п»ї

  билгениң оң

Кызыктар дүйнөсүндө
Гигант краб
Англиянын тургуну Дайвер Пол Ворсли эң чон краб кармап алган. Крабдын арткы бутунун чоңдугу колу менен тең экенин суроттон коруп турасыздар. Адистердин айтымында, бул краб ушул убакка чейин дүйнө жүзүндөгү кармалгандардын эң коломдүүсү. Өзүңүздөр жакшы билгендей эле краб өзгөчө япон ашканасынын бирден-бир баалуу тамагы. Ошентсе да адистер бул суу жандыгын Париждеги табигый тарых музейине алып кетүүнү чечип, бирок үлгүрбөй калышкан. Анткени Дайвер Пол Ворсли мырза алар алып кеткенче достору менен биргеликте крабдын эти менен курсагын кампайтып алган экен.

Ат менен барабар ит
Англиялык Дог породасындагы бул Геркулес деп аталган күчүктүн салмагы 128кг, мойнунун жоондугу 96см. Иттин ээси Флинндин айтуусунда Геркулес али күчүк, болгону үч жашта. Ага атайын диеталык тамактар деле берилген эмес. "Бардык иттердей эле багам, бирок эмнегедир, кичинекей кезинде эле башка бир туугандарынан чоң көрүнчү "-дейт Геркулестин кожоюну.

Өзгөчө дарак
Африка аймагында "баобаб" деген бак өсөт. Бул бактын узундугу 30м ге, жоондугу 11м ге жетет. Мындай диаметрдеги бактар жергиликтүү калк үчүн суу сактоочу чаначтын ролун аткарат. Алар өсүп турган эле бактын ичин оюп, суу куюп коюшат. Африкада бат-бат болуп турчу кургакчылыктарда баобабтагы суу керектелет. Бак ичине куюлган суу көлөмүн да сапатын да жоготпой, муздаткычка коюлгандай жакшы сакталат. Баобабдын чоңдоруна 12м литрге чейин суу батат. Ушул эле дейсизби, африкалыктар бул бакты дагы башка нерселерге колдонушат. Мисалы Зимбабанын бир жашоочусу бул дарактын ичине даараткана орнотуп койгон.

Шумдуктуу көл
Кызыл деңизге жакын жайгашкан Синай жарым аралында таң калаарлык көл бар. Эмнеси таң калычтуу десеңиз ошол көлдүн 6м тереңдигиндеги суунун температурасы жайдын күнү +60°Сге чейин ысыса кышындасы +48°Сге жетет. Ал эми көлдүн үстүңкү катмары жайы-кышы+16°С ден ашпайт. Ошентсе да бул ысык көлдө кадимкидей балык жана башка суу жаныбарлары жашап, кадимки суу өсүмдүктөрү өсөт экен. Болгон айырмасы балыктар суу астында эмес тескерисинче үстүндө жашашат.




  СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Майк Тайсонго кызынын өлүмү катуу сокку болду
Белгилүү америкалык боксер Майк Тайсондын кызы каза тапты. Кызын аябай жакшы көргөн "Темир Майк" үчүн кызынын өлүмү катуу сокку болду. Бул окуя апасы жана агасы менен бирге жашаган үйдө болгон. Полициялардын билдирүүсүндө, төрт жаштагы Эксодус Тайсон машыгуучу залда ойноп жатып, кокусунан чуркоо дорожкасынын шнуру мойнуна оролуп, Эксодус андан чыгуунун аракетин кылып, андан бетер оролуп калган. Аны жети жаштагы агасы көргөн кезде кеч болуп калган эле. Кызды оор абалда ооруканага жеткиришкен. Анын өлүмүн кокусунан болгон окуя деп аныкташты. Бул кайгылуу окуядан кийин жубайлар эки башка жолго түшүп жана жеке жашоолоруна кийлигишпөөсүн башкалардан өтүндү.

Жирков "Челси" менен келишимге кол койду
ЦСКАдагы футболист Юрий Жирков "Челси" менен төрт жылга келишимге кол койду. Кээ бир маалыматтарга таянсак, , клубдардын жетекчилеринин достук мамилеринен улам келишим 30 млн долларды түздү. Жирковдун англичандар менен түзгөн келишими жашыруун түрдө өткөрүлдү.

Боксердун өмүрүтүрмөдө өтөбү
Жарым оор салмактагы профессионал боксер - Чарльз Таннердин 19 жеңишинен (анын ичинен 11 нокаут) бир да жолу жеңилген эмес. Аны наркотик тараткандыгы үчүн өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилээри билдирилген.
28 жаштагы Таннер 2004-жылы да баңгизат менен соода кылгандыгы үчүн кармалган. Сот ишинин жүрүшүндө "мен - баңгизат сатуучу эмесмин, мен - боксермун" деп өзүнүн күнөлүү эмес экендигин айткан.
Таннердин адвокаты жок дегенде он жыл суранып жатат. Бирок, мыйзам мындай кылмышка 25 жылдан жогору же өмүрүнүн акырына чейин жаза берилиш керек экенин айтты.

Костя Цзюнун бокс мектеби ачылды
Москвадагы "ФитнесМания" спорт клубунда "Костя Цзю бокс мектебинин" салтанаттуу ачылышы болду. "Көптөн бери тилек кылып жүргөн максатым бүгүн орундалды десем болот. Максатым, бир эле мезгилде жөнөкөй жана аткарып келгенде оор болду. Бул жерде балдар бокс боюнча бекер машыга алышат. Бул долбоордун ишке ашышына "ФитнесМаниянын" чоң жардамы тийди. Аталган мектептин аянты 2 миң квадрат метрди ээлеп, анда 500 бала машыга алышат. Ачыгын айтканда, күн сайын келип турам деп сөз бере албайм. Биринчиден менин мектебим Россия боюнча жалгыз эмес экенине ишенем, экинчиден мектепте мени менен иштешип жүргөн күчтүү тренерлер иштейт. Алдыга койгон пландарым болсо жылына бир же эки жолу мектебимде семинар өткөрүү. Дагы 15 жылдан кийин бир жаш чемпион "Мен биринчи кадамымды "Костя Цзюнун мектебинен" баштагам" деп айтса ошол менин максатымдын орундалганы деп ойлойм"-дейт Костя Цзю.




Эт жегич гүл
Ар түрдүү майда жандыктардын чөп, гүлдөр менен тамактануусун табигий көнүмүш нерсе катары кабыл алабыз. Ал эми тескерисинче кооз гүлдүн жандыктар менен тамактануусун уктуңуз беле? Мына бул гүл Непентес дап аталат. Ал Түндүк жана Түштүк Америкада, Австралияда, Африкада ал тургай Азиянын кээ бир аймактарында да өсөт. Непентес гүлү башка өсүмдүктөрдөн айырмаланып, жердин шарты жаманын, башка өсүмдүктөр өсө албаган, суу жетпеген жерлерди тандайт. Мала кызыл кооз гүл ачып, ошол гүлү аркылуу чымын-чиркей, жөргөмүш, коңуз айтор жөрмөлөп, сойлоп жүргөн майда курт-кумурскалар менен тамактанат.

Алп козу карын
Мексиканын кофе эгилген фермаларынын биринен алп козу карын табылган. Анын узундугу 70см салмагы 28кг болгон.

Эркектерди эттияттайлы
Австралиялык профессор Дженнифер Грейвстын эсептөөсүү боюнча эркектер жылдан-жылга жоголуу коркунучунда турат. Анын изилдөөлөрү боюнча эркек бала жаралуучу Y-хромосомаларында мындан үч миллион жыл мурда эле 1400ген болгон, ал эми азыр болгону-45. Эгер мындай жол менен жүрүп олтурса дагы беш миллион жылдан кийин таптакыр эркектер калбай калат экен.
"Анан эмне болот?"-деген суроо коёт профессор. Бирок адам баласы ушундай жол менен жок болгон кээ бир жандыктарга окшоп, тукум курут болуп кетиши мүмкүн эмес-дейт ал кайра өз суроосуна жооп берип. Анткени Y-хромосомасы жок болгону менен мырзалардын эркекти гормону жана жумурткалары толук калыптанган жана өзгөрүүгө дуушар болбой сакталып кала берет экен. Бирок биздин элде айтып коёт го кыздын кыздай, кыштын кыштай эле болгону жакшы деп. А эркектинчи?

Айтурган САТИЕВА





  Пайдалуу кеңештер

Балык майы күн нурунан сактайт
Жай келээри менен ар бирибиз эле аз күн болсо да көл жээгине барып, сууга түшүп, күнгө күйүп келүүнү пландаштырып баштайбыз. Бирок дал ушул күн нуруна кактанууда туура күйбөсө, кышы-жазы менен жумшак кийимден чыкпаган назик терибизден айрылып калуу оңой эле. Андыктан жылдын бардык мезгилинде эле балыкты бат-бат жеп турсаңыз пайдасы чоң экен. Адистердин айтымында майлуу балыкты көп жеген адамдар күн нуруна жакшы туруштук берет. Майлуу балык болуп-форель, сельд, скумбрия жана семга эсептелет. Бул балыктарда омега-3 майлуу кычкылы арбын болуп, анын адам терисин күндөн сактоочу жөндөмү бар. Андыктан күнгө кактанууда териңизди ашыкча күйгүзүп алган болсоңуз дарыканадан 1-кезекте балык майын алыңыз.
Сүттү бышырганды билесизби?
Сүт азыгын барыбыз тамшанын ичип, ашканабызда көп эле колдонгонубуз менен аны бышыруунун эң жөнөкөй жолдоруна маани бере бербейт экенбиз. Мисалы сүт бышыра турган идишти сүт куярдан мурда муздак суу менен чайкап алса түбүнө жабышпай жакшы бышат. Ал эми чийки сүттү узак мөөнөткө сактайм десеңиз кышкысын 1лге жарым аш кашык шекер, жайкысын бычактын учу менен сода кошуп коюңуз. Ошондой эле караңгы жерге койсоңуз, витаминдери жакшы сакталат. Бышырып жатканда ирип кетет деп чочуласаңыз кайнап баштаганда бир аз шекер кошуп жибериңиз. Эгер күйүп кетсе дароо башка идишке куюп алып, бир чымчым туз салып, чоң идишке куюлган муздак сууга салып коё туруңуз. Ошондой эле идишке биринчи кичине шекер салып анан сүттү куйсаңыз бат бышат, ал эми бышыра турган идиштин кырын майлап койсо сүт көп ташыбайт.Ошондой эле сүттү узакка кайнаткан болбойт, антсеңиз витаминдердин көбүнөн айрыласыз.
Картошка дарылардын дарысы
Кадимки эле биз күндөлүк тамакка колдонуп жүрчү картошканын пайдасы чоң экен. Эгер сиз бир жериңиз ооруп дары ичип жүргөн болсоңуз, артынан 2 тоголок сууга бышырылган картошканы жеп коюунуз зарыл. Себеби ал сиз колдонуп жаткан химиялык дарынын организмге зыяндуу жактарын жоготот. Ал эми бышыруунун да өзүнчө жол-жобосу бар. Аны адегенде туздуу сууга салып бышырып алып, андан кийин сүткө салып бир аз кайнатып алса даамдуу болот. Ошондой эле чийки картошканын кабыгын аарчуда аябай жука аарчыган жакшы. Себеби витаминдин баары алма сыяктуу эле кабыктын алдында болот.
Шымды үтүктөө
Үй кожойкелери көбүнчө мырзасынын шымын үтүктөөдө кырынын көпкө сакталышын каалашат. Ал үчүн шымды биринчи суу чүпүрөк менен чүпүрөк кургаганча үтүктөп, андан соң уксуска чыланган чүпүрөк аркылуу дагы бир жолу үтүктөп койсоңуз, шым зыңкыйган боюнча көпкө сакталат. Эгер уксус жок болуп калса кадимки эле самынды шымдын кыр чыгарчу жерине ичинен сүйкөп үтүктөсөңүз да ушундай эле натыйжа берет. Көп үтүктөлгөн өзгөчө курамында жүн бар шымдар бат эле жылтырап, майланышкансып кетет. Аны калыбына келтирүү үчүн шымдын ошол жылтыраган жерлерине нымдуу чүпүрөктү коюп, бир сутка сактай коюңуз. Андан соң ным марли менен үтүктөңүз.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??