Кримдүйнө

Орозкулдун түбүнө сүйгөн кызы жеттиби?
Журналисттик кесип кызык. Кайдандыр шашып, маек алып, паркты кесип өтүп кетем деп дагы бир каарманыма жолугуп калдым. Өксүп ыйлаган муңайыңкы апанын жанынан кыя өтө алган жокмун. Кесиптик "оорум" кармап кетип, сооротуп жанына бардым. Андан аркы сөздүн уланганына өзүңүз күбө болуңуз окурман.
2008-жылдын 21-августунда Талас облусунун Манас районунун Май айылынын кулуну, Бишкек шаарынын Октябрь райондук атайын коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери, ага лейтенант 27 жаштагы Бөрүбаев Орозкул Шаршеналиевичтин денесине бычак сайылып, адам колдуу болуп каза тапкан. Каргашалуу окуя 9-кичи райондун Малдыбаев көчөсүнүн 42-А үйдүн 48квартирасында болгон. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү делген адамдар кармалып, сот процесси жүрүп жатат. Бул окуя боюнча алмончоктой уулун жоготуп, сай-сөөгү сыздап, дайыма "Дружба" паркында баласы менен сырдашканын эстеп, көз жашын төгүп олтурган маркумдун апасы Атыргүл Бөрүбаева төмөндөгүлөрдү айтып берди.

балам бычакка төшүн тосуп бермек беле?..
2008-жылы 21-августта түнкү саат 23-24-00 ортосунда кимдир бирөөлөр бычак сайды деп 22-августта 2-30га жакын балам Улуттук хирургиялык борбордук таракалдык хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде төрт сааттан ашык операция жасалып, реанимацияда кан басымы түшүп кайтыш болот. Операция кылган хирург Таалай Акматовго жолукканымда "Балаңыз үйдө көп кармалып калган, 3 литр 700 граммдан ашык каны жоголгон, бир аз эртерээк болгондо балаңыздын ден соолугу мыкты экен, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк бар эле" деди. Балам жашаган үйдүн кожоюнунун айтуусу боюнча ошол күнү Орозкул бош экен. Кайра-кайра телефон чалына бергенинен улам-улам басып коюп, кирлерин жууйт. Анан кечинде "кечирээк келем агама айтып коюңуз"-деп 18-30 да үйдөн чыгып кетет. Ошону менен сүйлөшүп жүргөн кызы Жусупова Ранзиянын үйүнө барат. Кыздардын айтуусунда Ранзия, анын курбусу Айжан, Орозкул үчөө пиво ичип, сүйлөшүп олтурушат. Анан мени урганынан өзүмдү коргодум деп кылмышка шектүү Ранзия айтып жатат. А бирок, факты боюнча Соттук медициналык эксперттен баламдын ичинен спирт ичимдиги чыккан эмес. Бул жерден мен тергөөчү Улан Жунусовго эмне күнөө койгум келет? Эмне үчүн тергөө иш кагазында Орозкулду ичти деп жазат дагы, сотмед эксперттен спирт ичимдиги чыкпаган соң ичип олтурдук деп, өзүнүн ичкенин далилдеп айтып олтурган тирүү кыздардын анализин алган жок. Экинчиден баламдын өлгөндөгү түрү сүрөткө тартылган,аны көрүшкөн. Ошондо денесинде болгон тактар, сол жак бетиндеги, ооз тушундагы бычактын чийилгени, тырмактын изи жана канча жолу бычактын сайылганы сыяктуу далилдер толугу менен алынган эмес. Эмне үчүн биохимиялык анализ жүргүзүлбөгөн, тырмактын астында калган майда калдыктардан (микрочастицадан) маркумдун бетиндеги тактарды айыпкер Жусупова тытып алганбы же башка адам кылганбы тактаган эмес. Мунун баарын тергөөчү жасатыш керек эле . Мында мен тергөөчү Улан Жунусов дагы башка кылмышкерлердин изин жашырып жатат дегенге толук акым бар. Ушул эле жерде баламдын дене түзүлүшүн, күчүн кыз менен салыштырууга болбойт. Кыз канча күчтүү болсо да эки жолу бычак сая албайт эле. Врач Акматовдун айтуусунда бычакты бир сайганда кирген эмес, экинчи жолу толук күч менен сайылып, бычак 15 см кирип, өпкөнү тешип, жүрөктүн кан тамырларын кесип кабыргага такалган. Эми муну атайын күчтүү адам жасабаса же кызга бирөөлөр атайын баламды кармап туруп бербесе балам бычакка өз төшүн тосуп бермек беле, анын жашагысы келген, үйлөнгүсү келген, ата болгусу келген. Адегенде, кылмышкер баламды эшиктен бычак сайынып келди деп тез жардамга чалганда оперлер келип калат. Биринчи тергөөчү А.Жоробеков тергөө ишин жүргүзөт. Ал Фролова деген кошунасынан сураганда "Алгач тез жардам машинасы келди, анын артынан ак машина кеткен" дейт. Ал эми Улан Жунусов тергөө кагазын өзүнө алганда баштапкы көрсөтмөдөгү жеңил машинаны алып таштап, жөн эле тез жардам машинасын көрдүм дегизип коёт. Врач эки жолу бычак сайылган десе, тергөөчү Уландын иш кагазында бир эле жолу сайылган деп жазылат. Эки жолу бычакталганы сотмед эксперттин кагазында да көрсөтүлгөн. Эгер тергөөчү Жунусов жакшы иштегенде кылмышка шектүү Жусупова Ранзиянын ким экенин жана эмне иш кылып жүргөнүн далилдеп чыгат эле го. Жусупова мурун "Экобанктын" филиалында иштеп, эки жолу өзүнүн кассасынан акча жоголуп, жумушунан кеткен экен. Муну да өзүм банктын жетекчисине жолугуп сураштырдым. Мунун себеби да изилденген эмес. Окуя болгон үйдө уруш мушташ болуп жатса Ранзиянын курбусу Айжан Окошева башка бөлмөдө бекинип уктап калат да, балам бычак жегенде пайда болот. Муну Жунусов күбө кылып коёт. Менин билишимче мушташканда карап турган киши да кылмышка шектүү адам болуп эсептелинет. У.Жунусов кайсы беренеге таянып күбө катары сурады... Жунусовдон бул ишти бир жактуу бүтүрүптүрсүң. Эмне үчүн балам ооруканага жеткирилгенде жанында жүргөн классташы Раимбеков Жылдызбекти сураган эмессиң. Баламдын телефону каякта десем, "Менин ордумда тергөөчү болуп албайсыңбы" деп ороңдоду.Органдын адамдарын, өзгөчө Жунусовго окшогон тергөөчүлөрдү мен, мага окшогон ата-энелер жолуктурса мына ушундай көйгөйдө калат. Мен эне катары сиздердин гезит аркылуу министр М.Конгантиевге кайрылгым келет. Органдын кызматкерлеринин өз ишин так билбегендиктен жана жеке этиканы сактабагандыктан маркум баламдын милицияда иштеп, бөөдө өлүмгө дуушар болгондо анын ишине жеке "честь мундирине" залал келтирип, "үйдөн өлсө биз эмне кылалы" деген кайдыгер мамилелери мени көп ойлонтту. Балким, ушул гезитти окугандан кийин сиз мени эне катары баламды жоготуп, орган адамдарынын айрыкча Улан Жунусовдун кордугуна кантип чыдаганымды билесиз.
Баламдын өлүмүн ит өлүмүндөй кылышты
- Тергөөчүнүн иш-кагазы менен канча убакыттан кийин тааныштыңыздар?
- Баламдын кыркын өткөрүп кырк күндөн кийин келип тааныштык. Ага чейин балам органда иштеген соң кандайдыр бир коргоо бар го деп ойлогом. Көрсө, андай эмес экен. Баламдын өлүмүн ит өлүмүндөй кылышты. Октябрь райондук сотуна биринчи келген күндөгү окуяны айтып берейин. Иш кагазы менен таанышканы келген учурда Жунусовдун кабинети кайсы десек бет маңдайындагы кабинетте олтурган аял маңдайкы эшикти көрсөттү. Кирсек, эки тергөөчү эки компьютерде олтуруптур. Сиздер ким деп сураганынан Бөрүбаев Орозкул деген өлтүрүлгөн баланын ата-энеси болобуз, иш-кагазы менен таанышалы де келдик десек эле бирөөсү үнүн бийик чыгарып "күтө тургула" деди. Мен дароо бир кызыктай болуп кеттим. Чырактай баламды жоготуп, жер кучактап кырк күн бою ботодой боздоп ыйлаганым аз келгенсип, баламдын өлүмү эмне себептен болгонун кандай иш жүргүзүп жатканын билейин деп келсем ушундай сөздү укканда каңырыгым түтөп, балта менен башыма бир чапкандай болду. Жолдошум менин иреңимдин бузулуп кеткенин байкап "Кой эми, ал отчёт жазып жатса керек, бир аз күтөлү, бардык нерсеге сабырдуулук керек" деп жоошутту. Каридордо ары басып, бери басып, бир убакта карасам отчёт жазбай эле компьютерде оюн ойноп олтуруптур. Мен келесоо эмесмин да. 32 жылдан бери мектепте иштеп отчёт жазганды да, компьютерде ойногонду да билем. Ачуум келип жолдошума аның отчёт жазбай эле ойноп олтурат, эркекке окшоп биз алыстан келдик, балабыздын өлүмү жөнүндөгү иш кагазын көрсөт" деп катуураак эле айтпайсыңбы деп сүйлөшүп атсак эле папка көтөрүп мурутчан бирөө өтүп калды. Анан күйөөм Жунусов деген ушул экен деп көрсөттү. Анан мен "эй силер бизди кабыл аласыңарбы же жокпу" десем, "киргилечи " деп жактырбагансып киргизди. Таанышыңыз деп делону жолдошума бергенде эле ал барактап көрүп жаман болуп кетти. Анан мен окуюн деп ача койсом баламдын өлгөндөгү узун туурасынан тартылган сүрөтү көзүмө урунду. Өзүмдү жаман сезип калтырай түштүм. Ошол делону бергенде да адамча беришкен жок, кагып-силкип карматты. Тергөөчү Уланга эртең ушул жерден баламдын жоро-жолдошторун чакырып куран окутабыз. Барып кет. Ошондон кийин сени менен сүйлөшөм деп делону жаап койдум.Ошону менен куран окуткандан кийин күйөөмдүн жүрөгү кармап кулады, врачтар инфаркка жакындап калган абалда дешти. Аны айылга жөнөтүп, мен шаарда калдым. Мындай кыйын кезеңди эненин башына салбасын. Юридикалык билими жок болгондон кийин, көп нерсени түшүнбөйт экенсиң. Анан өзүбүздүн айылда көп жылдардан бери тергөөчү болуп иштеген Осмон Жунусов деген өзүмдүн окуучумду алып келдим. Ал баарын окуп чыгып, "Жеңе бул ишти чала бүтүрүшкөн экен, бирок азыр сиздин колуңуздан эч нерсе келбейт. Тергөөчү ишин аяктап коюптур, эмне кыласыздар" деди. Анан Улан Жунусовго келсек "мен делону өткөрүшүм керек" дегенинен сага делого кол коюш эле керекпи деп улуу балама кол койдуруп койдум. Болоорун болтуруп боёосун кандырып, баарын бүтүргөн экенсиң десем "Убагында жасаш керек болчу, азыр андайдын деле кереги жок" дейт. Тергөөчү өзүнүн иш кызматын, милдетин профессионалдуу билбесе, анда тергөөчүүнүн эмне кереги бар.
Сот орусча жүрүп, күбөлөрүм оюн билдире алган жок
- Соттун жүрүү процессинде көп кемчилдиктер байкалды. Биз жактан эч ким суралган жок. Мени да сурагыла, классташы Жолдошбек Назарбаевге чалган экен, ушул да айтсын десем, тиги бала оюн кыргызча айтып баштады. Октябрь райондук соту Нурматов иш-кагаздарынын баары орус тилинде богондуктан орусча сүйлөгүлө, тиги баланы карап "сен да орусча сүйлө" дегенде эле кыргыз мектепти бүткөн бала булдурактап өз оюн толук айталбай кызарып-татарып туруп калды. Ал аз келгенсип кылмышка шектүү кыз тараптан келгендердин ичинен бирөө "орусчаны туура сүйлө" деп басмырлап отурду. Ошондо да сот укмаксанга салып унчуккан жок.

Укугумдун тебеленгенинен сот процессин буздум
- Сот процессинин кыргыз тилинде өтүшүн талап кылган жок белеңиздер?
- Биринчи арыз менен кайрылганда орусча сүйлөгүлө дегенинен мен эмнеге орусча сүйлөшүм керек десем, алардын адвокаты орус деди. Мыйзамдын 24-беренесинде кааласам кыргызча, кааласам орусча сүйлөсөм болот экен, бирок мага сот котормочу коюш керек экен. Аны мен кийин түшүндүм. Орган адамдарынын мага кылган мамилелеринен, укугумдун тебеленгенинен улам сот процессин бузуп, кайрадан карата турган болдум. Эмне себептен экенин билбейм, Нурматов жумушунан кетип, анын ордуна Мамбеталиев деген башка сот иштеп жатат. Учурда жаңы процесс жүрүп жатат. Мен азыркы сотко ыраазымын. Биринчи эле келген күнүбүздө акыбалыбызды сурап, жылуу мамиле кылды. Ушул соттон адилеттүүлүктү үмүт кылып жатам.

Оперлер болбогондо кылмышка шектүүлөртабылмак эмес
- Балаңыз акыркы жолу ким менен сүйлөшкөн экен?
- Окуя болгон күнү түнкү саат 22.40та Жалал-Абадда жүргөн классташы Жолдошбек Назарбековго чалып сүйлөшөт. Үйдөн эч кандай уруш-талаш, чыр-чатак угулган эмес. Орозкул көңүлдүү сүйлөшүп, Ранзиянын жанында экенин, салам айтып жатканын айткан. Анан да сентябрда "Манастын күмбөзүнө барып, куран окутуп келсемби деп атам" дептир. Балам байкуштун минтип айтканына караганда жаман түш көрсө керек. Баламдын эң жакын күбөсү чөнтөк телефону болсо, ал да жок болуп кетиптир. Уюлдук телефон мүлктүк далилге катталган эмес. Жунусовдон менин баламдын телефону кана десем "кайсы оперге берсеңер ошондон таап алгыла" деп орой жооп берди. Бул жерде оперлердин кандай тиешеси бар? Эгерде оперлер болбосо айыпкер кыздар кармалбай калмак. Ошолордун оперативдүү иштегенинин натыйжасында кылмышка шектүүлөр табылып олтурат. Оперлер келгенде кыздар "эшиктен бычакталып келди" деп аларды алдап, эшикти жаап тез жардам машинасына түшүп кетип калат. Оперлер түнү менен ошол тегеректи тинтишип, эч кандай из табылбагандан кийин "өздөрү жасап жүрбөсүн" деп шектенишип, ооруканага келишет. Ал жерден баламдын классташы Раимбеков Жылдызбектен сураса, кыздар "жумушка кеттик деп кетип калды" дейт. Анан оперлер кыздарды издеп таап келишет. Ал телефонду 13-ноябрда сотко чакыруу кагазын алып барганда 15- кабинетте отурган Октябр райондук ички иштер бөлүмүнүн опери Э.Жаанбаев таап берген. Бирок, сим картасы жок болуп кеткен.Муну эмне деп түшүнсө болот? Жада калса кыздардын телефондору алынып текшерилген эмес.

Балам баккан ит улуп белги берген...
- Жүрөгүм сездиби, айтор түнкү саат 12 ден өткөндө Орозкулума телефон чалсам өчүк экен. Эгер телефон күйүп турган болсо жок дегенде звонок кетмек да. Менин чырылдап жатканымдын себеби, бул мыкаачылар 12-30 да эмес 11-30 да балама бычак уруп коюп, эч нерседен бейкапар көйнөгүн алмаштырып, бычакты жууп, балам жаны менен алышып жатканда тилден калсын дешип кенен-кесир жүрүшкөн. Уулумдун өзү баккан ити бар болчу. Ошол күнү түнкү саат 12ге 10 мүнөт калганда аябай улуду. Чоң үйдөн кызым чуркап чыгып "апа Орозкул акемдин ити эмнеге уулуп жатат" деди. Мен болсо бир нан алып чыгып бердим. Ага да болбой уулуй бергенинен жыгач менен ургуласак огороддун аягына барып дагы улуду. Ошону менен түнү бою уктай албай кыйналдык. Иттин көзү ачык дегендей көрсө ошондо белги берген турбайбы.
- Бул кабар сиздерге качан угулду?
- Эртеси эртең менен районго конференцияга кеткем. Ошол жерде олтурсам "эки машина адам келип, сизди издеп жатат" дешти. Чыксам жолдошум жаныма басып келип "жүрү үйгө бир жумуш болуп калды" деди. Машинага олтурганда эле итинин улуганынан улам Орозкул ооруп калдыбы деген сөз оозума кириптир. Анткени, балам ичеги болгондо да ити ушинтип улуганынан жолдошума айтсам "сен ит эле дей бересиң" деп кенебей койгон. Ошондо бой бербей Бишкекке келсем балам оор операция болуп, ооруканада жатыптыр. Ушундан кийин ит бекер уулубасын билем да. Үйгө келсек короо толо эл экен, андан башкасын билбейм.
ушул кызга үйлөнөөрүнө каршы чыккам
- Балаңыздын Ранзия менен сүйлөшкөнүнө канча убакыт болуптур. Дегеле экөөнүн мамилесинен кабарыңыз бар беле?
- Балам 2007-жылы таякесинин үйүндө олтурса мас болуп бир кыз артынан келиптир. Анан жеңесине ушул кыз менен сүйлөшүп жүрөм, баамдап көргүлө. Бул менин акыркы чечимим эмес дейт. Кыз машинадан түшпөй, сөгүнүп-сагынып атып араң кириптир. Анан Орозкул тамашалап "жеңе жоолук салыңыз" десе, кыз орусчалап дагы сөгүнүптүр. Анан жеңеси "Мунуңдун түрү эмне? Сообу? Кантип жоолук салам?" дейт. Анда Орозкул майрамдан келатыптыр деп жашырып коёт. Ошондо келиним "эже Орозкулдун сүйлөшкөн кызын көрдүм, начар кыз экен. Балаңыз үйлөнөм десе ойлонуңуз. Алгач таанышып, өңүн көрүңүз. Мени ээрчитип барсаңыз, ал кызды тааныйм" деди. Муну уккандан кийин эмнегедир жүрөгүм тынч албай, балама кызыңды көрсөт деп талап кыла баштадым. Анан кызын "Дружба" паркына чакырып, жолукмай болдук. Бизди төрт саат күттүрүп сүйлөшкөн кызы келбей койду.
- Ошондон кийин да бул тууралуу сүйлөштүңүз беле? Балаңызга акыркы жолу качан жолуккансыз?
- 13-августта Бишкекке келип, Арча-Бешикке барганча балам менен жолдо катар сүйлөшүп бардым. "Апа мен быйыл үйлөнөм. Үйлөрдү ремонт кылып даярданыңыздар. Дайындаган он миң долларым бар. Беш миңин сиздерге берсем, беш миңине шаарда (Бай-Суу кафесинде) жоро-жолдошторумду чакырып той өткөрөм" деди. Мен ошондо Ысык-Көлгө төркүнүмө кетип бараткам. Тамаша кылып "2007-жылы "Дружба" паркына чакырып келбей койгон кызыңды аласыңбы? Аның арак ичет экен го? Кыргыздын эле ыймандуу кызына үйлөнбөйсүңбү" десем "Ой апа, азыр мектеп окуучулары деле ичип атпайбы" деп ойлоно түштү. Канча бир тууган экен десем, эки эркек, эки кыз. "Жакшы эле кыз. 5-сентябрда сизди чакырам. Көрөсүз, таанышасыз. Эгер жакпаса анда дагы көрөбүз" деди.
- Кыздын улуту башка бекен?
- Ата-энеси Сокулук районунун Камышановка айылында жашайт. Апасы казак экен, атасын көргөн жокмун. Бир да жолу сотко келген жок. Кыз өзү 1983-жылкы болот экен.

Көптөп өлтүргөнүн түшүмдө айтып жатат
Ошол бойдон Көлгө төркүнүмө жөнөп кеттим. Бир жолу эжемдин баласына байланышып Көлдө командировкада жүрөбүз деп айтыптыр. Менимче ошондо тиги кызды ээрчитип, эс алып жүрсө керек. 20-август күнү түндө жаман түш көрдүм. Түшүмдө үйүмдөгү көмүрүм алоолонуп капкара болуп күйүп жатыптыр. Эртең менен туруп эле үйгө кетишим керек деп сегизде жолго чыгып кеттим.
- Кыз күнөөсүн мойнуна алыптыр. Сиз дагы эмнени ачкыңыз келип жатат?
- Мурунку сотто сагызды чайнап, бутун учкаштырып алып "Мен өлтүрдүм. Күнөөмдү мойнума алам. Мени соттогула!" деп ишенген адамы бардай кыйкырып отурду. Бизди болсо киши катары санаган жок. Бул жерде кыз жалгыз өлтүрдү деп ойлобойм. Кыз башында турган топтошкон группанын колунан каза тапты. Ошол колу менен кылганды мойну менен ар бир кылмышкер тартыш керек. Мен ошол үчүн күрөшүп жатам. Минтип айтканымдын себеби кулунумдун жетилигин өткөрүп элди узатып коюп, уктап кетиптирмин. Түшүмдө балам "Апа, мени көптөп, кыйнап өлтүрүштү. Алар көп" деди. Чоочуп ойгонсом түшүм экен. Ошондо эле Бишкекке келе берейин десем жолдошум ооруп чыга алган жокмун. Сексенге чыккан кайненем болсо эмне сүйлөгөнүн билбейт, жинди чалыш болуп көчөнү таптап басып калды. Ошондо үйдүн кайраттуусу эле мен болуп калдым. Азыр мен да бир сумка толтура дары менен жүрөм. (сумкасын көрсөтүп) Кичине ойлонсом эле кан басымым көтөрүлүп атат.

Орозкулумдун өлүмүн акчага байланыштырам
- Орозкулдун өлүмүн эмнеге байланыштырасыз?
- Акчага байланыштырам. Балам айткан 10 миң долларынын изи жок. Жөн гана куру сөз болуп калды. Балким, бул чыр акчанын негизинде чыгып, курган балам акчанын курмандыгы болгондур. Эми бул жөнүндө жанында болуп көрбөгөндөн кийин так бир жоопту айтыш кыйын.
- Канча балаңыз бар?
- Орозкулумдан башка үч уул, бир кызым бар. Ал үчүнчүсү болчу. Орозкулдан кийин он бир жыл жүрүп, кыз төрөгөм. Ошондо байкуш балам "карындаштуу болдум" деп сүйүнүп, кызымды көтөрүп жүрүп чоңойтту. Андан жети жыл өтүп, 46 жашымда кичүү уулум Санжар төрөлдү. Анда да кубанычы койнуна батпай "апа, сиз мени багат деп ушул тамды салдыңыз эле. Эми бул там Санжардыкы болот. Мен болсо окуйм" деп күлүмсүрөгөнү көз алдымда турат. Ошондо эле оозуна салган окшойт. Балам боорукер, адамгерчиликтүү, ак көңүл, мыйзамды сыйлаган бала болчу. Улуу адамдарга каяша айтып, биздин көзүбүзчө тамеки тартып, досторун ээрчитип келип арак ичкен жан эмес эле. Менин балам өлгөндө бүт айыл ыйлады. Эгер автокырсыктан, же болбосо сууга чөгүп, капысынан өлсө ажалы жеткен экен Кудайым берип, кайра алды дейт элем. Бирөөнүн колунан кыйналып, жаны чыкканча тыбырчылап, жашоонун эмне экенин биле турган кезинде адам колдуу болуп өлгөнү менин энелик мээримимди, жүрөгүмдү куйкалап бүттү. Баламдын өлгөнүн элестетип, сай-сөөгүм сыздап, өзүмдү коёорго жер таппай келем. Менин бул абалымды тогуз ай толготуп, томугу сыздап, ушундай даражага жеткирген ар бир эне өзүн менин ордума коюп түшүнөт, сезет.

Жүрөгү сыздаган эненин оюн уккандан кийин Октябрь райондук РИИБинин башкы тергөөчүсү, ага лейтенант Улан Жунусовго кайрылдык. Ооруканада дарыланып жатканына карабай суроолорумду жоопсуз калтырган жок.

Улан Жунусов:
"Жаап-жашыргандын мага эмне кереги бар"
- 2008- жылдын 21- августунда адам колдуу болуп каза тапкан Орозкул Бөрүбаевдин өлүмү боюнча тергөө ишин сиз жүргүзүптүрсүз. Бул тууралуу эмне айталасыз?
- 2008- жылдын 21- августунда саат 19:30да Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн 42-А үйдүн 48- квартирасында жашаган Жусупова Ранзиянын үйүнө курбусу Айжан Окошева келет. Бир канча убакыттан кийин Ранзиянын жигити Бөрүбаев Орозкул келип, чогулуп спирт ичимдигин ичишет. Бул боюнча Ранзия, күбө катары суралган Айжан дагы канча ичкенин айтышкан. Кызып калышкандан кийин Орозкул менен Ранзия уруша баштайт. Ал учурда Айжан башка бөлмөдө жаткан болот. Кыйкырышып баштаганда Айжан чыгып "Болду, токтоткула, уктагыла" дейт. Ага болбой чатакташа беришип аягы чоң чырга айланат. Кыз бычакты алып "азыр сайып жиберем" дегенде бала кыздын кулак түбүнө чабат. Ошол учурда кыз бычакты жүрөк тушка сайып жиберет. Анан кыз алдыңкы кабаттагы үйдөн тез жардамга чалат. Бала болсо өзүнүн уюлдук телефону менен чалып "мени көчөдөн бычактап кетишти" деп айткан. Бул боюнча тез жардам кызматкерлеринен кайсы убакта келип, кайсы убакта кеткендиги жөнүндө сураганыбызда айтышты. Орозкул Ранзияга "мени көчөдөн норкомандар бычактап кетти деп айткын. Болбосо, кесилип кетесин" дейт. Алгач Ранзия бизге "сырттан бычакталып келди" деди. Биз ошол версия боюнча эртең менен барып, көчөнү, подьездин алдын, тепкичтерди караганыбызда эч кандай кандын тактары табылган жок. Бычакталмак түгүл колуңду тилип алсаң да кан тамчылайт эле да… Биз кандын тактарын таппагандан кийин "көчөдөн сайылып келди" деген версияны жокко чыгарып, Ранзия Жусупова менен курбусу Айжан Окошеваны сурадык. Ранзия өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, биз козгогон кылмыш иши боюнча аялдар колониясына камакка алынды.
- Маркум Орозкулдун апасы Атыргүл Бөрүбаева тергөө иш кагазы боюнча нааразычылыгын билдирип жатат. Тергөө иш кагазында Орозкулду ичти деп жазылып, сотмед эксперттен спирт ичимдиги чыккан эмес турбайбы?
- Бул боюнча сотмед экспертке суроо бергенимде "кан көп кетип калганына байланыштуу спирт ичимдиги тазаланып калган" деди. Негизи адамда беш литр кан болот. Орозкул Бөрүбаевден болсо 3литр, 700грамм кан жоголуп, ичимдик ошол төгүлгөн кан менен кошо чыгып кеткен.
- Жабырлануучу "баламдын дене түзүлүшүн, күчүн, кыз менен салыштырууга болбойт. Кыз канча күчтүү болсо да балама эки жолу бычак саялмак эмес, бул жерде тергөөчү дагы башка кылмышкерлердин изин жашырып жатат" деп айтууда.Сиз кыздын жалгыз бычактаганына ишенесизби?
- Жаап-жашыргандын мага эмне кереги бар. Кан коё бербейт. Негизинен бычак бир эле жолу сайылган. Бул сотмед эксперттин корутундусунда да көрсөтүлүп турат. Бычак учтуу бычак болчу. Кызды деле актап айта албайм. Эгер бычак баланын денесине бир эмес бир нече жолу сайылган болсо, анда жалгыз кыздын колунан келбейт деп айтсак болот эле.
- Атыргүл эже көп жылдан бери тергөөчү болуп иштеген Осмон Жунусовду алып келгенде, ал тергөө иш кагазы менен таанышып чыгып бул иштин чала бүткөнүн айтыптыр. Сиз буга эмне дейсиз?
- Осмон Жунусов мындай сөздү менин көзүмчө айткан эмес. Мага келип иш кайсы берене менен бүтүп жатат деген. Тергөө иш кагазында жазылган киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 1- бөлүмү боюнча коюлганын көргөндөн кийин "жакшы угузупсуң" деп айткан. Мага эч кандай доомат койгон эмес. Айта кетүүчү жагдай, мен кылмыш ишин аяктагандан кийин обьективдүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Октябрь райондук прокуратурасына жөнөтүп, прокуратура тарабынан иш сотко өткөрүлгөн. Эгер мен туура эмес тергөө ишин жүргүзсөм прокуратура менин токтомумду бузуп өздөрүнүн токтому менен карап чыкмак.
- "Үйдө өлсө биз эмне кылалы. Менин ордума тергөөчү болуп албайсыңбы" деп орой мамиле жасап, анан да тергөө иш кагазы менен таанышканы барышканда "күтө тургула" деп компьютер ойноп олтуруп алганыңыз чынбы?
- Эч кандай орой мамиле жасап, үйдөн өлсө биз эмне кылалы деп айткан эмесмин. Өздөрүнүн ичинен кан өтүп, эненин жүрөгү жанчылып турса мен кантип ошондой сөздөрдү айтайын. Мен деле кыргыздын баласымын да. Мага да уят керек. "Он беш мүнөт күтө туруңуз" деп айтканым чын. Анткени, ошол учурда кабинетимде кишилер бар болчу. Бирок, эжеден күтүп калганы үчүн кечирим сурагам. Ал эми компьютерде оюн ойноп олтурду дегени туура эмес. Биринчиден мен компьютер оюндарын билбейм. Муну мени менен чогуу олтурган кесиптештерим далилдеп бере алат. Ишенбесеңер, менин компьютеримди текшерсеңер да болот. Компьютер оюнун билген чакта да, мен антип кайдыгер мамиле кыла алмак эмесмин. Ал эже да баласын жоготуп сыздап олтурат. Мени да эне төрөгөн. Орозкулду деле жакшы таанычумун. Ак көңүл, берешен, ичинде кири жок жигит эле. Анан кантип ушунун баарына көз жумду мамиле жасайын. Буга менин адамдык абийирим жол бербейт.


Мына окурман, окуяны окуп чыккан ар бир адам өзүнчө жыйынтык чыгараар. Адамдардын чымын өлтүргөндөй өлтүрүлүп жатканы үрөйдү учурат. Анан да жөнөкөй карапайым адам эмес, коргоо органынын адамын, тактап айтканда ички иштер кызматкери ага лейтенант Орозкул Бөрүбаевдин өлүмүн өздөрү коргой албай жатса, калганына өзүң тараза окурман. Он гүлүнүн бири ачыла элек маркумдун чыркыраган жаны, энеси Атыргүл эженин көз жашы кылмышкерлерди уктатат бекен? Баарыбызды бир гана Кудай жаратканын унутпасак....
Учурда бул кылмыш иши боюнча жаңы сот процесси жүрүп жатат. Кандай багытта кантип чечилет жыйынтыгын күтө туралы.