п»ї
 Таанышуу жарыясы


  күнсүрөт

Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"
Бишкектин четинде, тактап айтканда Кызыл-Аскердин Казаков көчөсүндөгү №77 үйдө көптөн бери боз үй тигилип, желек илинип турганын көрчү элем. Бир жылдан бери турган бул боз үйдүн сырын билүү максатында ушул эшикке баш бактым. Киргенде эле айланасы жыгачтар менен тосулган кичинекей өзгөчө боз үй көзүмө урунду. Жанындагы чоң боз үйдүн төрүндө ак калпак кийген 58 жаштагы Жаныш Дубашов менен маектешип, суроолорума жооп алдым.

- Мен өзүм Таластын Бакайыр айылынан болом. 32 жашымда катуу ооруп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жашап калдым. Ошол жашка чейин көзү ачыкка таптакыр ишенчү эмесмин. Ооруканадан айыкпагандан кийин айлам кеткенде бир көзү ачыкка барсам "Сизде чоң касиет, күчтүү энергия бар" деп жаңы жашоону көрсөттү. Ага да ишенбей айткандарына каршы чыгып далилдегиле дедим. Ошондо мага жооп болуп оң көзүмдүн дагы бир карасы пайда болду. Анан мүрзөгө алып барышты. Ошол жерде бир киши көзүмө көрүнүп, көзү өтүп кеткен атам менен учурашып, экөөбүз кучакташып ыйладык. Мына ушул күндөн тартып менде кандайдыр бир процесстер башталып, "Балам сени чоң ишке даярдап жатабыз, кыргыздардын генинде бир нерсе уктап жатат. Эгер ошону ойгото алсаң элиң дүйнөгө таанылат. Сенде күчтүү нур бар. Муну бир туугандарың менен көтөрөсүң, ошолор жардам берет" деди. Ошондон кийин аалам тараптан бир күчтөр башыма келип, Бишкектин ушул жерине боз үй курулаары айтылды.
- Бул боз үйдүн курулганына канча болду?
- Бир жыл жети ай болду. Мына ушул боз үйдү тигип жатканда ар бирибиз бирден уук көтөрүп тигип баштайлы десек эле, "Биринчи 80 жаштагы апаңарды алып келгиле" деген маалымат келди. Анан апамды алып келип ак жоолук байлап түндүктү көтөрттүк. Ата-бабаларыбызга арнап улам кан чыгарып, 30-40 кой союп бата алдык. Бүгүнкү күндө да ар бир айдын тогузунда кан чыгарып, эл чакырып турабыз.
- Эмне үчүн эки боз үй тиктиңиздер?
- Биринчи нур кичинекей боз үй жайгашкан жерге чачылган. Ошондон өтүп чоң боз үйгө энергия кирет. Боз үйдүн эң улуу касиети -мунун ичинде жаман нерсе калбайт, тазаланып турат. Ошондуктан нур түшкөн жерди "Кут ордо" деп атадык. Мага берилген аян боюнча Кыргызстандын дагы бир жерине колдонулбаган, 41 боз үй тигишибиз керек. Кайсы убакта кай жерге тигилери бир күн аян менен айтылат.
- Бул боз үйдүн ичиндеги суу, оң тарабында илинип турган кылыч эмнени билдирет?
- Боз үйдүн ичинде күчтүү энергия тургандыктан жердеги чыгып жаткан суу нурданып турат. Ушул суунун эсебинде адам тазаланат. Ал эми кылыч жөнүндө айтсам, ааламдан сага салам деп кылыч менен аян берилген. Ошондон кийин атайын жасатып илип койдум.
- Көзүңүзгө көрүнбөй, кулагыңызга угулбай эле мээңизге келген маалыматтар менен иш алып барат турбайсызбы. Дагы кандай маалыматтар келип жатат?
- Кыргызстан - тазалыктын, аруулуктун дүйнөлүк борборуна айланат. Анан да 2012-жылы планетада бир өзгөрүү болот. Ошого чейин көп ишти жасашың керек деген маалыматтар берилип жатат. Учурда Кыргызстанга көп энергия чогулууда. Жакында эле Россиянын белгилүү физиги Эмил Багиров келип, аппараттары менен текшерип көрүп, нурларды көрсөттү. Анан да бүгүнкү күндөгү үрөйдү учурган чочко тумоосу бизге келе албайт. Анткени, биздин өлкөнү жугуштуу ооруларды өлтүрө турган күчтүү нур каптап турат.
- Сизге кайрылган адамдарды кантип дарылайсыз?
- Мен эч нерсе кылбайм. Ушул боз үйдүн ичине кирип олтурганда эле нур тазалайт. Биринчи коргошун сыяктуу жалтырак нур бар эле. Андан кийин алтын нурга айланды. Учурда сыя нур каптап турат. Болгону, мага келген адамдардын ооруган жерлери түшөт. Көбүнчө кырсыктар жөнүндө айтылат. Мына ошол боюнча алдын-ала маалымат бере алам. Бул жерге отурганда өзүнөн өзү ыйлап, бугун чыгарып тазаланышат. Үч күн мурун эле "мен өлөм, жашабайм" деген аялды алып келишти. Мен "сүф" деп сизге эч нерсе жасабайм. Ушул жерде бир аз олтурсаңыз эле энергия тазалайт дедим. Айткандай эле жарым саат бакырып, кыйкырып аябай ыйлап, анан жеңилдендим деп кетти. Мына ошол аял күнүгө эртең менен келип тазаланып кетип атат.
- Акча аласыздарбы?
- Жок. Бир тыйын албайбыз. Кудай берген касиетти акчага байлап, бекер тийген нурду акчага сатып кызмат кылгыбыз келбейт. Эч кимден эч нерсе алган жокбуз, албайбыз дагы.
- Кандай адамдар кайрылышат?
- Кыргызстандын бардык региондорунан, чет өлкөлөрдөн келишет. Алардын арасында белгилүү чыгармачыл адамдар, саясатчылар да бар.
- Боз үй кышында да тигилип турабы?
- Ооба. Күн-түн дебей дасторкон жайылып, келгендерге даам таттырабыз. Дасторкондун жайылышы - кең пейилдиктин белгиси.
- Учурда эки кишинин бири эле бүбү-бакшы, көзү ачык болуп калды. Сиз ушундай адамдарга ишенесизби?
- Чынында, буларда абдан күчтүү касиет жайгашат. Бирок, ошол касиетти туура эмес пайдаланышып, напсиге алдырып, пендечилик кылып жатышат. Бүгүнкү күндө бул да болсо акча табуунун бир жолуна айланып калды көрүнөт.

Ж.КАЛДАРОВА




  Артымдан ээрчиген боз атчан карыя бар

Болгон окуя
Мындан үч жыл мурун орозонун куттуу күнүндө өзүмдү билбей жыгылып түшкөм. Анда таежемдин үйүндө жашачумун. Ошол күнү эмнегедир көңүлүм эч нерсеге чаппай, алсырай бергенимден сабактан уруксаат алып кеттим. Кийимдеримди алмаштыраарым менен башым айланып, диванга кадала түштүм. Терезенин түбүндө эжемдин эки кичинекей баласы ойноп жаткан. Бир мезгилде эле дубалдын бурчунда ичке, чаар жылан пайда болду. Аны караган сайын кускум келип, башым менен желкем тартышып, муундарым бошоп баштады. Коркконумдан эшикти көздөй жөнөдүм, артымдан жанагы жылан ээрчип, босогого барганда бир чаап жыкты. Ошол бойдон эч нерсе билбейм. Бир мезгилде көзүмдү ачсам борбордук мечиттин алдында туруптурбуз. Ошол жерден жанагы жылан дагы көзүмө көрүнүп, ичке жылан жооноруп, мечитке киргизбей мени менен алышып, мойнума ороло баштады. Ошондо эч кимге баш бербей, көчөгө карап чуркаптырмын. Анан 12 кишинин күчү менен мечитке сүйрөлүп кириптирмин. Качан гана мечитке киргенде жыландын жоголуп кеткенин сездим. Мечитке киргенден кийин алсырап дагы жыгылдым. Бир убакта көзүмдү ачсам алдымда бетин түк баскан башка улуттун өкүлү калың куран китепти окуп дем салып жатыптыр. Анын артында дагы 15 чакты ак топучандар келме кайтарып олтурушуптур. Жанымда ата-энем, бир туугандарым ыйлап атышат. Баарын көзүм менен көргөнүм менен сүйлөй албай койдум. Көп убакыттан кийин түшүмдө көргөн ак сакалдуу, боз атчан, ак камчысы бар карыя маңдайыма келип "келме айт кызым" деп бурчтагы келме жазылган тактайды көрсөттү. Тунарган көзүм, бүткөн кулагым ачылып дароо окудум. Андан кийин "кызым колуңдагы шакегиңди, кулагыңдагы сөйкөңдү алып, тырмагыңдагы боёгуңду өчүрүп, бутуңду бүгүп олтур. Бул жердегилерден, ата-энеңден, жаныңда олтурган эжеңден намаз окуганды сурап" деди. Мен алардан өтүнгөндөн кийин "кызым ордуңдан туруп, келме айтып, үйгө барып намаз оку, жаман адамдардын жанына жолобо, ата-энеңди, туугандарыңды ичимдик ичпе деп айт" деди да жоголуп кетти. Шакек, сөйкөлөрүмдү чечип ыргытып, үч күн мурда эмнеге ичтиң деп эжемди чапкылап, келме жазылган тактайды карап, көз жашымды төгүп ыйлап мечиттеги молдолордун баарын таң калтырыптырмын. Аны өзүм билбейм. Ошондо менин маңдайымда дем салган чет өлкөдөн дааватка келген молдо башын чайкап бир нерселерди айтты. Тилекке каршы, котормочусу алыс жакка кетип, анын айткандарын эч бир адам которо албай койду. Арадан бир жума өткөндөн кийин ошол адамды издеп мечитке барсак калыптыр. Молдонун эмне деп айтканын бизге табышмак бойдон калды. Ушундай окуя болгон күндөн тартып жанагы карыя дайыма артымдан ээрчип жүрчү болду. Жамандыктан кадимкидей коргоп турат. Күнүгө эртең менен бетимден сылап ойготот. Мен туура эмес нерсе жасап жатсам өңү карарып ак сакалы кыйшыя түшөт. Бир жолу жолдо баратсам бир аялдын 2 сом акчасы түшүп калды. Алып барып бериштен эринип, сумкама салып койдум. Жанагы карыя дароо пайда болуп, "кызым, атым жок келдим, таап алган акчаны ээсине кайтар, мен атымды минип алайын" деп суранды. Ошол жерде аябай коркуп кетип, эженин артынан чуркап, эки сомун алып барып бердим. Калчылдап жатканымды көрүп эже таң кала түштү. Качан гана эки сомун колуна берип бурулганымда өзүмө келдим. Бир ирет бул эмне экенин көзү ачыктарга барып билип келейин, балким менин да көзүм ачылаттыр деген ой менен жолго чыктым. Көзү ачыктын үйүнө жетейин деп калганымда дагы пайда болуп, "кайт артыңа бул жакка баспа мен өлүп калам" деп далымдан таптады. Шарт кайрылып, кайра үйгө жеткенче калчылдап, тер басып кетти. Арадан үч жыл өтсө да ошол абышка жоголгон жок. Дайыма жанымда жүрөт. Бул эмне экенин өзүм да түшүнбөйм.

Жазып алган
Ж.КАЛДАРОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??