п»ї

  Обон собол

Cүйүктүүңүз актыгын башкага
арнап койсо үйлөнөт белеңиз?
Албетте, ар бир адам өмүр бою кол кармашып, бирге түтүн булатып жашай турган сүйүктүүсү менен балдай таттуу мамиледе жашап өткүсү келет. Туура, бул жерден дароо кантип балдай таттуу болсун? деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени, беш манжа кандай тең эмес болсо, адам баласынын жашоо тагдыры да ошондой болоорунда шек жок. Мына ушундай сандаган сансыз суроолордун бирине белгилүү бойдок мырзаларыбызга кайрылдык. Анын негизги себеби, болочоктогу жубайын кантип тандап, кантип бал татыган жашоо курушу керек деген ойдун негизинде. Бул маселеге түздөн-түз жашоонун булагы болгон алгачкы түн дагы өз таасирин тийгизеби деген ой менен бул темага кайрылууга туура келди.

Ома:
- Түп-түз гана "үйлөнөм" деп жооп берем. Себеби, азыр биз 21-кылымда жашап жатабыз. Экөөбүз бири-бирибизди сүйүп, түшүнүшүп жаткандан кийин андай мамиленин эмне кереги бар. Кыскасы, бүгүнкү күндүн жашоосу менен жашагым келет. Анткени мен сүйүүдөн жаралган баламын. Ата-энем дагы түшүнүктүү, сүйүүнү баалай билген адамдардан. Баарын орду менен чечкенге аракет жасап турушат.

Канат Кадыржан, Продюсер:
- Кантип баарын билип туруп үйлөнүп алууга болот. Ар бир жигиттин биринчиден намысы бул маселеге жол бербесе керек. "Мага чейин кимдер менен мамиле түздү экен" деп ичтен сызып, кандай гана ойлорго чөмүлөсүң. Ошондуктан таза сүйүү сакталып калыш үчүн, өмүр бою сендик боло турган кыз менен баш кошкон туура го дейм. Ачыгын айтканда кыздык намысы бар кыз менен кол кармашкым келет.

Ильяз
Абдыразаков:
- Кызык, ошол кантип болсун? Эч кандай андай болууга жол бермек эмесмин. Кантип, аны менен өмүр бою бирге жашап өтө аласың. Баарын унуткарып жашаган күндө да жүрөгүңдүн бир жеринде кара так калаарында шек жок. Анан ортодо уруш-талаш жаралып, ажырашып кетишиң мүмкүн. Ошондуктан сүймөктөн эмне болсоң дагы келечектеги жубайыңды өз абийири менен алсаң сенин да жүзүң жарык анын да жүзү жарык болбойбу. Андыктан мен абийири бар, намыскөй "кызга" үйлөнгүм келет.

Айдин Шер:
- Анын эмнеси бар экен үйлөнө бермекмин. Эң биринчиден кыз-жигит ошол учурда бирин-бири туура түшүнсө, үй-бүлө куруп кетсе болот да. Мен бул маселеге түз көз караштамын. Андай-мындай деп жаман сөз айтуудан алысмын. Балким, ал кыздын мындай акыбалга калышына кайсы бир жигиттин запкысы тийгендир. Ар кандай болот да, эми. Анын үстүнө учурда биздин замандын талабы дагы мурдагы мезгилдерге караганда такыр башка эмеспи.

Мирбек Атабеков:
- Эгерде менин сүйгөн кызым мени менен сүйлөшүп жүрүп, ошол эле учурда башка бирөөгө кыз намысын арнап койгон болсо, анда аны эч качан кечирбейт болчумун. Канчалык сүйүп-күйүп турсаң дагы аны кечирүүгө жүрөк жибибесе керек. Ал эми таанышканга чейин ошондой кырдаалга туш болуп калган болсо, башкача ой жүгүртмөкмүн. Балким, ал кыздын тагдырына жигиттердин таасири тийгендир, дагы ушул сыяктуу. Эгерде сүйүп калсам айла жок үйлөнмөкмүн. Бирок, баарына кылдаттык менен мамиле кылган оң го дейм. /й-бүлө куруу оңой-олтоң иш эмес экенин жакшы түшүнөм.

Даниель:
- Андай болсо ал кызды эч качан алмак эмесмин. Кызык суроо экен мм...м... /йлөнгөн күндө дагы эки ортодо ошонун айынан келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Анан кантип үй-бүлө очогун улап кетүүгө болот. Бул жагдайга ата-энем деле жол бербейт деп ойлойм. Өзүңдү гана эмес калкалап жүргөн ата-энени кошо ойлой жүргөн жакшы го. Кыргыз болгондон кийин салттуу ырым-жырымдарды сактап, үйлөнсөм деген тилектемин.

Алихан:
- Мен али жашмын. Учурда сүйлөшүп, мамиле куруп жүргөн кыздарым жаш жана таза кыздар экенин жакшы билем. Кудай сактасын, мындан кийинки сүйлөшүүлөрүм дагы ушундай бир калыпта гана өтүшүн каалайм. Сиз айткандай таза эмес кыздарга жолукпасам экен. Сөздүн кыскасы актын иши ак болот эмеспи. Андыктан ыймандуу, акылдуу кызга үйлөнгүм келет.

Ильяз Андаш:
- Сыртымдан күлүп-жайнап жүргөнүм менен чындыгында мен катуу адаммын. Ошон үчүн мындай көрүнүштөргө каршы экенимди билдирип кетким келет. Мусулман болгондон кийин ак иш менен үй-бүлө курган туура эмеспи. Билбейм, эми "Сүйүүнүн көзү сокур" деп коюшат го. Анын сыңарындай сүйүүм эле сокур болуп кетпесе...




Борончу Кудайбергенов "пираттар" менен күрөшөт
Замандын талабына ылайык жашоодо кандай гана өзгөрүүлөр пайда болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Акыркы мезгилдерде DVD, дисктер ар бир үйдөн орун алып, ал аркылуу бардык ырбы, кинобу эл арасына тез тарап жатканы маалым. Бирок, ошол эле учурда дисктин сапаттуусу да, сапатсызы да сатылып, карапайым калк мүмкүнчүлүгүнө жараша колдонуп келаткан. Бул маселеге Борончу Кудайбергенов каршы туруп, сапаттуу диск чыгаруу максатында "Asia records" деген компания ачып, учурда иш алып барууда.

- "Пираттар" менен күрөшүү жаатында жеке компания ачыптырсыз. Анын негизги максаты эмнеде?
Мисалы, биз базар аралап кетип бара жатып, сатуучулардан автор катары өзүңдүн чыгармаңды сурасаң "кааласаң сатып ал" деп жооп кайтарып беришпейт. Бул жерде түшүнбөстүктөр өтө көп. "Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат" дегендей "пираттар" чыгармачыл адамдарда автордук укук бар экенин биле беришпейт. Менчик деп түшүнүшөт окшойт. Негизи бүт өлкөлөрдө лицензияланган диск бар, бир гана бизде жок. Негизи ар бир артсит өзүнүн чыгарган чыгармасынан акча алыш керек. Ар бир адам өзүн камсыз кылууга тийиш эмеспи. Бизде авторлордун укугун коргогон мекеме ("Кыргызпатент") бар. Мисалы, ырчынын бир альбомун даярдап ырларын дискке чыгарыш үчүн биз аны "Кыргызпатентке" алып барып менчиктештиребиз. Суммасына жараша авторго, обончуга, аткаруучуга, акынга 8 пайызын ылайыгына жараша төлөп беребиз. Диск эл арасына тарай электе өзүнө берип турабыз. Ар бир ырчынын концерти болуп жаткан мезгилде аткаруучу башка бирөөнүн ырын ырдап чыкканы үчүн авторго акы төлөп туруш керек. Дагы айта кетчү нерсе сатыкка чыккандан кийин да ар бир сатылган дисктен "Asia Records" компаниясы менен түзүлгөн келишим аркылуу акча каражат алып турат. Ошон үчүн азыртадан ырчылар менен түздөн-түз иштешүүгө өттүк. Алар кандай жаңы ыр, клиптерди тарттыраары менен дароо бизге алып келип берүүгө тийиш. Учурда 130 ырчы менен келишим түздүк.
- "Пираттардан" канип кутула аласыз? Аларды толук тыйып салууга мүмкүнчүлүк жетеби?
- Автор компанияга өз укугун берип жаткандан соң, ошон үчүн мен укук ээси катары ар бир базардагы пираттык жол менен сатылып жаткан дисктерге каршы, ошол райондун структурасына карай турган каржы полициясы, орган кызматкерлери менен бирге иш алып баруудабыз. Биз мыйзамсыз сатылып жаткан дисктерди сатыктан чыгарып жыйнап кетип, акт түзүп, "Кыргызпатентке" экспертизага алып барып беребиз. Кыргыз патент "мыйзамсыз диск" деп таап жыйынтык чыгарып, сотко өткөрөт. Эң негизгиси өз кызыкчылыгы менен бирөөнүн эмгегин пайдаланып, иш алып барган туура эмес да. Уурулуктан айырмасы жок болуп жатпайбы. Ошон үчүн алар да сот алдында жооп берет. Ошондуктан сатуучулар биз менен келишим түзүп, уруксаат алыш керек. Лицензияланган диск саткан сатуучуларды кызматкерлер кайра-кайра текшеришип, убара кылышпайт. Бир жылдап тапкан акчасын бир күндө жоготуп алуу аларга деле кыйын да. Андыктан сатуучулар биз менен иш жүргүзүшсө алар өз жолу менен кете берет. Себеби, сатылып жаткан дисктен сатуучу эмгегин алат.
- Кытайдан келишимтүзүп диск алып келип, бул жактан жаздырат турбайсызбы. Ошого жараша акчасы да жогору болсо керек?
- Мисалы, алуучу эки арзан диск алган күндө да анысы бир көргөндө чийилип, көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Концерт, кинолорду сапатсыз камералар менен жашырынып тартып алышып, элге толук үнү угулбай көрүнбөй эптеп жетип жатат. Себеби, ал сапатсыз. Кытайдан дискти атайын келишим менен алдырабыз туура . Дисктин өзү эле кырк сом турат. Мунун катардагы арзан дисктен айырмасы кырк жылга чейин пайдаланууга болот. Ошон үчүн элге сатыла турган баасы да бир аз жогору болот.
- Элдин калың катмарынын чөнтөгү дал ошол "пираттар" чыгарган дискке туура келет эмеспи. Эл арзанына эле карашат го?
- Туура, бизди элдин баалабагандыгы. Башка эмне айта алам. Эгер талантын сүйүп, кадырлап-барктап жүргөн ырчысы үчүн акчасына да карабай алгандар бар.
- Алдыда кандай пландар бар?
- Кыргыз патент менен мэрия биргелешип 19-июнда эски Ала-Тоо аянтында кечки саат 7 де белгилүү ырчы, куудул, өнөр адамдардын коштоосунда "Против пиратство" акциясы өткөрүлөт. Ал жерден мыйзамсыз жол менен жасалган дисктер талкаланат. Буга чейин элдер "Кыргызпатентке" жараксыз беш диск өткөрсө, бир лицензияланган жаңы диск кайрып алат. Ошондуктан үйлөрүндө чогулуп калган дисктерди бул жакка алып келип жаңыга алмаштырып кетсе болот.


Р. Алымкулова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??