п»ї
 Таанышуу жарыясы


  саламат плюс

Кулак, мурун, тамак оорулары
"Башы оорубаган адамдын кудай менен иши жок" дегендей, качан гана оору күч алганда бейтапканага чуркап калаарыбыз ырас. Кулак укпай, жыт сезбей, даам татпай калгандын өзү чоң кордук десек жаңылышпайбыз. Ар бир ооруну алдын алууга чакырган "Саламат плюс" рубрикасынын бүгүнкү кадырлуу коногу Улуттук госпиталдын кулак, мурун, тамак ооруларынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору Сулайманов Жумабек Сулайманович болду.

"Айымдан арыз түшкөндө бир жылмайып алганбыз"
Ар бир адамдын түшүнүгү башкача болот эмеспи. (Күлүп) Мен отуз жылдан бери ушул тармакта иштеп жүрүп бир күлкүлүү окуя эсимден кетпейт. Башкаларга караганда биздин өзгөчөлүгүбүз бар. Баш оорусуна, көз оорусуна операция жасаарда врачтар оорулуунун баш жагына туруп дарылашат. Невропотологдор болсо балка менен бутка чапкылап, аркы-беркини сурап көрүшүп нервин текшеришет. А биз болсо кулак, мурун, тамактарды караш үчүн чекеге жарык бере турган аппарат тагабыз. Ал болсо келген жарыкты керектүү жерге берип турат. Мурун, кулактын тешиктерин көрөбүз. Жарык оң кулактын тушунда берилиши керек. Анан биз операция убагында башка врачтардан айырмаланып, оорулуунун маңдайына түз отурабыз. Өзгөчө ангинаны алганда операцияны отургузуп жасайбыз. Биздин шарт боюнча отурганда оорулуунун эки тизеси врачтын эки тизесинин ортосунда болуш керек. Андай шартта отурбаса операция жасаганга ыңгайсыз болуп калат. Бир жолу мындан төрт-беш жыл мурун бир айымга операция жасалды. Бардык оорулууга ушундай отуруш менен эле операция жасалат да. Анан ал айым экинчи күнү башкы врачка арыз жазыптыр. "Мага операция жасаган врач тийишти. Операцияны кантип ошондой отурушта жасасын. Өзүм ооруп жатсам ал мага жабышат" деген сыяктуу арыз түшкөн. Баарыбыз каткырып ал айымга шартты түшүндүргөндөн кийин гана ыраазы болуп, жылмайган бойдон үйүнө кайткан. Ошондуктан биз бул нерсени алдын ала айтып түшүндүрбөсөк, күлкүлүү арыздарды да жазып жиберишет.

гайморит
- Кулак, мурун, тамак оорулары бири-бири менен тыгыз байланышта болот. Көбүнчө булар сасык тумоодон кийин пайда болот. Андан кийин суук тийгенден улам күчөп баштайт. Мурун оорулары биринчи орунда турат. Ошол суук тийген маалда мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт. Башталышы ренит, андан кийин синуцит деп коёт. Аны бөлүп карасак гайморит. Көпчүлүк эл мурун ооруларынын баарын гайморит деп атай беришет. Жалпы жонунан синуцит деп аталат. Мурундун ичиндеги сөөкчөлөрдө кеңилжээр, көңдөй жерлер болот. Чекесиндегилерди франтит, жаак беттери ооругандарды гайморит деп коёт. Оорунун ар кандай түрлөрүнүн ичинен эл арасында тараганы гайморит. Суук тийгенде мурундагы кеңилжээрлерге суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат. Аны гайморит ириң деп атап, (которальный гайморит анча-мынча суу толгону) мурун оору, өнөкөт болгон оору деп да өз ичинен бөлүнөт.
Эгерде тешикчелер толук бүтөлбөй, жакшы иштесе суулар көп чогулбай, акырындык менен өзүнөн-өзү жакшы айыгып кетет. Тешикчелер иштебей суу толгондо күчөп олтуруп, гаймориттин күчөтүлгөн маалына астеитке туш болот. Көпкө чейин дарыланбаса ириң сөөктөргө өтүп кетет да беттер шишийт. Кеңилжээрлер ооруган башка, мурун оорусу башка болгону менен экөө тыгыз байланышта. Мурун оорунун башталышында деле ысып температурасы жогорулап, башы ооруп, мурун дем алалбай калат. Бул учурда биз биринчи рентген жасап, кандай оору экенин көрөбүз. Суу толгон жерлери рентгенде бозоруп калат. Бозоргон учурда биз оорулууга пункция жасайбыз деп сунуш кылабыз. Бирок эл арасына "Гайморит болуп мурунду бир тештиргенден кийин өнөкөткө айланып, кайра-кайра кармай берет" деген туура эмес түшүнүктөр тарап кеткен. Бул туура эмес. Албетте, кээ бир врачтар да оорулууга же болбосо тууган-тааныш билиштерине "тештирген болбойт, жөн гана дарылаткыла" деген сыяктуу кеңештерин беришет. Гаймориттин курч оорусунан башкасын пункция менен тештирип, негизгиси ириңди тазалаш керек.

"Булак" аталган кулак оорусу
Мурундан кийин экинчи орунда кулак оорусу турат. Бүгүнкү күндө кулак оорусу менен кайрылгандар арбын.
- Курч кулак оорусу (острый отит)
- Өнөкөт кулак оорусу (отит)
Кулак- тышкы, ортоңку, ички кулак болуп үчкө бөлүнөт. Отит дегенде эле кулактын ортоңку бөлүкчөсү ооруп жатканын билебиз. Айыл жергесинде балдар жакшы каралбайт. Бул да суук тийгенден, мурун бырылдагандан улам пайда болот. Адам чимкиргенде мурундун эки таноосун тең жаап чимкирет. Бул туура эмес, себеби мурундагы инфекциялар кулакка кирип кетет да сезгене баштайт. Көп учурда сасык тумоо болуп жаткан адамдын мурунунан суу агып, катуу чимкиргенде кулактары чыр-пыр болуп ооруй түшөт. Муну менен да кулак оорусунун байланышы болот. Кулак менен мурунду байланыштырган түтүкчө тешиги толуп калат да ириңге айланат. Ал эң бош жер аталган чел кабыкты тешип, кулактан ириң ага баштайт. Көп учурда өнөкөт кулак оорусу пайда болгондо өз убагында врачтарга кайрылбастан өздөрү чала карап, дарылай башташат. Ал учурда тешилген тешикче тешик бойдон кала берет. Кээде ал тешикче жабылып калат. Ал эми жабылбай калгандан кийин кайра-кайра ириң ага берет. Ошондуктан кыргыздар илгертеден өнөкөт кулак оорусун "булак" деп атап коюшчу. Булак сыяктуу ириң топтолуп куюла берип, кайра токтоп калат. Мурун начар дем алса кулак тешикчесине терс таасир берет да, кулак түтүкчөсү начар иштеп, суулар толуп калганы ошондон болот. Катуу бир нерсе чайнаганда жылганда кулкулар кулактын ичиндеги түктөргө тийип, кулдураган сыяктуу үндөр угулат. Кулдурагандын башкы себептери сасык тумоо учурунда өзүн жакшы карабаса, кулактын ичи чуулдап, кошумча үндөр пайда болот. Бул эң чоң коркунучтуу симптом. Угуу нервге суук тийген маалда начар уккандан сырткары, кошумча үн угулуп баштаса сөзсүз врачка кайрылыш керек. Ошол учурда колго албаса кийин укпай калышы мүмкүн. Тешилген өнөкөт оорусун хирургиялык операция жолу менен жамап койсок, үн өзгөрүүсү калыбына келип, укканы жакшырат. Эгер нерв сезгенүү болсо операция жасап тешикти жамаган менен нерв үндү жакшы кабыл алалбай калат. Анда операциянын 25-35 миң долларга чейин жасалган эң кымбат башкача түрү колдонулат.
Кулагыңызга
күмүш сырга
Булак болуп ириң агып жаткан учурда эч качан спиртти жана перекисти колдонбош керек. Себеби кулактын чел кабыгынан өтүп, кулак менен мурундун ортосундагы тешикче түтүкчөсүн кошо күйгүзүп салат. Ал учурда жел өтпөй калат да, кийин пластика операцияларын жасаганга да тоскоолдук болот. Чел кабыктын бери жагы менен ары жагындагы аба басымы бирдей болуп турушу керек. Аба келбеген тешикче түтүгү чыңалып кайрадан айрылат же чел кабык жабышып баштайт. Ал учурда адамдын кулагы укпай калат. Укпай калгандарды уктуруу боюнча Кыргызстан боюнча пластикалык операцияларды мен жасап жатам. Кулак оорулары менен көбүнчө орто муундагы адамдар кайрылышат. Улуу муундар жаш өзгөчөлүктөрүнө карап эми бизге эмне кереги бар дегендей мамиле кылышат. Анын үстүнө кулакка операция жасаганга кымбат гупка, протецтер, аппараттар колдонулат.
Наркозсуз жасалган операциялар
Сөөк чирип мээге чаап кетсе, радикальный операция жасалат. А эгер мээге чаппай эле ошол орду чирий баштаса, анда тиш дарылаган сыяктуу эле тазалап ордун толуктайбыз. Мен операция учурунда наркоз бербей эле новакаин дарыларын тамызып, укол сайып наркозсуз эле жасап келем. Шейшемби, шаршемби, жума күндөрү операция жасалат. Эгерде чоң операция болсо, бир күндө бирөөнү гана жасайбыз. Майда операциялардан бир күндө он бешке жакынын жасаганга туура келет. Бизде операциясыз өткөн күндөр жокко эсе. Кулакты уктурганга жасалган операцияларды микроскоп менен жасайм. Орто эсеп менен бир жарым саатка созулат. Кепилдикти жүз пайыз деп айталбайм, себеби андайды бир кудай билет. Мен жетимиш пайыз кепилдик бере алам. Эгер мен жасаган операция убагына жетпей кайталана турган болсо, кайра акысыз дарылап берем.
Кулак тазалоону
билесизби?
Кулак жакшы угуш үчүн атайын витаминдерди сунуштабайм. Көнгөн тамакты туура пайдаланып иче берүү зарыл. Угуш үчүн биринчиден мурун жакшы дем алыш керек. Экинчиден сасык тумоо учурунда кулактын жел кире турган түтүкчөсү иштеп турушу абзел. Ал иштеп турганда кулак үндү жакшы кабыл алат. Мончодон кийин кулактагы кулкулар жибийт. Ошондуктан атайын кулак тазалагычтарды пайдаланып бир жумада, он күндө же болбосо бир айда бир тазалап туруш керек. Кээ бир адамдардын кулагы мончодон кийин укпай калат. Андай учурда кулакка толуп калган кулкуну самын эзилтип, кулактын тешиктерин жаап калат. Үндү өткөрбөй коёт. Кулку толуп чала тазаланып улам-улам үстүнө жыйыла берет.
Ангинаны алдын алуу жолдору
Тамак ооруларын көбүнчө ангина деп коюшат. Ангина деп курч ооруган тамак безди айтышат. Бул дагы өнөкөт жана курч болуп бөлүнөт. Фарингит жана ангинанын өнөкөт транзилити. Ангина болгондо тамактын капталдары ооруйт. Эгерде тамактын ортосу ооруса ангинага кирбейт. Эки капталдан бири-бирине өтүп кетиши да мүмкүн. Кайсыл жери ооруп жатканын билип, туура диагноз коюш керек. Ангинанын түрлөрүнө; ангинанын башталышы (Катаральный ангина 4-5 күн ооруйт), (воликулярный ангина) андан кийинки күчөтүлгөнү, (Воликулярныйда дене 40-41 градус ысыйт, тамак ичалбай калат). Алгач оорулуунун ангинага байланышкан башка оорусу барбы, жокпу, карап чыгыш керек. Мисалы жүрөктүн тушу ооруса жүрөк менен байланышы бар. Же болбосо муундар ооруса, ревматизм менен байланышы бар. Эгерде андай байланышы бар боло турган болсо бир айдан кийин ангинаны алып салыш керек. Ал эми андайы жок жөн гана тамактын ортосу гана ооруй турган болсо фарингит. Аны дарылаганда антибиотиктерди пайдалануунун кажети жок. Анткени ал жеңилирээк болот. Болгону мурун менен гана дем алып калат. Ал учурда алдын-ала сактанып, бутту жылуу кармап, газдалган суусундуктарды ичпей, ачуу, кычкыл, муздак тамактарды жана өтө ысыкты пайдаланбаш керек. Кечкисин үч-төрт күн моюнга арак менен компресс жасап, бир-эки таблетка аспирин ичип койсо оору өтүп кетет.
Тамак бездеринин пайда болушу
Тамакка без чочуганда органикалык бузулуу жана функционалдык бузулуу деген бар. Кээ бирлер ангинасы жок эле фарингит болгон болсо, үйдөн дарыланып же бакшыларга кайрылышат. Бул функционалдык бузулуу болуп саналат. Эгерде ал жакка ишеним менен барса айыгып кетиши мүмкүн. Мен аларга жүз пайыз ишенбегиле деп айтпайм. Адам өзүн ишенимге байлап ниет менен барса, организм дагы ишенимге жараша жооп берет. Майда-чүйдө бырылдап, мурун бүтөлсө жардам берсе болот. Ал эми антологиялык ооруларды алар дарылай алышпайт. Көп учурда бака, жылан жеп, ар кайсы жерге сыйынгандан майнап чыкпайт. Шишик пайда болгондо үн бүтүп суук тийди деп сары майды сүткө салып ичишет. Шишиктин сыртындагы шишиктер гана кичирейип үн жакшыра баштайт. Анан киши ага ишенип айыгып калдым деп ойлойт. Акырындык менен рак шишиги билинбей пайда боло берет. Алгач эч нерсе байкалбаганы менен аягында дем жетпей үнү кырылдап калат. Кээде врачтардан да ката кетет. Жаңылып диогноз коюп, шишиктин түрлөрүн туура эмес баапдап алгандары да болгон.

Акыл Карачач







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??