п»ї
 Таанышуу жарыясы


  БИлегиң оң

Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
Айымдардын көпчүлүгү үйлөнгөндөн көп өтпөй мамилелеринин сууп калгандыгын айтып, нааразы болушат. Ал тургай күйөөлөрүн башка бирөө менен алмаштырып жатат-деп шектенишет. Арга издеп ар түрдүү амалдарды жасап, бүбү-бакшы, көзү ачыктарга каттап, же болбосо чуу көтөрүп уруш чыгарышат. Ал эми мындай аракеттер менен үй бүлө мамилесин чыңдабай эле тескерисинче уратып алышыбыз мүмкүн. Анын бетин ары кылсын деңизчи, бирок еврейлер айткандай эртеңкинин камын бүгүн көрөлү. Сиз бул майда, бирок маанилүү кадамдарды эстен чыгарбай, эртең менен тургандан эле баштасаңыз болот. Мисалы: жолдошуңуздан жарым саат эрте туруп, тамак даярдап коюңуз. Ар дайым чогуу тамактанганга аракет кылыңыз. Жумушка киер кийимин башкача айтканда галстугунан байпагына чейин кечинде эле даярдап койгонуңуз оң. Эмнени киерин билсеңиз да кийинип жатканда бир сыйра көз жүгүртүңүз. Ал эми өзүңүз жөнүндө айта турган болсок, эч убакта түгөйүңүздүн алдында өзүңүздү жүдөө алып жүрбөңүз. Жүдөө көрүнүшүңүз менен анын көз жаздымында калып, сыртка чыкканда куурчактай жасанган айымдарга кызыгуусуна өзүңүз себепкер болосуз. Ошондуктан ар дайым назик, сергек жана тыкан кийингенге аракет кылыңыз. Дагы бир маанилүү нерсе карды ачка эркек менен маанилүү иш жөнүндө сүйлөшөм деп далалаттанбай эле коюңуз. Андан көрө батырак кардын кампайтууга киришиңиз. Эркектин жүрөгүнө кетчү жол, анын курсагы аркылуу өтөт дегенди унутпаңыз. Андыктан жактырган тамагын татынакай айымынын колунан жеген мырзаңызга асмандан айды алып бер десеңиз да тескери жооп укпайсыз. Ар дайым аны мактап, комплимент айтып туруңуз. Өзгөчө дос-тааныш, анын туугандарынын көзүнчө. Эми жубайлардын жашоосунда негизги ролду ойноп. сиздердин мамиленин чыңдалуусуна бирден-бир себепчи болгон төшөк маселеси жөнүндө сөз кылсак. Муну сиз ич кийим тандоодон баштаңыз. Эсиңизде болсун, жакыныңызга унутулгус түн тартуулайм десеңиз эч убакта боз (бежевый)түстөгү ич кийимди албаңыз. Ошондой эле күрөң, жашыл, көк ич кийимдериңизди шкафыңыздан чыгарбай эле койгонуңуз оң. Алар канчалык кооз болсо да эркектер дүүлүкпөйт. Ал эми пушту кызыл (розовый), көгүш (голубой), сары-жашыл (салатовый) түстөгү ич кийимдерди тандаганыңыз да туура эмес, бул түстөрдү адистер "кычкыл түстөр" деп аташат. Эгер сиз жогорудагы түстөрдөн айланып өтүп, ак, кара, кызыл түстөгү ич кийимдерди сатып алган болсоңуз жаңылышкан жоксуз. Себеби бул классикалык түстөр, сиздин келбетиңиздеги кемчиликтерди жаап, артыкчылыктарды ашыра көрсөтөт. Кызыл түс өзгөчө дүүлүктүрүү касиетине ээ, андыктан аны тез-тез же күндө кие бербеңиз. Мындай кийимиңиз менен сиз таарынышып кеткен учурларда же дагы бир маанилүү убактарда көрүнгөнүңүз дурус. Ошондой эле сиз тандаган ич кийимдер жука, назик кездемелерден тигилген болсун. Ич кийим десе эле трусы, бюсгалтер эмес, табитиңизге карап, түрдүүлөрүн алсаңыз болот. Ошондой эле кумарга батарда сиздин денеңиз таза, сергек болуп, билинер-билинбес атыр жыттанып турганы талапка ылайык. Негизи эле сутканын бардык саатында жаккан атырыңыздан азырак себинип жүрүңүз. Тартынчак болуунун бул убакта таптакыр кереги жок, тескерисинче ачык жана назик болуңуз. Жолдошуңузга комплимент айтууну бул жерде да унутпаңыз. "Сенин көздөрүң сулуу" же "Мүнөзүң абдан жагат" эмес бир аз дүүлүктүрүүчү мактоо сөздөрүн табыңыз Сылап-сыйпап эркелетиңиз же эротикалык массаж жасап берииңиз. Ал эми кумар убагында активдүү болуңуз, ошол эле убакта эки тизгин бир чылбырды колго алып, үстөмдүк кылбаңыз. Сиздин ар бир жасаган кыймыл-аракетиңизге түгөйүңүз кандай мамиле кылып жатканын байкап туруңуз, мунун өзү сизге "шпоргалка" болот. Ал эми баары бүткөн соң айымдар көпкө кучакташа эркелешип жатып, андан соң сууга түшүп келип уктаганды жактырса, эркектер тескерисинче тура калып шам-шум этип, курсактарын кампайткылары келишет же дароо уйкуга киришет. Бул көрүнүшкө сиз таптакыр таарынбаңыз себеби сиздин аракетиңиздин ишке ашканын далили экенине шек жок.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??