п»ї
 Таанышуу жарыясы


  кумир менен баарлашуу

Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"
Көптөн бери окурмандар менен кумирлерге көпүрө болуп келаткан гезитибиздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын төрүнө бул жолу театр жана кино актёру Нурдөөлөт Копоевди чакырдык. Буга чейин эле Нурдөөлөт мырзанын жоопкерчиликтүү, убадага бекем турган жигит экенин уккан элем. Мына ошол мүнөзүн дагы бир ирет далилдеп редакцияга белгиленген убакыттан жарым саат эрте келип, күйөрмандарын жылуу маанай менен тосуп алды. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Нурдөөлөттөн ак бата
Жүзүңөрдөн кут жансын,
Уккан-билген суктансын.
Азап-тозок торобосун,
Оору-сыркоо жолобосун.
Өмүр бою өбөк,
Бири-бириңерге жөлөк.
Ыйык туткан тумар,
Улуу тоодогу улар болгула!
Мыскал Жумалиева
- Нурдөөлөт байке, сиз менен жолугушуп, кең-кесири сүйлөшүп олтурганыма кубанычтамын. Сиздин чыгармачылыгыңызды, талантыңызды баалайм. Айтсаңыз, бүгүнкү күндө чыгармачылыгыңызда эмне жаңылыктарыңыз бар?
- Рахмат, Мыскал карындашым. Өткөндө гезиттен смстерди окуп олтуруп, сиздин смсти жактырып, аты да жакшы экен дедим эле. Сиз менен таанышканыма мен да кубанычтамын. Сурооңузга жооп бере турган болсом акыркы бир айдан бери Орто Азияга белгилүү тажикстандык биринчи режиссёр Барзу Абдураззаковду чакырып ... комедиясын коюп, жакында эле ачылышын өткөрдүк. Бул режиссер менен өткөн жылы да С.Раевдин "Меккеге карай узак жол" деген пьесасын коюп, эки жолу чет өлкөдөн Гран-Прини жеңип келгенбиз. Эми дагы түрк тилдүү элдердин театр фестивалына Татарстанга сапар тартып жатабыз. Бир айдан бери таңдын кантип атканын, күндүн кантип батканын билбей эмгектенип, чоң спектакль чыгарып алдык. Бул биздин театрдын тарыхында, театрдын репертуарында эң жакшы классика болуп кала берет.
- Чет өлкөлөргө чыкканда кандай кийинип барасыз?
- Чет жакка чыкканда өзүңдүн ким, кайсы элден экениңди көрсөтүшүң керек. Мен дайыма поездден түшкөндө эле калпагымды, оймо чапанымды кийип, атамдан калган күмүш кемер курду тагынып кыргыздын жүзүн бергенге аракет кылам.
- Сиздин дене-түзүлүшүңүз спортсмендердикиндей. Спорт менен машыгасызбы?
- Биз театр актёрлору спорт менен болбосо да бий, классикалык балет менен машыгабыз. Бийлегенде да көп энергияң кетет. Балким, бул да спорттун бир машыгуусу болсо керек. Негизи мен спортко кызыгам, бирок убакыт жок.
- Жигиттик сөзүңүздү айтыңызчы. Мурда үйлөнгөнүңүз чынбы?
- Буга чейин үйлөнгөн эмесмин деп эле айтып келчүмүн. Чынында 26 жашымда актриса кызга үйлөнүп, жарым жылга жетпей ажырашып кеткем. Бул кандай болгонун эми башынан айтып берейин. Үйлөнгөнгө чейин белгилүү эле бир ырчы кыз менен сүйлөшүп, ата-энелерибиз макулдашып, сөйкө салып, алып кетээрде мен "Окуя" киносуна тартылып калдым. Үч күндөн кийин келсем сүйгөн кызымды ала качып кетиптир. Ошондо жан дүйнөм тынчтык бербей мурда жакшы көрүп жүргөн өзүмдүн группалашым, кесиптешиме үйлөндүм. Бирок, баягы эски нерсе козголо берет экен да "Сен мени айла жоктон алгансың" деген сөздөр чыгып, кызганычтын аягы ажырашуу менен бүттү. Азыр ал экөөбүз сахнада чогуу ойнойбуз, жакшы доспуз. Жарым жыл жашаганыбыздан дагы беш жыл чогуу окуганбыз, он жылга жакын бирге иштегенибиз бизди жакындатат.
- Кайра жарашайын деген оюңуз барбы?
- "Үзүлгөн жип уланбайт" дегендей кайра калыбына келтирүү кыйын го. Биз дос, кесиптеш, группалаш бойдон эле калабыз.




Азат
Аманбаев
- Качан үй-бүлө күтөйүн деп жатасыз?
- Чыгармачылык деп жүрүп билинбестен отуздун кырына келип калыптырмын. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп азыр караштырып жүргөн убагым. Буюрса, ал күн алыс эмес.
- Сизге сакал-мурут койгон жакшы жарашат. Муну сулуулук үчүн коёсузбу же...
- Москвадан окууну бүтүп, жаңыдан театрга келгенде "Акмөөр" спектаклинде мен байдын баласынын образын жараттым. Ошондо кантип байдын баласына окшошом деген суроо туулуп, сакал-мурут коюну туура көрүп, ошондон тартып сакал-мурутту имидж кылып алдым. Муну алып таштасам бетимдин формасы өзгөрүп калат. Негизи сакал-мурут жарашкан адамдын жашын өзгөртүп, сулуулук берет. Ошон үчүн түйшүгү көп болсо да, бир формада алып жүрөм.
- Оң каармандын образын жараткыңыз келеби же терс каармандынбы?
- "Апамдын махабаты" киносунда Кадыр агайдын ролун ойнодум. Ал ролдо терс көрүнүштөр көп болчу. Аталган кинодон кийин көчөдө көргөн окуучулар мени сөгүп, таш ыргытканга чейин барышты. Бир жолу жолдо баратсам эки окуучу кыз алдымдан чыгып, "Бул агайды билесиңби, жанагы боюнда бар кызды таштап кетпеди беле" десе элдин баары мени карап, ыңгайсыз болгом. Ар кимдин психологиясы ар кандай да. Ошондо Кадыр агай болом деп көбүнө жек көрүнүп калдым. Бул бир. Экинчиден мен үчүн терс каармандын образын жаратуу кыйыныраак, көп убакыт талап кылынат. Жогорку окуу жайын бүтүп жатканымда да "Нурдөөлөт Копоев оң каармандын образын, айрыкча сүйүү темасын жакшы ачып берет" деген мүнөздөмө жазылган. Чынында менин мүнөзүм, кыймыл-аракетим оң каарманга ылайыктуу.
- Артыңыздан чуркап, көзүнүн жашын агызган кыздар болду беле?
- Андайлар болгон - өз көзүм менен көрүп, сооротком. Ошону менен бирге тескерисинче мен жакшы көргөн кыздар мени жакшы көрбөй койгон учурлар кездешкен. Жүрөгүм ооруп, кыйналганым менен көзүмө жаш алып ыйлаган жокмун.

Айзада
Сооронбаева
- Сексен жашыңызды кандай элестетесиз?
- Кесиптештерим "Сен картайганда аппак сакал коюп, чачыңды гелдеп, кичинекей кооз чегилген таякты таянып алып ийилбеген абышка болосуң" деп күлүп калышат. Анын сыңарындай өзүмдү эптеген жакшы эле чал болом го.
- Дос-душман деп коёт. Сиздин ишеничиңизге кирип сатып кеткен досторуңуз болдубу?
- Чынында досторум мени сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Кийинки убакта бир эмес эки досум ушундай абалга таштагандан кийин көңүлүм калды. Менин атымды жамынып өздөрүнүн жумушун бүтүрүп алып мени уят кылып коюшту. Ошондо сиз айткандай менин ишенимиме кирип дос болуп жүргөн досторум биринчи душманым экенин билдим.
- Жалгыз бой жашаган эркектер тың болчу эле. Ашканага кандайсыз?
- Бул жагынан менде маселе жок. Беш бармакты жакшы жасайм. Кээде досторум "үй-бүлөбүз менен баратабыз, баягы беш бармагыңды жасап турчу" деп калышат. Жоктон бюар кылып бир нерселерди жасай койгонго шыктуумун. Кыскасы, ачка калбайм.
- Тамадалык кызматыңыз үчүн канча аласыз?
- Эч качан бул баадан түшпөйм же мынчага алып барам деп айтпайм. Адегенде канча киши келээрин, кайсы жерлигин сурайм. Анткени, жети дубаныбызда жети башка той өтөт. Бир тарабы бийге, бир жагы сөзгө, дагы бир тарабы салкын музыкага жакын болот. Тамада ошону билиш керек. Мен тойлорду такси той, устукан той, ыраазычылык той деп бөлүп алам. Устукан той дегеним устукан берип жиберет, такси той дегеним болсо таксиге салып жиберет. Айтор, атайын жогору жактан бир ставка бекитилбегенден кийин той ээсинин капчыгына, шартына жараша кызматыбыз чечилет. Кээде көңүлүңүздөгүнү бериңиз десем мен ойлогондон да көп сумманы бергендер болот.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө да билгим келет...
- Үй-бүлөдө он жети бир туугандын он үчүнчүсүмүн. Атамдын биринчи аялынан төрт баласы бар. Аларды кошкондо 21 бир тууганбыз. Атамдын атасы согушка кеткенде 15 жаштагы атама отуз жаштагы жеңесин алып берип коюшуптур. Ал апабыз атамды көтөрүп чаап жыкчу экен. Үч баласы менен келип атамдан төрт балалуу болуп ажырашып кетиптир. Андан кийин өзүнөн 13 жаш кичүү апама үйлөнүп, 17 балалуу болду. Азыр бирөө каза болуп он алтыбыз барбыз.
- Азыр эки энеден туулган бир туугандар катышасыздарбы?
- Биринчи апабыз эмнегедир байланышканга мүмкүнчүлүк берчү эмес. Ал аялы каза болгондон кийин төрт бир тууганыбыз менен табышып, азыр жакшы катташабыз.

Ж.КАЛДАРОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??