п»ї

  сырмаек

Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"
Албетте, жүрөктө калган алгачкы көз ирмемдер кимдин гана эсинде сакталып калбасын. Артта калган бактылуу балачак, эң биринчи сезимдер жана башка бардык көкүрөктөгү алгачкы туюмдар эске келгенде ар бир адам ошол учурга бир барып келээри чексиз. Мына ушундай убакытты утуп келген артта калган бактылуу күндөрүнө обончу, аткаруучу Айбек Карымовду жетелеп барып келдик.

Чекемден чылпылдап тер чыгып…
1969-жылы туулгам. Чоң атам айтып калаар эле "беденин экинчи чабыгында, жут жылында төрөлгөнсүң" деп. Көрсө, 29-июлда жарык дүйнөгө келген экенмин. Менин балачагымдагы эсимде калган учур алгачкы мектеп сахнасынын босогосун аттаганым. "Таластын суусу ыкчам суу, таштан-ташка бышкан суу" деп, комуз чертип эл алдына ырдап чыкканмын. Ырдап жатканымда кол чаап коштоп турган элдин сүрүнөн сүрдөп, денемди калтырак басып, чекемден чылпылдап тер чыгып, ушунчалык толкундангам. Көрсө,ошол күнү чыгармачылыктын алгачкы тузун татыптырмын. Ошондогу адамдардын кол чабуусу, бата тилеген алкышы чоң түрткү берип, мени бул чөйрөнүн адамы болууга шыктандырды. Биринчи ырдап чыккан күндөн тартып "Эми мен мындан да жакшы ырдап чыксам . Элдер баягындай кол чабышса" деп ырдап чыкканга болгон кызыгуум күндөн-күнгө артып ырдагым эле келип калды. Кыскасын айтканда чыгармачылыгымдын алгачкы мүнөттөрү ушул күндөн башталган.

1-класска кеч бардым
Мени 1-класска атамдын агасынын кызы Зулайка деген эжем жетелеп барган. Бирок 1-сентябрда эмес, ноябрь айынын аягында барганмын. Себеби, 5-6 жашымда эле жазганды, тамгаларды таанып кадыресе кошуп окуп калгам. Жети жашыма чейин алиппе, эне тилдерди окуп бүтүрүп койгон элем. Чоң ата, чоң энемдер мени ар дайым жайлоодо алып жүрө турушкан. Мен мектепке бараар жылы тоого атайын мугалимдер барып: "Быйыл Айбек окууга барат. Айылга түшүп, 1-сентябрга алып баргыла?" дешсе, чоң атам камырабай "Менин балам силер окуй турган Алиппени былтыр эле окуп койгон. Ишенбесеңер азыр окутуп көргүлө?" деди. Мен дагы чоң атамды уяткарбастан тамгаларды жазып, китепти шар окуп бердим. Анан Куланчы деген агайым:"Азаматсың, иним. Башка балдар тамга тааныганча, сен барып каласың. Шашпай эле кой" деп жакшы ой-пикирлерин айтып алып кетип калды. Ансайын менин дагы тимеле көөдөнүм көтөрүлүп, жер үстүнө батпай калдым. Ошентип 1-класска кеч кирген болчумун. Бирок, кечигип киргенимдин бир жаман жери, мен барганча классташ балдарым бири-бирине үйүр алышып, өз ара достошуп калышыптыр. А мен болсо алардан бөлүнүп, арткы партада жалгыз олтурганым эсимде.

Сырдуу катты мен да жазгам
Алгачкы сүйүү катымды атын атабай эле коёюн бир кызга жаза коём деп, пионер жетекчибиз Чынара (Сулайман Рысбаевдин аялы) эжебизге кармалып калып уят болгом. Ал бизди ошол кат үчүн чогулушка салып азабыбызды берген болчу. Ал кезде кыздардын жанына барып сүйлөшмөк турсун, кат жазыша алчу эмеспиз. Биздин тарбиябызды азыркы учурга салыштырып болбойт. Талап ушунчалык күчтүү эле. Ойлоп көрсөм ошонун кандайдыр бир деңгээлде бизге таасири тийди десем ашыкча болбостур. Кандай кооздоп айтсам да алтын балачакты, мектептеги кызыктуу окуяларды айтып олтуруп түгөтө албастырмын. Бул мезгил ар бир пенденин жүрөгүндө сакталып калган, кайталангыс бир көз ирмем турбайбы. Кандай болуп окуучулук күндөр артта калып калды билбейм. "Убакыт учкан куш" деген сөз бекер айтылбаптыр да. Деги баарын түш көргөндөй элестетем.

Кол ойнотуп черткен күүм
Мектепти аяктаган соң Чехославакияга аскерге бардым. Жалгыз барбастан жан шеригим, зериккенде черпимди жазчу комузумду кошо ала баргам. Ал жактан ар кандай майрамдарда ар бир улуттан өнөрлүү аскер балдар тандалып алынып, жоокерлерге концерт коюп берчүбүз. Комузду алты жашымдан тартып үйрөнгөндүктөн, анын мага аскерденби, башка жерденби чоң жардамы тийди десем жаңылышпайм. Бир жолу "Маш ботойду" кол ойнотуп чертип жатсам, миңдей көрүүчү жоокерлер ордуларынан тура калып алакан чаап, кыйкырык-сүрөөн менен колдоп тургандары күнү бүгүнкүдөй эсимде. Башка улуттагыларга жөнөкөй эле жыгачтагы үч кылдан мукамдуу добуш чыгарып, нары-бери кол ойнотуп черткеним абдан кызык болду окшойт. Ушундай таң калышып, кайрадан күү черткенге аргасыз кылышкан.

Хитке айланган "Таштак жол"
1992-жылы аскерден келген соң Жалал-Абад маданият техникумунун дрижёрдук бөлүмүнө тапшырдым. Мына ошол жерден чыгармачылыгымдын башаты башталып, "Сен менен таштак жолдо баратсам да" деген эң алгачкы ырым жаралды. Бул ырым азыркыча айтканда ошол жылдары аябай хитке айланган. Албетте, учурда таптакыр элдин эсинен чыгып кеткен жок, азыр деле эл ичинде ырдалып келатат. Ушул ырымды эл аспаптар оркестринин коштоосуна салып, өзүмдүн чыгармам менен дипломумду коргогом. Убагында "Таштак жолдун" эл арасына кандай тарап кеткенин түшүнбөй калдым.
Чындыгында бул ыр меники экенин кээ бирлери билишчү эмес. Кийин гана Клара Алибекова ырдап чыгып элге кеңири жайылтты.

"Нур"-менин алгачкы мектебим
1995-жылы "Нур" тобун түздүм. Бул аралыкта менин урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай жүргөн жалындаган жаштык кезим бар эле. күчүмдү жыйнаган жаңы күч, жаңы дем менен чыгармачылыкка сүңгүп кирип келаткан, энергиялуу Айбек элем. Бассам-турсам ой-толгоо менен жүргөндүктөн жаным тынчу эмес. Мындайча айтканда "Нур" тобу менин чыгармачылыгымдагы алгачкы мектебим болду. Искусство тармагынын көптөгөн оош-кыйыш жактарын үйрөндүм. Шоу-бизнестен кантип орун алып, кантип чыгуу керек экендигин терең өздөштүрдүм. Убакыт өткөн соң топ чачырады… Акырында өзүмдүн жеке чыгармачылыгымды, атымды чыгарууга мезгил келип жетти.

Жашоомдо ийгиликтер түгөнө элек
2000-жылдан тартып ырчылык сапарымда өзгөчө дем-күч менен жаралган ырларым эл арасына кеңири жайылды. "Дил кайрык", "Ооруп турат жүрөгүм" дегеле башка чыгармаларым күйөрмандарымдын жүрөгүнө кандай жетти ага эл калыс, эл тараза. Бул чөйрөдөн тапкан ийгиликтерим элдин алкышы, чын жүрөктөн берген баталары, баалары деп ойлойм. Ошентсе да көкүрөктү көтөрүп ийгиликке жетиштим деп айта албайм. Эң негизгиси жашоомдо ийгиликтер түгөнө элек, түгөнбөсө экен деп тилээр элем.

Уулум музыкага жакын эмес
Адам баласы бу дүйнөгө жаралган соң, бир тарап менен гана чектелбестен бардык жагын калчап көрөт тура. Үй-бүлө куруу дегендей…1996-жылы келинчектүү болдум. Чындыгында баарынан да алгачкы бала жыты кандай керемет. Аны ар бир ата-эне туят, сезет. Улуу балам Медер 7-класста окуп жатат. Музыкага жакын болгону менен балам түрк лицейинде билим алууда. Бул туурасында кыскача ушуларды гана айтып өтсөм.

Тасмадан да ийгиликтерди жаратам
Акыркы мезгилдерде кино жаатына кайрылганымдын негизги себеби, кыялымдагы ойлорумду бир бүтүмгө келтирүү. Азырынча тасма тараптан билбегенимди билип, өз ара өздөштүрүп алуу биринчи максатым. Аздыр-көптүр тажрыйба топтоп бул тармактан да өзүмдү сыноодомун. Мындан ары болгон дитимди, мүмкүнчүлүгүмдү ушунча киного буруп жаткан соң буюрса, тасмадан да ийгиликтерди жаратам деген ишеничтемин.





  Сахналаштары эмне дейт?

Каныкей Эралиева:
Айбек нукура кыргыз обондорун жаратканы үчүн башкалардан айырмаланып келет. Азыркы жаш муундар чет жактардын ырларын которуп ырдашып, кыргыз ырларынын коллоритин жоготуп баратышат. Айбектин чыгармачылыгынан кыргыз жыттанган ырларды уга аласың. Ал дайыма изденүүнүн, аракеттенүүнүн аркасында жүргөнү баарыбызга маалым. Акыркы мезгилдерде кино жаатына да кайрылып жүрөт , бул да болсо талбаган эмгектин үзүрү деп ойлойм. Эми бүттү чыгармачылыктын чокусуна жеттим деп ойлобостон, тескерисинче күчтөнүш керек. Анткени, Айбектин жакшы көркөмдүү, уккулуктуу чыгармаларды кыргыз элине тартуу кылаарына ишенем. Анын адамдык сапаты да бийик. Ушунчалык кичи пейил, жөнөкөй, жан дүйнөсү таза бала.

Токтобек Асаналиев:
Айбек байкенин биринчиден жүрөк ооруткан ырлары, дуэттери менен эл жүрөгүнөн түнөк таап келет. Кудай таалам берген таланты, талбаган эмгекчилдиги, тырышчаактыгы менен ушундай деңгээлге жетти десем жаңылышпасмын. Айбек байкенин жардамы менен Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Гүландалар атын таанытып, жакшы ийгиликтерге жетише алды. Ал эми адамдык сапатынан жөнөкөйлүгүн, марттыгын, адамгерчилигин баалайм. Биринчи орунда ырдап чыгып эл адамы болгон күндө да, ар бир ырчыга адамгерчилик керек деп ойлойм.

Айчүрөк Иманалиева:
Эми Айбек бизден кийин чыккан ырчы эмеспи. Ошондуктан, аны менен көп деле концерттерде бирге ырдаган жокмун. Ошондуктанбы, ал тууралуу жакшы биле албайт экенмин. Айбектин өзүнүн күйөрмандары, угармандары бар. Атын таанытып, элдин жүрөгүнө жеткирген ырларын ырдап өз ордун таба алды. Андыктан чыгармачылык ийгилик каалайм.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??