п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  кыргыз шоу дүйнөсү

Алтынбек бээ сааганды үйрөндү
"Ак кушум" деген ыры менен популярдуу болгон ырчы, обончу Алтынбек Алымов жайлоонун керемет жашоосу менен таанышып келди. Шаардын ызы-чуусунан чарчаган мырза он күндүк эс алууга өзүнүн айылына көздөй жөнөгөн. Жайлоонун таза абасын жутуп, уй сааганды, бээ сааганды үйрөнүп, ак ичип күч топтоп келген убагы. "Өз колум менен бээ саап, уй саап жүрүп, жеңелеримдин эмгегин бааладым" дейт Алтынбек Алымов. Ушундай жакшы эс алуудан кийин иниси Ильяз Абдыразаковдун Россиядагы жеке концертине сапар алганы турат.

Урмат менен Неля шерине тосот
Чыгармачылыктан сырткары сахна жылдыздары үй-бүлөлүк катышта болуп келишет. Алар: Максат Бегалиев, Бакыт Байсариев, Урмат Усенов, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев жана азербайжан улутундагы Фуаттын үй-бүлөсү менен ар айда бир жолу шерине өткөрүшөт. Кызыгы, ар бир үй-бүлө фантазиясына жараша өзгөчө шерине берсе, алар диплом жана кызыктуу белектер менен сыйланат экен. Үчүнчү шерине Урмат менен Неляныкы болгондуктан алар досторун тоо койнуна чыгарып, өзгөчө эс алуу уюштурганы турат. Ал эми шеринени азербайжандык Фуат Дубайдан жыйынтыктайт экен.

Нена төртүнчү орунду алды
Өзгөчө үнү менен эстрада ырчыларынан айырмаланган шайыр мүнөз Нена, жакында Эстонияда болуп өткөн сынактан төртүнчү орунду алып келди. Кыргызда "Жеңиш эмес эңиш" деген жакшы сөз бар эмеспи. Кыргызстандын атынан талантын тартуулап келген Ненага чыгармачылык ийгилик, талыкпаган изденүү каалайбыз.

"Жыйырманчы жаз" фильми тартылууда
"Продакшн" студиясы өздөрүнүн пландарында болжолдогондой майдын үчүнчү декадасында толук метраждуу "Жыйырманчы жаз" аттуу көркөм тасмасын тартууну баштады. Тасманын башкы каармандары Т.Абдымомунов атындагы театралдык окуу жайынын үчүнчү курсунун студенти Осмонов Эржан жана шаарыбыздагы башка окуу жайлардын студенттери Гүлмира, Элнура, Аселдер болушмакчы. Режиссёрдун айтуусуна караганда, фильм төрт бөлүктөн туруп, "Туулган күн" аттуу биринчи бөлүмү 31-майда толугу менен тартылып бүттү. Чыныгы сүйүү үчүн баардыгына макул болуп күрөшкөн улан-кыздарыбыздын турмушу, фильмдин аягында кудайдын буйругу менен көрсөтүлгөнү айтылат. Ал эми фильмдин толук сценарийин гезиттин кийинки сандарында маалымдап турабыз.

Нурзат дипломдун ээси
- Тилинен балы тамган теле алып баруучу Нурзат Токтосунова бир нече кароо сынактарды, тамаша оюндарын жана башка кечелерди жалаң кыргыз тилинде алып барып келген. Эли үчүн эмгек кылууга даяр патриот алып баруучу эми минтип, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан кыргыз тилине кошкон салымы үчүн атайын диплом менен сыйланды. Алган диплому ургаачы болуп, Кыргызстандын маданиятына салымын кошуп жүрө берсин демекчибиз.

Сьездбек балалуу болду
Ар тараптуу таланты менен таанылган Съездбек Искеналиев 30-май күнү уул-кыздуу болду. Тактап айтсак ырчынын жердеши, жакын таанышы болуп жүргөн Ильгиз аттуу мырза Съездбек Искеналиевди өкүл ата кылып шайлады. Экинчи жолу өкүл ата болгон ырчынын кубанычы коюнуна батпай, жаңы үйлөнгөн өкүл уулу Ильгизге жана өкүл кызы Аселге ыроолонгон белектерин тапшырды.

Узун чачтуу кыздар үчүн кастинг
Жаш ырчы Дайыр Исмадияров акыркы учурда чыгармачылыкка катуу киришип, "Жүрөк дарты" аттуу жаңы ырына клип тартуунун алдында турат. Сүйүүнү даңазалаган ырдын клибине катышкысы келген узун чачтуу кыздарга кастинг жарыялайт. Клип жылдызы болгусу келген сулуу кыздардын жаш өзгөчөлүгү 18-25жашка чейин жүргүзүлөт. Толук маалыматты 0555002548 телефон номеринен алсаңыз болот.

Сайкал чач тарач болобу?
"Кыз-Бурак" тобунун эркеси Сайкал Садыбакасова "Ардагым" аттуу жаңы ырына улуттук колоритти сактаган өзгөчө клип тарттырууда. Ошондой эле чачтын өзгөчө жасалгасы айымдардын көркүнө көрк кошот эмеспи. Учурда Сайкал чач тарачтын окуусунда окуп, "Кыз-Бурактын" кыздарына чач жасалгаларын жасоодо. Кошумчаласак, Сайкал өзүнө керектүү болгон бул кесипти бала чагынан бери каалап келген.

Айнура Султанова





  ЖАҢЫ ЫСЫМ

Добр:
"Патриоттук
сезимим
кайнап турат"
Маектеш жөнүндө маалымат
Туулган жылы - 1988-жыл, 11-январь.
Туулган жери - Бишкек.
Үй-бүлөдө - төрт бир туугандын улуусу.
Популярдуу ырлары - "Жашоо керемет", "Кыргыз", "Маяк", Тагдыр" ж.б.
Эңсеген тамагы - куурулган картошка.
Ыйык туткан инсаны - ата-энеси.
Ишенгени - Кудай.
Сүйүнгөнү - Кыргыз болуп жаралганы.
Кейигени - кыргыздардын туш тарапка тараганы.
- Добр, маегибизди өзгөчө ысымыңдан баштасак. Бул сенин азан чакырып коюлган атыңбы же...
- Жок. Бул менин экинчи ысымым. 5-класста окуп жүргөндө фамилиябыздын жарымынан бөлүп "кличка" коймой мода болуп кеткен. Ошондо мени Добранов деген фамилиямдан улам Добр деп калышкан. Мени ыр дүйнөсүндө гана эмес жөнөкөй чөйрөдө да Добр деп таанышат. Ал тургай апам дагы Добр деп чакырып калат.
- Эл алдына да "кличкаң "менен чыгыпсың. Өзүңдүн атыңды качан колдоносуң?
- Сахнага алгач Добр деп чыккандан соң элдин башын айлантпай ушул бойдон эле жол улайм. Өзүмдүн атым балалуу болгондо, документ иштерин бүтүргөндө колдонулат да.
- Музыка дүйнөсүнө аралашканыңа канча болду?
- Негизи бала кезимден эле ыр жазып, ырдап жүрчүмүн. Эл алдына чыкканыма үч жыл болду. Учурда репетуарымда 20 ыр, өзүмдүн көңүлүмө туура келген үч клибим бар. Өзүм рэп стилинде ырдагандыктан элге керектүү ырларды жазып, кыргыз искусствосуна жаңылык киргизсем дейм. Анан да эстрадага рэпти кошуп ырдасам деген оюм бар.
- Рэп стилиндеги ырчылардан кайсы жагың менен айырмаланасың?
- Учурда рэперлердин көбү орусча ырдап чыгып жатат. Мен алардан нукура кыргыз тилинде ырдаганым менен өзгөчөлөнөм десем жаңылышпайм. Башкача айтканда, кыргыз тилин коргоп ырдагым келет. Эмнегедир, эне тилим дегенде патриоттук сезимдерим кайнап турат. Анан да күйөрмандарым бир гана жаштар эмес, бардык муундун өкүлдөрү болгону мени кубандырат. Ушундай угармандарымдын ишеничин актап маанилүү ырларды жаратканга аракет кылып келем.
- Ырды кайсы убакта жазасың?
- Эмнегедир мага түн ичинде илхом келет. Тынч бөлмөдө жалгыз олтуруп жазам.
- Өнөр бул өтчү нерсе дейт. Үй-бүлөңөрдө чыгармачыл адамдар барбы?
- Негизи чоң атам уламыш айткан киши болгон. Атам болсо атагы чыккан сүрөтчү болбосо да сүрөттү абдан жакшы тартат. Балким,мага талант ата-тегимден берилгендир деп ойлоп кетем.
- Бүгүнкүдөй рыноктук мезгилде бардык маселени каражат чечип калбадыбы. Сурайын дегеним демөөрчүлөрүң барбы?
- "Тагдыр" аттуу ырыма тартылган клипти Абил деген режиссёр белек катары бекер тартып берди. Учурдан пайдаланып ал кишиге ыраазычылык билдирем. Ал эми негизги демөөрчүм - ата-энем. Үйдө өзүбүздүн чакан бизнесибиз бар. Ата-энеме жардам бере калып андан тапкан тыйын-тыпырымды чыгармачылыгыма жумшайм.
- Музыкалык билим алайын деген оюң барбы?
- Негизи рэперлерди окута турган мугалимдер жок. Ошентсе да "билимдүүнүн жүзү жарык" дегендей үнүмдү тарбиялатыш үчүн музыкалык окуу жайга тапшырайын деген максатым бар.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" эмеспи. Дагы кандай өнөрдүн ээсисиң?
- 7-классымдан бери спорттун самбо түрү менен машыгып келем. Андан сырткары, машина оңдоп, устачылык кылганга кызыгам.

Ж.КАЛДАРОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-июнь, 2009-ж.:
1-бет
БОЮНДА БАР КЫЗДЫ ТАШТАП
КЕТКЕН НУРДӨӨЛӨТ КОПОЕВ

2-бет
Айбек Карымов:
"Бир кезде энергиялуу Айбек элем"

3-бет
Нурдөөлөт Копоев:
"Кызганычтын аягы Ажырашуу менен бүттү"

4-бет
Жаныш Дубашов:
"Мага келген адамдарды боз үйдөгү нур тазалайт"

5-бет
ВИЧ-СПИД менен ооруган 266 адам катталды
6-бет
Жолдошуңуздун "жалгызы" болом десеңиз...
7-бет
Кулак, мурун, тамак оорулары
8-бет
Обон собол
9-бет
кыргыз шоу дүйнөсү
10-бет
Экинчи классында үчүнчү класстын математикасын окуган
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Кызыктар дүйнөсүндө
13-14-бет
Обон почта
15-бет
окумал
16-бет
"Кыргызстан обондору" жаратылыш койнунда
17-бет
атактуулар ааламы
18-22-бет
Жарнак
19-бет
Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??