п»ї
 Таанышуу жарыясы


  окумал

К
ө
з
мончок
- Ай кыз!-деген эжем мукактанып, сүйлөй албай, кызы экөөбүздү алмак-салмак тиктеп туруп калды.
- Койчу, мам!-деген Таңсулуу баштыктарын көтөрүп ашканага кирип кетти. "Эмне кылаар же эмне дээр экен?" дегенчелик кылып эжем мени көзүнүн кыйыгы менен карап койду да, күңкүлдөй сүйлөнүп кызынын артынан кетти. Бөлөк-бөтөн бирөө ушинтип айтса да көтөрөсүң, анткени кайненем далай эле жолу "жүдөгөн, шалпылдаган" деп урушчу. Бирок өз эжең "жүдөмүш" кылып, чоңоюп калган кыз- уулунун алдында басынтып, шылдыңдап жатса көтөрүп, кечирүүгө мүмкүнбү? Менимче "жок"! Ызалана түштүм. Ансыз да араң турган жаным… "Баягыда эле бул үйгө экинчи кайрылбашым керек болчу" деп өзүмдү жемелей, бөлмөмө жөнөдүм да жатып калдым. Эки чыкыйым лукулдатып, башым жарылып кетчүдөй ооруп чыкты. Бүгүн болуп өткөндүн, уккан сөздөрүмдүн баарын -баарын унуткарып уктап кеткенге тырыштым. Болбоду. Ардактын кубанычтуу быдылдай сүйлөгөн үнүн угуп, жездемдердин келгенин түшүндүм. Үйдө калып, кечки тамак жасап жетише албаганыма уяла түштүм. Күтүүсүз телефон чалуу болбогондо… "Жок… жок! Эстегим келбейт. Аны ойлобошум керек!" Аныма болмок беле, ойду тизгиндеп коюу мүмкүн эмес экен да… Тээ бир топто жерди оё басып эжем кирди. Көзүмдү ачпай тетири карап жатып алдым. Сүйлөшкүм келген жок. Болбой эле жаныма басып келип, жүзүмө үңүлө тиктей сүйлөп кирди:
- Аздек, тур эми, жумуртка кууруп койдум чай ичели. Болор-болбос сөзгө эле ушинтип кекетип отурсаң… Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт болуп… Кой!.. Тур, жездең да күтүп калды. Чай ичип алып эрте жаталы. Жана укпадыңбы, жездеңдин эрте чыгып кетели дегенин.
Унчукпай койсом тура берерин түшүнүп:
- Жок, эчтеке ичким келбей турат. Уктай берейинчи, -дедим.
- Апей, ачка жатасыңбы?-ачуулана түшкөнү үнүнөн байкалды.
- Жок, ток элемин, жана ичкем,-калп айттым.
- Мейлиң… Эртең менен эрте туруп даяр бол,-деди да эшикти "тарс" эттире жаап чыгып кетти.
Көздөрүмдү бекем жумуп, көөдөй караңгылыкта ойлорума көмүлүп жалгыз калдым. Башымдын оорусу күчөдү. Уктап калсам гана деп ичимден жүзгө чейин санап кирдим. Адам уктай албай кыйналса, бирден баштап санаса тез уктайт деп окудум эле бир гезиттен… Жүз… эки жүз…
x x x
Тоонун боорундагы саналуу түтүн үйү бар менин төрөлүп, өскөн айылыма түш оой кирип келдик. Көңүлүм алып учуп, айылымдын бүт керемет, кооздугун карегиме батырып, сактап калгым келип, суктана карап бараттым. Менин жан дүйнөмдөгү толкунду байкаган жездем:
- Айылыңардын абасы мага абдан жагат. Карачы… - деп кере-кере дем алып койду. - Оой, абышка - кемпирдин төрүндө эркелеп, козусун жеп, кымыздан алдыртып ичип бир эс алып кетеличи, э балам? Жумуш, акча деп жүрүп өлүп кетебизби! Баса, таятаң сага энчилеген тайың дагы чоңоюп калгандыр. Аны көрөбүз, минесиң, -жездем уулуна жылмая күлүп, күзгүдөн карап койду. Менин алдымда олтуруп бараткан Ардак да кудуңдап сүйүнүп:
- Апа, менин тайым анан коюм да бар э? Туран байкемдики да барбы? Меникинен көппү?-деп быдылдап сүйлөп кирди.
- Чын эле, эмнеге Ардакка таятам тай берди да, мага бербейт? - Туран таарынычтуу үн катты.
- А магачы, меники эмнеге жок? Азыр барганда таятам менен таенемден сурайм, бербесе таарынам. Анда болду, экинчи айылга келбейм,-деп Таңсулуу кошулду.
- Сурап кишини уят кыла көрбөгүлө. Силер төрөлгөндө деле таятаңар мал энчилеген. Сен окууга өткөндө уйуңду албадык беле. Турандыкын тээ илгери, силер кичинекей кезиңерде эле алып сатып ийгенбиз.
- Ким?
- Мен…
Ошону менен сөз бүттү, үйгө да жете келдик. Калдастап, колуна чай чыныга суусун көтөрө чуркап башыбыздан тегерете суу чачып, апам тосуп алды. Дайыма ушинтет. Атам болсо Ардакты бооруна бекем кыса шуу-шуу эттире чачтарынан жыттап, чекесинен сүйүп, анан мага кучагын жая берди… Көздөрү чүңүрөйүп ары кирип, жаак эттери шылына түшкөнсүй бет сөөктөрү уркуюп бери чыгып, арыктап, карый түшкөндөй көрүндү мага атам.
- Келгениң ырас болду. Өз үй, өлөң төшөгүңдө апаң экөөбүзгө эркелеп, эс алып кет. Шаарың качпайт,-деп койду сөз арасында. Анан байкем, жеңем, бөбөктөрүм моюнума асылыша өпкүлөй, үй ичи бака-шакага толуп, бапырап эле калдык. Апакемдин эски самоору дагы деле бар экен. Шуулдатып эшиктен көтөрүп киришип, баарыбыз чайга отурдук. Кошуна-колоңдор учурашканы келишип, айыл-ападагы жаңылыктар айтылып, тээ кеч күүгүмгө чейин үйдөн киши үзүлгөн жок. Атам бакылдай сүйлөп, апамдын кубанычында чек жок. Улам-улам самоорунун ичине чок көтөрүп келип салып, жеңемдин "өзүм эле, олтура берсеңиз" дегенине көнбөй кошо талаша чуркап жүрөт. Балдарынын ден соолугу соо болуп, маңдайларына жаркырап келип берсе, эне-атада мындан өткөн бакыт болбосо керек э?!. Качан гана эт желип бүтүп, колго Ардакка суу куйдуртушуп, ага ак баталарын айтышып, анан келгендер үйлөрүнө таркашты. Эс алабыз дегендерге жеңем төшөнчү орун даярдап, дасторкон четинде үчөөбүз эле калдык.
- Кызыңдын тигиниси келиптир. Айттыбы?-деди эжем дароо эле.
- Жок, сүйлөшкүдөй болдукпу? Тигиниси кимиси? - Апам мени суроолуу тиктеп калды.
- Келген жок, телефон чалды. Мен бул тууралуу сүйлөшкүм келген жок ,- дедим да апамдын тизесине башымды коюп, жата кеттим. Жумшак колдору менен чачтарымдан сылай, эркелете үн катты:
- Эми ал балада эмне жазык? Кептин баары энесинде болуп жатпайбы. Чалса сүйлөшүп, угуп кой, урушпа.
- Апа, кызыксыз... - Эжем апамдын оозунан сөзүн жула качты. - "Сүйлөшүп кой" деп... Сүйлөшкөндө эмне, кайра эле баягы башталат. Келбейт да элем, атайын ушул кызың жөнүндө сүйлөшөйүн деп келдим. Өткөндө да өзүңөр шашып келип, шашып кетип калдыңар. Мунуңар сөз сүйлөй электе эле тултуңдап, кыялын көргөзүп кирет. Күйөөм менен балдарымдан уялып бүттүм. Өгүнү "кетем" деп чыкты, араң токтоттум. Мына айланайын, аман-эсен колуңарга тапшырайын. Бирдеме болсо да мага дооңор жок болсун. Ал эмес өз кызымды араң тарбиялап келатам. Анын да ит кыялы бар... Экөө бир үйгө батышпайт окшойт. Эми күйөөсү да келип баштаса, аны угуп албуут кайнежеси келсе алар менен алышкандай алым жок. "Кайнежем маршруткадан көрүп калып абийримди кетирди" деп өзү да ыйлап келген.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??