточу адатым бар эле. Анан да топту, параны жакшы ойночумун. Айылда менин сары тобумду ойнобогон бала жок болуш керек. 8-9-класс болуп калганда да кичинекей кыздар "Чыңгыз байке, топ ойнойсузбу" деп келишсе досторум шылдыңдашат эле. Популярдуу болгон сары тобум азыркыга чейин үйүмдө сакталып турат. Анан да мектепте өткөрүлгөн ар кандай кароо-сынактардан калчу эмесмин. Кыздардын кийимин кийип алып интермедияларды аткарчубуз. Калготки кийип, кыздардын туфлисин таппай эркектердин туфлисин кийип чыгып күлкү болгон учурлар болгон. Биринчи жолу 5-классымда эл алдына чыгып манас айтканмын. Бир жолу калпакты кыйшайтып кийип алып берилип манас айтып жатып эле бир мезгилде көзүмдү ачсам алдымда мугалимдер тизилип олтуруптур. Аларды көрүп сүрдөп кетип, жаттаганымды унутуп, эмне кылаарымды билбей чуркап кирип кеткеним эсимде.
Балалык сезимдер
- Окуучулук кезде чыныгы сүйүү болбосо да жактыруу, жакшы көрүү сезимдери болгон. 3-классыбызда Токо деген классташым экөөбүз Венера аттуу классташыбызга кат жазып, сасык клейди чаптап,конвертке салып бергенбиз. Жооп деле болгон жок. Кат жазган кандай болооруна кызыгып эле жазып койсок керек. Ошондон кийин балдардын баары мага кат жаздырышчу. Кол жазмам басма түрүндө болгондуктан кыздардын баары менин кол жазмамды жаттап бүтүшкөн. Башкалардын айынан кат жазам деп кыздардан тил угуп жүрүп эле мектепти бүттүм.
Экскурциядагы
ээнбаштык
- 8-классыбызда 16-май күнү экскурцияга чыксак, кар жаап жиберген. Ага болбой эле ээнбаштанып тамак бышырабыз деп казанга май куйсак ,чытырап, аны кайра баклажкага куйсак, баклажкабыз майрыйып майыбыз төгүлүп, кийимдерибиз суу болуп аябай жүдөгөнбүз. Анан айыл өкмөтү трактор жөнөтүп, баарыбызды тракторго жүктөп кеткен.




Эл артисти Шахра Талипова:
"4-класста төрөп
коё жаздап…"
- Мен өзү жылкычынын кызы болом. Жайлоого барганда апам "балдар менен учурашпа, өбүшпө, төрөп коёсуң" деп көп айтчу. 4-класста окуп жүргөндө дене-тарбия сабагынан лыжа тептирип калды. Классыбыздын алдыңкы окуучуларынын бири болгон Каныбек деген бала менен жарышып, мен андан өтүп кеттим. Менден жеңилип калганына намыстанып ой-боюма койбой карга басып жыгылып, бетимден өөп алды. Ошол жерде апамдын айткан сөзүн эстеп кардын үстүндө Каныбек менен күчүмдүн жетишинче мушташтым. Каныбектин апасы интернатта ашпозчу болуп иштечү. Анан көзүмдүн жашын көлдөтүп ыйлаган бойдон апасына барып мени балаңыз өөп салды, эми төрөп коём десем "ырас болуптур, багып алам, мага келин болосуң" деди. Андан бетер догурунуп ыйлап апама барып айттым. Анан апам көз жашымды сүртүп "азыр айран менен башыңды жууп койсом эле төрөбөй каласың" деп башымды жууп араң соороткону эсимде. (анда шампундун ордуна айран колдончубуз).

Ырчы Айчүрөк Султанова:
"Образ жаратам деп
элдин боорун эзгем…"
- Биздин Калмак -Кырчын айылында Курманбек баатырдын эстелиги бар. Мектепте "Курманбек", "Манас" эпостору боюнча спектаклдерде эркектердин ролун аткарчубуз. Анда 7-класс элек. Кайсы майрам экени эсимде жок, бир майрамда "Курманбек" спектаклинде терс каармандын образын жаратмак болдум. Кийимдерди тиктирип, канжар, кылычтарды жасатып аябай даярдандык. Согушуп жаткан жерибизде мени сайып өлтүрүп сүйрөп киришмек. Мен болсо сайылган канжарды колтугума кысып алмакмын.Көп өтпөй эл алдына чыга турган убакыт келип спектаклди аткарып баштадык. Бир маалда канжарды мага карай көтөрүп жөнөгөндө эле көзүмдү жумуп шалак этип жыгылдым. Эл дуу күлүп жиберди. Мен болсо кайгыра турган жеринде эмнеге күлүп жатышат деп таң калып, образга кирип өлүп жаттым. Бир мезгилде сценарийде жазылгандай көшөгөнүн артына сүйрөп киришти. Көзүмдү ачсам ал жердегилер деле боору эзиле күлүп жатышат. Көрсө, канжар сайыла электе жыгылып түшүптүрмүн. Ошондон кийин көпкө чейин элдерден уялып жүрдүм.