п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-67-01. Барби, Гуля-88, Жанусь Роза, Кербен-Куба, Наргиза, Айгөлөк, Жака-Жазгүл, Абда, Канжар, Хан-Шай баарыңарды кирип келген жай айыңар менен куттуктайм. Мени дагы араңарга кошуп алгыла. АА-йй-ДД.

ОП-67-02. Ар бирибиз айталы "Алла бизди көрүп турат, угуп турат, ал биз менен бирге" деп. Биздин оюбуз ага жетпейт. Алла болгону үчүн бардык нерсе бар. Ошол улук затты ыраазы кылалы. Алла берген ишти иштейли, Алла Таала менден ыраазы болот болду бекен деп ойлойлу достор. Акырет жашоо бар экенине ишенели. Москвадан Амина.

ОП-67-03. Саламатсызбы Бек байке, сизге узак өмүр, ден соолук, ар дайым сахнада бар болуп, күйөрмандарга бай болуп, ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Наргиза.

ОП-67-04. №21 мектептин 9-а классынын бүрүүчүлөрүнө салам. Классташыңар Дина.

ОП-67-05. "Алмаз" радиосунун шайыр ди-джейлери Марат Мырзабеков, Роза Ибраимовага салам. Силер мага жактыңар, адамгерчиликтүү, шайыр экенсиңер. Бар болгула. Айдеми.

ОП-67-06. Саламым Даниелге. Жүрөк чиркин бирди сүйөт, түбөлүккө сен деп жүрөт. Мендеги жалгыз жүрөк, өмүр бою сени сүйөт. Даниел сени сүйөм. А...

ОП-67-07. Айдай сулуу асыл зат, элин сүйгөн азаматтар болсо СМС жазгыла достошолу. 0550921989 К..с.

ОП-67-08. Таланттуу, тунук үндүү ырчы М.Атабековго салам. Дайыма бийиктикте болуп, сени ийгилик коштоп жүрсүн.Жарык дүйнөгө алып келип өстүргөн апаңа ыраазычылык. Ар дайым апаңды сыйлап жүр. Чыныгы күйөрманың Асел, Ысык-Көлдөн.

ОП-67-09. Атабыз Жанышбек, апабыз Аселдин үйлөнгөндүгүнүн 19 жылдыгы менен куттуктайбыз. Балдарыңар.

ОП-67-10. Салам алейкум момун кыргыз, окурмандар жана супер СМСчилер. Ыр жаздым сагынычтын азабынан, кыйналдым, бирок чыктым кризистин тузагынан. Кайрадан биз биргебиз досторум. Орун бересиңерби мага "Обондун" ичинен. Эркин КБш.

ОП-67-11. Жаным дечи жалгыздыктан чарчадым, балбылдаган көздөрүңдү сагындым. Алоолонуп турат азыр жүрөгүм, жаным сени түбөлүккө сүйөмүн. Тагдыр мени тааныштырды сени менен, арбап алдың ширин сөзүң менен. Издеп барам шаарыңы (айылыңа) өзүңдү, түбөлүккө болосуңбу мени менен. Сүйөм деп айта албадым өзүңө, сүйүүмдү кабыл алчы жүрөгүңө. Жок дебечи жаным менин сүйүүмө, сени менен болгум келет бул дүйнөдө. Эркелетип бекем кармап колуңдан, кучагыма бекем кысып өпкүм келет эриниңен. Махабаттын кучагында мас болуп, сөз беремин бакыт кушун учурабыз колубуздан. Эркин КБш.

ОП-67-12. Сагынычтуу саламым Ат-Башы районунун Мамбеталиев мектебинде эмгектенген жалпы мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жолдонот. Ошондой эле биринчи мугалимим Атыркүл эженин, класс жетекчим Гуля эженин иштерине ийгилик каалайм. Ар дайым бизге окшогон окуучуларды тарбиялап, билим берип, келечегибизди алдыга сүйрөй берсин. Москвадан Бегимай.

ОП-67-13. Кыздар жаз келип аябай ачылдыңар ээ? Узун эле кийингилечи, жигиттерди кыйнабай. Билал козу.

ОП-67-14. Астанадагы гүлчөлүк, оштук жигити жок кыздар менен таанышам. +77029246306

ОП-67-15. Жалал-Абадда жашаган сүйгөн кызыма салам жолдойм. Бегайым мен сени сүйөм. Бишкектен Канат.

ОП-67-16. Саламым М.Атабековго, концертиңиз аншлаг менен өтсүн. Мен апамды азыртан баштап көндүрүп жатам. Көңүлүм жок болсо дагы концертти эстегенде баарын унутуп, маанай көтөрүлө түшөт. Фанаткаңыз Айпе.

ОП-67-17. Саламым апама жана баардык туугандарыма. Аллага ниет кылгыла, Алла силерге ниетин бурат. Айпе.

ОП-67-18. Салам жаным кандайсың мен сени эмнеге мынча сүйөм билесиңби анткени сен менин жанымсың да.Сени күтүп сагынган Жанусяң.

ОП-67-19. Оштун ыймандуу ак көңүл балдары менен таанышам. 19дан 26 жашка чейин. Маякка жооп жок. 0770281793.

ОП-67-20. Сүйүү эмне абасы жок мейкиндик, жүрүү эмне ойнотуубу бир күндүк.Эгер аны далилдеген жан болсо, ак булуттан берер элем бир үзүп. +77015835141.

ОП-67-21. Салам Жака-Жазгүл, кош келипсиң. Ушунуңдан жазба, эми "Обондон" алыстаба. Айгөлөк.

ОП-67-22. "Обондун" окурмандары Айгерим менен Айжамал бир жазган СМСти кайрадан гезит бетине жаза бергенден уялбайсыңарбы? ЭлТРдин алып баруучусу Максат жөнүндө билгиңер келсе өзүнүн түз эфири кезинде СМС жазбайсыңарбы? Анча эле билгиңер келип жатса мен айтайын жаныңар жай алсын. Максат оштук, 1988-жылкы. Эс алдыңарбы? Айза.

ОП-67-23. Бек мырза, салам айтам сизге ийилип, ишиңизге ийгилик, үйүңүзгө ырыскы-ынтымак, бакубат жашоо жана чың ден соолук каалайм. Ар дайым эл менен бирге болуңуз. Эл сизди сыйлайт жана колдойт. Ошол сыйды Кудайым сизден эч качан айрыбасын. Мен кичинемден бери сүйүп уккан Айзада аттуу ырыңызды неге жаңылатып радиолорго бербейсиз. Бир гана кыргыз радиосунан угуп келем. Эгер сизге кыйынчылык туудурбаса кайрадан элге тартуулаңызчы? Мен үмүттөнүп күтөм. Айзада.

ОП-67-24. Саламым Жалал-Абадга караштуу Тайгараев айылындагы эң кымбат сүйүктүү апам Райкандын, акам Куштардын удаа келген 29-май туулган күндөрү менен куттуктайм. Апа ар дайым атам экөөңөр биздин бешенебизге бар болгула. Силерди сагынып кызыңар Гүлжан.

ОП-67-25. Саламым "Обон" гезитинин бардык жамаатына, ишиңерге ийгилик каалайм. Биз ар дайым силер менен. Силерден суранам өзбек ырчысы Юлдуз Усманова тууралуу маалымат бергилечи. Наргиза.

ОП-67-26. 0777465942 номерине чалган досторум номерим алмашты. 0700823111ге чалгыла Кыялбек.

ОП-67-27. Аялзат чырай жүзүн ашкере сүрөттөгөн Барпы акындан кийин Бек байке сизди билем. Сиз менен жолукчу күн кандай чыгар болду экен? Күйөрманыңыз Гүлбешекер.

ОП-67-28. "Делбирим", "Гүлкайыр", "Түн чүрөгү" кандай гана кайталангыс ыргактар. Сырдуу дүйнөдө жетелеген сырдуу аваз. Сыр каткан ырларыңыздын кейипкерлерин угармандын купулуна толгудай ача алдыңыз. Ал учур оюнга тойбогон секелек кездеги баёо сезимимди кытыгылап ойготкон орошон обондор. Мукам музаны угуп чоңойгон эрке кыз Динара. ----

ОП-67-29. Салам "Обонтай", ушул учурдан баштап силер менен болгум келди. Ишиңерге ийгилик. Супер ырчы Мирбек Иманбековго салам. Зина.

ОП-67-30. Урматтуу Тохтакунов Бектур Рахманбердиевич, туулган күнүңүз менен. Улсом.

ОП-67-31. Рахмат Бакайчик, кудайга шүгүр, жүрөм эл катары аман-эсен. Сиздей жигиттерибиз көп болсун, талантыңыз ташкындап, калемиңиз курчуп, өнөрүңүз өркүндөй берсин. Ар дайым үйүңүз асыл, сүйлөгөн сөзүңүз ак, кылган ишиңиз адал болсун. Аллахтын сүйгөн пенделеринен болуңуз. Сизге ыйман берсин. Ангел-Асем.

ОП-67-32. Мен сени сүйөм, неге мени алдадың жаным. Нурик.

ОП-67-33. Дүнүйөдө не жаман, сүйгөн жаман. Махабаттын отуна күйгөн жаман. Экөө бири-бирин сүйүп туруп, экөө эки жакта жүргөн жаман. Эч качан мындай тагдырга жолукпагыла. Алина.

ОП-67-34. Каалайм сизге көңүлдү эскирбеген, каалайм сизге жарыкты кеч кирбеген. Каалайм сизге ааламдын жакшылыгын, эч убакта кайгы-капа сездирбеген. Кумирим Гүлнур эже менен сырдашууну каалайм. Ага жолугууну самап келем. Гүлнур эже окуп калсаңыз 0772491231ге чалып коюңузчу? Жылдыз.

ОП-67-35. Айгерим, Айжамал, Гүлкан байкашымча силер көптөн бери Максат Довранов тууралуу маалымат ала албай жүрөсүңөр, Анда байланышкыла силерге бир жардам. 0772667496 Биоланка.

ОП-67-36. Сагынычтуу саламым Хан-Шай, Абда, Гүлшан, Барби, Айдеми-Айкага жолдонот. Кайда көрүнбөй кеттиңер. Силерге 1001 тонна салам. Дайыма жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Айгөлөк.

ОП-67-37. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Салиева айылынын тургундары ата-энеме, бир туугандарыма салам жолдойм. Силерди сагындым. Тараздан Кулпунай.

ОП-67-38. Жүзүң жаркып көздөрүңдөн от жанат, биз экөөбүз көктө сызган кош канат. Махабатым көөдөнүмдө сыйбастан, жүрөк толкуп, сезим эргүү жаралап. Бизден өткөн бактылуу жан жок эле, түбөлүккө көңүл чиркин ток эле. Ууландырып ушак сөзү душмандын, сууй түштү мамилебиз бат эле. Баш кошподук жылдар өттү арадан, жүрөк жүрөт дале айыкпай жарадан. Сүйөм деген жалын сөзүң жалжалым, унутулбай орун тапкан санаамдан. Нурзат.

ОП-67-39. Бишкекте жашаган туугандарыма сагынычтуу салам жолдойм. Эң кымбат болгон атам Адылбек, апам Жийдегүлгө, сиңдим Анарага, үкөм Азиретке, Алматыда иштеп жаткан туугандарыма БКТ лицейинде 9ду бүтүргөн Эржигитке салам. Экзамендерди ийгиликтүү бүтүрүшүңдү каалайм. Гүлзина-93. Классташ кыздарым Асел, Гүлсүн, Элнура, Гүлзат, Рыскүл, Нурзат, Жылдызга ысык салам жолдойм. Бактылуу болгула. Классташыңар Адылбек кызы Жылдыз.

ОП-67-40. Мухаммед, Бакай, Билал козу номериңерди СМС аркылуу +79089299414кө жөнөтүп коюңуздарчы? Зина.

ОП-67-41. Наристе эмне мен менен байланышпай койдуң? Кыялбек.

ОП-67-42. Бек байке кош келипсиз, сизди көпчүлүк боюн көтөрөт дешет. Канча сантиметрге чейин көтөрүлө алаарыңызды өз көзүм менен көргүм келет. Чыгармачылыгыңызга ийгилик. Жази.

ОП-67-43. Нарындык жана көлдүк жигиттер менен таанышам. 0773510254.

ОП-67-44. Ноокат районундагы Үч-Бай айылындагы 1987-жылкы 2005-жылы бүтүргөн классташтарыма, бизге билим берген мугалимдерге салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Кайда жүрсөңөр да ден соолукта болуп, бактылуу болгула. Он жыл бою окудук бирге, жети жаштан окшоп эгизге. Классташтар салкын коштоштук, онунчуну бүтөөр мезгилде. Курбаналиева Гүлнура.

ОП-67-45. ОП-65-82, Мирбек кыргыз жигиттери жетишпейт эмес, жетишет. Бирок, кыргыз жигиттери кыздардын кадырын билишпей жатпайбы? Эркиңер жетсе башка улутка бербей алып калганга аракет кылгыла. Саламат-93.

ОП-67-46. Сиңдим Жамила жана анын жолдошу Азим бактылуу болгула. Лейлектен Ш.А.

ОП-67-47. Үмүт койсоң баарына жетишесиң. Алла кечиримдүү, боорукер, Алла Таалага жүзүңдү бурсаң ал сага колун сунат. Алла Таалага карай бассаң ал сага чуркайт. Ага ишенсең ал сага жүрөгүн берет, ар кандай кыйынчылыктан куткарат. Акыретте сураксыз бейишке киресиң, сага да азыр кеч эмес, ойлон кыргызым. Билал козу.

ОП-67-48. Жердешим Ильязга салам. Сага ийгилик. Кара-Дөбөдөн күйөрманың Нур-Айжан.

ОП-67-49. Бүтүрүүчүлөргө арналат: Окудуңар ойноп-күлүп 11 жыл, бирге жүрүп, бирге туруп баарың бир. Быйыл эми кош айтышып турасыңар, келечекке кадам шилтеп баарыңар. Силер үчүн келечектин жолу кенен. Саламат-93.

ОП-67-50. Жалпы элиме, досторума, "Обондун" окурмандарына, "Кыргызстан обондорунун" угармандарына салам. Москвадан Наргиза.

ОП-67-51. Салам алейкум баарыңыздарга өчпөс ыйман каалайм. Адалга жакын арамдан алыс болуңуздар демекчимин. Аллах үчүн кылган иштерибиз адал болуусун каалайм. Гүлшан.

ОП-67-52. Жандай жакшы көргөн досторум Асема, Гүлбара, Мунара жана акылдуу сиңдим Миргүл амансыңарбы? Мен силерди сагындым. Ар бириңерге кудайдан ден соолук, аманчылык тилейм. Бүтүрүүчүлөр силерге ийгилик каалайм. Мунара зачётторуңду жакшы тапшыр. Дамира.

ОП-67-53. Эжем Байзакова Аселге салам. Ишине ийгилик каалайм. Келечекте бактылуу жаштардан болуңуз. Алла Таалам баардык тилеген тилектериңизди орундатсын. Москвадан сиңдиңиз Самара.

ОП-67-54. Жалпыңарга жалындуу ысык салам. Акылдуу, ыймандуу, жөнөкөй кыздар менен таанышып дос болгум келет. 0773788474 Нурик.

ОП-67-55. Баардык момундарды чынчылдыкка, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө чакырам. Аллахым айткан: Сабырдуулар менен биргемин деп. Өзүңдү күчтүү сезиш үчүн сабырдуу болгун. Бактыгүл-92.

ОП-67-56. Эх кыздар, сулуу кыздар, назик кыздар. Силер үчүн жазылды экен канча ырлар? Тамшандырып, суктандырып, талаштырып, силер үчүн мушташты экен канча балдар? Эй кыздар, кыздар, ушунусу менен кызыксыңар. Ар дайым бар болгула кыргыз кыздары. Абдаш-Али.

ОП-67-57. Жанусь Роза, Нурзат, М.Иманбековдун фанаттарына ысык салам. Гүлбара.

ОП-67-58. Асыл-87 капа болбо жообумду кечтетип жазганыма. Сен менден футболка сатып алгансың, менимче. Ал убакта мен ошол катардын 12-контейнеринде иштечүүмүн. Азыр 17-контейнерде иштеп жатканымды кайдан билесиң? Сен көлдүкмүн дебеиңби? Алматыдан Элиза.

ОП-67-59. Эрлан мени кечир, сени алдаганым үчүн. Айжамал Т.

ОП-67-60. Кара-Жыгач айылына жана Мекого ысык салам. Нур-Айжан.

ОП-67-61. Урматтуу окурман сизге суроо: Апаңыздын апасы, анын баласынын бир тууганы, бир тууганынын баласы сизге ким болот? 0772611264 Нур-Айжан.

ОП-67-62. Саламым бүткүл кыргыз элиме. Асел.

ОП-67-63. Ош шаарындагы 42- Керме-Тоо орто мектебин аяктаган 10-б класста окуган Айгеш, Элиза биз ар дайым бирге болобуз. Мен силерди жакшы көрөм. Оштон досуңар Айгүл.

ОП-67-64. Сагынычтуу саламдарым Акпейилге, Ангел-Асемге. Эки дүйнө бактылуулугун каалайм жана Аллах буйруган 40 парзды аткарууга аракет кылгыла демекчимин. Гүлшан.

ОП-67-65. Жолукканда жалт карайсың жалжалым, сүйлөй албай сүрдөп кетем ансайын. Сага болгон ак сүйүүмдү билдире албай, кыйналамын айта албай күн сайын. Абдаш-Али.

ОП-67-66. Алматыда иштеп жаткан ата-энеме жана бир туугандарым Куштар менен Шекерге салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик, ар дайым ден соолукта болгула. Алматыдан Элиза.

ОП-67-67. Саламым "Обондун" баардык СМСчилерине. Силерге бекем ыйман, үй бүлөлүк бакыт, аманчылык каалоо менен бирге таанышам. 0772785448 Бактыгүл-92.

ОП-67-68. Мирбек А. сени КТРден көрүп жактырып калдым. Абдан тамашакөй экенсиң, өзгөчө күлгөнүң аябай жагымдуу болуп көрүнөт экен. Фанатың.

ОП-67-69. Өзгөндүн Шералы айылында жашап жаткан ата-энеме жана бир туугандарыма салам жолдойм. Алматыдан Кайрат.

ОП-67-70. Салам Мира, сага таң калып жатам. Менин жүрөгүмдүн перисин кайдан биле калдың? Мени тааныбайсың го? Негизи адамды жакындан тааныбай туруп жүрөгүндө эмне бар экенин билүү өтө кыйын. Сенин эмне көзүң ачыкпы? Андай болсо айтчы мага жүрөгүмдүн периси ким болду экен? Ушул сөзүңө аябай кызыгып калдым. Жакшы болмок, ошол перини айтканың да, өзүм да таппай жүргөм. Абдаш-Али.

ОП-67-71. Көрбөйсүң көз жаштын акканын, сезбейсиң го маахабыттын оту жанганын. Ойлон, ойлон кеч эмес дагы деле, жүрөгүмдөсүң, элесимдесиң дагы деле. Сүйөм дечи жаттайын ошол сөздү, жаным дечи арнайын ошол сөзүңдү. Келчи жаныма көрөйүн сенин көзүңдү, алыстасың көрө албаймын өзүңдү. Э.Дима.

ОП-67-72. Роза 1-июнь туулган күнүң менен куттуктайбыз. Сага чың ден соолук, узун өмүр, ишиңе ийгилик каалайбыз. Марлен Элнура.

ОП-67-73. Кандайсыңар "Обон" аркылуу таанышкан достор? Баардыгыңарга ден соолук берсин силерге кудайым. Аман-эсен жүргүлөчү ылайым. Унутпастан эстеп коюп жүргүлө. Унутпаймын мен силерди, ойлойм дайым. Эркин КБш.

ОП-67-73. Реппер балдар менен таанышам. 0554306049 Кейси.

ОП-67-74. "Обонтайдын ыймандуу окурмандары Гүлшан, Бактыгүл-92, Айзирек, Амина, Акпейил, Катя Лел, Айжан, Нурмухамед, Эх Мамбо, Ислан-93 баарыңарды жараткан Алла Таалам ыраазы болсун. Эки дүйнө жыргалчылык бактын көрүш насибинен да куру кылбасын. Дайыма Аллах жөнүндө таалим айтып эле жүрө бергиле. Аман болгула. Ангел-Асем.

ОП-67-75. Cүйүктүү сиңдилерим Ангел-Асем, Акпейил силерди сагындым. Татина.

ОП-67-76. ОП-66-22 Колдон келсе күлүп жашаганга не жетсин. Бирок, кандай жашаш биздин эркибизде эмес турбайбы. Тагдырдын сыноосу көп. Татина.

ОП-67-77. Урматтуу "Обончиктин" СМСчилери кандайсыңар? Анда эмесе силер менен сын-пикирлерди бөлүшкөнгө даярмын. Таанышып алалы, мен Вирус Леди.

ОП-67-78. КВНщик балдар-кыздар менен таанышам. 0554306049. Өткөндө Эрмек Нурбаев байке менен жолуга албай калдым, рэптеримди жаздырып жүргөм. Кейси.

ОП-67-79. Салам достор, менин бир таң калганым биздин ырчылар эл артисти, супер ырчы ж.б. наамдарды алып эле жатышат, бирок алар эмне үчүн "Евровидение" сыяктуу чоң конкурстарга катыша алышпайт. Эки ырдан ашык жандуу үн менен ырдай албаганы үчүнбү? Же башка да себептери барбы, же бизде мүмкүнчүлүк жокпу? Аська.

ОП-67-80. ОП-66-38 таарынтып албайын деп Арзууну, туура көрдүм 0770138670 телефон номеримди жазууну. Бакай.

ОП-67-81. Элмар мен сени гана аябай сүйөм. Өзүң билесиң го. Омарды болсо урматтаймын, чыгармачылыгын баалайм. Кызгана бербечи суранам. Мисс Саин Ангел.

ОП-67-82. Бек атына жараша эле Бек экен. Бир мезгилде Кыргызстан боюнча кыз-келиндер Бек деген оору менен ооруп калышкан. Бектин ырларын да жагымдуу жылмайып ырдаганын да сүйгөндөрдүн арасында мен да бар элем. Иттен корккон жаным концерттен кийин үйгө кете албай турдум, эки саатай колумда алты айлык кызым. Иним достору менен келе жатып, мени көрүп эже Бектин концертин беш күн көрдүңүз го, эмне азап деп үйүмө жеткизген. Бекти азыр көргөндө дайым эстейм. Бар бол Бек, азыр да жылмайганың жагат. 0773757066.

ОП-67-83. Кумарлуу сенин көздөрүң, тартып турат өзүңө. Көз тийбесин сүйгөнүм, сүйгөнүм жаным өзүңө. Мен сени сүйөм Элвира. Сүйүүмдү мен эле эмес, мына бүт эл билсин. 0772403508.

ОП-67-84. Алтыным ата сизди аябай сагындым. Кызыңыз Назгүл.

ОП-67-85. Саламатсызбы Бек байке, мен сиздин талантыңызды абдан баалайм. Сизди жакындан эмес, алыстан дагы көргөн эмесмин. 0777377197.

ОП-67-86. Ойлонуп өзүмчө ойго батам. Билдим эми жашоодо алсыз экем. Дүнүйө тар, ошончолук кызыгы бар. Жакшы адам жаман адам тең боло албаган. Эми мен кимге ишенип сырымды айтам. Сурандым мен бир убакта түйгүн деп сыр түймөгүн. Айтчы эми ким үчүн ыр жаза алам. Күнөө кимде? Чыныгы дос. Сыр жашыра албаган. Досум дедим кадырымды түшүнөр деп. Таарынбаймын, ыйлабаймын. Себеби түшүндүм баарын. Красный-Маяк.

ОП-67-87. Саламым сүйүктүү курбум Ангел-Асемге. Адамды өзүнөн эмес, сөзүнөн тааны демекчи, сенин ар бир сөзүңө акылдуулуктун, ыймандуулуктун, сөзмөрлүктүн сыры жаткансыйт. Алтыным менин, кай жерде жүрсөң да Аллахым дайыма сага жар болуп, ар тараптан колдосун. Бактыгүл-92.

ОП-67-88. Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын кичинекей тургуну Карагулов Афтандилди 8-июнда 6 жашка толушу менен куттуктайбыз. Ушул күнү уккан энең үнүңдү, ушул күнү бөлөнгөн биздин үй бакытка. Медерибиз, биздин неберебиз, бактылуу эр азамат, чыгаан мырза болуп чоңоюшуна тилектешпиз. Чоң ата, чоң апаң.

ОП-67-89. Рахат өздүк майрамың менен куттуктайм. Сени сыйлап, урматтап аяшың Айдана-Анту.

ОП-67-90. ОП-66-22 Замана сага айтаарым сен тагдырга ар дайым жылмайып жүрсөң, ал да сага бир күн сөзсүз жылмаят. Гуля-88.

ОП-67-91. Алматыда иштеп жүргөн эжем Наргизага, жездем Омарга, жээним Азаматка, досум Айкага салам. Алматыдан Жылдыз.

ОП-67-92. Саламым Москва шаарында иштеп жаткан атам менен апама. Ишиңиздерге ийгилик, жашооңуздарга тынччылык каалайм. Ар дайым маңдайыбызда бар болуңуздар. Москвадан кызыңар Самара.

ОП-67-93. Таш-Көмүр шаарынын Киров көчөсүндө жашаган апчем Кимсанды 1-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Ылайым өмүрүңүз узун болсун, ден соолугуңуз чың болсун. Балпайган байбиче болуп, жездем экөөңүздөр небере чоңойтуп жүрө бериңиздер. Москвадан Гүлжан.

ОП-67-94. Саламым Чымкенттин "Бекжан" базарында иштеп жүргөн эжелерим Айнура, Гүлкайыр, Басира, Роза, Аксана жана Аселге жолдонот. Аза.

ОП-67-95. Салам жаным, махабат эмне экенин билесиңби? Сен мени чын жүрөктөн сүйөсүңбү? Эгерде берсем сага жүрөгүмдү, так салбай өмүр бою мени менен жүрөсүңбү? Кызыл-Ордодон Чымкентте "Бекжан" базарындагы бир кызга арналат. Эмир.

ОП-67-96. Бактыгүл Бадыева 29-май туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Дайыма сулуу, акылдуу болуп жүрө бер. Курбу кызың Вирус Леди.

ОП-67-97. Салам Совет, кандай? Мен телефонумду жоготуп алдым. Конкурсуң жыйынтыкталып, жакшы бир өмүрлүк жар таптыңбы? Таппасаң дагы изде, ийгилик сага. Татина.

ОП-67-98. Бул ыр жалпы болочок келиндерге: Сен бактылуусуң. Сен бактылуусуң батсаң кайын журтуңа, бактылуусуң кут кошсоң үйдүн кутуна. Аталган ыймандуу келини ошол үйдүн, жароокер жары болгун жолдошуңдун. Билсин баары мээримдүү эне экениңди, мына ошондо сезе бер бакыттын жерин мекендегениңди. Кыргызымдын кымча бел кыздары ушуга баарыңар татыктуу болушуңарга тилектешмин. Гуля-88.

ОП-67-99. Коңгуроо мен үчүн бейиш. Алгебра, геометрия, физикадан башым жарылып кетет. И-иий эми экзамен деген бир чоң балакет калды. Оомийин бул чейректе жок дегенде "4" деген баа алсам экен. Кейси.

ОП-67-100. Салам менин сүйүктүү досторум. Бирдигиңер такыр түгөнбөсүн. "Обон" гезити менен бирге бололу. Жанусь Роза.

ОП-67-101. Айзада жаным кандайсың, сени сагындым. Муктар.

ОП-67-102. Өзгөн районунун Алга айылындагы менин сүйүктүү жаным Ахатым мен сени жаным деп, өмүр бою айтайынчы. Жаным, менин согуп турган жүрөгүм, эч кимге бергис менин жашоом. Мен сени чексиз сүйөм. Жаным экөөбүздү жараткан Кудайым айрыбасын. Зуля.

ОП-67-103. Ассалому алейкум менин сүйүктүү кумирим Бек байке! Сизди ар дайым Аллахым колдосун. Эки дүйнөдө тең жакшылыктарды насип кылсын. Сизге ыраазымын. Гули.

ОП-67-104. Өмүрүң узун болсун деп Алладан тилеп ат койдум. Балдай ширин сөздөрүңдү укканда дүйнөдө эң бактылуу энемин. Келе жаткан майрамың менен балапаным. Бактылуу, намыстуу жигиттерден бол. Апаң.

ОП-67-105. Курбаналиев З.Т. ушундай жолго барууга эмне түрткү болду? Кийин келип бизди издеп калып жүрбө. Эртерээк кабарлаш. Сенден жаралып бирок сенин бар экениңди билбей бир боз улан чоңоюп жатат. Өмүргүл.

ОП-67-106. Бек байке сиздин сүрөтүңүздү жумуш столума коюп алып күндө тиктеп турамын. Сиздин жылмая карап турганыңыз мага дем берип турат. Ошондуктан жумушум ар дайым ийгиликтүү. Асиана.

ОП-67-107. Саламатсызбы Бек байке, иштериңиз, ден соолугуңуз жакшыбы? Учурдан пайдаланып мен сиз менен баарлашып, ой бөлүшөйүн дедим эле. Мен да сиздей болуп, келечекте талантым ташкындап, эл үчүн кызмат кылган белгилүү инсан болууну тилек кылып, көпчүлүктүн катарынан өз ордумду тапкым келет. Бирок жардамчы, жол көргөзгөн адам жок өзүм жазган ырларымды да сахнага, ырчыларга жеткире албай кыйналып жүрөм. Ырларымды көрүп, текшерип бербейсизби? Ишиңизге ийгилик. 0772374267.

ОП-67-108. Ассалому алейкум Бек Борбиев. Мен сизди кумир тутуп келем. Себеби сиз бир эле ырчылык кесип эмес, спорт жактан да өнөрүңүз байкалат. Мен келечекте кыргыз элимден сиздей атуулдардын аты өчпөй кыргыз элинин атак даңкын чыгарып, элдин кулуну болуп жүрө бериңиз. Кудайым кааласа сизге жолугам деп жүрөм. Сизди Чымкентке концерт коюп келишиңизди күтөбүз. Жусупбек.

ОП-67-109. Урматтуу жигиттер кыздарды сүйбөй туруп сүйөм деп алдабагылачы? Бул сөз көбүрөөк кимге тиешелүү экенин ошол адам өзү билет. Принцесса Нури.

ОП-67-110. Бардык бүтүрүүчүлөрдү алдыдагы жүрөктү түшүрүп келе жаткан экзамендерде ийгилик каалайм. Меришка.

ОП-67-111. Салам Бишкек кыргыз жеринде жок дегенде бир жолу киного тартылгым келет. Жума.

ОП-67-112. Принцесса Нури сулуу кыз болсоң керек ээ? Өзүңдүн атың ким? Эмил.

ОП-67-113. 68-гимназиянын бардык бүтүрүүчүлөрүнө салам, өзгөчө 9-д классына. Меришка.

ОП-67-114. Саламатсызбы менин сүйүктүү ырчым Бек Борбиев, сизди мен ашыктык ырлары боюнча алдына адам чыгарбаган акындар Барпы менен Мидинден кийинки орунга коёт элем. Сиздин ырларыңыз мөлтүр сүйүүнү даңазалайт. Орус ырчысы В.Добрыниндин ырларындай көп ырдашат. Ошол ырларыңыздын баарын топтоп ыр жыйнак кылып чыгарсаңыз абдан жакшы болот эле. Келечекте ырларыңыз боюнча макалалар, китеп жазылабы деп ойлойм. Дайыма ырдаган ырларыңыз элдин жүрөгүнөн түнөк тапсын. 0773866505.

ОП-67-115. ОП-66-22, албетте ар бир адам өмүрүн күлкү менен өткөргүсү келет. Бирок кээ бир адамдар туура жолдон адашып, бармагын тиштеп, өмүрүн ый менен өткөрөт. Кимде-ким ыйман жолунда жүрсө, баарына каниет кылат. Себеби жакшылык менен жамандыкты жалгыз Аллахтан деп билет. Бактыгүл-92.

ОП-67-116. Бек байке билесизби, мен сизди, сиздин ырларыңызды он үч жашымдан бери жүрөгүмдүн төрүнө аруу, таза бойдон сактап келем. Сиз анда талантыңыз таш жарып, жаңыдан чыгып келе жаткан арык чырай жигит элеңиз. Башкалардай эле мен да сизге ашык болдум. Сиздин ырларыңыз менен уктап, ойгончу болдум, ыргагында термелчүү болдум. Элесиңизди көз алдыман кетирбедим. А сиз болсо жүрөгүмдү элжиретип андан бери миңдеген мукамдуу ырларды жараттыңыз. Бек байке сизде кудайым берген улуу талант бар. Ошол талантыңызга таазим этип Гули.

ОП-67-117. "Обончиктен" тапкан баардык досторума жалындуу ысык салам. Жака-Жазгүл кандайсың? Мени менен байланыш менин жаңы номерим 0700861187 Меришка.

ОП-67-118. Биринчиден баарыңа, экинчиден "Обон" аркылуу тапкан досторума чоң салам. Алматыдан Амангүл.

ОП-67-119. Карайсың сен бажырайган көзүң менен, арбап алдың жагымдуу сөзүң менен. Жүрөгүмө бүлүк салдың эй сулуу кыз, ашык болду бир өзүңө Али акең. Сүйөрүмдү өзүңө айтпасам да, сени улам карашымдан сездиң бекен? Абдаш-Али.

ОП-67-120. Урматтуу Бек байке, мен сизге арчадай узун өмүр, ишиңизге ийгилик каалайм. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз. Таластын периси.

ОП-67-121. Кумирим Жанышев Омар Шейшеновичке чоң салам. Мен сүйөм, сүйүп жүрөм бир адамды. Ал адам бир мен үчүн жаралганбы? Көздөрү от ааламдагы жылдыздардый, бирок билбейм ал адамга жете аламбы? Жанусь Роза.

ОП-67-122. Жүрөккө толуп сыйган, байлыгың болсун ыйман. Досум өмүргө кыянат кылган, чоң күнөө өз жанын өзү кыйган. Бакай.

ОП-67-123. Башка менен жашап кеттиң бактылуу, бул жашоодо турмуш жолуң ачылып. А мен болсо табамын деп бактымда, турмуш , тагдыр, өмүр калды чачылып. Чындыгында издебедим бактымды, карабадым алды жакты, артымды. Касиеттүү сөздү сыйлап туу тутуп, арамдыкка алдырбадым баркымды. Мейли менин жолум бактым болбосун, мейли мени турмуш-тагдыр кордосун, ыраазымын мен өзүмдүн жашоомо. Тилегеним сени кудай колдосун, эсиңдеби мен өзүңдү сүйгөнмүн. Принц-Мухит_2х

ОП-67-124. Рахмат сизге, Алматинка менин номерим 07737888474. Байланышыңыз анан таанышабыз ээ? Жан дагы баардык кыргыздын патриоттору менен таанышам. СМС жазгыла. Ангел-Асем.

ОП-67-125. Алия апчемди 1-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Насыйкат.

ОП-67-126. Сүйөм сени жакшы көрөм баарынан, сени эстеп, сени гана сагынам. Сени мага, мени сага кошпогон, аттиң арман тагдырыма таарынам. Принцесса Нури.

ОП-67-127. Урматтуу Бек байке, "Кумир менен баарлашууга" келгениңизге кубанычтамын. Сиз менен жолуксам деп көптөн бери тилеп келем. Жараткан сизден жардамын аябасын. Мүмкүн болсо сизге жолуксам болобу, суроолорум бар эле. Жанусь-Роза.

ОП-67-128. Урматтуу Билал козу билдирүүңдү окуп алып абдан боорум ооруду. Адамдын колунан эмне келмек эле, Аллахтын буйругу экен. Бешенеңе ушундай тагдыр жазылган. Айтаарым сабыр кыл, жакшылыктан үмүт үзбө. Өзүңдү жемелебе жана эч кимди күнөөлөбө. Эң башкысы кечиримдүү бол. Бактыгүл-92.

ОП-67-129. Жүрү шамал, мында бизге не алкыш, сени жеңил ойлоп мени оор көрсө... Мени ким издемек болсом бир байкуш, сага ким да күймөк үйүң жок болсо. Таир.

ОП-67-130. Саламым баардык "Обончуларга" жана "Кулагердин" 1-катарында иштеген Гуляга. Сен сыртыңдан аябай сүрдүү көрүнөсүң, а бирок сени тааныгандар аябай шайыр жакшы кыз дешет. Бирок эч батына албадым жаныңа барууга. Жигитиң жок экенин билгенде сүйүнгөнүмдү айтпа. Эгерде окуп калсаң жакындан таанышалы. Эгер каршы болбосоң, жооп күтөм. Арсен.

ОП-67-131. Сахнанын падышасы, атына жарашкан заты, өмүр гүлүн ырдан курган, сүйүү гүлү таңдайында турган инсан Бек байкеге ден соолук, эч качан жамандык тоспосун тооруп. Качанкы өзү ырдаган Тахминасы бар болсун маңдайында көңүл буруп. Нургүл.

ОП-67-132. Анекдот: Кыз жигиттен: - Баарынан да кантип эс алганды жакшы көрөсүң?-деп сураса. Жигит: - Аң уулап, мергенчилик кылып. - Тоого чыгыппы?-десе. - Жиндисиңби, кыз-келиндин баары тоодо болмок беле деп таң калыптыр. +77022580275.

ОП-67-133. Замана менин оюмча дүйнөдө күлүп жашаш керек. Күлүү, жылмаюу бул -чырак. Кайгы-караңгылыкты жарыткан нерсе. Айтат го адамга күлүп караса сооп болот деп. Алматыдан Тынка.

ОП-67-134. Көктө бар бир канаттуу, ал куштардан башкача, калган чакта аргасыз өзүн урат аскага. Чубаланып ошондо чачыранды түктөрү, элестетет ободо миңдеген бүркүттөрдү. Анын жаны асманда жерде не бар байланып, көккө чыгат кайрадан бүркүттөргө айланып. Душманыңа сунба кол алың түгөп жатса да, баатырлыкта бүркүт бол, болбо андан башкача. Таир.

ОП-67-135. Апама, Орозгүл эжеме, Айсалкын карындашыма чоң салам. Дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм. Артур Гогин.

ОП-67-136. Салам азиз сени сагындым жаным, үнүңү укканга зар болдум. Бирок унутуу керек, бактылуу бол. 05506782хх

ОП-67-137. Кыргызстандык баардык жаш балдарды 1-июнь майрамдары менен куттуктайм. Ден соолугуңар чың болуп, өмүрүңөр узун болсун алтындарым. Оштон Жаннат.

ОП-67-137. Хан-Шай сени аябай сагындым го. Сен суперсиң досум. Айдана-Анту.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??