п»ї
 Таанышуу жарыясы


  маалымат

ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
Вич-Спид менен ооругандар укугун коргоого киришти.
Адамдын иммунттук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочулардын маалыматы боюнча, ушул жыл башынан бери Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алган 266 адам катталды. Мындай дарттын алды-алуу жана сыркоолорго жардам көрсөтүү үчүн Глобалдык фонд беш жыл ичинде 28 миллион доллар берген.Мамлекеттен жакшы көмөк болбогонуна байланыштуу сыркоолуу адамдар өз укуктарын коргоо зарыл деген чечимге келишип, 27-майда курултайын өткөрүштү. Анда бири-бирине көмөк берүү жана жалпы коомдун бул ооруга карата көз карашын өзгөртүү аракеттерин көрүү зарылдыгы белгиленди.

Кароосуз калган балдарга кесиптик билим берилет
Азыркы убакта ПРООНдун "Кароосуз калган балдарга кесиптик билим берүү" долбоору борборубуздун №18, 91 жана Жаңы-Жер айылындагы 43чү кесиптик сынак лицейлеринин базасында турмушка ашырылууда."Кароосуз балдарга кесиптик билим берүү" долбоорун турмушка ашыруу Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте 2007-жылдын августунда башталган.Окуу мекемелери туруктуу негизде долбоордун алкагында материалдык-техникалык жардам алып турушат. Азыр долбоорду узартуунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө

Депутат К.Кадыров Баш прокурорго кайрылат
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров Башкы прокурордон Түп районунун акими Саматбек Керимкулов менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дүйшөмбиевди мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылат. Депутаттын айтымында, буга 30-майда ички иштер бөлүм башчысынын өзүн сөккөндүгү жана анын тукуругу менен атайын даярдалган адамдардын кийимин тытып кол тийгизгендиги негиз берет. Андан тышкары ички иштер бөлүм башчысынын мындай тартипсиз ишин көрүп туруп унчукпаган аким да жаза алууга тийиш деген депутат жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракети депутаттын кол тийбестик укугу гана эмес адам укугун басмырлады деп билдирди.

Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери
1-июндан тарта жолдо жүрүүнүн жаңы эрежеси күчүнө кирди.
Ага негиз берген токтомду өкмөт ушул жылдын 3-мартында кабыл алган. Жолдо жүрүүнүн эрежелерине жаңы түшүнүктөр менен терминдер кирип, айдоочу менен автоинспекция кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлдү.Жаңы эреже боюнча айдоочунун күбөлүгүн милициянын штаттан тышкары кызматкери менен ыктыярдуу мүчөлөрү текшерүүгө укуксуз. Анча катуу болбогон автокырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча эки тарап өз алдынча макулдашып алууга укуктуу. Ал эми үйлөнүү үлпөт той учурунда же башка убакта машинанын жарыгын күйгүзүп, үнүн катуу чыгарып айдоого же терезеден башын чыгарууга тыюу салынат.

К. Эшенбаев тил комиссиясынан өтпөй калды
Президенттикке талапкер Кутманбек Эшенбаев кечээ кыргыз тил экзаменинен кулап калды. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү талапкер айрыкча жазуу жана көркөм окуудан начар билет, деген тыянак чыгарды. К. Эшенбаев тил комиссиядан өтпөй калган экинчи талапкер. Андан мурунку күнү Азамат Уламаев да кулап калган эле. 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого жалпысынан он төрт талапкер ат салышып жатат. Учурда жер-жерлерде талапкерлер үчүн кол жыйноо иштери жүрүүдө.

Ош облусунан 58 миңге жакын адам чет өлкөгө кетти
Ош облустук миграция комитетинин төрагасы Данияр Төлөновдун айтымында, 2008-жылы райондордон 58 миңге чукул жаран иш издеп чет өлкөгө аттанган. Атайын сурамжылоонун жыйынтыгында, алардын 2000 чактысы гана мекенине кайткандыгы билинди. Булар дагы жыл башынан тартып рынок талабына ылайык жумушчулук кесиптерди үйрөнүп, кайра эле Орусияга кайтышууда. Ошентип, Кыргызстанда ооругандары, чет жерде майып болгондору жана анча-мынча жеке ишкана ачкандары гана калышты. Оштук талдоочулардын баамында, Ата Мекенине кайтпагандардын басымдуулугу - Орусия жарандыгын алгандар. Ошол себептүү бул багытта Кыргыз бийлиги ыраттуу саясат жүргүзбөсө, өлкө калкынын саны барган сайын азайышы күтүлүүдө.

Сокулуктагы авто кырсыктан бир наристе каза болду
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 30- майда Сокулук районунун аймагындагы Манас-Бишкек автожолунда жүргүнчүлөрдү ташыган чакан автобус алдында бараткан КамАЗ жүк ташуучу автоунаасын сүзүп алган. Жыйынтыгында 18 жүргүнчү жаракат алып, 4 жаштагы наристе каза болгон.

Ноокат районуна 80 жыл
Бишкекте Ноокат районунун 80жылдыгына арналган марафон өткөрүлдү.Тарых музейинде уюштурулган бул иш чарага президенттин администрациясынын башчысы Данияр Үсөнов келип, президенттин атынан куттуктап кутучага 50 миң сом салды. Ал эми премьер-министр Игорь Чудиновдун атынан 100 миң сом кошумча кошулду. Белгилей кетсек, Ош облусунун Ноокат району 1928-жылы түзүлүп, аймагында 75 айыл бар.




  ДҮЙНӨ

дүбүрт
Орусияда жапайы кыз табылды
Сибирдеги Чита шаарында туулгандан тарта ит-мышыктын арасында өскөн беш жаштагы кыз сүйлөгөндү билбейт, бирок итче үрүп, мышыкча мыелойт. Кыз учурда чоң ата, чоң энеси менен турат. Алар кызды сыртка чыгарышпайт.
Ооганстанда 35 талиб өлтүрүлдү
Өлкөнүн түштүгүндөгү Забул дубанындагы бомбалоо талибдер кечээ америкалык-ооган биргелешкен кайгуулуна буктурмадан кол салганда башталды. Аскерлердин жана карапайым тургундардын арасында жапа чеккендер тууралуу кабарланган жок. АКШнын армиясы коңшулаш Пакия дубанында да айыгышкан салгылашта 35 талиб жок кылды деп маалымдады.

Индонезиянын сууларындагы бийик тоо
Жергиликтүү илимпоздордун айтымында, Суматра аралына жакын жерде бийик тоо табылды.Тоонун бийиктиги 4 миң 600 метр, туурасы 50 чакырым, чокусу суу бетинен 1300 метр төмөн жайгашкан.

Пакистанда жарылуудан тогуз адам мерт болду
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кечээ Пакистанда эки ирээт болгон бомба жарылуусунан тогуз адам каза таап, 100дөй киши жаракат алды. Бул жарылуулардан көп өтпөй эле, шаардын четиндеги полиция бекеттеринин биринде жанкечти жардыруу жасаган. Ал жерде төрт полицей мерт болду. Мындан бир күн мурда Лахор шаарында жанкечтинин чабуулунан 24 киши каза таап, 300дөйү жаракат алган эле. Бул үчүн Талибандын Пакистандагы бөлүмү жоопкерчилик алып, чабуул өкмөттүк армиянын Сват өрөөнүндөгү операциясына жооп катары уюштурулганын билдирди.

Сахалинде талоончулардын бандасы колго түштү
Россиянын Сахалин облусунда негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынан турган талоончулардын бандасы кармалды. "Интерфакс" агенттиги билдиргенине караганда, топтун башчысы кылмыштуу иштери үчүн келгендерди аймакка атайын чакырып турган. "Кыргызстандын иштебей жүргөн 4 жараны, Өзбекстандын 2 жараны кармалган. Алар 22 жаштан 27 жашка чейинкилер деп түшүндүрүштү облустук ИИБде. Кармалгандар Түштүк Сахалин шаарынын дүкөндөрүнө нечен жолу кол салган деп шектелүүдө. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.




  КРИМ-ИНФО

Окуучу кызды сатууга аракет кылган класс жетекчи
Сузак районунда 7-класста окуган Гүлжамал аттуу кыздын башынан өткөн окуя жөнүндө кечээ Жалал-Абад университетинде болгон жыйында айтылды. Андагы маалыматка ылайык, аталган кызды класс жетекчиси коркутуу менен бейтааныш автоунаага салып жиберген. Кыз Ошко жеткирилип, белгисиз бирөөлөрдүкүндө бир нече күн кармалып турган. Ал тиешелүү документтери жасалып бүткөндөн кийин Россия же Казакстанга сатылаары тууралуу уурдап барган кишилердин өз ара сүйлөшкөнүн уккан. Гүлжамалды уурулардын колунан белгисиз адам айткан дарек менен Ошко барган апасы бошотуп алган. Кыздын апасы Базарова Махабархандын айтымында, ички иштер бөлүмү менен прокуратурага берген арыздан жыйынтык чыккан эмес. Окуучу кыздын класс жетекчиси эне менен кыздын айткандарын төгүнгө чыгарууда. Облустук прокуратура Базарованын экинчи арызынан кийин Сузак районунда кылмыш иш козголгонун билдирди.

Кызыл-Кыяда укук коргоо уюмунун кеңсеси жарылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында укук коргоо уюмунун кеңсеси жарылган. Кырсык 28-майда, саат 4кө жакын болгон. Жарылуунун толкуну менен кеңсенин эшиги имараттан эки метр аралыкка ыргып барып түшкөн. Жыйырма метрге чейин аралыктан айнектердин сыныктары табылган.Өрт өчүрүү кызматын жана милицияны кеңсе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургундары чакырышкан. Кырсык чыккан жерди карап чыккандан кийин карасанатайлар кеңсенин терезесин сындырышып, имаратка бензин чачышып, өрт коюшкандыгы айкын болду.
Өрттөн укук коргоо уюмунун кеңсесинин бир бөлүгү жапа чегип, алты компьютер жараксыз болуп калды. Зыяндын жалпы суммасын "Эл сайттын" президенти, Кызыл-Кыя шаар кеңешинин депутаты Муктар Миркадыров имаратты оңдоого чыгымды эске албастан болжол менен 2 миң долларга баалады.
Муктар Миркадыров кырсык "буйуртма мүнөздө" болду деп эсептейт. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүүдө.

5 жыл ичинде жол кырсыгынан 4 миң 985 адам каза тапты
Кыргызстанда 2003-жылдан 2007-жыл аралыгында 18 миң 975 жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 4 миң 985 адам каза таап, 23 миң 799у ар кыл даражадагы жаракат алышкан. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Болот Орозбеков билдирди. Ал акыркы беш жыл ичинде республикада жол кырсыгынын жогорулашын белгиледи. "Бул биринчи кезекте автомашиналардын көбөйүшү, айдоочулардын сабатсыздыгы ,жол эрежелерин билбестиги, мас абалында рулга отурушу себеп болууда" - дейт Б.Орозбеков.

Маалыматтар "Акипресс", "Азаттык", "Кабар" сайттарынан алынып даярдалды.
Ж.Маматбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??